# 1007-берене. Нотариалдык буйруктун мазмуну

- Документ: [Нотариалдык иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 "Нотариалдык иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027859/st-1007>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230027859/edition/32902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027859/st-1007.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариалдык иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1007-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027859/st-1007

---

1. Нотариалдык буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) буйрук өндүрүшүнүн номери жана буйрук чыккан дата;

2) буйрукту чыгарган нотариустун фамилиясы, аты жана атасынын аты;

3) ушул Мыйзамдын 1004-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган өндүрүп алуучу жөнүндө маалыматтар;

4) ушул Мыйзамдын 1004-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган карызкор жөнүндө маалыматтар;

5) талапты канааттандырууга негиз берген мыйзам же башка ченемдик укуктук акт;

6) өндүрүлүүгө тийиш болгон акчалай сумманын өлчөмү же талап кылынууга тийиш болгон кыймылдуу мүлктү анын наркын көрсөтүү менен белгилөө;

7) үстөктүн өлчөмү, эгерде аны өндүрүп алуу мыйзамда же келишимде каралса;

8) өндүрүп алуучунун же тиешелүү бюджеттин пайдасына карызкордон өндүрүп алынууга тийиш мамлекеттик алымдын суммасы;

9) билдирилген талапка каршы пикир берүүнүн мөөнөтү жана тартиби.

2. Жашы жете элек балдарга алимент өндүрүп алуу жөнүндө нотариалдык буйрукта ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-5 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары, багуу үчүн алимент ыйгарылган ар бир баланын фамилиясы, аты, атасынын аты жана туулган датасы; карызкордон ай сайын өндүрүлүүчү төлөмдөрдүн өлчөмдөрү, аларды өндүрүп алуунун мөөнөтү жана алимент өндүрүлүүгө тийиш болгон дата көрсөтүлөт.

3. Нотариалдык буйрукка нотариус кол коет жана белгиленген үлгүдөгү гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

---

Мурунку берене: [1006-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859/st-1006)  
Кийинки берене: [1008-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859/st-1008)
