1-берене
Күчүндө · 10.06.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) V бөлүмдүн аталышы "саламаттык сактоо," деген сөздөрдөн кийин "билим берүү," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 741-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 15-главада:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "15-глава. Билим берүү, адеп-ахлакты жана тарыхый-маданий мурасты коргоо, тилдер жөнүндө мыйзамдар чөйрөлөрүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 1022, 1023, 1024-беренелер менен толукталсын:
"1022-берене. Билим алуу укугун жана билим берүү уюмдарынын билим алуучуларынын билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарын жана эркиндиктерин бузуу же мыйзамсыз чектөө
1. Жалпыга жеткиликтүү жана акысыз билим алуу укугун бузуу же мыйзамсыз чектөө, ошондой эле билим берүү уюмдарынын билим алуучуларынын билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарын жана эркиндиктерин сактабоо же мыйзамсыз чектөө же болбосо көрсөтүлгөн укуктарды жана эркиндиктерди ишке ашыруунун белгиленген тартибин бузуу -
эскертүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосундар эскертүү берилгенден кийин бир айдын ичинде жоюлбаган же болбосо алты айдын ичинде кайталап жасалган учурда -
жеке жактарга жана кызмат адамдарына 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Берененин тексти 10.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230027939/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>