# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июну № 316 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 283 “Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июну № 316 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 283 “Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 316
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027881>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42098/edition/32922/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027881.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июну № 316 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 283 “Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027881

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 4-июну № 316

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 283 “Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Апостиль коюу чөйрөсүндө заманбап маалыматтык технологияларды оптималдаштыруу жана киргизүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 283 “Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускамада:

– I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:

“51. Электрондук апостиль коюунун тартиби апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктарга ээ мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилет.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 6-июнундагы № 41 (3697) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
