# 1023-берене. Мамлекеттик, муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына балдарды кабыл алуудан негизсиз баш тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230027939)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июнундагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027939/st-1023>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5557/edition/33001/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027939/st-1023.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1023-берене (10.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027939/st-1023

---

1. Балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдарына кабыл алуу боюнча маалымат системасында киргизүүгө баланын кезеги келген учурда баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы мамлекеттик же муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмуна кабыл алуудан негизсиз баш тартуу -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Балдарды жалпы билим берүү уюмдарына кабыл алуу боюнча маалымат системасы боюнча баланы киргизүү аркылуу мектеп жашына жеткен баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы мамлекеттик же муниципалдык жалпы билим берүү уюмуна кабыл алуудан негизсиз баш тартуу -

жеке жактарга 120 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027939/st-1)  
Кийинки берене: [1024-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027939/st-1024)
