1-берене
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 85-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жашы жетпеген балдарды багууга алимент өндүрүп алуу жөнүндө талаптар аталыкты (энеликти) аныктоого, талашууга же үчүнчү жактарды тартуу зарылдыгы менен байланышпаган учурда аларды багууга каражаттар (алименттер) ата-энесинен (алардын биринен) талашсыз тартипте нотариалдык буйруктун негизинде өндүрүп алынат.";
2) 86-статьяда:
а) аталышында "сот тартибинде" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Нотариалдык буйрук тартибинде жашы жетпеген балдарга өндүрүп алынуучу алименттин өлчөмү ушул статьянын 1-пунктуна ылайык аныкталат.";
3) 111-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"111-статья. Алимент өндүрүп алуу
1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу жок болгондо ушул Кодекстин 85-104-статьяларында көрсөтүлгөн үй-бүлө мүчөлөрү алимент өндүрүп алуу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуктуу.
2. Аталыкты (энеликти) аныктоо, талашуу же үчүнчү жактарды тартуу зарылдыгы менен байланышпаган талаптар боюнча жашы жетпеген балдарды багууга алимент өндүрүп алуу нотариалдык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.";
4) 112-статьяда:
а) 1-пункт "сотко" деген сөздөн кийин "же нотариуска" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Алимент сотко же нотариуска кайрылган учурдан тартып берилет. Эгерде сотко же нотариуска кайрылганга чейин багууга каражат алуу чаралары көрүлүп, бирок алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам аны төлөөдөн качкандыктан улам алимент алынбай калгандыгы аныкталса, өткөн мезгил үчүн алимент сотко же нотариуска кайрылган учурдан тартып үч жылдык мөөнөттүн аралыгында өндүрүп алынышы мүмкүн.";
5) 114-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"114-статья. Уюмдун администрациясынын алиментти кармап калуу милдети
1. Алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын иштеген жери боюнча уюмдун администрациясы алимент төлөө жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдашуунун, алимент төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын, нотариалдык буйруктун же аткаруу баракчасынын негизинде алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын эмгек акысынан жана (же) башка кирешесинен ай сайын алимент кармап калууга жана алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын эсебинен алимент алуучу адамдын эсебине алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын эмгек акысы жана (же) башка кирешеси төлөп берилген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен төлөөгө же которууга милдеттүү.
2. Жашы жете элек балдарга төлөөдө алимент төлөөчү адамдын арызынын негизинде алиментти кармап калуу, эгерде мындай арыздын жана аткаруучу документтердин негизинде кармап калуулардын жалпы суммасы алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын иштеп тапканынын жана (же) башка кирешесинин элүү пайызынан ашкан, бирок жетимиш пайыздан ашпаган учурда алиментти кармоо жүргүзүлүшү мүмкүн.";
6) 116-статьянын 1-пункту "соттун чечиминин" деген сөздөрдөн кийин ", нотариалдык буйруктун" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 117-статьянын 1-пунктунун биринчи сүйлөмү "Алимент өндүрүү жөнүндө макулдашууда" деген сөздөрдөн кийин ", нотариалдык буйрукта" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 125-статья төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Нотариалдык буйрук тартибинде өндүрүп алынуучу алимент төлөө төмөнкүдөй учурларда токтотулат: бала бойго жеткенде же жашы жетпеген балдар бойго жеткенге чейин эле аракетке толук жөндөмдүү болуп жетилген учурда; багууга алимент өндүрүлгөн баланы (кызды) асырап алганда; алимент алуучу адам же алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам өлгөндө.".
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230027859/st-1" title="1-берене - Нотариалдык иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>