# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027778>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42027/edition/32863/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027778.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (20.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027778

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 20-марты № 139

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 345 "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоору жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:

- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

5

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

6161

770

анын ичинде:

борбордук аппараты

136

40

аймактык бөлүмдөрү

3882

216

ведомстволук бөлүмдөрү

2143

514

".

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 21 (3677) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Тиркеме

“Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасы
