# 1024-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу жана психологиялык кысым көрсөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230027939)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июнундагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027939/st-1024>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5557/edition/33001/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027939/st-1024.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1024-берене (10.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027939/st-1024

---

1. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана башка кызматкерлери, ата-энелер, коомдук фонддордун жана башка уюмдардын жетекчилери, ошондой эле башка адамдар тарабынан мыйзамдарда каралбаган акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу же болбосо билим алуучуларга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) алар тарабынан психологиялык кысым көрсөтүү -

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосундар коомдук фонд жана башка уюмдар же алардын мүчөлөрү тарабынан жасалса -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери тарабынан педагогикалык жана башка кызматкерлерге карата аларды акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга мажбурлоо максатында психологиялык кысым көрсөтүү -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

4) 456-берененин биринчи абзацында:

а) "741" деген цифралар алып салынсын;

б) "1021," деген цифралардан кийин "1022 - 1024," деген цифралар менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [1023-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027939/st-1023)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027939/st-2)
