3-берене
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 246-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"246-берене. Соттун буйругу берилүүчү талаптар Карызкордон акчалай суммаларды өндүрүп алуу же кыймылдуу мүлктү талап кылуу жөнүндө талаптар боюнча соттун буйругу төмөнкүдөй учурларда чыгарылат, эгерде:
1) жоопкерди же карызкорду жана анын мүлкүн, ошондой эле карызкордон соттун чечими боюнча тартып алынган баланы издөө боюнча чыгымдарды өндүрүп алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан талап билдирилсе;
2) соттун чечими боюнча мыйзамда каралган төлөмдөр төлөнгөн кызматкердин эмгек укуктарын бузган жактын эмгек акысынан ап келтирген зыяндын суммасын кармап калуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан же болбосо менчигинин укугуна карабастан юридикалык жактан талап билдирилсе;
3) турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча карызды өндүрүп алуу жөнүндө талап билдирилсе.";
2) 251-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 252-берененин 1-бөлүгүндө "1, 2, 4-8-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча" деген сөздөр "1 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 253-берененин 2-бөлүгүндө "1, 2, 4-8-пункттарында аталган талаптар боюнча" деген сөздөр "1 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 254-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230027859/st-3" title="3-берене - Нотариалдык иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>