# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июнундагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июнундагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028001>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5558/edition/33057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028001.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июнундагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (10.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028001

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 10-июну № 115

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230028001/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 181-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "баңги зат каражаттарын" деген сөздөр "күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 287-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмуундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде Интернет тармагын пайдалануу аркылуу, -".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230028001/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 43 (3699) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган

2025-жылдын 30-апрелинде
