# Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-майындагы №8-8 "2025-жылдын 25-мартындагы Ат-Башы райондук прокуратурасынын №11-113-25 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү Сунуштамасын аткаруу жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-майындагы №8-8 "2025-жылдын 25-мартындагы Ат-Башы райондук прокуратурасынын №11-113-25 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү Сунуштамасын аткаруу жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8-8
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42282/edition/33200/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-майындагы №8-8 "2025-жылдын 25-мартындагы Ат-Башы райондук прокуратурасынын №11-113-25 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү Сунуштамасын аткаруу жөнүндө" Токтому (29.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028114

---

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ IX чакырылыштагы депутаттардын кезектеги VIII сессиясы

2025-жылдын 29-майы № 8-8

2025-жылдын 25-мартындагы Ат-Башы райондук прокуратурасынын №11-113-25 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү Сунуштамасын аткаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы №353 токтомуна ылайык Ат-Башы районунун прокуратурасы тарабынан Ат-Башы айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы мененжайыт жердин кыртышын бузгандыгы үчүн “Петро-Ресурс” ЖЧКсы тарабынан өндүрүлгөн акча каражатын Нарын облустук прокуратурасынын депозиттик эсебине которуу боюнча2025-жылдын 25-мартындагы Ат-Башы райондук прокуратурасынын №11-113-25 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү Сунуштамасынын талаптарын аткаруу максатындаАт-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Петро-Ресурс” ЖЧКсы тарабынан өндүрүлгөн жайыт жердин кыртышын бузгандыгы үчүн 282 700,8 сом жана жайыт жерди эрозияга алып келгендиги үчүн эсептелинген 418 003 сом, жалпы мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 700 703,8 (жети жүз мин жети жүз үч) сом акча каражаты “Петро-Ресурс” ЖЧКсы тарабынан Ат-Башы айыл өкмөтүнүн аккумуляциялык эсебине түздөн-түз которулуп кеткендиктен, жогорудагы акча каражатын Нарын облустук прокуратурасынын депозиттик эсебине кайра которууга макулдук берилсин;

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтерине милдеттендирилсин;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.

Төрага

У. Мелис уулу
