# 2224-берене. Кесиптик милдеттерин аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу менен коштолгон ветеринария жаатындагы мыйзамдарды бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230028134)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-майы № 103 "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028134/st-2224>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5559/edition/33222/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028134/st-2224.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2224-берене (22.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028134/st-2224

---

1. Жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактардын кесиптик милдеттерин, келишимдик негизде өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбоосу же болбосо талаптагыдай аткарбоосу, өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу, ветеринария, тамак-аш коопсуздугу, ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын жүгүртүү жаатындагы мыйзамдарды бузуу, жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын келип чыгуу фактыларын жана алардын келип чыгуу жана жайылуу коркунучун түзүүчү жагдайларды жашыруусу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жүргүзүлгөн ветеринардык-санитардык экспертизанын, диагностикалык изилдөөлөрдүн жана алардын жыйынтыктарын берүүнүн аныктыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча ветеринардык эрежелерди жана ветеринардык лабораторияларга карата ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптарды бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [2223-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230028134/st-2223)  
Кийинки берене: [2225-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230028134/st-2225)
