# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 322 "Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 322 "Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 322
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028329>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42452/edition/33430/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028329.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 322 "Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо жөнүндө" токтому (05.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028329

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 5-июну № 322

Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо жөнүндө

Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптарга бөйрөктү трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 126, 127 жана 129-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана ишке ашыруу тартиби 1-тиркемеге ылайык;

2) Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси 2-тиркемеге ылайык.

2. Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусунун диагнозу коюлган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле операцияга чейинки жана андан кийинки дарылоо менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан ишке ашырылат жана медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен каржыланат деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- 2025-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө "2025-2030-жылдарга бөйрөктүн өнөкөт оорусунун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү жөнүндө" мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 10-июнундагы № 42 (3698) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

2-тиркеме

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын ТИЗМЕСИ

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору.

2. Реджеп Тайип Эрдоган атындагы Кыргыз-Түрк достугу Бишкек мамлекеттик ооруканасы.

3. Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Медициналык борбор.
