# Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 19-декабры № 2/2 Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 19-декабры № 2/2 Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2/2
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027997>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42188/edition/33053/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 19-декабры № 2/2 Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө токтому (19.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027997

---

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын отуруму

2024-жылдын 19-декабры № 2/2

Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №247 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 17-декабрындагы биргелешкен отурумунун №1 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн шаарындагы Ай-Мээрим балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1300,2 миң сом өздүк салым кошууга макулдук берилсин.

2. Жогорудагы долбоорлорду 2025-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Джалилов
