# 5-берене

- Документ: [Нотариалдык иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 "Нотариалдык иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027859/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230027859/edition/32902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027859/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариалдык иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 5-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027859/st-5

---

"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 17-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:

"81) нотариалдык буйруктар;";

2) 18-беренеде:

а) 2-бөлүк "аткаруу барактарында" деген сөздөрдөн кийин ", нотариалдык буйруктарда" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 5-бөлүктүн экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрү алып салынсын;

в) төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:

"51. Нотариалдык буйруктун мазмуну "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат. Алимент төлөө жөнүндө нотариалдык ырасталган макулдашуунун мазмуну Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодекси менен аныкталат. Көрсөтүлгөн аткаруу документтерине аларды кабыл алган же ырастаган адамдар кол коет жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.".

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859/st-6)
