# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230027939)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июнундагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027939/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5557/edition/33001/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027939/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (10.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027939/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) V бөлүмдүн аталышы "саламаттык сактоо," деген сөздөрдөн кийин "билим берүү," деген сөздөр менен толукталсын;

2) 741-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 15-главада:

а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "15-глава. Билим берүү, адеп-ахлакты жана тарыхый-маданий мурасты коргоо, тилдер жөнүндө мыйзамдар чөйрөлөрүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 1022, 1023, 1024-беренелер менен толукталсын:

"1022-берене. Билим алуу укугун жана билим берүү уюмдарынын билим алуучуларынын билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарын жана эркиндиктерин бузуу же мыйзамсыз чектөө

1. Жалпыга жеткиликтүү жана акысыз билим алуу укугун бузуу же мыйзамсыз чектөө, ошондой эле билим берүү уюмдарынын билим алуучуларынын билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарын жана эркиндиктерин сактабоо же мыйзамсыз чектөө же болбосо көрсөтүлгөн укуктарды жана эркиндиктерди ишке ашыруунун белгиленген тартибин бузуу -

эскертүүгө алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосундар эскертүү берилгенден кийин бир айдын ичинде жоюлбаган же болбосо алты айдын ичинде кайталап жасалган учурда -

жеке жактарга жана кызмат адамдарына 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Кийинки берене: [1023-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027939/st-1023)
