# Кара-Кѳл шаардык кеңешинин 2025-жылынын 28-февралындагы №21/4-9 “2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак имараттарына жана жайга мүлк салыгынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кара-Кѳл шаардык кеңешинин 2025-жылынын 28-февралындагы №21/4-9 “2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак имараттарына жана жайга мүлк салыгынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21/4-9
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027772>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42020/edition/32808/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Кѳл шаардык кеңешинин 2025-жылынын 28-февралындагы №21/4-9 “2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак имараттарына жана жайга мүлк салыгынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө” токтому (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027772

---

КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кара-Кѳл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

2025-жылдын 28-февралы №21/4-9

2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак имараттарына жана жайга мүлк салыгынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы Б.Н.Койчиевдин 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн турак имаратына жана жайга мүлк салыгынын базалык ставкасын бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү” жөнүндө Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктун жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак имараттарына жана жайга мүлк салыгынын ставкасы 1 чарчы метрге 5 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгына (У.А.Жумашев), ал эми көзөмөлгө алуу шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Т.А.Мамытканова) жүктөлсүн.

Төрага:

Ч.А.Кимсанов
