Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз VI-сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 31
2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Ийри-Суу айылдык кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндө болжолдонгон (пландаштырылган) 8564,6 мин сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 2569,3 миң сомду Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик субсидия катары пайдаланууга макулдук берилсин.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
С. Курманбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 821 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.12.2024 · № 821 · Күчүн жоготкон