# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 290
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028011>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42206/edition/33064/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028011.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтому (29.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028011

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 29-майы № 290

Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 132 "Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Жарандардын айрым категорияларына жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. Жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсацияларды дайындоо тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:

1) ушул токтом менен бекитилген Жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсацияларды дайындоо тартиби жөнүндө жобого ылайык 2025-жылдын 1-январынан тартып жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөөнү жүргүзсүн;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ар айлык акчалай компенсацияларды зарыл болгон көлөмдө өз убагында каржылоону камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ушул токтом менен бекитилген Жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсацияларды дайындоо тартиби жөнүндө жобого ылайык ай сайын акчалай компенсацияларды алууга укуктуу адамдар жөнүндө маалыматтарды тактоо боюнча ишти жүргүзсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча):

1) жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен эмгекке жарамсыз жарандарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кошумча социалдык колдоонун ар кандай түрлөрүн көрсөтсүн;

2) жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен калктын аялуу катмарларына акчалай компенсацияларды же турак жай субсидияларын берүү жолу менен, айрыкча жаратылыш газы жана жылуулук энергиясы үчүн акы төлөөдө социалдык колдоо көрсөтсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-7, 15, 17-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 8-пункту;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 274 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 420 "1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

10. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

1-тиркеме

Жарандардын айрым категорияларына жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсациялардын ӨЛЧӨМДӨРҮ

№

Компенсацияга укуктуу жарандардын категориялары

Айына акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү (сом менен)

1

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары

10000

2

Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары

10000

3

Концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундары

10000

4

"За оборону Ленинграда" медалы жана/же "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдар

10000

5

Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринде жаракат алган майып-аскер кызматчылары

10000

6

СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда жарадар болуунун, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчылары

10000

7

Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары

8000

8

Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыр тарткан майыптар жана нурлануу оорусуна чалдыккан жана жабыркаган адамдар

10000

9

1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар

3500

10

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана/же медалдары менен сыйланган, майыптуулук тобу бар адамдар

2000

11

Саясий жана/же диний ынанымы үчүн социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын натыйжасында жапа чеккен реабилитацияланган жарандар

1500

12

1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар

2000

13

Чернобыль АЭСиндеги авариянын натыйжасында курман болгондордун, нурлануу оорусунун кесепетинен каза болгондордун жана каза болгон майыптардын үй-бүлөлөрү

1500

14

Чернобыль катастрофасынын натыйжасында радиациялык таасирге дуушар болгон ата-энелерде генетикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында тубаса оорулары же өрчүгөн аномалиялары бар биринчи жана кийинки эки муундун балдары

1500

15

Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптуулук тобу жок адамдар

1000

16

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү

1500

17

Аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү

1500

18

Кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде жарадар болуунун, жаракат алуунун, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошогондон кийин каза болгон ички иштер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү

1000

19

Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери)

1500

20

Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери)

1500

21

"Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган адамдар

1000

22

Бала кезинен көрүүсү боюнча (биринчи жана экинчи топтогу) жана угуусу боюнча (тубаса дүлөй, дүлөй-дудук адамдар) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар

1000

23

1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары

1000
