Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 353 „2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июну № 303
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 353 "2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин андан ары практикалык ишке киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 353 "2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасынын иш-чаралар планы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
1-тиркеме
"2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасынын ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№
Милдеттер
Чаралар/иш-аракеттер
Ишке ашыруу мөөнөтү
Күтүлгөн натыйжалар
Жооптуу аткаруучулар
1
2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү программасынын күтүлгөн натыйжаларына жетүүнү камсыз кылуу үчүн МЖӨ жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу
1) "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдоо жана кабыл алуу
2025-жылдын декабры
Кыргыз Республикасынын Мыйзам белгиленген тартипте кабыл алынды
ИУА, ФМ, МЖӨБ
2) МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча методикалык колдонмону даярдоо жана бекитүү
2026-жылдын декабры
МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча колдонмо бекитилди
МЖӨБ
3) 2027-2030-жылдары Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу
2026-жылдын декабры
2027-2030-жылдары Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү программасы бекитилди
ИУА, ЭКМ, МЖӨБ
2
Фискалдык башкарууну жакшыртуу
МЖӨ долбоорлору боюнча жыйынды милдеттенмелер боюнча мониторинг жүргүзүүнү жана отчеттуулукту камсыз кылуу үчүн мыйзам алдындагы жана/же ведомстволук актыларды кабыл алуу
2026-жылдын декабры
Зарыл болгон мыйзам алдындагы жана/же ведомстволук актылар кабыл алынды
ФМ, ИУА, МЖӨБ
3
МЖӨ системасын өнүктүрүү үчүн финансылык инструменттерди түзүү
1) кредиттик уюмдардын тобокелдиктерин азайтууга багытталган Инфраструктуралык долбоорлорду жана кепилдик механизмдерин каржылоо фондун түзүү
2026-жылдын декабры
Зарыл болгон мыйзам алдындагы жана ведомстволук актылар кабыл алынды, фонддор түзүлдү
ФМ, ИУА, МЖӨБ
2) уюмдарды координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери үчүн Дем берүү фондун түзүү
2025-жылдын декабры
4
МЖӨнүн институттук түзүмүн чыңдоо
1) мамлекеттик кызматчылар, жеке сектордун өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн окутуунун улуттук системасын түзүү
2026-жылдын декабры
200 угуучуну камтыган план менен окутуу программасы ишке киргизилди
МЖӨБ, ИЖИМ, КРСУ, ЕӨБ (макулдашуу боюнча)
2) Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча долбоорлоо институтун ачуу
2025-жылдын декабры
Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча долбоорлоо институту ачылды
МЖӨБ, ИУА
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКМ
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
ФМ
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ИУА
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик
ИЖБИМ
-
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги
КРСУ
-
Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети
ЕӨБ
-
Евразия өнүктүрүү банкы
МЖӨБ
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору
МЖӨ
-
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк".
2-тиркеме
"2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№
Милдеттер
Индикатордун аталышы
Өлчөө бирдиги
Базалык жыл
Аралык индикаторлор (жылдык)
Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр
Жооптуу орган
1-жыл
2-жыл
(1)
(2)
(3)
(4)
(5)
(6)
(7)
(8)
(9)
1
2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү программасынын күтүлгөн натыйжаларына жетүүнү камсыз кылуу үчүн МЖӨ жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу
1) "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана мыйзам алдындагы актыларды актуалдаштыруу тууралуу мыйзам долбоорун сапаттуу даярдоону жана кабыл алууну камсыз кылуу
"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алуу
2025-жылдын декабры
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү
Зарыл болгон мыйзам алдындагы актыларды кабыл алуу
"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамга өзгөртүүлөр кабыл алынды
ИУА, ФМ, МЖӨБ
2) үлгүлөрдү жана типтүү документтерди иштеп чыгуу, методологиялык документтерди кабыл алуу
Типтүү документтерди жана методологиялык документтерди кабыл алуу
2025-жылдын декабры
Типтүү жана методологиялык документтерге киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматты топтоо, кабыл алуу
МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана/же МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча орган тарабынан типтүү жана методологиялык документтер кабыл алынды
МЖӨБ
2
МЖӨ долбоорлорун фискалдык башкарууну жакшыртуу
МЖӨ долбоорлору боюнча жыйынды милдеттенмелер боюнча мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук үчүн мыйзам алдындагы актыларды кабыл алуу
Зарыл болгон мыйзам алдындагы жана ведомстволук актыларды кабыл алуу
2026-жылдын декабры
Зарыл болгон мыйзам алдындагы жана ведомстволук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу
Зарыл болгон мыйзам алдындагы жана/же ведомстволук актылар кабыл алынды
ФМ, ИУА, МЖӨБ
3
МЖӨ системасын өнүктүрүү үчүн финансылык инструменттерди түзүү
МЖӨ системасын өнүктүрүү үчүн инфраструктуралык инструменттерди каржылоо фондун түзүү
Фонддорду түзүү боюнча зарыл болгон мыйзам алдындагы жана ведомстволук актыларды кабыл алуу
2026-жылдын декабры
Концепцияны иштеп чыгуу. Талкуулоо, каражаттарды, анын ичинде тартылган каражаттарды издөө жана зарыл болгон уюштуруучулук жана ченемдик чараларды жүргүзүү. Финансылык инструменттерди түзүү жөнүндө ченемдик укуктук, ведомстволук актыларды кабыл алуу
МЖӨ системасын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон финансылык инструменттер түзүлдү
ФМ, ИУА, МЖӨБ
МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери үчүн дем берүү фондун түзүү
2025-жылдын декабры
4
МЖӨнүн институттук түзүмүн чыңдоо
Мамлекеттик кызматчылар, жеке сектордун өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн окутуу системасын түзүү
Угуучулардын саны
2026-жылдын декабры
ЖОЖдордун студенттери жана мамлекеттик, жеке сектордун өкүлдөрү үчүн окутуу программасын ишке киргизүү
200 угуучуну камтыган план менен окутуу программасы ишке киргизилди
МЖӨБ, ИЖБИМ, КРСУ, ЕӨБ (макулдашуу боюнча)
Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча долбоорлоо институтун ачуу
2025-жылдын декабры
Долбоордук институтту түзүү үчүн зарыл болгон документтерди иштеп чыгуу жана илгерилетүү
Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча долбоорлоо институту ачылды
МЖӨБ, ИУА
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКМ
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
ФМ
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ИУА
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик
ИЖБИМ
-
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги
КРСУ
-
Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети
ЕӨБ
-
Евразия өнүктүрүү банкы
МЖӨБ
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору
МЖӨ
-
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 353 "2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын…Постановление · 30.06.2022 · № 353
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 11.08.2021 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122