# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 21-майындагы № 3084-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 21-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 21-майындагы № 3084-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 21-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3084-VII
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027736>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16447/edition/32769/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027736.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 21-майындагы № 3084-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 21-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (21.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027736

---

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому

2025-жылдын 21-майы № 3084-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 21-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 21-майындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: "Кыргыз Республикасынын коргоо министринин кызмат ордуна Мукамбетов Руслан Мустафаевичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; "Сыдыков Аскат Шаршековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Коопсуздук жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу.

Төрага

Н.Тургунбек уулу
