# Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 31-мартындагы № I/6-29 “Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелесиндеги тарбияланып жаткан балдардын бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмүн өзгөртүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 31-мартындагы № I/6-29 “Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелесиндеги тарбияланып жаткан балдардын бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмүн өзгөртүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: I/6-29
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42353/edition/33324/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 31-мартындагы № I/6-29 “Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелесиндеги тарбияланып жаткан балдардын бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмүн өзгөртүү жөнүндө” токтому (31.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028226

---

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 31-мартындагы № I/6-29 “Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелесиндеги тарбияланып жаткан балдардын бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмүн өзгөртүү жөнүндө” Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашын жакшыртуу максатында жана бүгүнкү күндө тамаш-аш продукциясынын кымбатташына байланыштуу Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы бала-бакчаларынын ата-энелер менен өткөрүлгөн чогулуштун протоколдорун окуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” 2023-жылдын 11-августундагы №179-мыйзамынын 28-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбияланып жаткан балдардын бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмү 1300 сомго бекитилсин.

2. Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директорлоруна бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмдүн өзгөрүүшү жөнүндө ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.

Төрага

А.Карамырзаев
