2226-берене. Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык
Күчүндө · 22.05.2025 редакциясы
ресурстарды коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузуу
1. Аквакультураны жүргүзүүгө карата ветеринардык-санитардык ченемдерди жана талаптарды бузуу –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Көлмө жана бассейндик балык өстүрүү чарбаларынын буфердик чөлкөмдөрүнө карата ветеринардык-санитардык ченемдерди жана талаптарды бузуу –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Балык өстүрүү чарбаларында товардык балыкты жана балык тукумун көбөйтүүчү материалды өстүрүү боюнча балык өстүрүү-биологиялык ченемдерди жана талаптарды бузуу –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Аквакультура объекттерин өстүрүү үчүн курулмаларды долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуу –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоо боюнча талаптарды, ошондой эле балыктын урук чачуу мезгилинде алардын өндүрүлүп чыгаруу шарттарын жана урук чачуучу миграция жолдорун бузуу –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
6. Тиешелүү илимий биологиялык негиздемесиз жана экологиялык экспертизанын оң корутундусуз суу биологиялык ресурстарынын жаңы түрлөрүн ташып келүүнүн, климатташтыруунун жана көлмөлөргө байырлатуунун белгиленген тартибин бузуу –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
7. Ушул берененин 1–6-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.”;
3) 240-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“240-берене. Токой мыйзамдарын бузуу
1. Олуттуу эмес зыян келтирүү менен мамлекеттик токой фондун пайдалануу тартибин бузуу –
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Олуттуу эмес зыян келтирүү менен токойлордо дарактарды, эндемикалык өсүмдүктөрдү жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу же өсүүсүн токтоткон деңгээлге чейин зыян келтирүү, тиешелүү уруксаты жок мал жаюу, жер кыртышын бузуу, ошондой эле өзүм билемдик менен курулуштарды куруу –
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Экотутумдардын абалына жана токойлорду жаңыртып өстүрүүгө зыяндуу таасирлерди болтурбоочу түзүлүштөр менен камсыз кылынбаган жаңы жана реконструкцияланган объекттерди пайдаланууга берүү –
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 250 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Ушул берененин 1–3-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Ушул беренеде олуттуу эмес зыян деп укук бузуу жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген 10дон 100гө чейинки эсептик көрсөткүчтү түзгөн материалдык (мүлктүк) зыян түшүнүлөт.”;
4) 270-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“270-берене. Ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын жүгүртүүнүн, сатуунун жана колдонуунун тартибин бузуу
1. Ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын өндүрүүнүн, сактоонун, ташуунун, даярдоонун, жүгүртүүнүн, сатуунун жана колдонуунун ветеринардык-санитардык эрежелерин, тартибин жана талаптарын бузуу –
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ветеринардык дары каражаттарынын жана тоют кошулмаларынын коопсуздугу боюнча техникалык регламенттерди бузуу –
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса –
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.”;
5) төмөнкүдөй мазмундагы 4571-берене менен толукталсын:
“4571-берене. Токой чарбасын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган
Токой чарбасын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик токой фондунун аймагындагы укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана ушул Кодекстин 240, 256, 258–261-беренелеринде каралган жаза чараларын көрөт.”;
6) 459-беренеде:
а) “116–118” деген цифралар “117, 118” деген цифраларга алмаштырылсын;
б) “269,” деген цифралар алып салынсын;
7) 461-беренеде “144–149” деген цифралар “144–148” деген цифраларга алмаштырылсын;
8) 462-беренеде “237, 239, 241, 242, 251 жана 252-беренелерде” деген сөздөр “116–120, 149, 237, 239, 241, 242, 246–250, 251, 252 жана 269-беренелерде” деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 475-берене “222,” деген цифралардан кийин “2221–2226,” деген цифралар менен толукталсын.
Берененин тексти 22.05.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2226-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230028134/st-2226" title="2226-берене - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>