# 1005-берене. Нотариалдык буйрук берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартууга негиздер

- Документ: [Нотариалдык иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 "Нотариалдык иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027859/st-1005>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230027859/edition/32902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027859/st-1005.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариалдык иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1005-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027859/st-1005

---

1. Нотариалдык буйрук берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан нотариус баш тартат, эгерде:

1) ушул Мыйзамдын 1003 жана 1004-беренелеринде каралган талаптар сакталбаса;

2) билдирилген талап ушул Мыйзамдын 1002-беренесинде каралбаса;

3) билдирилген талапты тастыктоочу документтер берилбесе;

4) документтерден укук жөнүндө талаш-тартыштын бар экендиги билинсе;

5) мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, билдирилген талапка мамлекеттик алым төлөнбөсө.

2. Нотариус арыз келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат, ал сотто даттанылышы мүмкүн.

3. Нотариалдык буйрук берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартуу өндүрүп алуучунун ошол эле талап боюнча доо өндүрүшү тартибинде сотко доо коюу мүмкүнчүлүгүнө тоскоолдук кылбайт.

4. Арызды кабыл алуудан баш тартканда мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте өндүрүп алуучу төлөгөн мамлекеттик алым кайтарып берилет, же болбосо сотко кайрылганда өндүрүп алуучунун арызы боюнча эсепке алынат.

---

Мурунку берене: [1004-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859/st-1004)  
Кийинки берене: [1006-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859/st-1006)
