# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-майындагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 “Кум-Шагыл” жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-майындагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 “Кум-Шагыл” жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 281
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028069>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42246/edition/33140/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028069.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-майындагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 “Кум-Шагыл” жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (26.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028069

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 26-майы № 281

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 “Кум-Шагыл” жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү талаптарын адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жаратуучу бузууларды четтетүү максатында, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 651-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 “Кум-Шагыл” жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пунктта “2025-жылдын 28-февралынан тартып 2025-жылдын 28-майына чейинки” деген сөздөр “2025-жылдын 28-майынан тартып 2025-жылдын 28-августуна чейинки” деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:

1) белгиленген тартипте убактылуу сырткы башкаруучуга талапкерди көрсөтсүн;

2) “Кум-Шагыл” жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкаруу киргизилгендиги жөнүндө юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарласын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 28-майынан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 27-майындагы № 38 (3694) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
