Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин күжүрмөн кызматынын уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 216 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин күжүрмөн кызматынын УСТАВЫ
1-глава. Кызматтык-күжүрмөн иштин негиздери
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин күжүрмөн кызматынын уставы (мындан ары - Устав) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын кызматтык-күжүрмөн ишин өтөөдөгү укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары кызматтык-күжүрмөн милдеттерин моралдык жана физикалык күчтөрдүн эң жогорку чыңалуусу менен аткарууга, туруктуулукту, эрдикти, тайманбастыкты, чыдамкайлыкты, чынчылдыкты көрсөтүп, мыйзамдуулукту так сактоого милдеттүү. Аскердик антка бек туруу, жогорку моралдык дух, эстүүлүк, кыраакылык, мыкты күжүрмөн даярдык, психологиялык даярдык, жогорку аскердик тартип, дененин чыйрактыгы жана аскер жамаатынын күжүрмөн биримдиги - күжүрмөн кызматта ийгиликтерге жетүүнүн эң маанилүү шарттары.
2. Согуш мезгилинде "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери (мындан ары - Ички аскерлер) Куралдуу Күчтөр менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан иштелип чыккан пландарга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагын куралдуу коргоону уюштурууга катышат.
3. Күжүрмөн кезмет (күжүрмөн кызмат) - күжүрмөн милдеттерди аткаруу болуп саналат жана Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын кароолдун, аскердик наряддын курамында, ошондой эле мыйзамдарга ылайык Ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн тартылган аскер бөлүктөрүн (бөлүкчөлөрдүн) курамында аскердик кызматтын милдеттерин аткарууну өзүнө камтыйт.
Эрежелерди бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат. Ички аскерлердин кызматтык-күжүрмөн иши төмөнкүлөрдү камтыйт: коюлган милдеттерди аткарууну уюштуруу, күжүрмөн кызматты өтөө, өзгөчө кырдаалдарда жана күтүүсүздөн келип чыккан милдеттерди аткаруудагы иш-аракеттер жана Ички аскерлерди ар тараптан камсыз кылуу.
4. Ички аскерлердин бөлүктөрүнөн жана бөлүкчөлөрүнөн дайындалган кароолдорго жана аскердик наряддарга кызматтык-күжүрмөн милдеттерди аткарууда төмөнкүлөргө укук берилет:
- жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, жарандыгы жок адамдардан жана кызмат адамдарынан коомдук тартипти сактоону, Ички аскерлердин өз милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылган аракеттерди токтотууну талап кылууга. Мыйзамдуу талаптар аткарылбаган учурда ички иштер органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мажбурлоо чараларын колдонууга;
- кылмыштарды, укук бузууларды жасаган же аларды жасоого аракет кылган адамдарды кармоого жана ички иштер органдарына өткөрүп берүүгө;
- транспорт каражаттарын жана жүктөрдү кайтаруудагы объекттердин контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу өткөрүүдө кароо жүргүзүүгө;
- кайтаруудагы объекттерге (объекттерден) кирүүгө аракет кылган же бул объекттерге, кароол жайларына, сакчыга жана кароолдун башка адамдарына кол салган адамдарды куугунтуктоо жана издөөгө, кармоого, зарыл болгондо текшерип кароого жана ички иштер же улуттук коопсуздук органдарына өткөрүп берүүгө;
- ички иштер органдары менен макулдашуу боюнча кайтаруудагы объекттерге, кароол жайларына, сакчыга жана кароолдун башка адамдарына кол салган же кайтаруудагы объекттерге (объекттерден) кирүүгө аракет кылган адамдарды издөө жана кармоо боюнча Ички аскерлердин аракеттеринин убагында жергиликтүү райондорду, айрым курулмаларды жана башка объекттерди тосууга;
- Ички аскерлер иштеген райондордо ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте издөөдө жүргөн адамдарды табуу максатында автотранспортту токтотууга жана кароого;
- көчөлөрдө жана жолдордо транспорт каражаттарынын жана жөө адамдардын кыймылына убактылуу тыюу салууга же чектөөгө, өзгөчө кырдаалдарда жарандардын өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоо максатында аларды текшерип кароого;
- коменданттык сааттын режимин бузган жарандарды ал аяктаганга чейин, ал эми инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтери жок адамдарды - инсандыгы аныкталганга чейин, бирок өзгөчө абал жөнүндө жана аскердик абал жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөн ашык эмес убакытка кармоого;
- шаардык, шаар четиндеги жана жергиликтүү каттамдагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүн (жеңил таксиден тышкары) акысыз пайдаланууга.
Кызматтык-күжүрмөн милдеттерди аткарууда бөлүктөр жана бөлүкчөлөр күжүрмөн кезмет (кызмат) өтөгөн жерлерде жана издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн райондордо кароолдорду жана аскердик наряддарды жайгаштырышы мүмкүн. Коомдук тартипти сактоо боюнча аскердик наряддын курамында күжүрмөн кезмет (кызмат) өтөөдө Ички аскерлердин аскер кызматчылары ички иштер органдары менен бирдикте милициянын кайгуул-тозоттук кызматынын уставын жетекчиликке алат.
5. Кызматтык-күжүрмөн милдеттердин көлөмү стратегиялык, өзгөчө маанилүү жана башка кайтаруудагы объекттердин, дайындалган кароолдордун, аскердик наряддардын саны, ошондой эле тозоттордун орточо суткалык саны (суткалык эсеп) менен аныкталат. Аны эсептөөдө кароолдордун жана аскердик наряддардын башчыларынын, алардын жардамчыларынын, бөлүштүргүчтөрдүн, транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жана кароолдордун жана аскердик наряддардын башка адамдарынын кызмат өтөө убактысы суткалык эсептөө менен тозотторго келтирилет.
6. Кызматтык-күжүрмөн милдеттерди аткарууда Ички аскерлердин өздүк курамы тарабынан курал-жарак, күжүрмөн жана атайын техника, кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттары, байланыш жана башкарууну автоматташтыруу каражаттары, учкучсуз учуучу аппараттар, транспорт каражаттары, кызматтык иттер, атайын каражаттар колдонулат.
Күчтөр жана каражаттар комплекстүү жана эсептелип колдонулат. Буга кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарын активдүү колдонуу; өздүк курамды пайдалануунун белгиленген ченемдерин сактоо; кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарын өркүндөтүү жана аларды дайыма оң абалда кармоо; объекттерди кайтарууда кызматтык иттерди активдүү колдонуу менен өздүк курамды пайдаланууну билгичтик менен айкалыштыруунун негизинде кайтаруу системасын сарамжалдуу куруу аркылуу ишке ашат.
7. Аскер кызматчылар кароолдун курамында күжүрмөн милдеттерди (кызматты) аткарууда кароолдорду бөлүштүрүү аяктаган учурдан тартып (күжүрмөн кезметке (кызматка) буйрук алгандан баштап кароолду алмаштырганга (бөлүккө, бөлүкчөгө кайтып келүү боюнча милдеттердин аткарылгандыгы жөнүндө баяндама бергенге чейин) турат.
Аскер кызматчылардын түздөн-түз тозоттордогу кызматтык жүктөмү сутка ичинде суткалык тозоттордо 8 сааттан, жарым суткалык тозоттордо 4 сааттан ашпоого тийиш.
8. Кызматтык-күжүрмөн милдеттерди аткарууда өздүк курам штаттык курал менен иштейт. Кароолдор жана бөлүкчөлөр химиялык коргонуу каражаттары менен камсыз кылынат.
Күжүрмөн жана атайын техника объекттерди кайтарууда жана коргоодо, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү, террористтик топторду жана уюмдарды жоюу, алардын базаларын (кампаларын), коммуникацияларын жок кылуу боюнча аракеттерде, куралдуу кылмышкерлерди колго түшүрүү, ошондой эле кырдаал татаалдашкан учурда өзгөчө маанилүү стратегиялык объекттерди кайтарууну күчөтүү үчүн "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте колдонулат.
9. Кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарына кирүүгө тыюу салынган зоналарда, контролдоо-өткөрүү пункттарында жана кайтаруудагы объекттердин режимдик жайларында орнотулуучу ар кандай инженердик курулмалар, тосмолор, сигнализация, байланыш, автоматика, видеобайкоо, жарыктандыруу жана байкоо каражаттары кирет.
Кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттары объекттерди кайтаруунун ишенимдүүлүгүн, кароолдордо, блоктозоттордо күжүрмөн нөөмөттү (кызматты) өтөөгө зарыл шарттарды түзүү үчүн колдонулат.
10. Байланыш каражаттары баш ийген бөлүктөрдү, бөлүкчөлөрдү, кароолдорду үзгүлтүксүз башкаруу, ошондой эле өз ара аракеттенген органдар менен байланышты кармап туруу үчүн арналган.
11. Транспорт каражаттары (автомобилдер, квадроциклдер, мотоциклдер, катерлер жана башкалар) кызматтык-күжүрмөн милдеттерди аткарууда өздүк курамды, аскердик жүктөрдү ташууда, кароолдо күжүрмөн кезметти (кызматты) өтөөдө, укук бузган, кылмыш жасаган адамдарды кармоо жана аларды ички иштер органдарына жеткирүү үчүн колдонулат.
12. Кызматтык иттер объекттердин кайтаруусун күчөтүү, укук бузгандарды издөө, кармоо үчүн, ошондой эле башка кызматтык-күжүрмөн милдеттерди аткарууда колдонулат. Издөөчү иттер ар дайым колдонууга даяр абалда кармалып турат. Кароолдук иттер блоктозоттордо, тыюу салынган зоналардын кыйла аялуу участокторунда кайтарууну күчөтүү үчүн жайгаштырылат.
13. Аскер бөлүктөрүн күжүрмөн даярдыктын кыйла жогорку даражаларына өткөрүү Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин чечимине (буйругуна) ылайык жүзөгө ашырылат.
14. Ички аскерлердин бөлүкчөлөрү кызматтык-күжүрмөн милдеттерин аткарууда Ички аскерлердин коңшу бөлүктөрү, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, улуттук коопсуздук, коргоо жана өзгөчө кырдаалдар органдары менен бирге өз ара аракеттенет. Ички аскерлердин бөлүктөрү менен биргелешкен аракеттерде колдонулуучу өз ара аракеттенген бөлүктөрдүн, бөлүкчөлөрдүн жана органдардын күчтөрү жана каражаттары макулдашылган планда көрсөтүлөт.
15. Объекттерди кайтаруу болуп объекттердин сактыгын камсыз кылуу жана объекттерге (объекттерден) бузуучулардын кирүүсүнө жол бербөө максатында ишке ашырылуучу объекттердин администрациясынын жана өз ара аракеттенүүчү органдардын ыкчам, режимдик, инженердик-техникалык жана башка иш-чаралары менен биргеликте жүргүзүлүүчү аскердик аракеттердин комплекси саналат.
Объекттерди кайтаруу контролдоо-өткөрүү пункттары, тозот мунаралары, режимдик жайлар тарабынан периметр боюнча уюштурулат. Объекттерди кайтарууга коюлуучу негизги талап анын ишенимдүүлүгү болуп саналат, ал кайтаруу системасын билгичтик менен түзүү, кайтаруунун кыйла максатка ылайыктуу ыкмаларын колдонуу, күжүрмөн кезметти (кызматты) туура уюштуруу жана так өтөө менен камсыз кылынат.
16. Объекттин коргоо системасы - бул коюлган милдеттерди аткаруу боюнча аракеттер үчүн күчтөрдү жана каражаттарды комплекстүү колдонуу болуп саналат. Ал кайтаруудагы объекттин мүнөзүнө жана өзгөчөлүктөрүнө, кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттары менен жабдуу даражасына шайкеш келүүгө, кайтаруунун тереңдигин жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга, күчтөрдү жана каражаттарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдаланууга тийиш.
Кайтаруу системасын уюштурууда төмөнкүлөр аныкталат жана белгиленет:
- объектти кайтаруу ыкмасы;
- кароолдордун саны, алардын курамы, кайтаруу участоктору жана аракеттердин тартиби, ошондой эле кароол жайларынын жайгашкан жерлери;
- контролдоо-өткөрүү пункттарынын саны жана түрлөрү;
- тозоттордун саны, түрлөрү жана багыты, алардын жайгашкан жери жана участокторунун узундугу;
- тыюу салынган зоналарды, контролдоо-өткөрүү пункттарын жана режимдик жайларды кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттары менен жабдуу мүнөзү, алардын тыгыздыгы жана жайгаштыруу тартиби.
Объектти кайтаруунун тереңдиги чек араны бойлото тыюу салынган зонада жана кайтарылуучу режимдик жайларда күчтөрдү жана каражаттарды жайгаштыруунун, объекттин чегинен тышкары аракет жүргөн райондордо кароолдорду, аскердик кезметтерди, бөлүкчөлөрдү жана резервдерди дайындоонун эсебинен түзүлөт.
17. Кароолдор объекттерди кайтарууну тозотторго сакчыларды коюу, кайгуул кызматын жүргүзүү, видеобайкоо каражаттарды, учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу, ошондой эле аралаш ыкмалары менен жүргүзүлөт.
18. Объектти кайтаруунун системасы жана ыкмасы объектти кайтарууга кабыл алууда ведомстволор аралык комиссия тарабынан аныкталат, анын курамына кайтарылуучу объекттин администрациясынын өкүлдөрү жана объектти кайтарууга кабыл алуучу аскердик бөлүктүн командачылыгы кирет.
Кабыл алынган чечимдин негизинде объектти кайтаруу жана коргоо планы иштелип чыгат.
19. Объектти сакчылар аркылуу кайтаруу үчүн объекттин айланасы боюнча контролдоо-өткөрүү пункттарда жана режимдик жайларда тозоттор орнотулат.
Сакчылар тыюу салынган зонада объекттин периметри боюнча тозоттордун участокторун кыдырып өтүү жана байкоо жүргүзүү аркылуу милдеттерин аткарышат. Тозоттордун участоктору тыюу салынган зонанын жабдуулануусуна жана ал жердин шарттарына жараша узундугу 500 метрге чейин болуш керек. Режимдик жайлардын контролдоо-өткөрүү пункттарында жана контролдоо-өткөрүү тозотторунда, ал эми зарыл болгон учурда объекттин периметри боюнча - шарттары татаал участоктордо кыймылсыз сакчылар коюлат.
20. Объектти кайтаруу боюнча кароолго периметр боюнча участок дайындалат, анын узундугу объекттин өзгөчөлүгүнө, тыюу салынган зонанын инженердик-техникалык жабдууларынын абалына, жер шарттарынын мүнөзүнө жана тактикалык сапатына, транспорт каражаттарынын болуусуна жараша болот. Кароолдун курамы объектти кайтарууну кароол жайынан 4 километрге чейин сакчыларды коюу менен жүзөгө ашырышы мүмкүн.
Кароол жайы адатта кайтарылуучу участоктун ортосунда жайгаштырылат.
21. Объектти сакчылар кайтарууда кароолдун саны жана курамы орнотулган тозоттордун саны менен аныкталат. Мында бир кароолго 10дон ашык эмес тозот киргизилет, ал эми кароолдордун нөөмөтү 1 сааттан ашпоого тийиш. Эгерде кайтарылуучу объектке 10дон ашык тозотторду коюу зарыл болсо, анда бул объектке эки кароол курамы бөлүнөт.
Ар бир суткалык тозотко сакчылардын үч нөөмөтү, жарым суткалык тозотко - сакчылардын эки нөөмөтү дайындалат.
22. Контролдоо-өткөрүү пункттары багыты боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт: автотранспортту, темир жол курамын жана адамдарды өткөрүү үчүн багытталат.
23. Контролдоо-өткөрүү пункттарынын саны жана жайгашкан жери режимдик талаптарды сактоо менен кызматкерлердин жана унаа каражаттарынын объектке (объекттен) уюшкандыкта камсыз кылууда ушундай эсеп менен аныкталат.
Контролдоо-өткөрүү пункттарынын өтмөктөрүнүн саны объекттин администрациясы менен бирге адамдардын жана транспорттун кыймылынын интенсивдүүлүгүнө жараша аныкталат. Ар бир автотранспорт же темир жол контролдоо-өткөрүү пунктун кайтаруу үчүн сакчылар коюлат. Кыймылдын интенсивдүүлүгүнө жараша транспортту текшерип кароо жана өткөрүү үчүн ар бир текшерип кароо аянтчасына бир же эки сакчы коюлат. Автотранспорттук контролдоо-өткөрүү пункттарындагы текшерип кароо аянтчаларынын (өткөрмөлөрдүн) саны автотранспорттун кыймылынын интенсивдүүлүгүнө жараша болот. Темир жол контролдоо-өткөрүү пункттарында аларды кайтаруу үчүн сакчылардан тышкары текшерип кароо топтору дайындалат.
24. Ички аскерлердин бөлүктөрү кайтарууга алган объект периметри боюнча инженердик-техникалык каражаттар, контролдоо-өткөрүү пункттар жана режимдик жайлар менен жабдылат. Объекттин периметри боюнча эреже катары тыюу салынган зона түзүлөт.
Режимдик имараттар электромеханикалык датчиктер, видеобайкоо системалары жана сигнализация менен жабдылат.
25. Объектти кайтаруу системасын жана ыкмасын өзгөртүү объекттин администрациясынын жана объектти кайтарууга кабыл алган аскердик бөлүктүн командачылыгынын биргелешкен чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
Кабыл алынган чечимдин негизинде объекттин администрациясынын жана аскер бөлүгүнүн өкүлдөрүнөн комиссия түзүлөт, ал кайтаруунун жаңы системасын, объектти кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттары менен жабдуу боюнча иш-чараларды, аларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн аныктайт. Жаңы көзүт системасына жана ыкмасына өтүүдө жогоруда аталган комиссиянын актысында каралган иш-чаралар толук аткарылгандан кийин жүргүзүлөт.
26. Ички аскерлердин кол башчысы, аскер бөлүгүнүн командири объекттин администрациясы менен бирге объектти кайтарууга бөлүнгөн сандын чегинде күзөт системасына кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизет.
Ар бир учурда күзөт системасына киргизилген айрым өзгөртүүлөр комиссиянын актысы менен таризделет. Акт Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылат жана объекттин жетекчиси же анын режим боюнча орун басары жана аскер бөлүгүнүн командири тарабынан бекитилет. Актынын негизинде кароолдордун кызматтык документтерине зарыл болгон өзгөртүүлөр киргизилет.
27. Айрым учурларда объекттин администрациясынын жазуу жүзүндөгү билдирүүсү боюнча Ички аскерлердин кол башчысы, аскер бөлүгүнүн командири тарабынан объектти, режимдик жайларды жана убактылуу контролдоо-өткөрүү пункттарын кайтаруу үчүн 3 суткадан ашпаган мөөнөткө убактылуу тозоттор коюлат. Ар бир убактылуу тозотко тозоттук табель түзүлөт.
Кырдаалга жараша Ички аскерлердин кол башчысы, аскер бөлүгүнүн командири кошумча тозотторду убактылуу орнотот же тыюу салынган зонада жана контролдоо-өткөрүү пунктунда объектти кайтаруунун ишенимдүүлүгүн начарлатпастан тозоттордун санын кыскартат, периметрдин айрым участокторунда тозоттордун жайгашуусун, сакчылардын кызмат өтөө тартибин жана ыкмаларын өзгөртөт. Күзөт системасындагы бул өзгөртүүлөр командирлердин чечимдеринде, тозоттук табелдерде жана кароолдордун күжүрмөн кезмет (кызмат) пландарында чагылдырылат, ал эми тозоттордун санын кыскартуу объекттин администрациясы менен макулдашылат.
28. Өзгөчө маанилүү жана режимдик объекттер Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин буйругун аткарууда Ички аскерлердин кол башчысынын буйругу (көрсөтмөсү) боюнча аскер бөлүктөрү тарабынан кайтарууга алынат.
Ички аскерлер менен объекттин администрациясынын ортосундагы келишим объектти кайтаруунун системасын жана ыкмасын, аскердик күзөттүн санын жана Ички аскерлер менен кайтарылуучу объекттин администрациясынын кызматкерлеринин ортосундагы өз ара мамилесин аныктайт.
29. Кызматтык-күжүрмөн милдеттерди аткаруу үчүн Ички аскерлердин бөлүктөрүнөн жана бөлүкчөлөрүнөн кароолдор жана аскердик наряддар дайындалат.
Кароол деп күжүрмөн тууларды, аскердик жана мамлекеттик объекттерди, атайын жүктөрдү, ошондой эле кармалган адамдарды кайтаруу жана коргоо боюнча күжүрмөн милдеттерди аткаруу үчүн дайындалган куралдуу бөлүкчөлөр (же анын бөлүгү) аталат. Кызматтык-күжүрмөн милдеттерди аткаруунун мүнөзүнө жараша кароолдор төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- объекттерди кайтаруу жана коргоо боюнча;
- атайын жана аскердик жүктөрдү кайтаруу жана коргоо боюнча;
- аскердик бөлүктөрдүн объекттерин кайтаруу жана коргоо (ички кароолдор).
Өрт, авария, табигый кырсык учурларында мамлекеттик мүлктү кайтаруу боюнча милдеттерди аткаруу жана башка кароолдорду күчөтүү үчүн убактылуу кароолдор дайындалат.
30. Зарыл болгон учурда кароолдун курамына төмөнкүлөр дайындалат: кароолдун башчысынын жардамчысы - контролдоо-өткөрүү пунктунун башчысы, издөөчү кайгуул иттерди үйрөтүүчү, радиотелефонист жана ашпозчу.
Бөлүштүрүүчүлөрдүн саны тозоттордун жайгашкан жерине жана санына жараша, мында ар бир бөлүштүрүүчү тозотторго бештен ашык эмес сакчыны коюп, ал эми тозотторго баруу, сакчыларды алмаштыруу жана кароол жайына кайтып келүү убактысы бир сааттан ашык эмес убакытка эсептелиши керек. Кароолго бир нече бөлүштүрүүчү дайындалганда, алар: биринчи бөлүштүрүүчү, экинчи бөлүштүрүүчү ж.б. деп аталат.
31. Кароолдун өздүк курамынын саны төрт аскер кызматчыдан кем болбошу керек жана ошол кароол үчүн белгиленген тозоттордун санына жараша аныкталат. Сутка бою тозотту кайтаруу үчүн эреже катары үч сакчы нөөмөтү, ал эми тозотту күндүзү (түнү) гана кайтаруу үчүн - эки сакчы нөөмөтү дайындалат.
Кароол сакчылары мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын арасынан дайындалат. Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары жетишсиз болгон учурда кароол сакчылары катары катардагы жана сержанттык курамдын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары дайындалышы мүмкүн. Бул учурда көрсөтүлгөн тозоттордун бардык нөөмөттөрү алардын курамынан дайындалат. Тозоттор суткалык, жарым суткалык (күндүзгү, түнкү) жана убактылуу болот.
32. Күтүүсүздөн пайда болгон милдеттерди аткаруу жана сакчыларга жардам көрсөтүү үчүн сергектеги жана эс алуудагы кароол сакчыларынын нөөмөтүнөн резервдик топтор түзүлөт, алар күжүрмөн айгай белгиси боюнча кароолдун башчысы, анын жардамчысы же бөлүштүрүүчүнүн колунун астында, тартип бузуу болгон жерге келет жана кырдаалга жараша аракеттенет. Бул топторду тартип бузуу болгон жерге тез жеткирүү үчүн зарыл болгон учурда кароолдор транспорт каражаттары менен камсыз кылынат.
33. Объекттерди күнү-түнү кайтарууга дайындалган кароолдор сутка сайын же үч суткадан кечиктирилбестен алмашууга тийиш. Атайын жана аскердик жүктөрдү ташууда кайтаруу үчүн дайындалган кароолдор, ошондой эле убактылуу кароолдор тапшырма толугу менен аткарылып аяктаганга чейин алмаштырылбайт. 6 сааттан 12 саатка чейинки мөөнөткө объекттерди кайтарууга алган кароолдорго бир эле аскер кызматчылары эки суткадан ашык эмес дайындалышы мүмкүн.
34. Аскердик наряд - объекттерди кайтаруу жана коргоо, коомдук тартипти сактоо боюнча, өзгөчө кырдаалдарда, ошондой эле атайын операцияларды жүргүзүүдө күжүрмөн милдеттерди аткаруу үчүн дайындалган аскер кызматчыларынын тобу же бөлүкчөлөрү.
Аскердик наряддарга: байкоочу тозот, күзөтүү, буктурма, изине түшүү тобу, издөө тозоту, издөө тобу, кайгуул, тартипти сактоо тозоту, контролдоо-өткөрүү пунктундагы наряд, аскердик чынжырча кирет.
35. Аскердик наряддын курамына аскердик наряддын башчысы, аскердик наряддын башчысынын жардамчысы (саны үч адамдан ашык болсо) жана керектүү сандагы аскер кызматчылары дайындалат.
Офицерлер же прапорщиктер кароолдун башчысы болуп дайындалууга тийиш болгон кароолдордун жана аскердик наряддардын тизмеси объекттин мүнөзүнө, кызмат өтөө шарттарына жана тозоттордун санына жараша аскер бөлүгү боюнча буйрук менен аныкталат.
36. Кароолго жана аскердик наряддарга өздүк курамды тандоо ротанын командири тарабынан өзүнүн орун басарларынын, взводдордун командирлеринин сунуштарын, аткарыла турган милдеттердин мүнөзүн, аскер кызматчыларынын кызматтык тажрыйбасын, моралдык-күжүрмөн жана психологиялык сапаттарын эске алуу менен жүргүзүлөт. Кароолдун, аскердик наряддын курамына бир бөлүмчөдөн, ал эми кароолдун саны бир бөлүмчөдөн ашык болсо - бир взводдон өздүк курам дайындалат.
Жаш аскер кызматчылары күжүрмөн кезмет (кызмат) өтөө тартибин жана эрежелерин үйрөнүү боюнча атайын программаны бөлүкчөлөрдө алар менен иштеп чыгуудан кийин гана кароолдорго жана аскердик наряддарга дайындалат. Биринчи айда алар азырак кызматтык жүктөм берилген кароолдорго жана аскердик наряддарга, кароол жайларына жакын жайгашкан тозоттордо жана күчөтүлгөн контролдун астында кызмат өтөйт. Нарядды баштоонун алдындагы түнү кароолго дайындалган аскер кызматчылары эч кандай кызмат аткарбоого жана сабактар менен жумуштарга тартылбоого тийиш. Түнкү окууга катышкан аскер кызматчылары күндүзү эс алат.
37. Бөлүкчөлөр жайгашкан райондо милдеттерди аткарган кароолдор жана аскердик наряддар ротанын командирине, анын орун басарларына жана дайындалган жериндеги кароол боюнча кезметчиге баш иет.
Коомдук тартипти коргоо боюнча аскердик наряддар кайгуул тобунун башчысына жана аскердик наряддын кезметчисине баш иет. Бөлүк (бөлүкчө) жайгашкан райондон тышкары милдеттерди аткарган Ички аскерлердин кароолдору жана издөө топтору өзүнүн бөлүгүнүн командирине, ошондой эле кызматтык-күжүрмөн милдеттерди аткарып жаткан райондо жайгашкан Ички аскерлердин аскер бөлүгүнүн командирине баш иет. Кароолдор (аскердик наряд) бөлүштүрүүчү (күжүрмөн кезметке, кызматка буйрук берген) адамды тосуп алуу үчүн бөлүштүрүү учурунда "Түз тур" деген команда берилген учурдан тартып бөлүкчөгө (бөлүккө) кайтып келгенге жана кароол (аскердик наряд) башчысы милдеттерди аткаргандыгы жөнүндө билдирме бергенге чейин көрсөтүлгөн адамдарга баш иет.
38. Эгерде күжүрмөн кезмет (кызмат) өтөөнүн жүрүшүндө аскер кызматчыга андан ары милдеттерин аткарууну улантууга жол берилбесе, анда ал бөлүкчөнүн командиринин (бөлүк, кароол, аскердик наряд боюнча кезметчи) тескемеси менен ал бөлүкчөгө куралсыз жана ок-дарысыз анын ордуна башка аскер кызматчысы чыгуу үчүн жиберилет. Аны кароолдун башчысынын жардамчысы (бөлүштүрүүчү) же бул максат үчүн бөлүкчөдөн чакырылган адам коштоп жүрөт.
Бөлүкчө аракет жүргүзгөн райондун чегинен тышкары күжүрмөн кезмет (кызмат) өтөө учурунда четтетилген адам, эгерде зарыл болсо, Ички аскерлердин жакынкы бөлүгүнө куралсыз жана ок-дарысыз жиберилет, бул үчүн ошол бөлүктөн өкүл чакырылат. Жолдо жүрүү учурунда кароолдун өздүк курамынын бир бөлүгүн же кароолдун бардыгын тез арада алмаштырууну талап кылган кырдаалдар түзүлгөн кезде, бул жөнүндө чечимди Ички аскерлердин кол башчысы кабыл алат.
39. Бөлүк жайгашкан пунктта кароолдорду же болбосо ири же бир нече объекттерди кайтарган кароолдорду түздөн-түз башкаруу үчүн бөлүктүн командиринин чечими менен кароолдор боюнча кезметчи дайындалат.
40. Бөлүк жайгашкан пунктта кароол боюнча кезметчи ротанын командиринен төмөн эмес кызмат орундагы офицерлердин арасынан бир суткага дайындалат. Ал кароол кызматынын туура аткарылышына жооп берет жана бөлүктүн командирине баш иет.
Ал төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бөлүк жайгашкан пунктта жана анын жанындагы жердеги кайтарылуучу объекттердин жайгашуусун, аларга баруучу жолдорду жана күзөт планына ылайык күжүрмөн кезмет (кызмат) уюштуруу тартибин жана кароолдор менен байланыш тартибин билүүгө;
- кезметке чыгаар алдында бөлүктүн штабынан объекттерди кайтаруу боюнча келерки сутка ичинде аткарыла турган милдеттердин көлөмү, кароолдорду жөнөтүү убактысы жана аларга бөлүнгөн транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле аны кароол боюнча кезметке дайындоо тууралуу жазма буйрукту алууга;
- объекттерди кайтаруу үчүн дайындалган өзүнө баш ийген кароолдорду бөлүштүрүүгө;
- кароолдордун күжүрмөн кезмет (кызмат) өтөгөн жерлерине өз убагында кетүүсүн камсыз кылууга, өздүк курамды ташуу үчүн бөлүнгөн транспорт каражаттарынын атайын жабдылышынын оңдугун, автомобилдердин улуктарынын жана айдоочулардын өз милдеттерин жана баруучу жолдорду билүүсүн текшерүүгө;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн кайда жана канча убакытка кетип жаткандыгы жөнүндө штабдын башчысына (бөлүк боюнча кезметчиге маалымдоого) билдирүүгө;
- бөлүктүн командири тарабынан көрсөтүлгөн убакытта кароолдордун, анын ичинде башка бөлүктөрдөн келгендердин кызмат өтөшүн текшерүүгө;
- кароолдо болгон бардык окуялар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө бөлүкчөнүн командирине тезинен билдирүүгө жана кароол дайындалган бөлүкчөнүн командирине кабарлоого, окуя болгон жерге жеке өзү барууга; зарыл болгон учурда бөлүктүн командиринин уруксаты менен (бөлүк боюнча кезметчи аркылуу) кезметтеги бөлүкчөнү же анын бир бөлүгүн, ал эми өрт чыккан учурда кошумча өрт өчүрүүчү команданы чакырууга;
- бөлүктүн командирин жана анын түздөн-түз башчыларын кароол кызмат өтөгөн жерлерге келген учурда тосууга жана аларга билдирме берүүгө, мисалы: "Жолдош полковник, кароолдо кызмат өтөө учурумда эч кандай окуя болгон жок (же болбосо тигил же бул окуя болду). Кароол боюнча кезметчи капитан Султанов".
Эгерде кароол боюнча кезметчи капыстан ооруп калса, ал бул тууралуу бөлүктүн командирине билдирет жана андан кийин анын көрсөтмөсү боюнча аракеттенет. Бөлүштүрүү аяктагандан кийин жаңы кароолдор боюнча жаңы кезметчи эски кезметчиден тизмеде көрсөтүлгөн документтерди кабыл алат. Кароол башчыларынын жүргүзүлгөн алмашуулары тууралуу билдирмелеринен кийин кароол боюнча кезметчилер бөлүктүн командирине кезметти тапшыруу жана кабыл алуу жөнүндө билдирме берет, мисалы: "Жолдош полковник, капитан Султанов кароол боюнча кезметти тапшырды"; "Жолдош полковник, капитан Орозов кароол боюнча кезметти кабыл алды". Андан кийин жаңы кезметчи, кезметти кабыл алуу учурунда аныкталган бардык кемчиликтер жөнүндө, ал эми эски кезметчи кароолдордун кызмат өтөөсү, аныкталган кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирме берет. Билдирме бергенден кийин жаңы кезметчи, кезметти кабыл алуу жана тапшыруу жөнүндө жазуу китебин бөлүктүн командиринин кароого берет. Зарыл болгон учурда кароол боюнча кезметчи бөлүктүн командиринин көрсөтмөсү боюнча бөлүштүрүү аяктагандан кийин кыйла оор кырдаалда милдетти аткарып жаткан кароолдордун бири менен кароолдун башчысына күжүрмөн кезметти (кызматты) уюштурууга жардам берүү үчүн чогуу чыгып кете алат.
41. Өзүнчө жайгашкан бөлүкчөдө кароол боюнча кезметчи бөлүкчөнүн офицерлеринен же прапорщиктеринен арасынан дайындалышы мүмкүн. Ал бөлүмчөнүн командирине баш иет жана нускамага ылайык милдеттерин аткарат.
42. Кароолдун башчысы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставында көрсөтүлгөн милдеттерден тышкары өткөрүү режимине, коюлган милдеттердин так жана өз убагында аткарылышына, кароолдун өздүк курамынын күжүрмөн даярдыгына, алар тараптан кызматты туура аткаруусуна, аскердик тартиптин абалына, мыйзамдардын жана коопсуздук эрежелерин сакталышына, курал-жарактын, ок-дарылардын, атайын каражаттардын, техникалардын, инженердик-техникалык, материалдык жана өрт өчүрүүчү каражаттардын, кароол жана тозоттор менен байланыш каражаттарынын жана тизмеде көрсөтүлгөн башка буюмдардын сакталышына, ошондой эле алардын туура пайдаланышына жооп берет.
43. Кароолдун башчысы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички, гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставдарынын талаптарына ылайык кароолдун куралдануусунда турган курал-жарактарды, атайын каражаттарды өзү же кароолдун курамы менен колдонууга укуктуу.
44. Кароолдун башчысы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставында көрсөтүлгөн милдеттерден тышкары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- контролдоо-өткөрүү пункттарында өткөрүү режиминин аткарылышын катуу көзөмөлдөө, түртүп жана казып кирүү үчүн кыйла кооптуу жерлерди билүүгө, ал жерлерди жаап турган кайтаруучу инженердик-техникалык каражаттардын абалын текшерүүгө, аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүүгө;
- кырдаал жана кызмат өтөөнүн жыйынтыктары тууралуу бөлүкчөнүн командирине (кароол боюнча кезметчиге), ал эми ал жок болгон учурда бул жөнүндө кезметчи офицерге (прапорщикке) же рота боюнча кезметчиге кеминде 2 саат сайын, ал эми окуя болгон учурда - дароо билдирүүгө;
- өз ара аракеттенген кароолдор жана аскердик наряддар менен байланышта болууга, зарыл болгон учурда аларга күзөт планына ылайык жардам көрсөтүүгө;
- өздүк курам менен тарбия иштерин коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарууга багыттоого;
- кайтарылуучу объектте окуя болгон учурда (кырдаал тез курчуп кеткенде) нускамага ылайык, ошондой эле конкреттүү кырдаалга жараша аракет көрүүгө;
- кароолдун өздүк курамы тарабынан курал колдонуу тартибин жана коопсуздук чараларын бекем сактоосуна, алардын ден соолугунун абалына, өз убагында тамактануусун жана ичүүчү суу менен камсыз болуусун көзөмөлгө алууга;
- кароолдун нөөмөтү аяктагандан кийин куралдардын, ок-дарылардын толуктугун текшерүүгө жана бөлүкчөгө келээри менен командирге билдирүүгө;
- сутка сайын (милдеттерин аткаруу аяктагандан кийин) жыйынтык чыгарууга жана кароолдун ар бир адамынын күжүрмөн кызматын баалоого.
45. Кароолдун курамындагы кимдир бирөө өзүнүн милдетин аткарбаган же мыйзамсыз аракеттерди жана (же) башка тартиптик жосундарды жасаган учурда кароолдун башчысы зарыл болгон чараларды көрөт, ал эми кийинкиге калтырууга мүмкүн болбогон учурларда мыйзамсыз аракеттерди жана (же) башка тартиптик жосундарды жасаган адамды андан ары күжүрмөн кезмет (кызмат) өтөөдөн четтетет жана бул тууралуу дароо бөлүкчөнүн командирине (бөлүктүн командирине, кароол боюнча кезметчиге) билдирет. Укук бузууларды жана (же) тартиптик жосундарды териштирүү бөлүкчөдө жүргүзүлөт.
46. Кароолдун башчысы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставында каралган учурларда кароолду "куралга" чакырат.
Кароолду "куралга" чакыруу үчүн кароолдун башчысы "Кароол - Куралга" деген команда берет. Бул команда боюнча кароолдун өздүк курамы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставында көрсөтүлгөндөй аракеттенет.
47. Капыстан кароолдун башчысы өзү ооруп калган учурда бул тууралуу ал бөлүкчөнүн командирине (бөлүктүн командирине, кароол боюнча кезметчиге) билдирет жана андан ары анын көрсөтмөсү боюнча аракеттенет.
Бөлүштүрүүчүлөрдүн бири капыстан ооруп калган учурда кароолдун башчысы анын милдеттерин өзүнүн жардамчысына жүктөйт же аларды жеке өзү аткарат жана бул тууралуу бөлүкчөнүн командирине (бөлүктүн командирине, кароол боюнча кезметчиге) билдирет.
48. Кароолдун башчысы кароолдук жайга өзү баш ийген (ушул Уставдын 37-п.) жана алар коштоп жүргөн адамдарды, ошондой эле кароол дайындалган взводдордун командирлерин, ротанын старшинасынын жана рота командиринин бардык түздөн-түз башчыларын, эгер аларды өңүнөн тааныса гана кароолдук жайга киргизет. Бул адамдардын кароолдук жайга келгендиги тууралуу кароолдун башчысы бөлүкчөнүн командирине же анын орун басарына билдирет. Башка адамдарды кароолдун башчысы алардын эмне максат менен келгендигин билип, өздүгүн тастыктаган документи боюнча ким экенин аныктап жана кароолду текшерүүгө укук берген күбөлүгүн текшергенден кийин гана кароолдук жайга киргизет.
Кароолдун башчысы кароолго келгендерди кароолдук жайга киргенге чейин тосуп алат. Кароолдун башчысы туура эмес таризделген документ менен келгендерди кармап жана бул тууралуу бөлүкчөнүн (бөлүктүн) командирине же аймактык ички иштер органдарына тезинен билдирет жана андан ары алардын көрсөтмөсү боюнча иш жүргүзөт. Кароолдун башчысы кароолду текшерүү үчүн келген адамдардан тышкары кароолдук жайга ар бир кирген учур тууралуу тозоттук ведомостко жазып турат.
49. Кароолдук жайга кароолдун башчысы баш ийген адамдар, алардын түздөн-түз башчылары, жогорку турган башчылар, ошондой эле кароол кызматын текшерүүчүлөр келгенде кароолдун башчысы аларга баяндама берет, мисалы: "Жолдош полковник, кызмат өтөө учурунда кароолдо эч кандай окуя болгон жок (же болбосо тигил же бул окуя болду). Кароолдун башчысы лейтенант Орозов". Кароолдун башчысы кароолдук жайдын ичинде баяндама берип жатканда кароолдун уктабай сергек турган нөөмөтү куралын албастан, катарга тизилбестен, ал үчүн өзгөчө буйрукту күтпөстөн "түз тур" абалында турушат.
Кароолдун башчысы менен бирдей даражадагы же аскердик наамы боюнча андан улуу башка адамдар кароолдук жайга келген учурда кароолдун башчысы ага басып келет да өзүн тааныштырат, мисалы: "Жолдош лейтенант, кароолдун башчысы прапорщик Жумаев".
50. Кароолдун башчысына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- өзүнүн милдеттерин аткарууга байланыштуу учурлардан тышкары, кароолдук жайды таштап кетүүгө; кароолдук жайдан чыгып кетүүдө өзүнүн ордуна жардамчысын (бөлүштүрүүчүнү) же бир кароол сакчысынын бирин дайындап кетет;
- техникалык байланыш каражаттары аркылуу жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө же кароолдун башка адамдарына ага уруксат берүүгө;
- кароол баш ийген адамдардын уруксатысыз кароолдун курамынан кимди болбосун бошотууга;
- объекттин көзөтүн күчөтүү учурлардан тышкары, тозоттук ведомостто каралган өздүк курамдын тозотторго жайгашуусун жана кароолдо турган адамдардын кызмат өтөө графигин өзгөртүүгө;
- кароолду камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн транспорт каражаттарын башка максаттарда пайдаланууга;
- бөлүкчөнүн командиринин уруксатысыз инженердик-техникалык күзөт каражаттарын өчүрүп салууга.
51. Кароолдун башчысынын жардамчысы кароолдун башчысына баш иет.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставында көрсөтүлгөн милдеттенмелерден тышкары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кароолдо бөлүштүрүүчү жок болгон учурда нөөмөттү алмаштырууга жана тозотторго сакчыларды коюуга;
- кароол үчүн азык-түлүктү, тозоттук кийимди жана башка мүлктөрдү алууга, аларды эсепке алууга жана кароолдун башчысынын көрсөтмөсү боюнча аларды өздүк курамга берүүгө;
- кароолдун башчысы катуу ооруган (оор жаракат алган) же каза болгон учурда анын милдеттерин аткарууга киришүүгө жана бул тууралуу бөлүкчөнүн командирине (аскер бөлүктүн командирине, кароол боюнча кезметчиге) билдирүүгө.
52. Кароолдун башчысынын кызматтык иттер боюнча жардамчысы кызматтык иттердин (кайгуул-издөө иттерин машыктыруучулардан) нускоочуларынан дайындалат, ал кароолдун башчысына баш иет жана бузуучулардын издерин өз учурунда табууга, качып кеткен бузуучулардын издери менен иттерди натыйжалуу колдонууга, ошондой эле кароолдун курамына кирген кызматтык иттерди колдонуу боюнча адистери тарабынан милдеттерин толук жана так аткаруулары үчүн жооп берет.
Кароолдун башчысынын кызматтык иттер боюнча жардамчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кароолдун тапшырмасын, кароолдун курамына кирген кызматтык иттер боюнча бардык адистерин милдеттерин, кайтарылуучу объекттин жана анын жанындагы аймактын аялуу жерлерин билүүгө;
- издерди жашыруу үчүн пайдаланылуучу амалдарды, аларды аныктоо ыкмаларын, кароолдогу кызматтык иттерди колдонуу боюнча тактикалык ыкмаларды жана аракеттерди билүүгө;
- кызматтык иттер менен график боюнча суткасына 4 жолудан кем эмес (анын ичинде түнкүсүн 2 жолу) тышкы тыюу салынган зонадагы контролдоо-из түшүүчү тилкенин жана объектке жанаша 10-15 метр тилке жеринин абалдарын текшерүүгө. Текшерүүнү белгиленген багыт боюнча кайгуул жолу менен жүргүзүү керек;
- контролдоо-өткөрүү пункттарында кайгуул-издөө иттери менен кызматта турган машыктыруучулардын өз милдеттерин аткаруусун текшерүүгө, аларга бекитилип берилген иттерди колдонуу менен транспорт каражаттарын текшерип кароодо жардам көрсөтүүгө, ал эми кароолдун курамында машыктыруучулар жок болгон учурларда алардын милдеттерин аткарууга;
- кароолдук иттердин тозоттогу жайгашуусун, ал жактагы кызмат өтөөнүн шарттарын, ар бир иттин жүрүм-турумунун өзгөчөлүгүн билүүгө жана аларды тозотторго жайгаштырууда жетекчилик кылууга;
- график боюнча жана кароолдун башчысынын буйругу менен кароолдук иттердин жүрүм-турумун жана тозоттордун абалын текшерүүгө; күжүрмөн кызматтагы иттердин активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларды көрүүгө жана тозоттордогу бузулуп калган жабдыктарды оңдоого (моюнчак же чынжырдын үзүлүп калышы, иттердин ар нерсеге оролуп калышы ж.б.у.с.);
- тозотко турууга бараткан сакчыга ал туруучу тозоттун чегине коюлган кароолдук иттин жүрүм-турумунун өзгөчөлүгү тууралуу эскертүүгө (тозотко жакындап келе жаткан бузуучуларга карата иттердин таасирленүү ыкмасын, ар түрдүү үндөргө, бөтөн адамдар тарабынан тамактандырууга болгон мамилеси ж.б.у.с.);
- эреже бузуучунун изи табылганда кароолдун башчысынын буйругу менен (күжүрмөн эсеп боюнча) эреже бузганды издөө үчүн кароолдун резервдик тобун жетектөөгө, укук бузуучунун изи боюнча издөөгө жана аны кармоо үчүн издөөчү (кайгуул-издөөчү) иттерди пайдаланууга;
- кызматтык иттерди кармоонун жана багуунун бардык эрежелерин аткарууга.
53. Кароолдун башчысынын жардамчысы - контролдоо-өткөрүү пунктунун башчысы прапорщиктердин жана сержанттардын арасынан дайындалат, кароолдун башчысына баш иет жана адамдардын, транспорттун жана жүктөрдүн контролдоо-өткөрүү пункту аркылуу өткөрүү тартибинин бекем сакталышына, ошондой эле кароолдун курамынан бөлүнгөн текшерип кароо тобунун өздүк курамы жана контролдоо-өткөрүү пунктундагы сакчылары тарабынан милдеттерин толук жана так аткаруусуна жооп берет.
Кароолдун башчысынын жардамчысы - контролдоо-өткөрүү пунктунун башчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кароолдун тапшырмасын, контролдоо-өткөрүү пунктунун бардык сакчыларынын жана текшерип кароо тобунун өздүк курамынын милдеттерин, адамдарды, транспортту жана жүктөрдү контролдоо-өткөрүү пункту аркылуу өткөрүүнүн тартибин билүүгө;
- кароол алмашууда кызматтык документтерди, жабдыктарды, шаймандарды жана контролдоо аянтчасындагы мүлктөрдү кабыл алууга жана бул тууралуу тозоттук ведомостко жазууга;
- кароолдун башчысынын буйругу боюнча контролдоо-өткөрүү пунктунун сакчыларын алмаштырууга;
- контролдоо-өткөрүү пунктунун сакчыларынын кызмат өтөөсүн жеке өзү уюштурууга жана текшерип кароо тобун жетектөөгө;
- документсиз чыгууга (кирүүгө) аракет кылган адамдарды кармоого, контролдоо аянтынан тыюу салынган буюмдарды ташып чыгарууга (ташып киргизүүгө) аракет кылган транспортту жана мыйзамсыз алынган материалдык баалуулуктарды кайтарууга;
- контролдоо-өткөрүү пункттарындагы сакчылардын кызмат өтөөсүн текшерүүчү адамдарды кароолдун башчысынын буйругу боюнча коштоп жүрүүгө.
54. Бөлүштүрүүчү ага баш ийген сакчылардын туура жана кыраакы кызмат өтөөлөрү үчүн, аларды тозотторго өз убагында коюу жана алмаштыруу үчүн, сакчылардын тозотторду туура өткөрүүсү жана кабыл алуусу үчүн жооп берет. Ал кароолдун башчысына жана анын жардамчысына баш ийет жана алардын гана буйруктарын аткарат.
55. Бөлүштүрүүчү кайтарууга алган объектке, сакчыга, алмашууга бараткан сакчылар тозотко баратканда же кароол жайына кайтып келе жатканда кол салуунун мизин кайтаруу үчүн өзү же алмашууга бараткан сакчылардын курамы менен курал колдонууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставында көрсөтүлгөн милдеттерден тышкары, сакчыларды тозотторго коюп жатканда кайтарууда турган объектти тозоттук табель аркылуу кабыл алууга жана кароолдун башчысына билдирүүгө жана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- эски кароолдун бөлүштүрүүчүсү менен бирге сырттан кароо жолу менен кайтаруудагы объекттин абалын, кайтаруучу инженердик-техникалык каражаттардын, коопсуздук жабдууларынын, жарыктандыруусун жана окоптордун ишке жарамдуулугун текшерүүгө;
- алмаштырылып жаткан сакчыдан тозотто турган учурда байкаган бардык нерсе жөнүндө сурап алууга.
Тозотту кабыл алууда (өткөрүүдө) кандайдыр бир кемчиликтер аныкталган, ошондой эле кароолдун башчысы жана анын жардамчысы катуу ооруган (оор жаракат алган) же каза болгон учурда бөлүштүрүүчү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын уставынын талаптарына ылайык чара көрөт.
56. Сакчынын жалпы милдеттери Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын уставында көрсөтүлгөн.
57. Сакчы-оператор кайтаруучу техникалык коопсуздук каражаттарынын белгиленген иштөө режимин камсыздап турууга жана ыйгарылып берилген тилкеде объекттин ишенимдүү кайтарылуусун камсыз кылуу үчүн жооп берет. Ал кароолдун башчысына жана анын жардамчысына баш иет.
Сакчы-оператор төмөнкүлөргө милдеттүү:
- техникалык күзөт каражаттарынын белгиленген иштөө режимин камсыздап турууга;
- шаймандардын көрсөткүчтөрү боюнча техникалык күзөт каражаттарынын иштөөсүн контролдоого;
- байкагыч каражаттардан түшкөн сигналдар, техникалык күзөт каражаттарынын жана электр жабдууларынын бузулгандыгы тууралуу кароолдун башчысына тезинен кабарлоого;
- кароолдун башчысынын жана анын жардамчысынын буйругу боюнча белгиленген тартипте күзөттүк жарык берүүчү шаймандарды күйгүзүүгө жана өчүрүүгө;
- байкагыч каражаттардын кээ бир участокторун кароолдун башчысынын буйругу боюнча гана "контролдоо" режимине которууга;
- тыюу салынган чектерди жана объекттин аймагын тозоттун табелинде көрсөтүлгөн тармактарды көзөмөлдөөгө; кароол башчысына бардык билинген эреже бузуулар тууралуу тезинен баяндоого;
- электр коопсуздук чараларын сактоого;
- аппараттык журнал жүргүзүүгө.
58. Контролдоо-өткөрүү пунктунун сакчысы белгиленген өткөрүү режиминин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. Ал кароолдун башчысына, анын жардамчысына жана кароолдун башчынын жардамчысы - контролдоо-өткөрүү пунктунун башчысына баш иет.
Контролдоо-өткөрүү пунктунун сакчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- контролдоо-өткөрүү пункту аркылуу адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү тартибин жакшы билүүгө жана так сактоого;
- адамдар объектке кирүү (чыгуу) жана контролдоо-өткөрүү пункту аркылуу объектке ар кандай буюмдарды мыйзамсыз киргизүү (чыгаруу) үчүн колдонуучу амалдарды билгичтик менен байкоого;
- кайтарылуучу объектке адамдардын, транспорт каражаттарынын, өрт өчүрүүчү жана авариялык командалардын кирүүсүнө (чыгуусуна) белгиленген үлгүдөгү өткөрмө жана инсандыгын күбөлөндүргөн документтер боюнча уруксат берүүгө;
- кайтарылуучу объектке тийиштүү документтери жок же туура эмес таризделген документтер боюнча кирүүгө жана чыгууга, ошондой эле ар кандай буюмдарды мыйзамсыз алып кирүүгө (алып чыгууга) аракет кылган бардык адамдарды кармоого;
- контролдоо-өткөрүү пункту аркылуу өтүүчү транспорт каражаттарын жана жүктөрдү кылдаттык менен текшерип кароого, мында тийиштүү документтери жок аныкталган буюмдарды алып коюуга, ал эми качып жүргөн эреже бузуучуларды кармоого, бул тууралуу кароолдун башчысынын жардамчы - контролдоо-өткөрүү пунктунун башчысына, ал эми ал жокто - кароолдун башчысына дароо билдирүүгө;
- адамдар өтүүчү далистин эшигин, транспорт өтүүчү дарбазаны жана тосмону адамдарды (транспорт каражатын) өткөрүү учурунда гана ачууга;
- кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда жарандарга жогорку маданияттуулукту жана сылык мамиле көрсөтүүгө.
59. Башка тозоттордун сакчыларынын өзгөчө милдеттери ар бир объектти кайтаруунун жана коргоонун шарттарына жараша тозоттордун табелинде көрсөтүлөт.
60. Кайгуул-издегич иттердин машыктыруучусу кызматтык иттин жардамы менен контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу транспорт каражаттары жана ташып чыгарылуучу жүктөр менен эреже бузуучунун өтүп кетүүсүнө жол бербөөгө жооптуу. Ал кароолдун башчысына жана анын жардамчыларына баш иет.
Кайгуул-издегич иттердин машыктыруучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- эреже бузуучулар тарабынан транспорт каражаттарын пайдалануу менен контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу өтүү үчүн колдонуучу амалдарды, адамдын өзүнүн жеке жытын жашыруучу ыкмаларды жана ал жыттарды аныктоо методдорун билүүгө;
- транспорт каражаттарын жеке кароого жана аларды текшерип кароо жана жүктөрдү тинтүү үчүн кызматтык иттерди колдонууга;
- кайгуул-издегич ит менен тыюу салынган зонада контролдоо-из түшүүчү тилкенин абалын график боюнча текшерүүгө; эреже бузуучунун изи табылганда тезинен кароолдун башчысына билдирип, тыюу салынган зонага жакын жолдорго байкоо жүргүзүүнү күчөтүүгө жана байкалган издерди сактоо чарасын көрүүгө;
- кызматтык иттерди кармоонун жана багуунун бардык эрежелерин аткарууга.
61. Транспорт каражатынын айдоочусу транспорт каражатын кароолго (аскердик нарядга) жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн дароо пайдаланууга ар дайым даяр болушуна жооптуу жана күзөт планына ылайык кароолдун (аскердик наряддын) курамында кызмат өтөйт. Ал кароолдун (аскердик наряддын) башчысына жана анын жардамчысына баш иет.
Транспорт каражатынын айдоочусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- транспорт каражатын жана анын жабдууларын оң абалда жана ар дайым колдонууга даяр кармап турууга;
- каттамдардын багытын, алардын өзгөчөлүктөрүн билүүгө, жол кыймылынын эрежелерин бекем сактоого;
- күжүрмөн кезметтин (кызматтын) өзгөчөлүгүнө жараша кароолдун (аскердик наряддын) башчысынын же анын жардамчысынын буйругу боюнча кароолдун (аскердик наряддын) өздүк курамын, күжүрмөн кезметти (кызматты) текшерүүчү адамдарды жана башка адамдарды көрсөтүлгөн каттамдар менен ташууга;
- кароолдун (аскердик наряддын) башчысынын, улук башчынын командасы боюнча транспорт каражатын дароо токтотууга;
- кароолдун (тозоттордун табелине ылайык) башчысынын буйругу боюнча сакчынын милдеттерин аткарууга;
- транспорт каражатын кароосуз калтырбоого, кабинадан чыкканда аны өчүрүп, ачкычты өзү менен кошо алып жүрүүгө;
- өзүнө бекитилген куралдын жана ок-дарылардын сактыгын камсыздоого, аларды транспорт каражатында калтырбоого.
Айдоочуга транспорт каражатын башкарууну башка адамга, анын ичинде өзү баш ийген адамдарга өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
62. Радиотелефонист кароолдун (аскердик наряддын) ичинде бөлүкчө, өз ара аракеттенген кароолдор (аскердик наряддар) менен үзгүлтүксүз туруктуу радиобайланышын кармоого жооптуу жана күзөт планына ылайык кызмат өтөйт. Ал кароол (аскердик наряддын) башчысына жана анын жардамчысына баш иет.
Радиотелефонист төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кароолго (аскердик нарядга) кетердин алдында радиостанцияны кабыл алууга жана текшерүүгө, бөлүкчөнүн командиринен (байланыштын башчысынан) радио маалыматтарды алууга;
- өзүнүн тармагындагы (багытындагы) радиостанциялардын жана командирдин радиостанциясынын чакыруу белгилерин билүүгө;
- аскерлерди жашыруун башкаруунун эрежелерин, радиостанцияда иштөөнүн тартибин бекем сактоого, билдирүүлөрдү (буйруктарды) жана сигналдарды тез өткөрүп берүүгө жана кабыл алууга; алынган буйруктар (сигналдар) тууралуу тезинен кароолдун (аскердик наряддын) башчысына билдирүүгө;
- радиостанцияны аяр колдонууга жана аны оң абалда кармоого; радиостанция бузулганда кароолдун (аскердик наряддын) башчысына дароо билдирүүгө жана аны оңдоо боюнча чараларды көрүүгө;
- радиостанцияларды эсепке алууга жана батареяны туура кубаттоого;
- бөлүкчөгө келгенде радиостанцияны жана радио маалыматтарды белгиленген тартипте тийиштүү кызмат адамдарына тапшырууга.
Радиотелефонистке кароолдун (аскердик наряддын) башчысынын уруксатысыз радиостанцияны таштап кетүүгө, белгиленбеген чакыруу белгилерин жана коддук белгилерди пайдаланууга, радиостанцияны радиомаалыматтарда каралбаган жыштыктарга которууга тыюу салынат.
63. Кароолдорду, аскердик наряддарды бөлүштүрүү жана алмаштыруу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын уставынын талаптарына ылайык төмөнкү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.
64. Бөлүктүн кароолдорун жана аскердик наряддарын бөлүштүрүү 40 мүнөттөн, бөлүкчөлөрдү - 20 мүнөттөн ашпашы керек.
Бөлүштүрүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- өзүнчө жайгашкан бөлүкчөдө объекттерди кайтаруу боюнча кароолдор, убактылуу кароолдор жана аскердик наряддар - ротанын командири же анын орун басарлары тарабынан, ал эми бөлүктүн (батальондун) штабынын алдында бөлүкчөнү жайгаштырууда - аскер бөлүгү боюнча кезметчи же кароолдор боюнча кезметчи тарабынан;
- коомдук тартипти сактоо боюнча аскердик наряддар - бөлүктүн командири же анын орун басары тарабынан.
Эгерде кароолдор, аскердик наряддар күтүүсүздөн чыккан милдеттерди аткаруу үчүн же түнкү убакта жиберилсе, анда аларды бөлүштүрүү жүргүзүлбөстөн, даярдыгы текшерилет жана буйрук берилет. Бөлүштүрүүгө чейин кароолдордун жана аскердик наряддардын башчыларына кызматтык документтер берилет.
65. Бөлүштүрүүгө кароолдордун, аскердик наряддардын, оркестрдин (добулбасчылардын) өздүк курамы толугу менен чыгарылат, алар бөлүштүрүү жерине анын башталышына 10 мүнөт мурун келишет. Өзүнчө жайгашкан бөлүкчөлөрдө бөлүштүрүүгө суткалык наряд дагы чыгарылат. Бөлүштүрүү тийиштүү үн жазуусу менен коштолушу мүмкүн.
Кароолдорду жана аскердик наряддарды бөлүштүрүүгө кароолдордун кезметчиси же аскердик наамы (кызматы) боюнча жогору турган кароолдун башчысы төмөнкү иретте тизет: объекттерди кайтаруу боюнча кароолдор, аскердик наряддар, суткалык наряд жана башка наряддар. Транспорт каражаттары жана кызматтык иттер алар үчүн бөлүнгөн жерлерде жайгаштырылат.
66. Кароолдорду жана аскердик наряддарды бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын уставынын талаптарына ылайык төмөнкү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.
Бөлүштүрүүнү жүргүзгөн офицер текшерүү аяктагандан кийин төмөнкүдөй команда берет: "Кароол, түздөн", "Түз тур", "Кароолдун башчылары, мага келгиле". Кароолдун башчылары саптык кадам менен бөлүштүрүүнү жүргүзгөн офицерге келип, андан эки-үч кадам алыстыкта бир катарга (аралыгы бир кадам менен) туруп, келгени тууралуу билдиришет, мисалы: "Объектти кайтаруу боюнча кароолдун башчысы сержант Кадыров". Бөлүштүрүүнү жүргүзгөн офицер ар бир кароолдун башчысына алардын кызматынын өзгөчөлүгү тууралуу эскертип, сыр сөздөр жазылган баракчаларды тапшырып "Кароолдун башчылары, сапка тургула" деген команда берет. Бөлүштүрүү аяктагандан кийин ротанын командири же офицерлер анын тапшырмасы боюнча кароолдордун, аскердик наряддардын күжүрмөн кезмет (кызмат) аткара турган жерлерге өз убагында келишин камсыз кылууга, кароолдордун (аскердик наряддардын) туура алмашуусун, байланыш каражаттарынын жана транспорт каражаттарынын абалын, коопсуздук чараларын сактоого жана кароолдордун (аскердик наряддардын) башчыларына коюлган милдетти аткарууну уюштурууда жардам көрсөтүүгө милдеттүү. Эгерде бөлүштүрүү жүргүзүлгөн жерден кароол жайына чейинки аралык 5 километрден ашык болсо, бөлүктүн (бөлүкчөнүн) командиринин буйругу менен кароолго транспорт каражаттары берилет.
67. Кароолдорду алмаштыруу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын уставынын талаптарына ылайык ишке ашырылат.
Өзүнчө жайгашкан бөлүкчөлөрдө кароолдордун алмашуусун бөлүкчөнүн командири же офицерлеринин бири контролдойт.
68. Жарым суткалык жана башка убактылуу тозоттордо күжүрмөн кезметти (кызматты) өтөгөн кароол сакчылары кайтаруу мөөнөтү аяктагандан кийин кароол алмашканга чейин кароолдук бөлмөдө калат жана резервдик топтун курамына киргизилет. Алардын эс алуу тартиби бөлүкчөнүн командири тарабынан белгиленет.
69. Сакчылардын алмашуусу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын уставынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
70. Байкоо мунарасында, кайтаруунун техникалык каражаттарынын башкаруу пультунда жана контролдоо-өткөрмө пунктунда сакчыларды алмаштыруу төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.
Байкоо мунарасында сакчылар алмашканда бөлүштүрүүчү алмаштыруучу сакчыларды тозоттун чегине алып келип, аны токтотот жана команда берет, мисалы: "Катардагы Курбанов, тозотту кабыл алууга кириш", андан кийин кароол кыймылын улантат. Эски кароолдун бөлүштүрүүчүсү жана тозотко туруучу кароол сакчы кыймылда тозоттун участогун жана кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарынын абалын карап чыгат. Байкоо мунарасына жеткенде жаңы кароолдун бөлүштүрүүчүсү нөөмөттү токтотот, байкоочуну дайындайт жана эски кароолдун бөлүштүрүүчүсү жана тозотко туруучу кароол сакчы менен бирге тозоттун калган участогун карап чыгууну улантат. Кароо аяктагандан кийин, эски жана жаңы кароолдун бөлүштүрүүчүлөрү жана тозотко туруучу кароол сакчы байкоо мунарасына чыгат. Эски кароолдун бөлүштүрүүчүсүнүн командасы боюнча тозотту сөз менен тапшыруу жүргүзүлөт. Тозотту сөз менен тапшыргандан кийин тозотко туруучу кароол сакчы байкоо мунарасынан объекттин ички тыюу салынган зонасын карап чыгат, мунаранын абалын (терезелерин, эшиктерин, кулпуларын), байланыш, билдирүү каражаттарынын, тозоттук кийимдин оң экендигин текшерет. Сакчы-операторду алмаштырууда тозотко туруучу кароол сакчы эски сакчы-оператордун катышуусунда тизме боюнча документтерди жана жабдууларды кабыл алат, анын оң экендигин жана аппаратура журналында туура жазылгандыгын текшерет; жайдан чыкпастан ага тапшырылган тозоттун чектериндеги тыюу салынган зонаны жана контролдоо-өткөрмө пунктунун чатырын карап чыгат. Тозотту тапшыруу жана кабыл алуу аяктагандан кийин сакчы жана кароол сакчы баяндама жасайт, мисалы: "Жолдош сержант, катардагы Батырбаев тозотту оң абалда тапшырды (кабыл алды)". Контролдоо-өткөрмө пунктунун сакчысын алмаштырууда жаңы кароолдун башчысынын жардамчысынын, мисалы: "Катардагы Каримов, артыман кадамдап-бас" деген командасы боюнча кароол сакчы кароолдун башчысынын жардамчылары менен бирге контролдоо-өткөрмө пунктунун сакчысынын жайына кирет. Тозотту кабыл алууда кароол сакчы контролдоо-өткөрүлмө пунктунун эшиктеринин, бекиткичтеринин, терезе торлорунун, дарбазаларынын, шлагбаумунун, байланыш жана жарык берүүчү каражаттарынын оң экендигин текшерет, тизме боюнча кызматтык документтерди жана инвентарды кабыл алат, ошондой эле объектке кирген адамдардын паспортторун жана уруксаттарын текшерет.
71. Кароолдук жай Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын уставына ылайык, ушул Уставда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жабдылат (1, 2, 3-тиркемелер).
Кароолдук жайдын алдында жылчыксыз тосмо менен тосулуучу аянтча тургузулат, ага табуу каражаттары орнотулат. Аянтчада кароол сакчыны тизүү, куралды октоо жана оксуздандыруу, тамеки чегүү, бут кийим тазалоо үчүн жерлер жабдылат, спорттук шаймандар орнотулат, ошондой эл өрткө каршы тозоттун инвентары жайгаштырылат. Аянтчага жана кароолдук жайга кирүүчү эшиктер карап туруучу терезелер, кулпулуу өзү жабылуучу түзүлүштөр, чакыруучу баскычтар менен жабдылат жана дайыма жабык турууга тийиш. Терезелер металл торлор менен тосулат жана түнкү убакта ичинен жапкыч менен бекитилет.
72. Ар бир кароол сакчы үчүн штаб тарабынан күн тартиби иштелип чыгат жана бөлүктүн командири тарабынан бекитилет, анда негизги иш-чараларды жүргүзүү убактысы жана анын узактыгы: объектте иштин башталышы жана аякташы, кароолду алмаштыруу, тамактануу ж.б.у.с. көрсөтүлөт.
Кароолдун курамынан эч ким кароолдук жайды жана анын алдындагы аянтчаны кароолдун башчысынын уруксатысыз таштап кетүүгө укугу жок. Кароол сакчыларды тамак ичүү үчүн бөлүкчөгө жиберүүгө же аны кароол сакчыга жеткирүүгө тыюу салынат. Кароолду таштап кетти деп эсептелген аймактын чеги кайтаруу схемасында белгиленет.
73. Кароолдук жайда тынчтык жана тартип сакталышы керек. Ырдоого жана музыкалык аспаптарда ойноого тыюу салынат. Белгиленген убакта радиоберүүнү угууга, окууга, жазууга, шахмат жана шашки ойноого уруксат берилет. Тамеки чегүүгө жана бут кийимди тазалоого бул үчүн атайын бөлүнгөн жерде гана уруксат берилет.
74. Автоматтар жана пулеметтор пирамидаларда дайыма оксуз, магазинсиз коюлат, мында курок түшүрүлгөн, которгучу - сактагычта. Кароолдук жайлардагы пирамидалар кулпу менен бекитилбейт. Алар кароол сакчынын башчысынын бөлмөсүнө, ал эми ал каралбаган жерлерде - кароол сакчынын курамы үчүн жалпы бөлмөдө коюлат жана үн-жарык сигнализациясы менен блоктолот. Пулеметтордун магазиндери кулпу менен бекитилген атайын ящиктерде сакталат, анын ачкычы кароол сакчынын башчысында болот.
Автоматтарга ок-дарылар салынган магазиндери менен баштыктар жана штык-бычактар менен бычактар курдагы кындан чечилбейт. Тапанча менен куралданган кароолдордун башчылары жана кароол сакчылар кароолдук жайда аларды чечпейт. Пирамидадан куралдар кароолдун башчысынын же анын жардамчысынын уруксаты менен гана алынат. Куралды тазалоо алардын жетекчилигинин алдында жана түздөн-түз байкоосунда жүргүзүлөт. Тазалоо үчүн куралды ажыратууга уруксат берилбейт.
75. Кароолдордун өздүк курамынын тапанчалары жана октору кызмат өтөө жайларындагы кароолдун башчысына тапшырылат. Кабыл алынган тапанчалар жана октор атайын жабдылган металл ящиктерде сакталат.
Кароолдун башчысынан тышкары, учакта күжүрмөн тапшырманы аткарып жаткан кароолдун өздүк курамынын тапанчалары учуу убагында экипаждын командирине жол жүрүү ведомостуна кол койдуруу менен тапшырылат. Кароолдун башчысы учуу аяктагандан кийин экипаждын командиринен тапанчаларды алганы тууралуу жол жүрүү ведомостуна кол коёт.
76. Кароолдун өздүк курамына кароолдук жайда баш кийимсиз, күрмөсүз жана кыска тонсуз, бирок жабдыктарын чечпестен жүрүүгө уруксат берилет.
77. Суткага дайындалган кароолдорго жабдыктарын чечпестен төмөнкүдөй тартипте жатып эс алууга (уктоого) уруксат берилет:
- кароолдун башчысына, анын жардамчыларына жана бөлүштүрүүчүлөргө - нускамада аныкталган убакытта 6 сааттан ашык эмес;
- кароол сакчыларга - 6 сааттан кем эмес: бир нөөмөттүн курамына (үч нөөмөт болгон учурда) тозотко турардын алдында, тозотту алмаштырган башка нөөмөт кароолдук жайга келгенден кийин жана кароол сакчыга күжүрмөн эсеп жүргүзүлгөндөн кийин; эки нөөмөт болгон учурда кароол сакчылардын нөөмөтүндө - кароолдук жайга келгенден тартып кайра тозотко жиберилгенге чейин;
- транспорт каражатынын айдоочусуна - кароолдун башчысынын уруксаты менен.
Эс алып жаткан өздүк курамга уктап жаткан убакта кителин (мундирин) жана бут кийимин чечүүгө уруксат берилет.
78. Кароолдук жайды жана контролдоо-өткөрмө пунктун түнкү убакта кайтаруу үч нөөмөттүк тозоттордун уктабаган нөөмөтүнүн кароол сакчыларынан же контролдоо-өткөрмө пункттарынын адамдарды өткөрүү боюнча өз милдеттерин аткаруудан бошотулган сакчыларынын ичинен сакчыны коюу менен ишке ашырылат.
Бөлүктүн командиринин чечими менен кароолдун турган жерине, анын курамына жана кырдаалга жараша кароолдук жайды кайтаруу үчүн өзүнчө тозот түзүлүшү мүмкүн.
79. Кароолдор (аскердик наряддар) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын уставына ылайык, ушул Уставда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен текшерилет.
Күжүрмөн кызматты контролдоо төмөнкүлөрдү текшерүү эсебинен уюштурулат:
- суткага дайындалган объекттерди кайтаруу боюнча бардык кароолдорду жана аскердик наряддарды эки жолудан кем эмес, анын ичинен бир жолу түнкү убакта;
- коомдук тартипти сактоо боюнча бардык аскердик наряддарды кызматты өтөө убагында бир жолудан кем эмес;
- бардык туруктуу издөө тозотторун жумасына эки жолудан кем эмес, калган издөө наряддарын - аскердик бөлүктүн командиринин чечими боюнча;
- башка кароолдорду жана аскердик наряддарды милдеттерди аткаруунун өзгөчөлүгүн жана кырдаалды эске алуу менен бөлүктөрдүн командирлеринин чечими боюнча.
Кароолдорду жана аскердик наряддарды текшерүү күтүүсүз мүнөздө болушу керек.
80. Кароолдорду, аскердик кезметтерди төмөнкүлөр текшерүүгө милдеттүү:
- кароолдор (аскердик наряддар) баш ийген адамдар (аларга баш ийген бөлүктөрдөн (бөлүкчөлөрдөн) дайындалган кароолдор, аскердик кезметтер), түздөн-түз башчылар жана бул адамдардын улук башчылары;
- взводдордун командирлери жана ротанын старшинасы - офицерлер жетектеген кароолдордон тышкары, өз ротасынан дайындалган кароолдор, (аскердик наряддар).
81. Кароолдорду, аскердик кезметтерди ошондой эле төмөнкү кызмат адамдары текшерет:
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин, анын орун басарларынын, Ички аскерлердин кол башчысынын жана анын орун басарларынын тапшырмасы боюнча адамдар;
- аскердик бөлүктүн командиринин тапшырмасы боюнча адамдар - ага баш ийген бөлүктөрдөн (бөлүкчөлөрдөн), ошондой эле Ички аскерлердин баш ийген бөлүктөр жайгашкан райондо милдеттерди аткарган башка бөлүктөрдөн дайындалган кароолдор (аскердик наряддар);
- инспекциялоо (текшерүү) жүргүзүүнү жетектөө үчүн келген адамдар жана алардын тапшырмасы боюнча инспектордук (текшерүүчү) топтун ичинен офицерлер - алар инспекциялоочу (текшерүүчү) аскер бөлүктөрүнүн кароолдору (аскердик наряддары).
Кароолдорду жана аскердик наряддарды текшерүү улук башчылар тарабынан бул кызматты жакшы билген адамдарга гана тапшырылат. Кароолдорду (аскердик наряддарды) текшерүүгө дайындалган адамдар нускоодон өтүүгө тийиш.
82. Кароолдордо, аскердик наряддарда алардын кызматтарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен төмөнкүлөр текшерилет:
- күжүрмөн кезметти (кызматты) өтөөнүн ушул Уставдын талаптарына жана кайтаруу планына ылайык келиши;
- күжүрмөн даярдыгы;
- өздүк курамдын толуктугу жана анын тозоттук (жол жүрүү) ведомостко жана тозоттордун табелине ылайык жайгаштырылышы;
- куралдын, ок-дарылардын толуктугу жана алардын туура сакталышы;
- кызмат өтөөнүн сапаты;
- кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарынын, байланыш каражаттарынын абалы, ошондой эле бул каражаттарды пайдаланууну билүүсү;
- өздүк курамдын тозоттук табель боюнча милдеттерди жана күжүрмөн эсеп боюнча аракеттерди билүүсү;
- ички тартип;
- тарбиялык иштин планынын (жеке тапшырмалардын) аткарылышы, көрүнө үгүттүн абалы, жаңы гезиттердин жана журналдардын болушу;
- өздүк курамдын жабдыктары, сырткы турпаты, жеке гигиена эрежелеринин сакталышы, тозоттук кийимдердин болушу жана оң абалда экендиги, эс алуунун жана тамактануунун уюштурулушу;
- өздүк курам тарабынан куралды пайдалануу тартибин жана күжүрмөн кезметтеги (кызматтагы) коопсуздук чараларын билиши жана сакталышы.
83. Кароолдун (аскердик наряддын) күжүрмөн кезметин (кызматын) текшерген офицер кайтарылуучу объекттеги кырдаалды, өздүк курам тарабынан милдетти аткаруунун шартын билүүгө, буйруктардын жана көрсөтмөлөрдүн талаптарынын толук аткарылышын аныктоого тийиш.
Кароолдун (аскердик наряддын) башчысынан, бөлүмдүн командиринен аныкталган кемчиликтерди жоюуну талап кылууга, зарыл болгон учурда аларга жардам берүүгө, ал эми объекттин администрациясынын жана улук башчылардын чечимдерин талап кылган маселелер боюнча команда боюнча баяндама жасоого тийиш.
84. Ушул Уставдын 80, 81-пункттарында көрсөтүлгөн адамдар кароолдун (аскердик наряддын) башчысына алар тапшырмасы боюнча текшерүү үчүн дайындалган башчынын колу коюлган, гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кароолдорду (аскердик наряддарды) текшерүү укугуна күбөлүктү көрсөтүүгө милдеттүү.
85. Кароолду (аскердик нарядды) текшерүүчү адамдарды тозоттор боюнча кароолдун (аскердик наряддын) башчысы же анын жардамчысы бир-эки куралданган кароол сакчылар менен коштойт.
Сакчылардын кызмат өтөөсүн текшергендер (сакчылар баш ийген адамдардан тышкары) аларга сын пикирлерди айтпайт, бардык байкалган кемчиликтер тууралуу аларды коштоп жүргөн адамдарга көрсөтмө берет. Текшерүүнүн жыйынтыгын жана өздөрүнүн көрсөтмөлөрүн текшерүүчүлөр тозоттук (жол жүрүү) ведомостуна жазат. Сакчынын кызмат өтөөсүн текшерүү учурунда кайтарылуучу объектке байкоо жүргүзүүнү күчөтүү үчүн кароолдун башчысы (башчынын жардамчысы) аны коштоп жүргөн кароол сакчыны тартат.
86. Тозотко жашыруун жакындап келүү, сакчынын куралын тартып алууга аракет жасоо жана күтүлбөгөн кырсыкка алып келиши мүмкүн болгон башка ыкмаларды колдонуу жолу менен сакчынын кызмат өтөөсүн текшерүүгө тыюу салынат.
87. Сакчылардын кызмат өтөөсүн текшерүү үчүн, ошондой эле тозотко чакыруу учурунда кароолдун башчысы же анын жардамчысы (бөлүштүрүүчү) тозотко октолгон куралы менен жана бир-эки куралдуу кароол сакчынын коштоосунда келет.
88. Жашыруун сөз пароль болот, ал кароолдун башчысы үчүн алмашууга келген кароол чын эле ушул максатта дайындалгандыгын күбөлөндүрүү каражаты болот.
Мындан тышкары пароль бөлүктүн (бөлүкчөнүн) командиринин буйругу менен келген адамдын чындап эле ага тиешелүү башчы тарабынан ыйгарым укук берилгенин күбөлөндүрүү каражаты катары кызмат кылат.
89. Пароль кайсы бир шаардын (калктуу конуштун) аталышы менен аталат жана ар бир күнгө (алмашылып): бөлүктү (батальонду) башкарууда жайгаштырылган бөлүмдөрдөн дайындалуучу кароолдор үчүн - бөлүктүн (батальондун) штабынын башчысы, ал эми өзүнчө жайгашкан бөлүмдөн дайындалуучу кароолдор үчүн - бөлүмдүн командири тарабынан белгиленет.
Ар бир кароол үчүн өзүнчө пароль белгиленет.
90. Паролдор 10 күндөн ашык эмес мурдатан белгиленет жана паролдордун китебине киргизилет, ал бөлүктүн (батальондун) штабынын башчысында, өзүнчө жайгашкан бөлүмдүн командиринде сейфте мөөр басылып жабылган папкада сакталат.
91. Эски жана жаңы паролдор жазылган кат белгиленген убакытта, бөлүштүрүү башталар алдында кароолдорду бөлүштүрүү үчүн дайындалган офицерге бөлүктүн (батальондун) штабынын башчысы, өзүнчө жайгашкан бөлүмдүн командири тарабынан паролдор китебине кол койдуруу менен тапшырылат.
Паролдор ушундай эле тартипте бөлүктүн (батальондун, өзүнчө жайгашкан бөлүмдүн) командири тарабынан кароолдун башчысына буйругу менен жөнөтүлүүчү адамга тапшырылат.
92. Паролду билген бардык адамдар аны бекем сыр сактоого милдеттүү. Суроо учурунда пароль аны үн чыгарып айтпастан, кат түрүндө билдирилет, андан кийин кат дароо өрттөлөт.
Пароль жазылган кат жоголгондо же ал ачыкка чыгарылган башка учурларда анын колдонулушу кароолдун башчысы же бөлүктүн (батальондун) штабынын башчысы, өзүнчө жайгашкан бөлүмдүн командири тарабынан дароо токтотулат. Жаңы паролду бөлүктүн (батальондун) штабынын башчысы, өзүнчө жайгашкан бөлүмдүн командири кароолдун башчысынын жеке өзүнө кароолдук жайда тапшырат.
93. Өткөрмө жана жооп берүү издөө иш-чараларын жүргүзүүдө жана операцияларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө башка кызматтык- күжүрмөн милдеттерди аткарууда өздөрүнүн аскер кызматчыларын таануу үчүн ар бир суткага белгиленет.
Өткөрмө катары курал-жарактын же күжүрмөн техниканын аталышы кызмат кылат, мисалы: "Автомат", ал эми жооп берүү - өткөрмө башталуучу тамгадан башталуучу калктуу конуштун аталышы, мисалы: "Арашан". Өткөрмө жана жооп берүү аскердик кезметтин курамына гана билдирилет. Өткөрмө аскердик наряд ээлеген чек аркылуу (курчоонун, бөгөт коюлган аймактын чегинен) өткөн адамдардан суралат. Аскердик наряддын курамындагы аскер кызматчысы (байкоочу) белгисиз адам ага 3-5 метр жакындаганда: "Токто, өткөрмө" деп кыйкырып токтотот. Токтотулган адам буга жооп катары өткөрмөнү атоого тийиш, мисалы: "Автомат", ал эми аскер кызматчы буга жооп сөзүн айтат, мисалы: "Арашан". Өткөрмө жана жооп берүү акырын айтылат. Өткөрмөнү жана жоопту билбеген бардык адамдар токтоп турат. Токтоп тургандарды аскердик наряддын башчысы (бөлүкчөнүн командири) жеке өзү сурайт жана кырдаалга жараша аларга андан ары жүрүүгө уруксат берет же аскердик нарядды жиберген командирге кайтаруу алдында жөнөтөт.
94. Окуялар (кол салуу, тыюу салынган зонаны бузуу, топтук баш ийбөө, өрт чыгуу, табигый кырсык, кыйроолор, авариялар, ж.б.у.с.) болгондо кароолдун (аскердик наряддын) башчысы дароо команда боюнча болгон окуя тууралуу баяндама жасайт жана күжүрмөн эсеп боюнча аракеттенет. Кароол "Мылтык алгыла" деп чакырылат, объектти кайтаруу күчөтүлөт.
95. Жарандар кароолдун (аскердик наряддын) өздүк курамына, ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле кайтарылуучу объектке же кароолдук жайга кол салган учурда, кароолдун (аскердик наряддын) башчысы кол салуунун мизин кароолдун (аскердик наряддын) күчү менен кайтарууну уюштурат.
Сакчы (кароол сакчы, аскердик наряддын аскер кызматчысы) өзүнө же кайтарылуучу объектке түздөн-түз кол салуу болгондо "Кол салуу" деген сигнал берет жана кол салуунун мизин кайтарууга чараларды көрөт. Зарыл болгон учурда өзүн, башка адамдарды же кайтарылуучу объектти (тозотту) коргоо үчүн кол менен кармашка түшөт, тайманбастык менен аракеттенүүгө тийиш, зарыл болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курал, атайын каражат жана кол менен кармашуунун ыкмаларын колдонот.
96. Кароолдук жайда, транспорт каражатында же кайтарылуучу объектте өрт чыкса, өрттү биринчи байкаган сакчы (кароол сакчы, аскердик наряддын аскер кызматчысы) "Өрт" деген сигнал берет.
Өрттү өчүрүү бардык болгон өрт өчүрүү каражаттарын колдонуу менен кароолдун (аскердик наряддын) өздүк курамынын күчү менен уюштурулат, өрт өчүрүүчү команда чакырылат жана адамдарды, куралды, техникалык каражаттарды, мүлктү жана документтерди сактоо чаралары көрүлөт. Өмүрүнө өрттөн коркунуч келтирилүүчү сакчылар (аскердик наряддын адамдары) кыйла коопсуз жерлерге которулат, ал жерден өз милдеттерин аткарууну улантат. Автомобиль өрт чыкканда дароо токтотулат. Поезд вагондо чыккан өрттү кароолдордун күчү менен өчүргөнгө мүмкүн болбосо, стоп-кран менен токтотулат. Өрт өчүрүүгө өрт өчүрүүчү команда жана поезддин бригадасы киргизилет.
97. Табигый кырсыктар (суу ташкындары, жер титирөө, бороон ж.б.) болгондо кароолдун (аскердик наряддын) башчысы зарыл болгон учурда жабыркагандарга жардам берүүнү, куралды жана мүлктү сактоону уюштурат. Улук башчылардын көрсөтмөлөрү боюнча жарандарды эвакуациялоо жүзөгө ашырат, мамлекеттик мүлктү кайтаруу жана объекттеги белгиленген режимди сактоо чараларын көрөт.
98. Атайын (жүк ташуучу) автомобиль авария болгондо, эгерде ал өз жолу менен жүрө албаса, кароолдун башчысы бөлүктөн (бөлүкчөдөн) башка автомобилди чакыртат, авариялык кырдаалдын белгилерин (сигналдарын) коёт.
99. Кайтарылуучу объектти коргоонун максаты объектти душмандардын диверсиялык-чалгындоо, десанттык жана башка бөлүкчөлөрү тарабынан басып алууга (кыйратууга) жол бербөө.
Аскердик бөлүк (бөлүкчө) кайтарылуучу объектти туруктуу коргоого тийиш жана аны душмандардын күчтөрүнүн жана каражаттарынын үстөмдүгүнө карабастан таштап кетүүгө укугу жок.
100. Коргоо үчүн кайтарылуучу объекттин аймагы жана жанаша жайгашкан жер секторлорго бөлүнөт, аларда төмөнкүлөр уюштурулат:
- объектке жакын жерлерди чалгындоо жана чектөө аракеттери (7-15 км);
- жердин шарттарына жараша объекттен 3 км чейинки аралыкта бөлүкчөнүн таяныч пункттарынын системасы;
- кайтарылуучу объекттин периметри боюнча жана анын аймагында (режимдик имараттарда) кароолдордун таяныч пункттарынын (позициялар) системасы.
Контролдонуучу зоналары бар объекттерди коргоо үчүн объектке жакын жерлерди чалгындоону жана чектөө аракеттерин уюштуруу менен бөлүкчөлөрдүн таяныч пункттарынын системасы контролдонуучу зонанын линиясы боюнча, бирок өндүрүш аянтчаларынан 2-3 км жакын эмес жабдылат. Шаарда жайгашкан объектти коргоодо бөлүкчөнүн таяныч пункттарынын системасы объекттин периметри боюнча жана анын аймагында гана түзүлөт. Мындай учурда чалгындоо объектке түздөн-түз жакын жерлерде жүргүзүлөт.
101. Объектке жакын жерлердеги чалгындоо жана чектөө аракеттери взводдун курамындагы чалгындоо топтору тарабынан жүргүзүлөт. Чалгындоо топтору милдеттерин жерлерге байкоо жүргүзүү, кароо, буктурмаларды коюу, ал эми зарыл болгон учурда согушуу аркылуу аткарат. Объектке жакын жерлердеги ар бир коргоо секторуна жана 1-2 чалгындоо топтору жөнөтүлөт.
Чалгындоо тобу 2-3 адамды жөнөтөт (коёт), аларга күндүзү 1000 м чейин, түнкүсүн 500 м чейин байкоо жүргүзүү участогу дайындалат. Чектөө аракеттерин жүргүзүү үчүн буктурмалар колдонулат, чыгуучу чектерде позициялар түзүлөт.
102. Объектке жакын жерлердеги бөлүкчөлөрдүн таяныч пункттарынын системасы коргоонун негизин түзөт.
Жердин мүнөзүнө жараша рота маңдай бети боюнча 1500 м чейин жана тереңдиги боюнча 300 м чейин, взвод маңдай бети боюнча 500 м чейин жана тереңдиги боюнча 100 м чейин таяныч тозотун ээлейт. Роталардын таяныч пункттарынын ортосунда 1 км чейинки аралыкка, взводдордун таяныч пункттарынын ортосунда - 300 м чейинки аралыкка жол берилет, алар ок атуулар жана тосмолор менен коргонот.
103. Кароолдордун таяныч пункттарынын системасы жана позициялары объекттин тыюу салынган зонасына жанаша жердин пайдалуу участокторунда, душмандардын мүмкүн болгон жүрүү багыттарында түзүлөт.
Таяныч пункттарынын жана позициялардын өлчөмдөрү кароолдордун санына жараша аныкталат. Сакчылар үчүн тыюу салынган зоналарда, контролдоо-өткөрмө пункттарынын жана режимдик имараттардын жанында бир кишилик окоптор даярдалат.
104. Аскердик бөлүктүн объектти коргоодогу күжүрмөн тартиби чалгындоо топторунан, калкалоо топторунан, кайтаруу топторунан жана резервден турат.
Калкалоо тобу күжүрмөн кезмет (кызмат) өтөөдөн бош бөлүкчөлөрдөн түзүлөт жана таяныч пункттарын ээлөө жана объектке жакын жерлерде душмандардын мизин кайтаруу үчүн багытталат. Кайтаруу тобу кароолдорду камтыйт жана объектти кайтаруу, объектке бөлүкчөлөрдүн таяныч пункттары аркылуу өтүп кеткен душмандардын мизин кайтаруу (жок кылуу) үчүн багытталат. Резерв калкалоо жана кайтаруу топторун күчөтүү, ошондой эле капысынан келип чыккан милдеттерди чечүү үчүн багытталат.
105. Объектти коргоого даярдоо алдын ала жүргүзүлөт (тынчтык убакта) жана чечимдерди кабыл алууну жана иш-чараларды пландоону, ошондой эле бөлүкчөлөрдү объектти коргоо боюнча милдеттерди аткарууга дайындоону камтыйт.
106. Аскердик бөлүктүн командири объектти коргоону уюштуруу боюнча чечимди объектти, жанаша жайгашкан жерди, душмандын болжолдуу аракеттерин эске алуу менен күчтөрдүн жана каражаттардын мүмкүнчүлүгүн изилдөөнүн негизинде объектти кайтарууга алууда кабыл алат.
Объект жайгашкан райондогу жана ага жакын жерлерди изилдөө үчүн, коргоо системасын аныктоо максатында аскердик бөлүктүн командири тарабынан рекогносцировка жүргүзүлөт. Рекогносцировканын жүрүшүндө аскердик бөлүктүн командири душмандын болжолдуу жүрүү багыттарын, объектке жашыруун жакын жерлерди изилдейт, чалгындоо топтору үчүн аракеттердин пайдалуу чектерин, таяныч пункттарынын чектерин жана жайгашкан жерин, ок атуу системасын аныктайт; инженердик иштердин көлөмүн жана кезегин, тосмолорду орнотуучу жерлерди белгилейт. Бөлүктүн командири объектти коргоону уюштуруу боюнча чечимде төмөнкүлөрдү аныктайт:
- көздөмдү (коргоо секторлорун, күчтөрдүн жана каражаттардын топторун, коргоону түзүүнү, таяныч пункттарынын санын жана жайгашышын);
- бөлүкчөлөргө милдеттерди (күжүрмөн тартиптин элементтерин);
- өз ара аракеттенүү тартибин;
- инженердик жабдуу жана ар тараптан камсыздоо тартибин.
107. Аскердик бөлүктүн командиринин чечими объектти кайтаруунун жана коргоонун планында көрсөтүлөт.
Объектти коргоо боюнча иш-чаралар күжүрмөн аракеттер (согуш) башталгандан тартып же улук башчынын тескемеси боюнча жүргүзүлөт. Алдын ала кароолдордун позициялары түзүлүшү жана бир кишилик окоптор даярдалышы мүмкүн.
108. Күжүрмөн аракеттер (согуш) башталгандан тартып объектти коргоо максатында төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
- коргоо секторлорунда чалгындоо;
- коргоо секторлорунда инженердик жабдуу боюнча иштер;
- жапырт кыргын салуучу каражаттардан коргоо боюнча иш-чаралар;
- коңшу аскердик бөлүктөр менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу.
109. Таяныч пункттарын жана позицияларды инженердик жабдуу коргонуу бөлүкчөлөрүнүн туруктуулугун жана душмандын жапырт кыргын салуучу каражаттардан коргонууну камсыз кылууга тийиш.
Таяныч пункттарында жана позицияларда окоптор жана ок атуучу позициялар даярдалат. Андан кийин траншеялар жана каттоо жолдору казылат, траншеялардын участоктору, блиндаждар жана өздүк курамдын баш калкалоочу жайлары тосулат. Алдынкы четинин алдында жана таяныч пункттарынын ортосундагы аралыкта инженердик жана мина жарылуучу тосмолор орнотулат.
110. Корголуучу объекттин районуна жакын жерде душмандын пайда болушу жөнүндө маалымат келип түшкөндөн тартып аскердик бөлүктүн командири объектке жакын жерлерде чалгындоону уюштурат, бул үчүн коргоо секторлоруна чалгындоо топтору жөнөтүлөт. Объектти коргоо күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт. Калкалоо тобу таяныч пункттарын ээлөөгө даяр турат.
111. Чалгындоо топторунун командирлери душмандарды тапкан учурда дароо аскердик бөлүктүн командирине баяндайт жана душмандын курамын, аракеттеринин багытын, анда жапырт кыргын салуучу каражаттардын болушун аныктоо максатында чалгындоону улантат.
Душмандар объектке карай жыла баштаганда чалгындоо тобу пайдалуу чектердеги буктурмалардан душмандардын алдыга жылышын ок атуулар менен токтотуп, аны жоготууга учуратып, жалгыз диверсанттарды жана чакан топторду колго түшүрөт. Чалгындоо тобунун командири душмандын үстөмдүк кылган күчтөрүнүн соккусунан өздүк курамды өз убагында жана уюшкандыкта алып чыгууга милдеттүү. Калкалоо тобу коргонуу чегине жеткенде чалгындоо тобу коргонуп жаткан бөлүкчөнүн таяныч пункттарында позицияларды ээлейт. Алдында душмандар табылбаган чалгындоо топтору душмандар пайда болгон коргонуу секторуна жанаша жайгашкан жерлердин капталдарына өзгөчө көңүл буруу менен чалгындоо аракеттерин күчөтөт.
112. Аскердик бөлүктүн командири чалгындоодон жана башка булактардан алынган маалыматтарды баалап, мурда кабыл алынган чечимди тактайт жана бөлүкчөлөргө милдеттерди коёт: кайсыл секторлордо жана кайсы мөөнөткө калкалоо жана кайтаруу топторунун күчтөрү менен таяныч пункттарын (позицияларды) ээлөө керек экендигин.
Кырдаал жөнүндө маалыматтардын негизинде жана кабыл алынган чечим жөнүндө аскердик бөлүктүн командири объекттин жетекчисине (анын режим боюнча орун басарына), улуттук коопсуздук органына маалымдайт жана режимдик иш-чараларды ишке ашыруу тартибин макулдашат; штаб коңшу аскердик бөлүктөр, объекттеги аскерлештирилген жана өрткө каршы кайтаруу менен өз ара аракеттенүү тартибин тактайт.
113. Калкалоо тобунун бөлүкчөлөрү ээлөө үчүн дайындалган таяныч пункттарына, ээлөөчү позицияларга багыт алат, ок атуу системасын жана душманга байкоо жүргүзүүнү уюштурат, аракеттенүүдөгү чалгындоо топтору менен байланыш түзөт.
114. Кароолдордун башчылары объектти кайтарууну, коркунуч жараткан багыттарда ээлеген позицияларын (таяныч пункттарын) күчөтөт. Объектте коомдук коопсуздукту сактоо маселелерин, өзгөчө объектке кирүү жана анын аймагында кызматкерлердин жүрүү тартибин тактайт.
115. Калкалоо топторунун бөлүкчөлөрү келе жаткан душманды аныктоо менен аны белгиленген чектерге чейин жетүүсүнө жол берет жана душмандын топторунун алдынкы четке өтүп кетүүсүнө жол бербөө менен бардык каражаттардан ок атат.
Душман күжүрмөн тартиптерге чукул келген учурда, калкалоо тобунун командири душманды бардык каражаттардан ок атуу менен токтотууга жана чукул келген участоктордун оң капталынан күчөтүүгө жана душманды ок атуу менен басууга тийиш. Аскердик бөлүктүн командири коркунуч жаралган багытка резервди жөнөтөт. Эгерде душман чоң күчтөр менен өтүп кетсе, анда резерв душмандын соккусунун багытындагы чекти ээлейт жана бардык каражаттардан ок атуу менен анын андан ары киришине жол бербейт. Объектке кирип келген душмандын топтору кароолдордун ээлеген позицияларынан ок атуу менен жок кылынат.
116. Эгерде душман калкалоо тобунун бөлүктөрү ээлеген таяныч пункттарын айланып өтүүгө аракет кылса, анда аскердик бөлүктүн командири башка багыттагы таяныч пункттарын ээлөө үчүн резервди жөнөтөт.
Калкалоо тобу ээлеген чектерди коргоону улантуу менен күчтөрдүн бир бөлүгү менен айланып өтүүчү душмандын оң капталынан сокку урат. Душмандын кол салуусунун жаңы багытында жайгашкан кароолдор кайтаруу тобунун резервинин эсебинен күчөтүлөт.
117. Аскердик бөлүктүн командири резервдин күчтөрү менен душманга кайрадан топтолуп чабуулга өтүүгө же күчтөр жана каражаттар менен маневр жасоого мүмкүнчүлүк бербөө аркылуу ага сокку урат.
118. Душманды жок кылгандан кийин аскердик бөлүктүн командири кол салуунун кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды уюштурат, биринчи кезекте объекттин кайтаруу жана коргоо системасын калыбына келтирүү боюнча чараларды көрөт.
2-глава. Атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча күжүрмөн кезметти (кызматты) уюштуруу жана өтөө
119. Атайын жүктөр бар транспорт каражаттарын кайтаруу жана коргоо үчүн бул максаттарга атайын багытталган аскердик бөлүктөрдөн (бөлүкчөлөрдөн) кароолдор дайындалат.
120. Кароолдор аскердик бөлүктүн командиринин буйругу менен режимдик-жашыруун органдардын жана бөлүнгөн сандын чегиндеги объекттердин өтүнмөлөрү боюнча дайындалат, ал ар бир аскер кызматчысына айына 15 суткадан ашык эмес кызматтык жүктөмдү эске алуу менен атайын жүктөрдү ташуу көлөмүнө жараша аныкталат. Кызматтык жүктөмдү аныктоодо кароолдун эки тарапка баруу-келүү убактысы эске алынат.
121. Кароолдор аскердик бөлүктүн командирине жана аскердик бөлүктүн штабынын башчысына (өзүнчө жайгашкан бөлүкчөнүн командирине) баш ийет.
Жүктү сактоонун техникалык шарттарын камсыздоо жана жолдо жүрүүдө коопсуздук чараларын сактоо маселелери боюнча кароолдун башчысы объекттин жүктү коштоп бараткан өкүлүнүн көрсөтмөлөрүн аткарат.
122. Кароол ага тапшырылган атайын жүктөрдү кайтарууга жана алардагы мөөрлөрдүн, пломбалардын, кулпулардын бүтүндүгү үчүн жооп берет.
Пломбаланган таңгактагы (контейнердеги) атайын жүктүн абалы үчүн кароол жооп бербейт.
123. Кароолдун курамын жана санын аскердик бөлүктүн командири транспорттун түрүнө, жүктүн мүнөзүнө жана милдеттерди аткаруунун узактыгына жараша аныктайт.
Кароолдун курамына кароолдун башчысы, кароолдун башчысынын жардамчысы жана бир тозотко сакчылардын үч нөөмөтү боюнча эсепте тозоттордун саны боюнча кароол сакчылар дайындалат. Мындан тышкары 14 же андан ашык вагондон турган транспортту кайтаруу боюнча кароолго бөлүштүрүүчү дайындалат. Сакчылардын үч нөөмөтү болгон тозоттордун саны төмөнкүдөй белгиленет:
- 1ден 7 вагонго чейин кайтарууда - 1 тозот;
- 8ден 14 вагонго чейин кайтарууда - 2 тозот;
- 14төн ашык вагон кайтарууда - 3 жана андан ашык тозот.
Кароол жайгашкан вагон кайтарылуучу вагондордун ичине кирет. Өзүнчө локомотиви бар транспортту кайтаруу үчүн экиден кем эмес тозот, атайын вагондогу жүктү кайтарууда - 1 тозот коюлат. Учакта же жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондун купесинде ташылуучу атайын жүктү кайтаруу үчүн 2-3 аскер кызматчысынан турган аскердик наряд бөлүнөт. Бир суткага чейин жол жүрүүчү автомобилде атайын жүктү кайтаруу үчүн 2-3 адамдан турган курамда аскердик наряд бөлүнөт. Атайын жүктү бир суткадан ашык ташууда 4 аскер кызматчысынан турган курамдагы кароол дайындалат. Автомобилдердин колоннасы менен ташылуучу атайын жүктөрдү кайтаруу үчүн кароолдун саны ар бир автомобилге бир сакчы жана жүксүз автомобилде бараткан 2-3 резервдик кароол сакчылар эсебинде аныкталат. Мындай учурда объекттин режимдик-жашыруун органы бөлүктүн штабы менен бирге транспорттун жүрүү графигин көрсөтүү менен маршруттун схемасын иштеп чыгат.
124. Кароол (аскердик наряд) күжүрмөн кезметти (кызматты) өтөөдө төмөнкүдөй жайгаштырылат:
- темир жол транспортун кайтарууда - жүргүнчүлөрдү ташуучу же атайын жабдылган жабык вагондо;
- учакта - жүк салуучу бөлүктө же жүргүнчүлөр үчүн салондо;
- автомобилде - коопсуздук талаптарына жооп берүүчү автомобилдин кузовунда (эгерде автомобиль бул талаптарга жооп бербесе, анда кароол үчүн өзүнчө автомобиль бөлүп берилет);
- жүктү жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондун купесинде ташууда - объекттин өкүлү менен бирге купеде. Бул купеде бөтөн адамдардын жүрүүсүнө жол берилбейт.
Кароолду төрт октуу жабык вагонго жайгаштырууда вагондун үчтөн бирин атайын жүк менен ээлеши мүмкүн. Вагонго жайгаштырылган жүк кароолдук жайдан тосмо менен тосулат, мөөр коюлат жана кароолго кайтарууга тапшырылат.
125. Кароолдун башчысы ушул Уставда каралган жалпы милдеттерди аткаруудан тышкары, төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жүк жөнөтүүчүнүн өкүлүнөн же алмашылып жаткан кароолдун башчысынан көчмө курамдын абалын, люктардын, эшиктердин ишенимдүү бекем жабылышын, пломбалардын болушун жана алардын контролдук белгилерге шайкештигин, таңгактардын бекемдигин жана жүктөрдүн бекитилишин сыртынан кароо менен эсеп боюнча кайтарылууга тийиш вагондорду (контейнерлерди, күжүрмөн техниканы) кабыл алууга;
- кароолдун өздүк курамына жүктү кайтаруунун тартиби жана өзгөчөлүктөрү тууралуу, ошондой эле жол жүрүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо жөнүндө нускама берүүгө;
- жүктөрдү ташуунун белгиленген эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөгө;
- мамлекеттик мүлктүн уурдалышына жол бербөөгө;
- кайтарылуучу вагондорго, (кайтарылуучу жүк жайгашкан жерлерге) жана автомобилдерге бөтөн адамдардын кирүүсүнө (өтүшүнө) жол бербөөгө;
- кароолдун башчынын жардамчысынын (бөлүштүрүүчүнүн) же сакчынын байкоосунда кайтарылуучу вагондун жүрүүчү бөлүктөрүн кароо, майлоо жана оңдоо үчүн транспорт жумушчуларына кирүүгө уруксат берүүгө;
- поездди кайра түзүүдө кайтарылуучу бардык вагондордун аларды жайгаштыруунун белгиленген схемасына ылайык поездге чиркелишин көзөмөлдөөгө;
- кароолдор үчүн вагондо тазалыкты жана тартипти кармоого, өрт коопсуздугун камсыздоого;
- жүктү кабыл алуучуга же алмаштырууга келген кароолго тизме боюнча вагондорду жана өзүнчө платформаларда же вагондордо ташылуучу жүктөрдү ордуларынын саны боюнча өткөрүп берүүгө.
126. Сакчылар тозоттун табелине ылайык жайгаштырылат: поезд жүрүп бара жаткан убакта - кайтарылуучу вагондордун тормоз берүүчү аянтчасында (тамбурларда), ал эми тормоз берүүчү аянтчалар (тамбурлар) жок болсо - тосмолор менен тосулган кайтарылуучу платформаларда же кароол жайгашкан вагондо; поезд токтоп турган убакта - кайтарылуучу вагондордун жанында, алардын эки жак капталында, мында ар бир сакчыга вагондун бир капталын кайтаруу тапшырылат. Бир жабык вагондо кароол менен чогуу жайгаштырылган атайын жүктү кайтарууда сакчы поезд жүрүп бараткан убакта жабык, тормоз берүүчү аянтчада, ал эми жок болсо - вагондогу пломбаланган тосмонун жанында жайгаштырылат.
Жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин курамындагы атайын вагондо сакчы поезд жүрүп бара жаткан жана токтоп турган убакта кайтарылуучу вагондун тамбурунда жайгаштырылат. Атайын вагон кайтарылуучу объекттин аймагындагы паркта токтоп турган убакта сакчы кызматын вагондо өтөйт. Автомобилде аскердик наряддын башчысы кузовдо сол бортунун алдында жайгаштырылат, сакчы кузовдо оң бортунун артындагы жерди ээлейт. Узак убакыт токтоп турганда аскердик наряддын башчысы автомобилден түшөт жана кызматын автомобилдин жанында өтөйт. Учакта атайын жүктү кайтарууда, аэропортто токтоп турган убакта сакчы кызматын жүк салынуучу бөлүктүн эшигинин жанында өтөйт. Жүргүнчүлөр учактын салонуна киргенден кийин, сакчы аскердик наряддын башчысынын байкоосунда куралын оксуздандырып, аскердик наряддын башчысына тапшырат жана учактан орун алат. Учак конгондон кийин сакчы куралын алат, андан биринчи чыгат, аскердик наряддын башчысынын байкоосунда куралын октойт жана кызматын жүк жайгаштырылган бөлүктүн (люктун) эшигинин жанында өтөйт. Жүк жүргүнчүлөр үчүн салондо жайгаштырылган учурда сакчы түздөн-түз атайын жүктүн жанына жайгашат, учак конгондон кийин андан жүктү коштоп жүргөн өкүл менен бирге эң акырында чыгат. Жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондун купесинде сакчы купенин кире беришиндеги ылдыйкы текчеде отуруу менен кызмат өтөйт. Купенин эшиги дайыма илгич менен бекитилип турууга тийиш.
127. Сакчы кароолдун башчысына, кароолдун башчысынын жардамчысына жана бөлүштүрүүчүгө (эгер ал дайындалган болсо) баш иет. Мындан тышкары, ал төмөнкүлөргө милдеттүү:
- тозотту өткөрүп алууда вагондордун кузовдорунун (полун, чатырын жана дубалдарын) оң абалда экендигин, бекитмелеринин бышыктыгын жана люктардын, эшиктердин, эшиктердин каптамаларынын тыгыз жабылышын, пломбалардын туура илинишин жана алардагы оттисктердин даана түшүрүлүшүн, платформалардагы жана вагондордогу техниканын, контейнерлердин жана башка материалдык каражаттардын бекитүүсүнүн бузулбагандыгын, орундардын санын, таңгактардын, брезенттин оң экендигин жана анан туура бекитилгендигин жана пломбаланганын сырттан короо жолу менен текшерүүгө;
- жүрүп баратканда жана токтоп турганда кайтарылуучу вагондорго дыкат байкоо жүргүзүүгө, кайтарылуучу транспортто жана жанында турган вагондордун тормоз берүүчү аянтчаларында бөтөн адамдардын жүрүүсүнө жол бербөөгө. Поезд жүрүп бараткан убакта транспортту бир тозот коюу менен кайтарууда транспорттун эки тарабына тең байкоо жүргүзүүгө;
- өрт чыккан, жолдо жүрүүнүн коопсуздугуна же атайын жүктүн сакталышына коркунуч келтирүүчү ар кандай нерселер аныкталган учурда стоп-кран аркылуу поездди токтотууга карата чараларды токтоосуз көрүүгө, ал эми ал жок болгон учурда кызыл желекчени, ал эми түн ичинде кызыл жарыгы бар чыракты колго алуу менен колду созуп айлантып булгалап токтоо сигналын берүүгө;
- поезд толук токтогондо тормоз берүүчү аянтчадан эки жолдун ортосуна түшүүгө жана кайтарылуучу вагондордун, платформалардагы жүктөрдүн абалын, пломбалардын болушун жана оң экендигин кылдат текшерүүгө. Бардык табылган кемчиликтер тууралуу кароолдун башчысына билдирүүгө;
- кароолдун башчысынын уруксатысыз кайтарылуучу вагондорду бири-биринен ажыратууга жол бербөөгө;
- темир жол транспортунун жумушчуларын кайтарылуучу вагондордун техникалык абалын кароо, жүрүүчү бөлүктөрүн майлоо жана оңдоо жүргүзүү үчүн кароолдун башчысынын уруксаты менен гана коё берүүгө. Жумуштарды аткаруу убагында тозотту кайтарууну начарлатпастан аларга байкоо жүргүзүүгө;
- кайтарылуучу транспортко кирүүгө аракет кылган жана сакчынын талаптарын аткарбаган бардык адамдарды кармоого жана кароолдун башчысына өткөрүп берүүгө.
128. Автомат менен куралданган сакчы поезд жүрүп бара жаткан убакта кызматын автоматты - "асынган" абалда штык-бычагы жок өтөйт. Токтоочу жайларда: түнкү убакта туруп атуу абалында, күндүзгү убакта "асынган" абалда.
129. Атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча кароолдун өздүк курамы үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМ Ички аскерлеринин кол башчысынын буйругу менен аныкталуучу форма кийиминин комплекти белгиленет.
Жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин курамында жүрүүчү атайын вагондордогу кароолдор кызматты аскердик формада өтөйт. Бул кароолдорду текшерүүчү адамдар жарандык кийим кийүүгө тийиш.
130. Кароолдун өздүк курамы төмөнкүдөй куралданат:
- транспорттогу, жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондун купесиндеги, учактагы, автомобилдеги атайын жүктөрдү кайтарууда - автоматтар менен, офицерлер жана прапорщиктер - тапанчалар менен;
- жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин курамында жүрүүчү атайын вагондордогу атайын жүктөрдү кайтарууда - тапанчалар менен.
Ар бир автоматка эки магазинде 20 патрон берилет, тапанчага - эки магазинде 16 патрон, тапанчаны атайын кобурага салып жүрсө - бир магазинде 8 патрон берилет. Кырдаал татаалдаганда кароолдор аскердик бөлүктүн командиринин чечими боюнча көп сандагы ок-дарылар менен камсыздалышы мүмкүн. Кароол жайгашкан вагондо автоматтарды сактоо үчүн ачык пирамидалар (курал койгучтар) жабдылат. Тапанчалар, автоматтарга жана тапанчаларга жабдылган магазиндердеги патрондор алып жүрүүчү бекитилген металл ящикте сакталат. Тапанчалар жана октор салынган ящиктердин ачкычтары кароолдун башчысында болот. Жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондун купесиндеги, учактагы жана автомобилдеги атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча аскердик наряддын куралы ар бир аскер кызматчысынын өзүндө болот. Кароолдор бекеттерде (аэропорттордо) болгон, ошондой эле аларды жүргүнчүлөрдү ташуучу поездде резерв менен жүргөн учурда курал жана ок-дарылар (автоматтар кабында, тапанчалар жана патрондор металл ящиктерде) бир жерге топтолуп коюлат жана аларды дайыма кайтаруу уюштурулат.
131. Кароолдогу (аскердик наряддагы) адамдар күжүрмөн милдетти аткарууда "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставына ылайык атайын каражаттарды жана куралды колдонууга укуктуу.
132. Кароолдордун өздүк курамына бөтөн адамдар менен сүйлөшүүгө, оюн-зоок иш-чараларына барууга, өзү менен уюлдук телефон, фотоаппарат алып жүрүүгө жана сүрөткө түшүүгө тыюу салынат.
133. Жүк жөнөтүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- атайын жүктөрдү кайтаруу үчүн кароолдорду бөлүү жөнүндө өтүнмөлөрдү өз убагында берүүгө;
- жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондун купесинде, самолетто, автомобилде, атайын вагондо жүктү коштоп жүрүү үчүн өкүлдү, ал эми зарыл болгон учурларда жана атайын жүктөрдү кайтарууда жүк ташуучу поезддердин курамында дайындоого;
- кароолдун башчысына жүктүн касиеттери жөнүндө, жүктүн сакталышын камсыз кылуу жана кызмат өтөөдө коопсуздук чараларын сактоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды билдирүүгө;
- тозоттордун саны боюнча тормоз берүүчү аянтчалары бар вагондордун зарыл болгон санын бөлүп берүүгө, алардын транспортто кайтаруу схемасына ылайык жайгаштырылышын камсыздоого. Тормоз берүүчү аянтчалары бар вагондор жок болсо, сакчы үчүн кароол жайгашкан вагондо кызмат өтөөчү орун даярдап берүүгө. Мындай учурда транспорттун 6дан ашык эмес вагону болууга тийиш;
- кароолду жайгаштыруу үчүн атайын жабдылган жабык вагон же жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондо зарыл болгон сандагы купе бөлүп берүүгө;
- атайын вагондорду сигнал берүүчү жана өрткө каршы инвентарь менен жабдууга, аларда баруучу кароолду жууркан- төшөктөр менен камсыздоого;
- вагондорду (контейнерлерди, таңгактарды) ишенимдүү бекитүүгө жана пломбалоого;
- жол жүрүү аяктаганга чейин кароолду отун жана чырак менен камсыздоого;
- атайын жүктү автомобилде ташууда кароолду (аскердик нарядды) жүк бар автомобилде жайгаштыруу үчүн нормалдуу шарттарды түзүүгө. Жүктөрдү бир суткадан ашык ташууда кароолдун жана айдоочулардын эс алуудагы нөөмөтүн жайгаштыруу үчүн кошумча автомобиль бөлүп берүүгө тийиш.
Кароолду бөлүп берүүгө өтүнмө кароолдун жүктү кабыл алуу пунктуна жол жүрүүчү убактысын эсепке албастан, атайын жүктү кайтарууга кабыл алууга чейин эки суткадан кечиктирбестен анын аскердик бөлүккө келип түшүшүн эсептөө менен берилет. Өзгөчө учурларда (жүктү учакта же жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондун купесинде шашылыш жөнөтүү үчүн) өтүнмөнү аскердик нарядды бөлүктөн жөнөтүүгө чейин 4 саат кечиктирбестен берүүгө жол берилет. Өтүнмөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жүк жөнөтүүчүнүн жана жүк алуучунун пункттарынын аталышы, почта индекстеринин номерлери;
- жүктү жөнөтүүгө жооптуу кызматкердин аты-жөнү жана телефон номери;
- транспорт менен бараткан өкүлдүн аты-жөнү;
- транспорттун түрү (темир жол, аба, автотмобиль), саны, тиби жана кандай жөнөтүлөт (өзүнчө локомотив менен, жүк ташуучу поезддин курамында же жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин курамындагы атайын вагондо);
- кароолду жайгаштыруу үчүн эмне бөлүнүп берилет (жабдылган жабык вагон, жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондун купеси, атайын вагон, автомобиль);
- кароолдун жүктү кабыл алуучу жайга келе турган датасы жана убакыты.
Өтүнмөлөрдү берүүдө расмий мамлекеттик майрам күндөрү объекттерден атайын жүктөр жүктөлбөй турганын эске алуу керек.
134. Жүк жөнөтүүчү атайын жүктү жөнөтүү мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө кароолду бөлүп берүүгө өтүнмө жиберилген дарекке, аскердик бөлүккө бир суткадан кечиктирбестен алдын ала кабарлайт.
Ишканага келген кароол өзүнүн бөлүгү жайгашкан жерде транспорттун кайтарууга кабыл алууга даярдыгын 6 сааттан ашык эмес, башка шаарларда - эки суткадан ашык эмес күтүшү мүмкүн. Көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндө кароол аскердик бөлүккө кайтат, бул тууралуу объекттин жетекчилигине билдирет. Транспорттун кайтарууга кабыл алууга даярдыгын күтүү учурунда кароолдун өздүк курамы комендатуранын алмашуучу пунктунда же Ички аскерлердин аскердик бөлүгүндө, алар жок болгон жерде - объект тарабынан берилген эс алуу жана тамак жасоо үчүн нормалдуу шарттары бар мейманкананын же жатакананын өзүнчө бөлмөсүнө жайгаштырылат. Кароолдун куралын жана ок-дарыларын кароолдун башчысы алмашуучу пунктун комендантына же аскердик бөлүктүн кезметчисине, ал эми алар жок жерлерде - объектин аскерлештирилген кайтаруусунун кароолунун башчысына тапшырат. Мындай учурда кароолдун куралын жана ок-дарыларын сактоо үчүн өзүнчө метал шкаф бөлүнүп берилиши керек. Аскердик бөлүк жок жердеги объекттин режимдик-жашыруун органынын жетекчиси кароолдун өздүк курамынын жүрүм-турумун контролдоону жана куралдын жана ок-дарылардын сакталышына кайтарууну уюштурат.
135. Жүк алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кароолдун башчысына атайын жүктү кабыл алуу укугуна ишеним катты жана ким экендигин күбөлөндүргөн документти көрсөтүүгө;
- кароолдон атайын жүк бар транспортту (вагон, автомобиль, контейнер), ошондой эле кароол жайгашып келген вагонду жабдуулары менен кабыл алууга;
- кабыл алуу-өткөрүү документтерин тариздөөгө жана жүк транспорт жүктү тапшыруучу жерге келген убакыттан тартып 8 сааттан кечиктирбестен кароолду жүк кайтаруудан бошотууга;
- эгер ортодогу аралык 1 километрден ашык болсо, кароолду автотранспорт менен темир жол станциясына, аэропортко же алмашуучу пунктуна жеткирүүгө жана жол жүрүү белеттерин алууга жардам берүүгө.
136. Кароолго бир штаттык бөлүмдүн (взводдун) өздүк курамы өздөрүнүн командиринин башчылыгында дайындалат. Кароолдун башчысына офицер (кароолдун штаттык башчысы - прапорщик) дайындалганда анын жардамчысы өздүк курамы кароолго дайындалган бөлүмдүн командири (взводдун командиринин орун басары) болууга тийиш.
137. Кароолдун өздүк курамына иш сапарга чыгар алдында кызматка даярданууга убакыт берилиши керек, анын узактыгы бөлүкчөнүн командири тарабынан кароолдун даяр болуу мөөнөтүнө жараша аныкталат.
138. Аткарылуучу милдеттин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кароолдун өздүк курамы менен сабактар жана нускамалар өткөрүлөт.
Кароолдун башчысына жана анын жардамчысына нускама өткөрүүдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- иш сапардын мөөнөтү;
- жүктү кабыл алуучу жана өткөрүүчү объект (пункт);
- кайтарылуучу транспорттун түрү, вагондордун саны, транспортту кайтаруунун өзгөчөлүктөрү;
- жүктү коштоп жүрүүчү өкүлдүн аты-жөнү;
- жүктү жөнөтүүчүнүн, жүктү алуучунун даректери жана телефон номерлери;
- атайын жүктү кабыл алуунун тартиби жана өзгөчөлүктөрү;
- кароолдун маршрутунун өзгөчөлүктөрү;
- транспортту кайтаруунун, сакчыларды алмаштыруунун жана кароолду күжүрмөн эсепке жеткирүүнүн тартиби;
- кырдаал кескин өзгөргөн, ошондой эле жүктүн таңгактары жана транспорт бузулган учурда кароолдун аракеттеринин тартиби;
- транспортто аскердик коменданттар, темир жол станциясынын администрациясы, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби;
- кароолго текшерүүчү адамдарды киргизүү тартиби;
- куралды сактоонун, октоонун жана оксуздандыруунун, ошондой эле жол жүрүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо тартиби;
- жол жүрүүдө кароолдун өздүк курамын азык-түлүк, от, жарык берүү жана байланыш каражаттары менен камсыздоо тартиби;
- сабактарды темалары жана аларды кароолдо өткөрүүнүн тартиби;
- кароолдо кызматтык документтерди тариздөөнүн жана сактоонун тартиби;
- кароолдун жүк жөнөтүүчүгө баруу жана жүктү тапшыргандан кийин аскердик бөлүккө кайтуу тартиби;
- кароолдун башчысынын комендатуранын коменданттары жана бөлүктүн командири менен байланышты кармоо тартиби.
Кароолдун калган аскер кызматчыларына нускама берүүдө алардын кызматына тийиштүү маселелер жеткирилет, мында өздүк курамга аткарылуучу милдеттин маанилүүлүгүнө, кароолдо дайыма күжүрмөн даярдыкты кармоонун, жогорку байкагычтыктын, уюшкандыктын, аскердик тартиптин жана аскердик жана мамлекеттик сырларды сактоонун зарылдыгын түшүндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
139. Кароолдун башчысы аскердик бөлүктөн төмөнкүлөрдү алууга тийиш:
- иш сапардык күбөлүктү;
- аны кароолдун башчысы кылып дайындоо жөнүндө белгиленген формадагы күбөлүктү;
- гербдүү мөөр жана аскердик бөлүктүн кызмат адамынын колу менен күбөлөндүрүлгөн күжүрмөн кезметтин (кызматтын) планын;
- тизмелердин, актылардын, тил каттардын, маалымкаттардын бланктарын;
- эки тарапка жол жүрүүгө азык-түлүк жана талаа чыгымдарын (эгерде кызматты 1 суткадан ашык аткарса), азык-түлүккө аттестатты (ар бир аскер кызматчысына өзүнчө);
- аскердик ташуу документтери.
Иш сапардык күбөлүктүн жана кароолдун башчысынын күбөлүгүнүн арткы бетине кароолдун өздүк курамынын тизмеси куралдын түрүн, номерин жана ок-дарылардын санын көрсөтүү менен көрсөтүлөт.
140. Кароол төмөнкүлөр менен камсыздалат:
- байланыш каражаттары, сигналдык кызыл желекчелер, электр чырактары, ышкырык, сактоочу көз айнектер;
- тозоттук кийимдер;
- автоматтарга каптар жана тапанчаларды, ок-дарыларды сактоо үчүн ящиктер;
- кошумча ички кийим комплекти (бир комплект 7 суткага эсеби менен);
- атайын вагондордогу кароолдордон тышкары, матрацтар, аларга каптар жана жууркан-төшөктөр (жолдо бир суткадан ашык жүргөндө);
- аптечка, жугуштуу жана башка оорулардан алдын алуу боюнча эскертмелер;
- тамак жасоо жана ичүү, ошондой эле ичүүчү сууну сактоо үчүн идиштер.
Алыскы жолго жүрүүчү кароолдорго зарыл болгон санда уставдар, нускамалар, окуу куралдары, көркөм китептер, радио кабыл алгыч жана стол үстүндө ойнолуучу оюндар берилет.
141. Кароолдо байланышты камсыздоо үчүн радио байланыш жана сигналдык байланыш каражаттары колдонулушу мүмкүн. Атайын жүк бар транспортту кайтарууда кароолдун башчысынын сакчылар менен байланышуусунун негизгиси түрү болуп зым аркылуу байланыш саналат. Телефон байланышы коммутаторлорду жана талаада колдонуучу телефондук аппараттарды же кароолдук-телефондук түзүлүштөрдү пайдалануу менен уюштурулат, мында ар бир тозотко өзүнчө линия тартылат.
Радио байланыш үчүн алып жүрүүчү ультра-кыска толкундуу радио станциялар колдонулат. Радио байланыш радио багыттар же радио тармак боюнча уюштурулат жана радио сигналдардын таблицаларын колдонуу менен ишке ашырылат. Кароол радио маалыматтар менен камсыздалат (радио тармактын номери, радио тармактын курамы, чакыруучу жана иштөө жыштыктары). Сигналдык каражаттар менен байланышуу желекчелерди, сигналдык чырактарды, ошондой эле кол, ышкырык жана башка жөнөкөй каражаттарды колдонуу менен ишке ашырылат. Кароолдор үчүн сигналдар жөнөкөй, эстеп калууга оңой жана темир жол сигналдарынан айырмаланууга тийиш. Сигналдардын таблицасын штаб иштеп чыгат. Аскердик бөлүктүн командири менен байланышуу үчүн зарыл болгон учурда кароолдун башчысына байланыш каражаттарды (телефон, телеграф) пайдаланууга уруксат берилет; бул каражаттар аркылуу сүйлөшүү (берүү) жүргүзүүдө жүктүн мүнөзү жөнүндө маалыматтарды жана мамлекеттик жана аскердик сырды түзгөн башка маалыматтарды билдирүүгө тыюу салынат.
142. Кароолдун даярдыгын текшерүү жана ага милдеттерди коюу аскер бөлүктүн (өзүнчө жайгашкан бөлүмдүн) командири же штабдын башчысы тарабынан ишке ашырылат.
Аскердик бөлүктүн командири (штабдын башчысы) кароолдун даярдыгын текшергенден кийин кароолго буйрук берет, мисалы: "Буйрук кылам: кароол объектке (объекттин же аскердик бөлүктүн номери көрсөтүлөт) кетсин (датасы, убакты, жылы көрсөтүлөт), курамында атайын жүк бар транспорт курамда (вагондордун саны) кабыл алынсын жана аны (станция, аскердик бөлүк же объект көрсөтүлөт) чейин кайтаруу жана коргоо камсыздалсын. Атайын жүк бар транспортту кайтаруу жана коргоо боюнча күжүрмөн тапшырма ушул Күжүрмөн кызматтын уставынын жана тозоттордун табелинин талаптарына ылайык так аткарылсын!". Зарыл болгон учурда бөлүктүн командири кароолдун башчысынан алынган тапшырманы кайталоону талап кылат.
143. Кароол атайын жүктү кабыл алууга чейин бир саат мурда жүк жөнөтүүчүгө келет. Кароолдун башчысы жүктү жөнөтүүгө жооптуу адамга кароолдун башчысынын күбөлүгүн көрсөтөт жана объекттин өкүлүнүн документтерин текшерет (эгер ал жүктү коштоо үчүн бөлүнсө); кароолдун зарыл болгон коопсуздук чараларын камсыз кылуу үчүн жүктү тапшыруучу адамдан пломбалардын оттисктерин (мөөрдүн издерин) жана жүктүн мүнөзү тууралуу (жарылуучу, күйүүчү, абага тарап кетүүчү, нымдын таасиринен ажырап кетүү мүмкүндүгү ж.б.у.с.) маалыматтарды алат.
Кароолдун башчысынын жардамчысы өздүк курамды кароол үчүн бөлүнгөн транспортко жайгаштырат жана ага байкоо жүргүзүүнү уюштурат.
144. Атайын жүктү кайтарууга кабыл алууда кароолдун башчысы биринчи нөөмөттүн кароолдору менен бирге вагондордун (автомобилдердин жана башка транспорттун) санын, дубалынын (чатырынын, полунун) бүтүндүгүн, өзүнчө орундардын болушун жана жакшы бекитилгенин, таңгактардын абалын, эшиктердин (люктун, борттордун) бекем жабылышын, пломбалардын (мөөрлөрдүн) контролдук белгилерге шайкеш келишин текшерет.
Жүктөрдү кабыл алып, кароолдун башчысы сакчыларды коёт, күжүрмөн кезметтин (кызматтын) планына транспорт каражаттарынын (автомобилдердин, вагондордун, платформалардын жана башка транспорт каражаттарынын) номерлерин жазат жана жүк жөнөтүүчү менен бирге үч нускада тизмеге киргизет. Бөлүктүн гербдүү мөөрү менен бекитилген тизменин биринчи нускасын жүк жөнөтүүчүгө берет, экинчи жана үчүнчү нускаларын кароолдун башчысы өзүнө калтырат. Эгерде жүктү объекттин өкүлү коштоп жүрсө, анда тизме эки нускада түзүлөт, биринчи нускасы объекттин өкүлүнө берилет, экинчиси кароолдун башчысында калат. Жүктөр бир транспорт менен бир нече дарекке жөнөтүлгөндө, бир дарекке баруучу жүктөрдүн ар бир тобуна өзүнчө тизме түзүлөт.
145. Атайын вагондо (жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондун купесинде, учакта, автомобилде) ташылуучу атайын жүктү кайтарууга кабыл алуу акт менен таризделет.
Актынын биринчи нускасы объекттин өкүлүнө берилет, экинчиси кароолдун башчысында калат. Кароол атайын жүктү акт (белгиленген үлгүдөгү тил кат) боюнча кайтарууга кабыл алат жана тапшырат.
146. Куралды октоо (оксуздандыруу) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматынын уставында баяндалган эреже боюнча ушул Уставда баяндалган өзгөчөлүктөр менен жүргүзүлөт. Куралды жабык вагондо октоодо (оксуздандырууда) автомат (тапанча) кайтарылуучу жүктөн карама- каршы жакка, атайын вагондо (жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондун купесинде) - терезе жакка, автомобилде - кайтарылуучу жүктөн карама-каршы жакка, учакта - учактан жана аэропорттун имараттарынан карама-каршы жакка багытталат.
147. Сакчылар ар бир 2-4 саат сайын, кароол сакчыларга кайтарылуучу тозотторду карап чыгууга убакыт жеткендей узактыкка токтогондо алмаштырылат.
Кароолдун башчысы же анын көрсөтмөсү боюнча кароолдун башчысынын жардамчысы поезд станцияларда (поезддер бөлүнүп кетүүчү жерлерге) токтогон убакта сакчылардын кызмат өтөөсүн жана кайтарылуучу транспорттун абалын сыртынан карап текшерет. Ар бир текшерүүнүн натыйжасы тууралуу кароолдун тозоттук ведомостуна жазылат. Токтоп турганда кароолдун башчысы кызмат өтөөдөн бош кароол сакчылардын эсебинен кошумча сакчыларды коюу аркылуу кайтарууну күчөтөт.
148. Темир жол транспорту менен жол жүрүүдө атайын жүк салуучу вагондорду (платформаларды) оңдоо үчүн кайтарылуучу транспорттон ажыратууга жол берилбейт. Вагон ДЕПОдо оңдолууга тийиш болгон өзгөчө учурларда вагон объекттин өкүлүнүн уруксаты менен, ал жок болсо кароолдун башчысынын уруксаты менен чиркешүүдөн ажыратылат, ал чиркешүүдөн ажыратылган вагонду кайтаруу үчүн кароолдун башчысынын жардамчысын жана бир-эки кароол сакчыны дайындайт. Кайтарылуучу транспорт оңдолуп бүткөнгө чейин кармалып турат.
Вагонду оңдоо убагында аны ачууга жол берилбейт. Вагонду (платформаны) чиркешүүдөн ажыратуу жана оңдоолор жүргүзүлгөнү тууралуу кароолдун башчысы күжүрмөн кезметтин (кызматтын) планына жазат.
149. Кароолдун башчысы транспорт каражатынын жүк салуучу бөлүгүн (вагондорду, контейнерлерди, таңгактарды) ачууга жана пломбасын алып салууга уруксатты объекттин өкүлүнө гана, атайын жүктү текшерүү зарыл болгон учурда, ошондой эле ташуу режимин бузган авария (табигый кырсык) учурларында гана берет.
Транспорт каражаттарынын жүк салуучу бөлүктөрүн ар бир ачуу жөнүндө, ошондой эле пломбалар үзүлгөндүгү, мөөрлөр бузулгандыгы, жүк салуучу бөлүктөр бузулгандыгы тууралуу кароолдун башчысы жана объекттин өкүлү эки нускада акт түзүшөт.
150. Транспорт каражатын алмаштыруу зарыл болгондо атайын жүктү кайра жүктөө объекттин өкүлүнүн уруксаты менен, эгерде ал жок болсо, жүк жөнөтүүчүнүн уруксаты менен жүргүзүлөт, бул тууралуу башчы бөлүктүн командиринен уруксат сурайт.
Атайын жүктү кароолдун өздүк курамы же ушул максатта келген объекттин кызматкерлери кайра жүктөшөт. Жүктү жүктөө-түшүрүү жумуштарын механизациялоо каражаттарын, зарыл учурда жүктөөчү жумушчуларды темир жолдун администрациясы берет. Кайра жүктөө аяктагандан кийин объекттин өкүлү же станциянын башчысы атайын жүк жүктөлгөн вагондорго пломба коёт. Транспорт каражаты алмаштырылганы жана атайын жүк кайра жүктөлгөнү тууралуу кароолдун башчысы, объекттин өкүлү жана темир жол администрациясынын өкүлү эки нускада акт түзүшөт. Биринчи нуска жүк алуучуга же жаңы кароолдун башчысына (алмашса), экинчи нуска кароолдун документтери менен бирге бөлүктүн штабына берилет.
151. Өрт чыккан, жүк кулаган же жол жүрүүгө коркунуч жаралган башка учурларда сакчы поездди токтотуучу каражаты (стоп-кран) аркылуу токтотууга чара көрөт, токтотуучу каражаты жок болсо радио (телефон) аркылуу же белгиленген сигнал менен кароолдун башчысына билдирет жана поезд бараткан тараптын оң жагынан токтотуу жөнүндө сигнал берет.
Өрт (жарылуу) поезд жүрүп баратканда келип чыкса, кароолдун башчысы тозоттон өрт же авария (жарылуу) тууралуу сигналды алаары менен кароолду "мылтык алууга" чакырат жана поездди токтотууга аракет жасайт; транспортту кайтарууну күчөтөт, сакчыны коопсуз жерге которот, жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү уюштурат; объекттин өкүлү жана поезддин бригадасы менен биргеликте өрттү өчүрүүгө кам көрөт, эгерде авариянын (жарылуунун) натыйжасында атайын жүк чачылып кетсе аны чогултууга жана жабууга чара көрөт; зарыл болгондо транспорттон курамды ажыратуу жана күйүп жаткан вагондорду коопсуз аралыкка алыстатуу боюнча чараларды көрөт. Автомобиль аварияга туш болгон учурда жүк чачылып кетсе, кароолдун башчысы объекттин өкүлү менен бирге жүктү чогултуу, авария болгон жерде жүктү кайтаруу боюнча чараларды көрөт. Объекттин өкүлү же Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери аркылуу кароолдун башчысы бөлүккө кырсык тууралуу билдирет. Авариянын натыйжасында кырсык болгон учурда, кароолдун башчысы объекттин өкүлүнүн уруксаты менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол-кайгуул кызматынын кызматкерлерине жана медицина кызматкерлерине жардам көрсөтүү үчүн автомобилге келүүгө уруксат берет.
152. Кайтарылуучу транспортко же сакчыларга кол салган учурларда кароолдун башчысы кароолду "мылтык алууга" чакырат, кайтарууну күчөтөт, кол салуу болгон жерге резервдик топтогу кароол сакчылар менен бирге өзү барат, жагдайды тактайт, транспортту коргоону уюштурат жана кол салгандардын мизин кайтаруу же кармоо боюнча аракеттерди жетектейт.
Кароолдун башчысынын жардамчысы кароолдук жайда бир кароол сакчы менен калат, документтердин сакталышын камсыздайт жана кол салуунун мизин кайтарууга жардам көрсөтөт, кароолдун башчысы жана сакчылар менен байланышта болуп турат. Кароолдун башчысы кырсык жоюлгандан кийин кайтарууну калыбына келтирет, кайтарылуучу жүктү өзү текшерет, жарадар болгондорду жакынкы дарылоо мекемесине жөнөтөт жана бөлүктүн командирине баяндама жасайт.
153. Кароолдун башчысы бардык болгон окуялар тууралуу күжүрмөн кезметтин (кызматтын) планына жазат, анда: окуя болгон жерди жана убактысын, анын мүнөзүн, кайтарылуучу жүктүн абалын көрсөтөт, ал эми кол салуу болгондо - кароолдун жана кол салгандардын арасындагы жоготуулар тууралуу; кылмыштар тууралуу жогору турган кол башчылыкка жана өзү баш ийген адамдарга билдирет.
Жолдо жүрүү учурунда кармалгандардын бардыгын кароолдун башчысы Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук жаатындагы жана Ички иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына тил кат алуу менен өткөрөт жана аларга кармоонун себептери тууралуу оозеки билдирет.
154. Жол жүрүүдө ооруп калган кароолдун курамындагы аскер кызматчыларын кароолдун башчысы жакынкы дарылоо мекемесине өткөрүп берет.
Кызматты же аскердик тартипти одоно бузган аскер кызматчысын күжүрмөн кезметти (кызматты) аткаруусуна жол берүүгө мүмкүн болбогондо, кароолдун башчысы аны алмашуучу пункттун комендантына (станциянын, аэропорттун аскер комендантына) өткөрүп берет. Курал жана ок-дарылар кароолдо калтырылат. Кароолдун башчысы ооруп калгандарды дарылоо мекемесине жөнөтүү жана күжүрмөн кезметтен (кызматтан) четтетилген аскер кызматчыларын алмашуучу пункттун комендантына (аскер комендантына) өткөрүп берүү тууралуу бөлүктүн командирине (штабдын башчысына) билдирет жана күжүрмөн кезметтин (кызматтын) планына жазат.
155. Кароолдун башчысы кароолдук жайга өзү кызмат кылган бөлүктүн командирин жана штабдын башчысын тоскоолдуксуз киргизет.
Кароолдун башчысы башка адамдарды келүү максатын, келгендердин өздүгүн документтери боюнча аныктагандан жана алардын кароолду текшерүү укугуна күбөлүгүн текшергенден кийин кароолдук жайга киргизет. Текшерүүчүлөр келгендиги тууралуу кароолдун башчысы жүктү коштоп жүргөн өкүлгө билдирет. Кароолдун башчысы объекттин өкүлү менен бирге кароолду текшерүүчү адамдарга, улуттук коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ташуу режимин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды аткаруучу кызматкерлерине, алардын кароолго кирүүгө уруксат берген документтери болгондо, кайтарылуучу транспортто жана атайын вагондо жүрүүсүнө уруксат беришет. Кайтарылуучу транспорттун вагондорун кароочу жана оңдоочу бригадалар вагондордун техникалык абалын кароо пунктунун башчысы (вагондордун улук кароочусу) алардын өздүгүн тастыктаган документин көрсөтүп, бригаданын мүчөлөрүн кароолдун башчысына тааныштыргандан кийин иштөөсүнө жол берилет.
156. Кароолдун башчысы, эреже катары поезд жүрүп бара жатканда, өзүнүн жардамчысы менен кезектешип эс алат. Кароол сакчылар кароолдун башчысынын уруксаты менен кезектешип эс алышат.
157. Дайындалган пунктка келгенде, эгер жүктү коштоочу өкүл жок болсо, кароолдун башчысы жүк алуучуга станциянын кезметчиси аркылуу жүктүн келгени тууралуу билдирет.
Кароолдун башчысы атайын жүктү алуу үчүн келген адамдын ишеним катын жана ким экендигин күбөлөндүрүүчү документин текшерет, ага тизмени (актыны), ошондой эле жол жүрүп келе жатканда вагондордун (контейнерлердин, таңгактардын) ачылгандыгы же вагондор (платформалар) кайра жүктөлгөндүгү жөнүндө түзүлгөн актылардын биринчи нускаларын берет. Жүк алуучу кароолдун башчысынын катышуусунда өткөрүп алынуучу вагондорду (контейнерлерди, таңгактарды) карап текшерип чыгат, андан кийин кароолдун башчысы жана жүк алуучу жүктү өткөрүүгө жана кабыл алууга тил катты (актыны) тариздешет. Жүк алуучу кароолдун башчысына бир жолу колдонуучу ишеним катты берет же тил каттагы (актыдагы) кол тамганы объекттин гербдүү мөөрүн басып ырастайт. Андан кийин кароолдун башчысы сакчыларды тозоттон алат. Объекттин өкүлү коштогон атайын жүктү кароолдун башчысы дайындалган пунктка жеткенде ошол өкүлгө өткөрөт. Кароолдун башчысы атайын жүк өткөрүлгөндүгү тууралуу тил кат (акт) таризделгенден кийин сакчыларды тозоттон алат.
158. Алмашуучу пункту бар темир жол станциясында кароолдун алмашуусу коменданттын (коменданттын кезметтеги жардамчысы) катышуусунда, жаңы кароолдун башчысы кароолдун башчысынын күбөлүгүн жана өздүк күбөлүгүн (аскердик билетин) көрсөткөндө жүргүзүлөт.
Эски кароолдун башчысы ага көрсөтүлгөн документтердин аныктыгына ынангандан кийин алмашууга келген кароолду кароол жайгашуучу транспорт каражатына киргизет жана жаңы кароолдун башчысына жүктүн касиеттери жөнүндө маалымат берет, тизмени (актыны) жана жол жүрүп келе жатканда транспорт каражаттарынын жүк салуучу бөлүктөрүнүн ачылгандыгы жана кайра жүктөлгөндүгү жөнүндө түзүлгөн актылардын биринчи нускаларын берет. Кароолдордун башчыларынын жардамчылары пломбалардын оттискин (мөөрлөрдүн издерин), чыгарылуучу аскердик жабдууларды тизме боюнча жана тил кат менен тапшырышат (өткөрүп алышат). Жаңы кароолдун башчысы эски кароолдун башчысы менен бирге сакчыларды алмаштырышат. Сакчыларды алмаштырууда жаңы кароолдун башчысы тизме (акт) боюнча вагондордун (контейнерлердин, таңгактардын) болушун, абалын жана тозоттордун жабдылышын текшерет. Кароолдордун башчылары кароолдун алмашкандыгы жөнүндө комендатуранын (алмашуу пунктунун) комендантына баяндама жасашат жана жүктү кабыл алуу (тапшыруу) жөнүндө тил кат тариздейт. Жаңы кароолдун башчысынын кол тамгасы кароолду жиберген бөлүктүн гербдүү мөөрү менен ырасталууга тийиш. Эгерде кароолдорду алмаштыруу учурунда жүктөн кем чыкканы, вагондордун, контейнерлердин, пломбалардын (мөөрлөрдүн) бузулганы же башка кемчиликтер аныкталса, жаңы кароолдун башчысы ал жөнүндө комендатуранын (алмашуу пунктунун) комендантына баяндама жасайт. Комендатуранын коменданты, жаңы жана эски кароолдордун башчылары аныкталган кемчиликтер жөнүндө эки нускада акт түзүшөт. Актынын бир нускасы эски кароолдун башчысына, экинчиси - жаңы кароолдун башчысына берилет. Кароолдордун башчылары актыларды башка документтер менен бирге кароолдорду дайындаган бөлүктөрдүн штабдарына өткөрүшөт.
159. Кароолдун башчысы атайын жүктү тапшыргандан кийин кароолдун куралын, ок-дарыларын, мүлкүн текшерет жана өздүк курам менен алмашуучу пунктка (объект тарабынан кароолду жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн жайга) же жакын жайгашкан Ички аскерлердин аскер бөлүгүнө, ал эми мындайлар жок болсо - бөлүккө кетүү үчүн темир жол станциясынын жүргүнчүлөр бекетине барат.
Кароолдун башчысы алмашуучу пунктка (аскердик бөлүккө) келгенде комендантка (бөлүктүн штабынын башчысына) милдеттин аткарылгандыгы жөнүндө баяндама жасайт, анын көрсөтмөсү боюнча куралдарды жана ок-дарыларды тапшырат, өздүк курамды жайгаштырат, эс алууну жана сабактарды өтүүнү уюштурат. Билеттерди алуу жана кароолду бөлүккө жөнөтүү менен байланышкан бардык маселелер алмашуучу пункттун коменданты (аскердик бөлүктүн штабынын башчысы же темир жол станциясынын, порттун аскердик коменданты) аркылуу чечилет.
160. Бөлүккө кайтып келе жатканда өздүк курам мүмкүн болушунча бир купеге жайгаштырылат. Аялдамаларда вагондон чыгууга же башка вагонго өтүп кетүүгө тыюу салынат.
Куралдар, ок-дарылар жана мүлк бир жерге топтолуп, аларды кайтаруу уюштурулат. Өздүк курамга расписание боюнча сабактар өткөрүлөт.
161. Бөлүк жайгашкан жердеги бекетке жеткенде кароолдун башчысы телефон аркылуу бөлүктүн кезметчисине жеткендиги тууралуу баяндама жасайт жана кароолду алып кетүү үчүн автомобиль чакыртат.
Кароолдун башчысы бөлүктүн кезметчисине жана бөлүкчөнүн командирине милдеттин аткарылгандыгы тууралуу баяндама жасайт, андан кийин документтерди, куралдарды, ок-дарыларды, кароолдун мүлкүн өткөрүп берет, сарпталган акча каражаттары тууралуу отчет берет. Кароолдун өздүк курамы медициналык кароодон өтөт жана мончодо жуунат.
162. Кызматтын натыйжаларын талкуулоо бөлүктү башкарган адамдар тарабынан же бөлүктүн командири (штабдын башчысы) - бөлүктүн штабынын офицеринин (бөлүкчөнүн командиринин) чечими боюнча кароол кайтып келгенден кийин эки суткадан кечиктирбестен өткөрүлөт.
Талкуунун натыйжасы жөнүндө күжүрмөн кезметтин (кызматтын) планына жазылат жана бөлүктүн командирине баяндама берилет.
163. Кароолдорду текшерүү атайын жүктү кабыл алуу (өткөрүү) пункттарында жана жүрүү маршруттарында жүргүзүлөт.
Кароол баш ийген адамдардан тышкары, кароолду төмөнкүлөр текшерет: Ички аскерлердин кол башчысынын тапшырмасы боюнча офицерлер, аскердик бөлүктүн командиринин тапшырмасы боюнча офицерлер - бөлүктүн карамагынан (бөлүкчөлөрдөн) жөнөтүлгөн кароолдор. Жүктүн сакталышын жана анын ишенимдүү кайтарылуусун текшерүү үчүн кароолго дайындалган офицердин коштоосунда кароолдун кайтаруусундагы жүк ташылган ишкананын режимдик-жашыруун органдарынын кызматкерлери жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери киргизилет. Текшерүүгө келген адамдар кароолдун башчысына кароолду текшерүү укугуна тиешелүү үлгүдөгү күбөлүгүн жана ким экендигин күбөлөндүргөн документин, ал эми темир жол станцияларынын (аэропорттордун) аскер коменданттары (алардын орун басарлары, жардамчылары) - өздүк күбөлүгүн гана көрсөтүшөт. Режимдик-жашыруун органдардын кызматкерлерин же улуттук коопсуздук органдарынын офицерлерин коштоп жүрүү үчүн бөлүктүн командири тарабынан дайындалган офицер алардын жазма буйругун жана ким экендигин күбөлөндүргөн документин текшерүүгө милдеттүү. Аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөр кароолдун башчысына берилет. Текшерүүнүн натыйжалары жана берилген көрсөтмөлөр кароолдун күжүрмөн кезметинин (кызматтын) планына жазылат, мында текшерүү жүргүзүлгөн жери же станция көрсөтүлбөйт. Сакчы бардык адамдарды, анын ичинде атайын жүктү коштоп баруучуларды атайын транспортко жана кароол жайгашкан транспортко кароолдун башчысынын (кароолдун башчысынын жардамчысынын) тескемеси боюнча гана жана анын катышуусунда кирүүгө уруксат берет.
3-глава. Коомдук коопсуздукту сактоо
164. Коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттерди аткарууга төмөнкүлөр тартылат:
- Ички аскерлердин ыкчам багыттагы аскердик бөлүктөрү - жайгашкан жерлериндеги шаарларда - ички иштер органдарынын башчыларынын чечими менен, милдеттүү түрдө Ички аскерлердин кол башчысына билдирүү менен; жайгашкан пункттарынын чегинен тышкары - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин чечими менен;
- атайын багыттагы аскердик бөлүктөр (бөлүкчөлөр) Ички аскерлердин кол башчысынын чечими менен;
- Ички аскерлердин окуу бөлүктөрү өзгөчө учурларда Ички аскерлердин кол башчысынын чечими менен.
165. Коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кызмат өтөө үчүн күчтөрдү жана каражаттарды бөлүүнүн ченеми Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан белгиленет.
Ички аскерлердин өздүк курамы коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кызмат өтөөгө аскердик бөлүктөр жайгашкан жери боюнча ички иштер органдарынын башчылары аныктаган күндөрдө жана убакытта, бөлүкчөлөр ички иштер органдарына (массалык иш- чараларды өткөрүү объектине) келген учурдан баштап бөлүккө кеткен учурга чейин жумасына беш жолудан ашык эмес күнүнө 6 сааттан тартылышат. Абал татаалдашканда ички иштер органдарынын башчыларынын чечими боюнча жана Ички аскерлердин кол башчысы менен макулдашуу боюнча аскердик наряддын кызматы узартылышы мүмкүн. Ар бир айга бөлүктүн штабы ички иштер органдары менен бирге өздүк курамды коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кызматка пайдалануунун планын иштеп чыгат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: бөлүкчөлөр карамагына жөнөтүлүүчү ички иштер органдары; бөлүнүүчү өздүк курамдын, транспорттун саны; кызмат өтөө күндөрү жана убактысы; окуу, парктык-чарбалык жана эс алуу күндөрү; ички иштер органдары менен биргелешип өткөрүлүүчү машыгуулардын, окуулардын убактысы жана орду. Планга аскердик бөлүктүн командири, аскердик бөлүктөр жайгашкан жери боюнча ички иштер органдарынын башчыларынын орун басарлары кол коюшат жана Ички аскерлердин кол башчысы жана облустардын ички иштер органдарынын башчылары бекитишет. Өзгөчө абал учурунда Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүнүн кызмат өтөө убактысы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан аныкталат.
166. Аскердик бөлүктөрдүн өздүк курамы аймактык ички иштер органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу жана ыкчам абалды терең изилдөө максатында бөлүкчөлөр (рота, взвод) калктуу конуштун конкреттүү секторунда, районунда жана участокторунда кайгуул кызматын туруктуу өтөө үчүн белгилүү бир мөөнөткө бекитилиши мүмкүн. Бул бөлүкчөлөрдүн командирлери ички иштер органдарынын тиешелүү башчылары менен тыгыз байланышта иш алып барып, бекитилген аймакта ыкчам абалды жакшы билиши керек жана аскердик наряддарды жайгаштырууну, кызмат өтөөнүн тартибин макулдашуулары керек.
Бирок бөлүкчөлөрдүн мындай бекитилиши алардын ыкчам абалдын өзгөрүшүнө жараша кеңири маневр жасашына тоскоол болбошу керек. Ички аскерлердин бөлүктөрүнүн жана бөлүкчөлөрүнүн күчтөрү менен маневр жасоо кайгуул кызматын күчөтүү үчүн аларды белгилүү бир райондордо топтоштуруу максатында ишке ашырылат. Бардык учурларда маневр ички иштер органдарынын башчысы бекиткен бөлүктүн командиринин планына ылайык жүргүзүлөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- маневрдын максаты жана милдеттери;
- өздүк курамдын жана аскердик наряддардын саны;
- канча мезгилдин аралыгында алар кызмат өтөөгө тийиш;
- кайгуул жүргүзүү маршруттарында кызматтын башталган жана аяктаган убактысы;
- аскердик наряддарды башкаруу жана кызмат өтөөнү контролдоо тартиби;
- материалдык-техникалык камсыздоо.
Аскердик наряддарды бир райондо бир нече саатка топтоо зарыл болсо, алар нускама өткөрүлгөндөн кийин же белгиленген башка убакта көрсөтүлгөн районго барып, ал жерде белгилүү бир мезгилдин аралыгында кызмат өтөшөт, андан кийин алар бекитилген маршруттарга кайтышат. Улук ыкчам башчы күчтөрдү жана каражаттарды калктуу конуштун аймагында кайгуул кызматына комплекстүү пайдалануунун схемасынын, кайгуулдун (тозоттордун) маршруттарынын картасынын бир нускасын аскердик бөлүккө жиберет.
167. Аскердик наряддардын өздүк курамынын форма кийимдеринин комплекти, куралдары жана жабдыктары аскердик бөлүктүн командири тарабынан ар бир суткага белгиленет. Коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча аскердик наряддарды ок атуучу куралдар менен куралдандыруу жөнүндө чечимди улук ыкчам башчы Ички аскерлердин кол башчысы менен макулдашуу боюнча кабыл алат.
Кол кишендер жана байлоочу каражаттар (узундугу 1 м капрон жип) аскердик наряддарга бөлүктүн командиринин чечими менен берилет. Кайгуул кызматын өтөө үчүн форма кийимдерин, жабдыктарды Ички аскерлердин кол башчысы аныктайт. Аткарылуучу милдеттердин мүнөзүнө жараша аскердик нарядга төмөнкүлөр кошумча берилиши мүмкүн:
- электромегафон;
- противогаз же респиратор:
- металл издөөчү кол каражаты;
- жеке коргонуучу, активдүү коргонуу каражаттары жана атайын операцияларды камсыз кылуу үчүн каражаттар.
Андан тышкары, аскердик наряддын наамы боюнча улук кызматчысына: кызматтык күбөлүк, белгиленген кызматтын төш белгиси, жеке номерлүү бейжик жана жетон, кызматтык баштык, маршруттун карточкасы, кайгуулдун контролдук барагы, кызматтык блокнот, калем (карандаш), издөөдөгү кылмышкерлердин сүрөттөрү, болжолдуу маалыматтар, уурдалган автотранспорт каражаттары тууралуу маалыматтар, радиостанция берилет. Аскердик наряддар боюнча кезметчи бөлүктүн штабынан (ротанын командиринен) кайгуул ведомостун алат.
168. Бөлүштүрүү үчүн аскердик наряддардын өздүк курамы жайылма сапта же кайгуул бөлүкчөлөрүнүн колонналарынын линиясына тизилишет. Кайгуул транспорту ал үчүн бөлүнгөн орунда жайгашат.
Өздүк курамдын кызматка даярдыгы текшерилгенден кийин бөлүктүн командири же анын орун басарларынын бири кызматка чыгууга буйрук берет, мисалы: "Кылмыштарды жана коомдук тартипти бузууларды өз убагында алдын алууну, бөгөт коюуну камсыз кылуу милдети менен шаардагы коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кызматка киришүүгө буйрук кылам. Кызмат өтөө учурунда мыйзамдуулукту так сактап, жарандар менен мамиле түзүүдө жогорку кыраакылык, калыстык жана сыпайылык көрсөтүп, кызмат өтөө тартибин жана аскердик тартипти бузууларга жол берилбесин. Кызматты саат 16.00дөн саат 22.00гө чейин өтөгүлө".
169. Өздүк курамды ташыган автомобилдер аскердик бөлүктөн ички иштер органдарына бара жатканда жана кайра келе жатканда колонна менен жүрүшөт.
Бөлүктүн командири белгилеген пункттарда бөлүкчөлөрдүн өздүк курамын ташыган автомобилдер колонналардан чыгып, аларга көрсөтүлгөн ички иштер органдарына барышат. Күжүрмөн кызматка кирүү алдында аскердик наряддарга нускамаларды аймактык ички иштер органдарынын жетекчилери жана катардагы бөлүкчөлөрдүн командалык курамы өткөрүшөт. Нускама өтүүнүн жүрүшүндө тейленүүчү аймактагы ыкчам абал, ар бир маршрутта (тозотто) кызмат өтөөнүн милдеттери, тартиби жана өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлөт, андан тышкары өткөн сутка ичинде наряддардын кыймыл аракетине жана кызматтын натыйжасына баа берилет. Кайгуул автомобилдерин токтотчу жер ички иштер органынын тосулган аймагында же айдоочунун кайтаруусунда уюштурулат.
170. Коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча күжүрмөн кызмат өтөө мезгилинде бөлүкчөлөргө жетекчиликти бөлүктүн командиринин, анын орун басарларынын же бөлүмдөрдүн жана кызматтардын башчыларынын атынан ыкчам кезметчи (кол башчылыктын атынан жооптуу) жүзөгө ашырат.
Ал аскердик наряддардын кызматка даярдыгына, бөлүкчөлөрдүн ички иштер органдарына өз убагында келишине, коюлган милдеттердин толук жана сапаттуу аткарылышына, кызматтагы аскердик тартиптин абалына, өздүк курам тарабынан мыйзамдуулуктун так сакталышына жооп берет. Ыкчам кезметчи (кол башчылыктын атынан жооптуу) төмөнкүлөргө милдеттүү:
- шаардагы ыкчам абалды, улук ыкчам башчы берген милдетти жана бөлүктүн командиринин милдетти аткаруу боюнча чечимин билүүгө;
- өздүк курам милдетти аткаруучу жерге баратканда коопсуздук эрежелерин камсыз кылууга;
- аскердик наряддар боюнча кезметчилердин, кайгуул топторунун башчыларынын жана кайгуулдардын (тартипти сактоо тозотторунун) кызмат өтөөсүн текшерүүгө, ал жөнүндө кызматтык документтерге жазууга;
- шаардык ички иштер органынын кезметчиси менен ар дайым байланышта болууга, аны менен кайгуул кызматын өтөгөн райондогу абал жөнүндө маалымат алмашып турууга, зарыл болсо шаардык ички иштер органынын башчысынын чечими боюнча күчтөр жана каражаттар менен маневр жасоого;
- аскердик наряддар боюнча кезметчилерден баяндамаларды алууга, кызмат аяктагандан кийин өздүк курамды, куралды, ок- дарыларды, мүлктү текшерүүгө жана кызматтын жыйынтыгын чыгарууга;
- бөлүктүн командирине кызматтын натыйжалары жөнүндө баяндоого.
171. Коомдук тартипти сактоо боюнча аскердик наряддардын түрлөрү жана алардын багыты:
- кайгуул - маршрутту айланып өтүү жана анын айрым участокторун кароо аркылуу милдетти аткарган үч же андан көп аскер кызматчыларынан турган көчмө наряд;
- кайгуул жүргүзүү маршруту - көз көрүүчү жана кулак угуучу аралыктагы жанаша аймактан белгиленген баруучу жол. Маршруттун узактыгы: жөө кайгуул жүргүзүүчүлөр үчүн - 1,5 км чейин, автомобилдер үчүн - 8 км чейин болушу мүмкүн. Кызмат өтөөнүн шартына жана жагдайына жараша маршруттун узактыгы көбөйтүлүшү же азайтылышы мүмкүн;
- тартипти сактоо тозоту - радиусу 300 м ашпаган аймактын (объекттин) белгилүү бир участогуна үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү жолу менен милдетти аткарган, курамы үч же андан көп аскер кызматчыларынан турган аскердик наряд;
- контролдук-өткөрмө пунктундагы наряд - транспорт каражаттарынын жана жөө адамдардын өтүү режимин камсыз кылуу же кыймылын чектөө боюнча милдетти аткарган, курамы үч же андан көп аскер кызматчыларынан турган аскердик наряд;
- аскердик чынжырча - жарандардын ал жерге башаламан өтүүсүнө жол бербөө, ошондой эле жарандардын өтүүсү үчүн багыт берүүчү жолдорду жана массалык иш-чаралар жана көрүүчүлөр жайгашкан жерлерде участоктордун чегин ажыратуучу төрт бурчтуктарды түзүү максатында районду (жердин участогун) курчап туруу боюнча милдеттерди аткарган бөлүмчөдөн ротага чейинки сандагы аскердик чынжырча. Аскердик чынжырчалар төмөнкүдөй болушу мүмкүн: күчөтүлгөн - аскер кызматчыларынын ортосундагы аралык - 1 метрге чейин; кадимки - аскер кызматчыларынын ортосундагы аралык - 1-2 метр; сейрек - аскер кызматчыларынын ортосундагы аралык - 2 метрден ашык болот. Чынжырчанын курамына ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана коомчулуктун күчтөрү киргизилиши мүмкүн. Көчөлөрдү жапканда аларды күчөтүү үчүн автомобилдер, көчмө тосмолор, аркандар жана башка каражаттар колдонулушу мүмкүн.
Коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттерди аткарууда Ички аскерлердин аскер кызматчыларына ушул Уставга ылайык аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу укугу берилет. Коомдук тартипти сактоо боюнча кызматка туруучу аскердик наряддын өздүк курамына нускамалык сабактарды өткөрүүнүн болжолдуу планы Ички аскерлердин кол башчысынын чечими менен бекитилет.
172. Ички аскерлердин аскер кызматчылары коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттерди аткарууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жарандардын белгиленген коомдук тартипти сактоосун камсыз кылууга;
- кайгуул жүргүзүү маршруттарында (тозоттордо, кызмат өтөгөн жерлерде) жана ага жакын жерлерде кылмыштардын жана коомдук тартип бузуулардын алдын алууга жана чечкиндүү түрдө бөгөт коюуга;
- мыйзамдуулукту кынтыксыз сактоого, жарандарга сылык мамиле жасоого;
- кылмыш жасаган же коомдук тартипти одоно бузган жарандарды ички иштер органына жеткирүүгө;
- транспорт каражаттарын айдоочулардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузуусуна бөгөт коюуга;
- кылмыштын же күтүлбөгөн кылмыштын кесепетинен жабыркаган, ошондой эле коомдук жайларда алсыз абалда калган адамдарга жардам көрсөтүү чараларын көрүүгө.
173. Коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттерди аткаруу учурунда Ички аскерлердин аскер кызматчыларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- дипломаттык кол тийбестиги бар чет өлкөлүк жарандарды кармоого жана аларды ички иштер бөлүмдөрүнө алып келүүгө;
- дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн, чет өлкөлүк жарандардын, кол менен башкарылуучу, ошондой эле колонна менен бараткан, жарылуучу жана кооптуу жүктөрдү ташыган автомобилдерди пайдаланууга;
- коомдук тартипти бузуп кармалгандардан (кылмышкерлерден) улук башчынын уруксатысыз кандайдыр бир нерселерди алууга же берүүгө;
- алар баш ийген адамдардан башка кимдир бирөөлөргө куралын берүүгө;
- телефон жана радиостанция аркылуу кызматка тиешеси жок сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
- милдеттер аткарылуучу районду (жерди) өз алдынча таштап кетүүгө;
- кызматка тиешеси жок маселелер боюнча жарандар менен сүйлөшүүгө;
- кызматтык автотранспортто бөтөн адамдарды салып жүрүүгө.
174. Кайгуул кызматын өтөө үчүн ички иштер органына аскердик бөлүктөн взводдон ротага чейинки бөлүкчө бөлүнөт, аны аскердик наряддар боюнча кезметчи жетектейт.
Аскердик наряддар боюнча кезметчи жана анын жардамчылары офицерлерден же прапорщиктерден дайындалат. Бир бөлүмдөн бөлүнгөн коомдук тартипти сактоо кайгуулдары жана тозоттору кайгуул тобуна бириктирилет, алардын негизин радиостанциясы бар автомобиль менен жүрүүчү кайгуул түзөт. Кайгуул тобуна бир нече маршрутту камтыган участок (кызмат өтөөчү жер) белгиленет. Кайгуул тобунун башчысы болуп прапорщик же сержант дайындалат.
175. Аскердик наряддар боюнча кезметчи коюлган милдеттердин так аткарылышына, кызмат өтөп жаткан райондо коомдук коопсуздуктун ишенимдүү камсыздалышына, аскердик даярдыгына, аскердик тартиптин абалына, аскердик наряддардын өздүк курамы кызматты туура өтөөсүнө жана мыйзамдуулукту сактоосуна; карамагындагы куралдын, кайгуул транспортунун, байланыш каражаттарынын жана башка мүлктүн сакталышына жана туура пайдаланылышына, ички иштер органдарынын, шаардык милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана милициянын ыйгарым укуктуу участкалык кызматкерлери менен өз ара аракеттенүүдө болуусуна жооп берет.
Аскердик наряддар боюнча кезметчи аскердик бөлүктүн командирине, анын орун басарларына жана аскердик бөлүк боюнча кезметчиге баш иет, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кызмат өтөөдө ички иштер органынын башчысынын жана кезметчисинин ыкчам башкаруусунда болот. Аскердик наряддар боюнча кезметчи төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ички иштер бөлүмүнө кызматка бөлүнгөн бөлүкчөлөр менен өз убагында келүүгө, абалды жана аскердик наряддардын милдеттерин, кызмат аяктагандан кийин чогулуучу жерди жана убакытты тактоого;
- кайгуул топторуна (аскердик наряддарга) милдеттерди коюуга жана аларды кызмат өтөөчү участокторго (маршруттарга, жерлерге) жиберүүгө;
- аскердик наряддарды билгичтик менен башкарууга, алардан мыйзамдуулукту бекем сактоону жана өз милдеттерин так аткарууну талап кылууга;
- транспорт каражаттарын жана байланыш каражаттарын пайдалануу аркылуу аскердик наряддардын кызмат өтөөсүнө контроль жүргүзүүгө;
- шаардык милиция бөлүмдөрүнүн, милициянын ыйгарым укуктуу участкалык кызматкерлеринин жайгашкан жерлерин, милиция кызматкерлеринин кызмат өтөөсүн жана милдеттерин билүүгө жана алар менен тыгыз байланышта өз ара аракеттенүүгө;
- аскердик наряддар тарабынан кызмат өтөөнүн натыйжалары жөнүндө ыкчам кезметчиге (бөлүк боюнча кезметчиге) ар бир эки саат сайын, ал эми окуялар же жарандардын жасалган кылмыштар жөнүндө арыздары тууралуу ички иштер органы боюнча кезметчиге токтоосуз баяндама жасап турууга;
- аскердик наряддардын кызматын текшерүүгө укуктуу кызмат адамы келгенде, аскердик наряддар боюнча кезметчи (кайгуул тобунун, аскердик наряддын башчысы) ага төмөнкүдөй баяндама жасайт, мисалы: "Жолдош майор. Коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кызмат өтөө учурунда маршруттарда (тозоттордо) окуялар жана тартип бузуулар болгон жок (же төмөнкүлөр болду...). Аскердик наряддар боюнча кезметчи лейтенант Адылов";
- ички иштер органдары боюнча кезметчи менен бирге ар бир аскердик наряддын кызмат өтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарууга жана ага баа берүүгө.
Аскердик бөлүккө кайтып келгенде аскердик наряддар боюнча кезметчи ыкчам кезметчиге (бөлүк боюнча кезметчиге) милдеттер аткарылгандыгы жөнүндө баяндама жасайт, кызматтык документтерди толтурат, өздүк курамдын куралдарды, ок-дарыларды, байланыш каражаттарын жана жабдыктарды тапшыруусун контролдойт. Аскердик наряддар боюнча кезметчиге жол жүрүү баракчасында көрсөтүлбөгөн адамдарга кайгуулдун автомобилдерин башкарууга жол берүүсүнө, ошондой эле ыкчам кезметчинин уруксаты жок аскердик наряддардын курамын жана кызмат өтөөнүн маршруттарын (жерлерин) өзгөртүүгө уруксат берилбейт.
176. Кайгуул тобунун башчысы коюлган милдеттердин так аткарылышына, кызмат өтөп жаткан участокто коомдук коопсуздуктун ишенимдүү камсыздалышына, аскердик даярдыгына, аскердик тартиптин абалына, аскердик наряддардын өздүк курамы кызматты туура өтөөсүнө жана мыйзамдуулукту сактоосуна; карамагындагы куралдын, кайгуул транспортунун, байланыш каражаттарынын жана башка мүлктүн сакталышына жана туура пайдаланылышына; ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик кошуундар, шаардык милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана милициянын ыйгарым укуктуу участкалык кызматкерлери менен өз ара аракеттенүүдө болуусуна жооп берет.
Кайгуул тобунун башчысы аскердик наряддар боюнча кезметчиге баш иет, ал төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ыкчам абалды, кызмат өтөөчү жерлерди жана кайгуулдун (коомдук коопсуздукту камсыздоо тозотторунун) милдеттерин билүүгө, аскердик наряддар боюнча кезметчи менен үзгүлтүксүз байланышта болууга жана коңшу аскердик наряддар, ички иштер органдары, милициянын ыйгарым укуктуу участкалык кызматкерлери, шаардык милиция бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүгө;
- аскердик наряддарга милдеттерди коюуга жана аларды кайгуул жүргүзүү маршруттарына (кызмат өтөөчү жерлерге) коюуга;
- кайгуулдардын (коомдук коопсуздукту камсыздоо тозотторунун) кызмат өтөөсүн текшерүүгө, ал эми маршрут боюнча баратканда автокайгуулдун башчысынын милдеттерин аткарууга;
- кайгуул сакчылардын аскердик тартипти, белгиленген форма кийиминин, аскердик сылыктык жана учурашуу эрежелерин сактоосун көзөмөлдөөгө;
- кайгуул тобунун өздүк курамынын жеке коопсуздуктун чараларын сактоосу боюнча чараларды көрүүгө;
- аскердик наряддар боюнча кезметчиге кызмат өтөөнүн жүрүшү тууралуу ар бир саат сайын, ал эми кызмат өтөө участогунда болгон бардык окуялар жана кылмыштар жөнүндө токтоосуз баяндоого;
- кызмат аяктагандан кийин кайгуул тобунун өздүк курамын чогултууга жана аскердик наряддар боюнча кезметчиге аткарылган милдеттердин натыйжалары жөнүндө баяндоого.
Кайгуул тобунун башчысына жол жүрүү баракчасында көрсөтүлбөгөн адамга кайгуул автомобилин башкарууга жол берүүсүнө, ошондой эле ыкчам кезметчинин уруксаты жок аскердик наряддардын курамын жана кызмат өтөөнүн маршруттарын (жерлерин) өзгөртүүгө уруксат берилбейт.
177. Коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча аскердик наряддын башчысы коюлган милдеттердин так аткарылышына; кызмат өтөө маршрутунда (тозотто) коомдук коопсуздуктун ишенимдүү камсыздалышына; аскердик даярдыгына, аскердик тартиптин абалына, аскердик наряддардын өздүк курамы кызматты туура өтөөсүнө жана мыйзамдуулукту сактоосуна, карамагындагы куралдын, байланыш каражаттарынын жана башка мүлктүн сакталышына жана туура пайдаланылышына; коңшу аскердик наряддар, ички иштер органдарынын кызматкерлери жана милициянын участкалык инспекторлору менен өз ара аракеттенүүдө болуусуна жооп берет.
Аскердик наряддын башчысы кайгуул тобунун башчысына баш иет жана төмөнкүлөргө милдеттүү: кызмат өтөө маршрутундагы (жердеги) абалды; наряддын милдети жана аны аткаруунун тартибин билүүгө; наряддагы адамдардын иш-аракеттерине ар дайым жетекчилик кылууга жана алардан аскердик тартипти, мыйзамдуулукту сактоону, жарандарга сылык жана кылдат мамиле кылууну, өзүнүн милдеттерин жакшы билүүсүн жана так аткаруусун талап кылууга, башка аскердик наряддар, ички иштер органдарынын кызматкерлери жана милициянын ыйгарым укуктуу участкалык кызматкерлери менен туруктуу өз ара аракеттенүүгө. Аскердик наряддын улук кызматкерине кайгуул тобунун улук кызматкеринин уруксатысыз кызмат өтөө маршрутун (жерди) өзгөртүүгө уруксат берилбейт.
178. Аскердик наряддар боюнча кезметчи ички иштер органына келгенде улук башчыга баяндама жасайт, мисалы: "Жолдош подполковник. 50 адам, алты автомобилден турган аскердик наряд коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызмат өтөө үчүн келди. Аскердик наряд боюнча кезметчи лейтенант Кадыркулов" жана ага кайгуул ведомостун берет.
179. Ички иштер органынын башчысы же анын ордун алмашуучу адам, өздүк курамга аймактагы абал жөнүндө маалыматтарды жеткирет, аскердик наряддардын милдеттерин тактайт, кайсы маршруттарга жана эмнелерге өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилейт, милиция кызматкерлеринин кызмат өтөөчү жерлерин жана милдеттерин, алар менен, ошондой эле милициянын ыйгарым укуктуу участкалык кызматкерлери менен байланышуу жана өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт.
180. Кайгуул тобунун башчысы өздүк курам менен ага көрсөтүлгөн участокко келип, кайгуулдарды маршруттарга бөлүштүрөт жана жеринде алардын ар бирине милдетти жана аткаруунун өзгөчөлүктөрүн тактайт. Андан кийин, автокайгуулдун милдетин аткаруу менен бирге аскердик наряддарды текшерет, абалдын өзгөрүүсүн көзөмөлдөп турат, милициянын ыйгарым укуктуу участкалык кызматкерлери, милиция кызматкерлери менен өз ара аракеттенүүдө болуп, зарыл учурларда аларга көмөк көрсөтөт. Милдетти аткаруунун жүрүшү тууралуу аскердик наряддар боюнча кезметчиге баяндама жасайт.
181. Кызматка турууда кайгуул төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш: ыкчам абалды жана маршруттун (тозоттун) өзгөчөлүгүн; коңшу кайгуулдардын, милиция кызматкерлеринин кызмат өтөөчү жерлерин, көчөлөрдүн, чолок көчөлөрдүн, туюк көчөлөрдүн, өтүүчү короолордун жайгашуусун, скверлердин, бакчалардын жана башка объекттердин пландарын, элдер көп чогулуучу жерлерди, ички иштер органдарынын жана шаардык байланыш тармагынын жакынкы атайын телефон номерлерин; мекемелердин, өнөр жай, соода жана оюн-зоок ишканаларынын, коомдук уюмдардын жана транспорттун иштөө убактысын; кылмышкерлердин (укук бузуучулардын) жүрүүсү (жашынуусу) ыктымал болгон жерлерин, алардын качып кетүү үчүн колдонушу мүмкүн болгон жолдорду жана аларды жабуу ыкмаларын.
182. Кызмат өтөөдө кайгуул белгиленген маршрут боюнча жүргөн учурда укук бузууларды өз убагында табуу жана аларга бөгөт коюу, кылмышкерлерди, алардын шериктерин, кылмыштын изин, буюм далилдерди табуу максатында жарандардын жүрүм-турумуна дыкат байкоо жүргүзөт, ошондой эле аймакты жана анда жайгашкан объекттерди ирети менен карап чыгат.
Кайгуул банктарга, сактык кассаларына, дүкөндөргө, кампаларга жана базаларга тез-тез келип турган жана алардын иштөө режимине, кайтаруусунун уюштурулушуна, терезелердин, эшиктердин, кулпулардын жана тосмолордун абалына кызыккан жарандарга; шектүү жана тынчсыздануу жараткан адамдарга; скверлерде, короолордо, үйлөрдүн кире беришинде жана башка жерлерде чогулган жарандардын топторуна; дүкөндөрдүн жана баалуулуктар сакталуучу башка мекемелердин эшиктеринин, витриналарынын, терезелеринин бүтүндүгүнө, ошондой эле өрт белгилеринин пайда болушуна коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурат. Кызмат өтөөнүн абалы жана натыйжалары жөнүндө кайгуулдун башчысы кайгуул тобунун башчысына саат сайын, ал эми зарыл болгон учурда токтоосуз баяндама берип турат.
183. Автомобиль (мотоцикл) менен жүргөн кайгуул белгиленген жерлерде графикке ылайык 20-30 мүнөткө кыска убакытка токтоп, маршрутту айланып өтүү менен кызматты өтөйт.
Автокайгуулдун башчысы ар бир кайгуулга байкоо жүргүзүүчү секторду белгилейт, ал эми айдоочуга жол жүрүү маршрутун көрсөтөт. Автокайгуул 50 км/с ашпаган ылдамдыкта жүрөт, укук бузуучуларды куугунтуктоодо же окуя болгон жерге тезинен баруу үчүн гана ылдамдыкты жогорулатууга жол берилет. Жол жүрүү учурунда кайгуул сакчылар абалга автомобилден байкоо жүргүзүшөт. Кайгуулдун башчысы укук бузууларды токтотуу үчүн, ошондой эле жөө кайгуул жүргүзүү учурунда кыска мөөнөткө токтотуп иш жүргүзөт, ал убакытта кайгуул сакчылар токтотуу пункттарында автомобилден 200-300 метрге чейин алыстап, маршруттун карточкасында көрсөтүлгөн жерлерди карап чыгышат. Айдоочу машинада калып, аскердик наряд боюнча кезметчи, жөө кайгуул сакчылар менен радиобайланышта болуп, жанаша аймакка байкоо жүргүзүп турат.
184. Милдетти аткаруу учурунда кайгуул сакчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кызматты кыраакылык менен өтөөгө, байкалган коомдук коопсуздукту бузуулар жөнүндө кайгуулдун башчысына баяндама жасоого;
- кайгуулдун башчысынын буйруктарын так жана тез аткарууга жана анын уруксатысыз эч жакка кетпөөгө;
- маршрутта болгон байланыш (сигнализация) каражаттарын билгичтик менен колдонууга;
- курал менен кызмат өтөөдө аны ар дайым даярдыкта алып жүрүүгө.
Кызмат өтөө учурунда автомобиль менен жүрүүчү кайгуул сакчыларга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- бөтөн адамдарды (укук бузгандыгы үчүн кармалган адамдардан тышкары) жана жүктөрдү салып жүрүүгө, ошондой эле автомобилди (мотоциклди) кароосуз калтырууга.
- автомобилди (мотоциклди) кайсы болбосун башка адамга башкарууга берүүгө;
- кармалган адамдарды автомобилде кароосуз калтырууга.
185. Аскердик наряд маршрутту төмөнкү учурларда убактылуу калтырууга укуктуу:
- кайгуул жүргүзүү маршрутунун чегинен тышкары жердеги тартипти калыбына келтирүү же кылмышка бөгөт коюу зарыл болгон учурда;
- жашынып жүргөн кылмышкердин артынан түшүү үчүн;
- кармалган кылмышкерди же коомдук коопсуздукту бузган адамды ички иштер бөлүмүнө жеткирүү үчүн;
- коңшу аскердик наряддарга, милиция кызматкерлерине жана ыкчам кызматкерлерге көмөктөшүү үчүн;
- окуялардын, кылмыштын, табигый кырсыктын же кырсыктардын кесепетинен жабыркаган адамды, ошондой эле көчөдө же башка коомдук жайда жардамга муктаж абалда калган адамды жакын жайгашкан медициналык мекемеге жеткирүү үчүн;
- өрттү жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүү үчүн;
- окуя болуп кеткен жерди кайтаруу үчүн;
- адашып кеткен баланы өспүрүмдөр боюнча инспекция бөлүмүнө жеткирүү үчүн.
Маршрутту таштап кеткендиги жана ага кайтып келгендиги тууралуу кайгуулдун башчысы кайгуул тобунун башчысына же аскердик наряддар боюнча кезметчиге баяндама жасайт.
186. Аскердик наряддын адамдары жарандар менен баарлашууда сылык, адилет жана сыпайы болушу керек, өзүнүн эскертүүлөрүн жана талабын так, ишенимдүү түшүндүрүп, ошол эле учурда жарандарды басынткан, ар-намысына жана аброюна шек келтирген аракеттерге жол бербеши керек.
Жарандарга кайрылууда кайгуулдун башчысы (кайгуул сакчы) колун баш кийимине такоо менен, өзүнүн аскердик наамын, фамилиясын айтып учурашуусу керек, мисалы: "Саламатсызбы! Кайгуул тобунун башчысы сержант Абдылдаев", андан кийин колун түшүрүп, кайрылуунун себебин же максатын түшүндүрөт жана абалга жараша аракет жасайт. Жаран кайрылган учурда кайгуулдун башчысы (кайгуул сакчы) колун баш кийимине такоого, өзүнүн наамын жана фамилиясын айтууга милдеттүү, андан кийин колун түшүрүп, жаранды көңүл буруп угуп, керектүү чараларды көрүп же коюлган маселени чечүү үчүн тийиштүү жерлерге кайрылуу керектигин түшүндүрөт.
187. Жарандардан жасалган кылмыш жөнүндө маалымат түшкөндө кайгуулдун башчысы абалды тактайт жана кызмат китепчесине төмөнкүлөрдү жазып алат: кайда, качан, кандай учурда жана кайсы кылмыш жасалды; кылмышты ким жасады (ким шектелүүдө) жана анын өң-келбетинин белгилери; көргөндөр барбы жана алар жөнүндө маалымат барбы; жабырлануучу кандай абалда, ага жардам көрсөтүлдүбү; кылмыш жөнүндө кабар берген адамдын аты-жөнүн. Алынган маалыматтар тууралуу кайгуулдун башчысы кайгуул тобунун башчысына баяндама жасайт жана анын көрсөтмөсү боюнча иш алып барат.
188. Жасалган кылмыш жөнүндө маалыматтарды алгандан кийин кайгуулдун башчысы бул тууралуу кайгуул тобунун башчысына баяндама жасайт жана өзү кылмыш болгон жерге токтоосуз барып, кылмышка, укук бузууларга бөгөт коюу боюнча чечүүчү чараларды көрөт; шектүүлөрдү куугун кулууну, кармоону жана жабырлануучуга жардам көрсөтүүнү уюштурат; күбөлөрдү (күбөнү) тактайт жана алардын даректерин жазат; окуя болгон жерди кайтарууга алат жана көрүлгөн чаралар жөнүндө кайгуул тобунун башчысына баяндама жасайт.
189. Шектүүлөрдү куугунтуктоо бардык күчтү жумшап, өжөрлүк менен, чечкиндүү кадамдарга барып, алар кармалганга чейин жүргүзүлөт.
Шектүүлөрдү куугунтуктоо учурунда кайгуул өз алдынча жана демилгелүү иш алып барат, бул учурда коопсуздук чараларын сактап, этият болууга тийиш, зарыл болсо элдик кошуундарды же ошол жердеги жарандарды жардамга чакырууга болот. Шектүүлөрдү куугунтуктоо учурунда окуя болгон жерди кайтаруу коңшу кайгуулдардын же жарандардын жардамы менен уюштурулат. Эгерде абал шектүүлөрдү куугунтуктоого мүмкүнчүлүк бербесе же максатына жетишпей калса, кайгуул ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу келгенге чейин же кайгуул тобунун башчысынын тескемесин алганга чейин эч кайда кетпей кылмыш болгон жерде болууга тийиш.
190. Окуя болгон жерде жабырлануучу табылса, кайгуул ага дарыгерге чейинки жардамды көрсөтөт жана аны медициналык мекемеге жөнөтөт.
Жабырлануучунун табылган абалы (колунун, бутунун, башынын абалы) окуя болгон жерде (бор, көмүр же кандайдыр бир башка нерсе менен) белгиленет. Ыкчам-тергөө тобу келгенге чейин өлүк кылмыш болгон жерден алынбайт.
191. Кайгуул сакчылар окуя болгон жерде биринчи кезекте убакыттын өтүшү менен жок болуп же өзгөрүп кетиши мүмкүн болгон жагдайлар жөнүндө маалыматты эстеп калууга жана алар тууралуу тиешелүү жазууларды жазып алууга милдеттүү.
Кылмыш кылууда колдонулган куралдардын, издердин жана башка далил буюмдардын сакталышын жана алардын өзгөрбөгөн абалда болуусун камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Жасалган кылмыштын жагдайын сактоо үчүн жабырлануучулар жана бөтөн адамдар окуя болгон жерден далил буюмдарды жок кылууга же бузууга жол бербеген аралыкка чыгарылат. Окуя болгон жердин чектери көрүнөө көрсөткүчтөр менен белгиленет. Зарыл учурларда окуя болгон жерлер курчалат, ал үчүн көчө тазалаган жумушчулар, кароолчулар же башка жарандар тартылат. Жамгыр, шамал, кар жана башка факторлордун таасиринен издердин жана далил буюмдардын жоголуп кетүү коркунучу жаралган учурда кайгуул ички иштер органынын ыкчам-тергөө топтору келгенче аларды сактап туруу чараларын көрөт.
192. Кайгуулдун башчысы окуя болгон жердеги жарандарды сурамжылоо жолу менен кылмышка күбө адамдарды аныктайт, кылмышкерлердин санын, сырткы келбетин жана өзгөчө белгилерин, алардын из жашырган багыттарын, кандай транспорт каражаттарын пайдаланышканын аныктайт; окуя болгон жердеги абалды ким, кантип жана кандай максатта (эгер бул аныкталса) өзгөрткөндүгүн тактайт.
Кайгуулдун башчысы кылмышкерлер же кылмыш жөнүндө маалымат бериши мүмкүн болгон күбөлөр жана жарандар аныкталганда аларды зарыл учурда ички иштер органына (милицияга) чакырат, алардын аты-жөнүн, телефондорунун номерин (кызматтык жана үй), жүйөлүү себептери боюнча бара албагандардын даректерин жазып алат.
193. Окуя болгон жерге ыкчам кызматкерлердин же тергөөчүнүн келиши менен кайгуулдун башчысы аларга ошол кылмышка тийиштүү маалыматтарды, көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирет жана жагдайга жараша аларга жардам көрсөтөт же өзүнүн маршрутунда (участогунда) кызмат өтөөсүн калыбына келдирет.
194. Кызмат өтөгөн райондо куралчан кылмышкер, же издөөдө жүргөн кылмышкерге белгилери окшош адам пайда болсо, кайгуул анын артынан байкоо жүргүзүп, кайгуул тобунун улук кызматкерине баяндама жасайт жана анын көрсөтмөсү боюнча аракеттенет.
195. Кылмышка шектүү адамды кармоо колдон келишинче эл аз жерлерде, өтмө короолордон жана шаардык транспорт токтоочу аялдамалардан алыс жерде жүргүзүлүшү керек.
Кайгуул кармала турган адамга күтүүсүз аракеттерди жасаш үчүн ага байкатпай жакындашы керек. Шектүү адамдын каршылык көрсөтүү мүмкүнчүлүгү аз болгон учурду тандап, кайгуулдун башчысы аны: "Токто! Колуңду көтөр!" деген катуу добуш менен токтотуп, ага кармалгандыгы тууралуу кабарлайт. Шектүү адам бул талапты аткарбаса, кайгуул аны кармайт. Кармалган адамдын кийимин жана буюмдарын кайгуул ошол замат же милиция кызматкерлеринен же башка жарандардан жардам алууга мүмкүн болгон кыйла ыңгайлуу учурда текшерет. Табылган куралдар же башка каршылык көрсөтүү, кол салуу же качуу үчүн колдонулушу мүмкүн болгон буюмдар ошол замат алынат. Кармалган адамдын документин текшерүүнү, сурамжылоону кайгуулдун башчысы жүргүзөт. Кайгуул сакчылар анын иш-аракетин калкалап турат. Кармалган адамдын документин текшерүүдө жана сурамжылоо жүргүзүүдө кайгуул сакчы (сакчы) текшерилип жаткан адамдан бир кадам каптал жагында туруп, кол салуунун мизин кайтарууга даяр турушу керек.
196. Кармалган адам ички иштер органдарына атайын жабдылган кайгуулдун же милициянын автотранспортунда жеткирилет. Бул максаттар үчүн коомдук транспортту пайдаланууга жол берилбейт. Кармалган адамды жеткирүүдө аскердик наряд анын айдоочуга автомобилди башкарууда тоскоолдук кылуу, качып кетүү аракетинин алдын алуу максатында аны ар дайым көзөмөлдөп барышы керек.
Кармалган адамды жөө жеткирип барууда кайгуул сакчылардын бири аны кармап жанында басышы керек, ал эми экинчиси - аркасында, кармалган адамдын кыймыл-аракетин жана жолдон бара жатканда жолуккан адамдардын кыймылын байкап баруусу керек. Кармалган адамды бир аскер кызматчынын коштоосунда жеткирүүгө тыюу салынат. Ошондой эле эл көп жүргөн көчөлөр, өтмө короолор, сейил бактар, токойлор аркылуу жеткирүүгө болбойт жана кармалган адамдын шериктери тарабынан качууга шарт түзүп же күч менен бошотуу аракеттери көрүлгөн учурда чаралар көрүлүүгө тийиш, кармалган адам буюм далилди ыргытып же кимдир бирөөгө берип салбашына көңүл буруу керек. Эгерде кармалган адам ички иштер органына баруудан баш тартса, ага кишен салынышы мүмкүн.
197. Укук бузуулардын тобу аныкталганда, кайгуулдун башчысы аларга билгизбей сыртынан байкоо жүргүзүүнү уюштурат, кайгуул тобунун башчысына баяндама жасайт жана анын көрсөтмөсү боюнча шектүүлөрдү кармоо үчүн жакынкы аскердик наряддарды, милиция кызматкерлерин, элдик кошуундарды, көчө тазалоочуларды, кароолчуларды көмөктөшүүгө чакырат.
Жакынкы наряддардан жана ички иштер органынан өз убагында жардам алууга мүмкүн болбосо, кайгуулдун башчысы шектүүлөрдү өздөрүнүн күчү менен кармайт.
198. Жол-транспорт кырсыгы тууралуу маалымат алганда кайгуулдун башчысы бул тууралуу кайгуул тобунун башчысына баяндама берет жана анын көрсөтмөсү боюнча кырсык болгон жерге тез арада барат, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрөт, алардын өздүгүн, даректерин жана алар баруучу дарылоо мекемелерин аныктайт, милиция кызматкерлери келгенге чейин кырсыкка күнөөлүү болгон транспорт каражатынын айдоочуларын кармайт, кырсык болгон жерди, издерди, далил буюмдарды сактоо чараларын көрөт, күбөлөрдү аныктайт жана алардын аты-жөнүн жана даректерин жазып алат, транспорт каражаттарынын жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылынын кармалуусуна жол бербейт, зарыл учурда кыймылдын жаңы багытын белгилейт (айланып өтүү), ал мүмкүн болбогон учурда - кырсык болгон жерди бошотуу жана кыймылды калыбына келтирүү чараларын көрөт, муну менен бирге кырсык болгон учурдагы транспорт каражаттарынын жана жабыркагандардын жайгашкан жерин жана ордун, токтотуу издерин, алардын узундугун так белгилейт жана бул маалыматтарды окуя болгон жерге келген жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматкерге билдирет.
Милиция кызматкерлери же ички иштер органдарынын башка кызматынын кызматкерлери келгенде кайгуулдун башчысы кырсыктын жагдайлары, көрүлгөн чаралар тууралуу билдирет жана зарыл учурда аларга күнөөлүү жактарды издөөдө жана кармоодо жардамдашат.
199. Чет элдик жаран же жарандыгы жок адам коомдук коопсуздукту бузган учурда кайгуул андан тартип бузууну токтотуусун талап кылат. Кайгуул аталган адамдарды кармоону жана ички иштер органдарына жеткирүүнү эң акыркы чара катары көрөт. Чет элдик жаранды кармоо жана ички иштер органдарына жеткирүү боюнча билдирүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
Чет элдик өкүлчүлүктөрдүн айдоочулары жол кыймылынын эрежелерин бузган учурда кайгуул автоунааны токтотпостон анын номерин жазып алат жана кайгуулдун башчысы бузуу тууралуу ички иштер органынын башчысына рапорт менен баяндама берет. Дипломаттык автоунаанын катышуусу менен болгон жол-транспорт кырсыгы тууралуу кайгуул тез арада ички иштер органы боюнча нөөмөтчүгө кабарлайт.
200. Майрам күндөрү, элдердин жалпы эс алуу учурларында кайгуулдар жарандарга өзгөчө көңүл буруусу жана түшүнүү менен мамиле кылуусу, мүмкүн болушунча эскертүүлөр менен чектелүүсү жана коомдук тартипти олуттуу эмес бузуулар үчүн аларды ички иштер органдарына жеткирүүдөн, ошондой эле таасир этүүнүн башка чараларын көрүүдөн кармануусу зарыл.
201. Кайгуул коомдук тартипти топтошуп бузуунун алдын алуу максатында төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жарандар топтолгон жерлердеги кырдаалды кылдат изилдөөгө;
- коомдук коопсуздукту топтошуп бузууну пайда кылуусу мүмкүн болгон кырдаалдарга көңүл бурууга, өзүнүн байкоолору жөнүндө кайгуул тобунун башчысына өз убагында баяндама берүүгө;
- бейбаштык фактыларына жана коомдук тартипти топтошуп бузуу ыктымалы жөнүндө жарандардын белгилерине тез арада чара көрүүгө; коопсуздукту топтошуп бузуунун жайылуусун жокко чыгаруу үчүн бейбаштык жасагандарды кармоодо тез жана чечкиндүү аракеттенүүгө, тартип бузуучуларга алардын иш-аракеттеринин туура эместигин түшүндүрүүгө, тартип бузууну токтотуусун талап кылууга.
202. Жарандар арасында чыр-чатактуу абалдар пайда болгон учурда кайгуулдун башчысы окуяны жана анын коркунуч деңгээлин ар тараптуу баалоосу, муну менен бирге сабырдуу болуусу жана өзүн-өзү токтото билүүсү, коомдук тартипти топтошуп бузуунун алдын алуучу бардык чараларды көрүүсү, ошол эле учурда бул тууралуу кайгуулдун башчысына билдирүүсү зарыл жана окуя болгон жерге өтүүнү чектөө чараларын көрүүсү керек.
Коомдук тартипти топтошуп бузуулар жөнүндө баяндама берүүдө кайгуулдун башчысы тартип бузуунун мүнөзүн, жерин жана убагын, анын келип чыгуу же күчөө себептерин; тартип бузулган жерге чогулган катышуучулардын жана жарандардын санын, алардын болгон окуяга карата мамилесин көрсөтөт.
203. Коомдук тартипти топтошуп бузуу баштапкы баскычында ички иштер органдарынын жана аскердик наряддын кызматкерлеринин биргелешкен иш-аракеттери менен бөгөттөлөт. Зарыл учурда ички иштер органынын башчысынын чечими боюнча коомдук тартип топтошуп бузулган жерге ички иштер органдарынын план боюнча бул маселени чечүү үчүн каралган күчтөрү жана каражаттары жиберилет.
204. Өрт же жаратылыш кырсыгы (суу ташкыны, жер титирөө, бороон ж.б.) болгон учурда кайгуулдун башчысы кайгуул тобунун башчысына тез арада баяндама берет жана негизги күч жана каражаттар келгенге чейин калкка кабарлоо, жабыркагандарга жардам көрсөтүү, кооптук тартипти сактоо боюнча чараларды көрөт. Негизги күчтөр келгенден кийин кайгуул тобунун башчысынын көрсөтмөсү боюнча иш алып барат.
205. Кайгуулдар дайыма ич ара, милиция кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик кошуундар менен өз ара аракеттенүүнү сактоого милдеттүү. Өз ара аракеттенүү жеке сүйлөшүү, туруктуу байланыш, кырдаал тууралуу өз ара маалымдоо жана тартип бузууларга бөгөт коюуда өз ара жардам көрсөтүү менен камсыз кылынат.
Өз ара аракеттенүү кызыкчылыгында кайгуул милиция кызматкерлери үчүн белгиленген ышкырыктын бирдиктүү сигналдарын колдонот: "Карма" - бир узак ышкыруу, "Жардамга", "Мага кел" - эки кыска ышкыруу. "Карма" деген ышкырыкты уккан бардык кайгуулдар байкоолорун күчөтүүсү жана изин жашырууга аракет кылган адамдарды табуу жана кармоо чараларын көрүүсү зарыл. "Жардамга", "Мага кел" деген ышкырууда кыска ышкырык менен жооп берүүгө жана жардам көрсөтүү үчүн дароо чакыруу болгон жерге барууга милдеттүү.
206. Массалык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызматтык-күжүрмөн милдеттерин аткаруу үчүн бөлүктүн (бөлүкчөнүн) командири чечим кабыл алат, ал кыскача түшүндүрмө жазуу менен шаардын графикалык планы менен (массалык иш-чара өткөрүлгөн райондун схемасында) таризделет жана улук ыкчам жетекчи тарабынан бекитилет.
207. Массалык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тартылган күч жана каражаттардын топтору курчоо, кайгуул жана кайтаруу топторун, атайын наряддарды жана резервдерди камтышы мүмкүн. Өздүк курамдын иш-аракетин камсыз кылуу үчүн медициналык пункттар (тозоттор) түзүлөт.
Курчоо тобу контролдоо-өткөрүү пункттарындагы, тартипти сактоо тозотторундагы аскердик наряддардан жана кайгуулдардан турат. Аскердик чынжырлар жарандардын башаламан кирүүсүнө тыюу салуу максатында аймакты (участокту) курчоо үчүн колдонулат. Контролдоо-өткөрүү пункттарындагы наряддар массалык иш-чаралар өтүүчү аймакка транспортту жана жөө адамдарды өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн коюлат. Контролдоо-өткөрүү пунктун айланып өтүүгө тыюу салуу максатында жакын жайгашкан жерлер тартип сактоочу тозоттор жана кайгуулдар менен тосулат. Контролдоо-өткөрүү пункттарындагы наряддардын башчылары болуп ички иштер органдарынын (улуттук коопсуздуктун) кызматкерлери дайындалат. Кайгуул жүргүзүүчү топ кайгуулдардан жана тартип сактоочу тозоттордон турат. Каттамдарда кайгуул жүргүзүү кылмыштардын, укук бузуулардын жана уурулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле массалык иш-чара өтүүчү аймакка жакын жерлерде элдердин топтолушуна жол бербөө максатында жүзөгө ашырылат. Кайтаруу тобу кырдаал курчуган учурда жана объектти, ошондой эле ар кандай укук бузуулар үчүн кармалган адамдарды кайтаруу зарылчылыгы пайда болгон учурда түзүлөт. Алардын ар бири беш аскер кызматчысынан кем эмес кароолдордон турат. Медициналык пункттар (тозоттор) бөлүкчөлөрдүн (аскердик наряддардын) аскер кызматчыларына, ал эми зарыл учурда массалык иш-чаралардын катышуучуларына биринчи жардам көрсөтүү үчүн түзүлөт. Кызмат өтөп жаткан аймактагы белгилүү кырдаалга жараша бөлүктүн командири жана улук ыкчам башчынын чечими боюнча башка наряддар дагы түзүлүшү мүмкүн. Резервдин курамы, жайгашуусу жана колдонуу тартиби бөлүктүн командири менен улук ыкчам башчынын биргелешкен чечими менен аныкталат.
208. Күжүрмөн кызматты аткаруу үчүн кабыл алынган чечимдин негизинде, бөлүктүн (бөлүкчөнүн) командири төмөнкүлөр көрсөтүлгөн буйрук берет:
- биринчи пунктта - массалык иш-чаранын мүнөзү жана ал өтүүчү аймактагы коомдук коопсуздуктун абалы;
- экинчи пунктта - бөлүктүн (бөлүкчөнүн) милдеттери;
- үчүнчү пунктта - өз ара аракеттенүүчү күчтөрдүн милдеттери;
- төртүнчү пунктта - иш-аракеттердин максаты;
- бешинчи пунктта - "буйрук кылам" деген сөздөн кийин ар бир бөлүкчөгө (өз алдынча аракеттенүүчү аскердик наряддарга) өзүнчө пункттар менен милдеттер коюлат жана төмөнкүлөр көрсөтүлөт: бөлүнгөн күч жана каражаттардын саны, топтордун түзүлүштөрүнүн милдеттери, жайгашуучу аймактар, ички иштер (улуттук коопсуздук) органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби, өздүк курамдын кийиминин түрү жана жабдуулары, кызмат өтөө мөөнөтү, резервдин курамы жана жайгашкан орду;
- алтынчы пунктта - куралды колдонуу, автотранспортту, инженердик, техникалык жана атайын каражаттарды пайдалануу тартиби, өздүк курамдын коопсуздук чаралары, режимдик иш-чаралар, кармалган укук бузуучуларды ички иштер органдарына жеткирүү тартиби жана өткөрүп берүү жери;
- жетинчи пунктта - иш-аракеттерге даяр болуу убактысы;
- сегизинчи пунктта - кошумча башкаруу пунктун түзүү орду жана убактысы, байланыш тартиби жана билдирүүлөрдү (баяндамаларды) берүү мөөнөтү.
209. Бөлүкчөлөрдүн (аскердик наряддардын) ич ара, ички иштер (улуттук коопсуздук) органдары менен өз ара аракеттенүүсү алардын милдеттери, орду жана убактысы боюнча уюштурулат. Муну менен бирге аскердик бөлүктүн (бөлүкчөнүн) командири ыкчам башчы менен биргеликте төмөнкүлөрдү аныктайт:
- кызмат өтөө аймагында күчтөрдүн жана каражаттардын топтолуу жана баштапкы абалды ээлөө убактысын жана ырааттуулугун;
- массалык иш-чара өткөрүлүүчү аймакты курчоо жана аны бөтөн адамдардан бошотуу тартибин;
- жарандар топтолгон, курчоонун катарларын жаруу коркунучу болгон жана жарып өткөн учурда, бейбаштык көрүнүштөрүнө, чагымдарга бөгөт коюу боюнча, дүрбөлөң пайда болгондо, массалык иш-чаранын катышуучуларына же аскердик наряддарга кол салуулар болгон учурда иш-аракеттердин тартибин;
- бөлүкчөлөрдүн жана топтордун түзүлүштөрүн башкаруу жана алардын ич ара, аскердик бөлүктүн штабы, көмөкчү башкаруу жайы менен жана өз ара байланышуу тартибин;
- бөлүкчөлөрдүн (аскердик наряддардын) милдеттерди аткаргандан кийин чогулуучу жерин жана бөлүккө кайтуу тартибин.
210. Бөлүкчөлөрдү коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызмат өтөөгө даярдоо төмөнкүлөрдү камтыйт: аскер кызматчыларына ыкчам кырдаалды жана берилген тапшырмаларды түшүндүрүү; аскердик наряддардын башчыларына жана өздүк курамына нускама берүү; атайын техниканы, байланыш каражаттарын, автотранспортту, кийим-кече жана жарак-жабдыктарды даярдоо; сабак өткөрүү, саптык кароолорду, машыгууларды жана окууларды жүргүзүү.
211. Аскердик бөлүк (бөлүкчө) кызмат өтөө аймагына массалык иш-чаранын башталышынан 1,5-2 саат мурун келет. Бөлүктүн (бөлүкчөнүн) командири автотранспортту кайтарууну уюштурат, ыкчам башчы (участоктун, сектордун башчысы) менен байланышты түзөт, кырдаалды тактайт, жеке өзү жана штабдын офицерлери аркылуу бөлүктөрдүн (аскердик наряддардын) баштапкы абалдарына (участокторуна, секторлоруна) өз учурунда жана туура жайгашуусун текшерет, бөлүкчөлөрдүн (аскердик наряддардын) милдеттерин тактайт, өздүк курамдын кызмат өтөөгө даярдыгын текшерет.
212. Демонстрация (митинг) өткөрүлүүчү аймак курчоого алынгандан кийин бөтөн адамдардан бошотулат. Бул үчүн бөлүнгөн бөлүкчөлөр жана милиция кызматкерлери аянттын туурасына эки катар тизилишет жана ыкчам башчынын көрсөтмөсү боюнча курчоого алынган аймактын борборунан карама-каршы багытта анда калган жарандарды сүрүп чыгара башташат.
Ошол эле учурда аскердик наряддар ички иштер (улуттук коопсуздук) органдарынын кызматкерлери менен биргеликте майрамдык жасалгаларды, трибуналарды жана бөтөн адамдар жашынып алуусу мүмкүн болгон башка жайларды карап чыгышат. Курчалган аймакка (аймактан) жарандарды өткөрүү контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу жүргүзүлөт.
213. Жарандар демонстрация өткөргөн учурда багыт берүүчү жолдорду түзүү үчүн аскердик чынжырга бөлүнгөн бөлүкчөлөр ички иштер (улуттук коопсуздук) органдарынын кызматкерлери менен биргеликте аларга көрсөтүлгөн жерлерди алдын ала же колонналардын кыймылынын башталышы менен ээлешет. Чынжырлардагы аскер кызматчылары бири-биринен кийин карама-каршы жактарды карап турушат.
Аскердик наряддын өздүк курамы кызмат өтөөдө жарандардын жүрүм-турумуна байкоо жүргүзөт, алардын бир коридордон экинчисине өтүүсүнө, токтоосуна же тескери багытта жүрүүсүнө жол бербейт. Коомдук тартипти бузган, дүрбөлөң салууга аракеттенген, курал-жарагы жана ири буюмдары бар, катуу мас абалындагы адамдарды кармайт жана ички иштер (улуттук коопсуздук) органдарынын кызматкерлерине өткөрүп берет. Демонстранттардын колонналарынын жетекчилеринин өтүнүчү боюнча же ыкчам башчылардын көрсөтмөсү боюнча колонналардан бөтөн жарандарды алып чыгат жана аларды ыкчам кызматкерлерге тапшырат.
214. Жарандар митинг өткөргөн учурда курчоо тобунун бөлүкчөлөрү ички иштер (улуттук коопсуздук) органдарынын кызматкерлери менен биргеликте тик бурчтуу чектөөлөрдү түзүшөт.
Митингдин катышуучуларынын колонналары тик бурчтуу чектөөлөргө жакындаганда аскердик наряддардын башчылары ыкчам башчынын буйругу боюнча чынжыр менен жолдорду түзүшөт, ал аркылуу колонналарды өткөрүшөт жана андан соң кайрадан жабышат. Аскердик чынжырлардын өздүк курамы жарандардын бир тик бурчтуу чектөөдөн башкасына өтүүсүнө жол бербейт. Өзгөчө көңүл чынжырлардын бузулушуна жана жарандардын трибуна тарапка чыгуусуна жол бербөөгө бурулат. Өзгөчө учурларда ыкчам башчынын көрсөтмөсү боюнча митингдин айрым катышуучуларын тик бурчтуу чектөөлөрдөн чыгарууга уруксат берилет.
215. Аскердик чынжырды жарып өтүү коркунучу пайда болгондо (жарып өткөндө) бөлүкчөнүн командири (аскердик наряддын башчысы) ыкчам башчыга баяндама берет, анын көрсөтмөсү боюнча коркунуч пайда болгон аймактагы чынжырдын жыштыгын жогорулатат жана чынжырдын катарын калыбына келтирет. Зарыл учурда бул максатта резерв колдонулат.
216. Кызмат өтөө аймагында коомдук коопсуздук бейбаштык белгилери менен топтошуп бузулган учурда, чагымдар жасалганда, массалык иш-чаранын катышуучуларына же аскердик наряддарга кол салуу болгондо, дүрбөлөң жана башка окуялар пайда болгон учурда резерв менен күчөтүлгөн аскердик наряддар ички иштер органдарынын (улуттук коопсуздук) кызматкерлери менен бирге ыкчам башчынын чечими боюнча окуяны жоюу жана тартип бузуучуларды кармоо боюнча бардык чараларды көрүшөт. Жарандардын иш-чара өтүп жаткан аймакка кирүүсү жана ал жактан чыгуусу убактылуу токтотулат.
217. Өкмөттүн жана чет өлкөлөрдүн делегацияларын тосуу жана узатуу учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылууда бөлүкчөлөр ички иштер (улуттук коопсуздук) органдарынын кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин планы боюнча унаа өтүүчү жолдордун четинде аскердик чынжырды тизүү кызматын өтөйт же ыкчам башчылардын резервинде турушат. Чынжырлардагы аскер кызматчылары делегациялар жүрүүчү каттам боюнча өтмөлөрдө жана көчөлөрдө турушат, ошондой эле кошумча наряддар дагы коюлушу мүмкүн.
Делегация өтүп бара жатканда аскердик чынжырлардын өздүк курамы жарандардын жүрүм-турумуна кылдаттык менен байкоо салат жана алардын көчөнүн унаа өтүүчү бөлүгүнө чыгуусуна жол бербейт. Жарып өткөн учурда тартип бузуучулар тез арада кармалат жана ички иштер (улуттук коопсуздук) органдарынын кызматкерлерине тапшырылат.
218. Спорттук иш-чараларды өткөрүү учурунда бөлүкчөлөр (аскердик наряддар) милиция кызматкерлери менен биргеликте контролдоо пункттарында, кассаларда, трибуналарда тартипти камсыз кылышат, стадиондун айланасындагы курчоодо жана анын биринчи катарында кызмат өтөшөт, зарыл учурда жарандардын стадионго (стадиондон) жана коомдук транспортко түшүүчү жерлерге өтүүсү үчүн багыт берүүчү жолдорду түзүшөт.
219. Аскердик бөлүктүн (бөлүкчөнүн) командири кызмат өтөөнүн жүрүшүндө массалык иш-чара өткөрүлгөн аймактагы кырдаал жөнүндө үзгүлтүксүз маалымат топтоону уюштурат жана анын өзгөрүшүн эске алуу менен жеке өзү чара көрөт же ыкчам башчыга күчтү үнөмдүү пайдалануу жана алар менен өз убагында аракеттенүү боюнча сунуштарды киргизет.
220. Бөлүкчөлөр кызмат өтөөсүн ыкчам башчынын уруксаты менен гана токтотот. Бөлүкчөлөрдүн командирлери (аскердик наряддардын башчылары) өздүк курамдын, жарак-жабдыктын жана мүлктүн толуктугун текшерет, бул тууралуу команда боюнча баяндама берет, андан соң аскер кызматчыларын автотранспортко отургузуу жана туруктуу жайгашкан жерге алып баруу үчүн белгиленген жерлерге чыгарат.
221. Ички иштер (улуттук коопсуздук) органдары менен биргеликте өзгөчө кырдаалдар учурунда милдеттерди аткаруу үчүн Ички аскердик бөлүкчөлөр, аскердик бөлүктөрдүн күжүрмөн кезметчиликти (кызматты) өтөөдөн бошотулган жана күнүмдүк милдеттердин көлөмүн убактылуу кыскартуунун эсебинен бошогон өздүк курамдан түзүлгөн курама отряддары тартылат. Ушуну менен бирге:
- ыкчам багыттагы аскердик бөлүктөр - туруктуу жайгашкан жерлердеги милдеттерди аткарууга - аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин жана улук ыкчам башчылардын чечими боюнча - Ички аскерлердин кол башчысына баяндама берүү менен, ал эми туруктуу жайгашкан пункттардан тышкары - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин чечими боюнча;
- курама отряддар - калктуу пункттарда коомдук тартипти топтошуп жана массалык бузууларга бөгөт коюуда ички иштер органдарына жардам көрсөтүүгө, карантиндик иш-чараларды камсыз кылууга - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чечими боюнча.
222. Өзгөчө кырдаалдарда иш-аракеттер үчүн курама отряддар, кезметтик күч жана каражаттар № 2 жана № 1 даярдыкка келтирилет.
№ 2 даярдык боюнча - офицерлер, прапорщиктер, катардагы жана сержанттык курамдагы кызматтарда келишим боюнча кызмат өтөгөн аскер кызматчылары казармалык абалда болот; өздүк курам жыйналган жана толук жабдууланган; күжүрмөн техника жана транспорт каражаттары сапка тизилүүчү жерге чыгарылган, байланыш каражаттары иштөө үчүн даярдалган; ок-дарылар, материалдык каражаттардын кыймылдуу запастары, атайын жана техникалык каражаттар автотранспортко жүктөлгөн. Ок-дарылар колго берилген эмес, күжүрмөн милдет коюла элек. № 1 даярдык боюнча - өздүк курам толук жабдууланган, унааларга отургузулган; ок-дарылар (зарыл учурларда) берилген; күжүрмөн милдет коюлган. Аракеттерге киришүү убактысы - буйрук (сигнал) алынган соң тез арада. Ички аскерлердин өздүк курамын № 2 жана № 1 даярдыкка келтирүүгө Кыргыз Республикасынын ички иштер министри жана Ички аскерлердин кол башчысы, мындан тышкары улук ыкчам башчылар укуктуу; курама отряддарды - Ички аскерлердин кол башчысы, ал эми кийинкиге калтыруу мүмкүн болбогон учурларда - аскердик бөлүктүн командири тез арада команда боюнча баяндама берүү менен; кезметчи бөлүкчөлөрдү аскердик бөлүктүн командири же бөлүк боюнча кезметчи даярдыкка келтирет.
223. Аскердик бөлүктүн командири улук ыкчам башчынын көздөмүн тактап жана кырдаалды баалап, өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда мүмкүн болгон иш-аракеттердин чечимин алдын ала кабыл алат, анда төмөнкүлөр аныкталат:
- болжолдуу иш-аракеттер жасалуучу аймактар (пункттар);
- тартылуучу күч жана каражаттар, алардын милдеттери, иш-аракеттердин ыкмалары, жүрүү тартиби жана каттамдары, белгиленген аймактарга (пункттарга) келүү мөөнөтү;
- күчтөрдү жана каражаттарды даярдоо жана ар тараптуу камсыздоо боюнча милдеттер;
- өз ара аракеттенүү тартиби;
- башкарууну уюштуруу.
Чечимдердин негизинде Ички аскерлердин, аскердик бөлүктүн кол башчылыгынын өзгөчө кырдаалдар учурундагы иш-аракеттеринин планы, бөлүкчөлөрдүн күжүрмөн эсептери иштелип чыгат.
224. Өзгөчө кырдаал учурунда иш-аракеттер жүргүзүлүүчү аймактар төмөнкүдөй аныкталат:
- аскердик бөлүк (өзүнчө бөлүкчө) үчүн - ички иштер башкармалыгынын башчысы жана аскердик бөлүктүн (өзүнчө бөлүкчөнүн) командири менен биргеликте - Ички аскерлердин бөлүкчөлөрү жайгашкан административдик аймактын чегинде;
- Ички аскерлердин кол башчылыгы үчүн - штаб, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматы менен биргеликте - республиканын бүтүндөй аймагында.
Курама отрядды түзгөн аскердик бөлүктөр үчүн өзгөчө кырдаалдар учурунда иш-аракеттерди жүргүзүү аймагы туруктуу жайгашкан жеринин чегинде аныкталат. Мындан тышкары, курама отряддар туруктуу жайгашкан пункттан алыс аралыкта, Ички аскерлердин курама отрядын түзүү менен милдеттерин аткарууга даяр болушу керек.
225. Өзгөчө кырдаалдар учурундагы иш-аракеттер планы Ички аскерлердин, аскердик бөлүктүн кол башчылыгы тарабынан өз ара аракеттенүүчү органдар менен биргеликте, улук ыкчам башчынын көздөмүнүн жана аскердик бөлүктөрдүн кол башчысынын, командирлеринин чечиминин негизинде иштелип чыгат.
Ички аскерлердин өзгөчө кырдаалдар учурундагы иш-аракеттер планы Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан бекитилет. Аскердик бөлүктүн өзгөчө кырдаалдар учурундагы иш-аракеттеринин планы бөлүктүн штабы тарабынан ички иштер органдары менен биргеликте иштелип чыгат, өз ара аракеттенүүчү органдар менен макулдашылат, бөлүктүн штабынын башчысы, ички иштер органынын башчысынын орун басары кол коет, аскердик бөлүктүн командири жана ички иштер органынын башчысы тарабынан бекитилет. План картада кыска керектүү жазуу, зарыл эсептер жана негиздемелер менен таризделет.
226. Аскердик бөлүктөрдү (бөлүкчөлөрдү) өзгөчө кырдаалдарда иш-аракеттерге даярдоо күжүрмөн жана мамлекеттик-укуктук даярдык системасында жүргүзүлөт.
Аскердик бөлүктүн командири жана улук ыкчам башчы Кыргыз Республикасынын ички иштер министри белгилеген ченемдерге ылайык биргелешкен машыгууларды жана окутууларды өткөрөт.
227. Бөлүкчөнүн командири окуя тууралуу сигнал (баяндама) алганда команда боюнча тез арада баяндоого, кырдаалды баалоого, чечим кабыл алууга, карамагындагыларга тапшырма берүүгө жана алардын иш-аракеттерине жеке өзү жетекчилик кылууга милдеттүү.
228. Кайтаруудагы объектке, кароолдогу адамдарга (аскердик нарядга), ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кол салуу болгон учурда бөлүкчөнүн командири төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өздүк курамды айгай боюнча көтөрүүгө;
- кол салуу тууралуу аскердик бөлүктүн командирине (бөлүк боюнча кезметчиге) баяндоого;
- кезметтеги бөлүкчө (резерв) менен окуя болгон жерге келүүгө жана кол салууга сокку берүү чараларын көрүүгө.
229. Бөлүкчөнүн командири кайтаруудагы объектте өрт, табигый кырсык, авариялар болгон учурда өздүк курамды айгай боюнча көтөрөт жана окуя болгон жерге келип, ыкчам башчынын көрсөтмөсүн аткарат, ал жок болсо өз алдынча аракеттенет.
Өрт жана табигый кырсыктар менен күрөшүүгө тартылган бөлүкчөлөр төмөнкү милдеттерди аткарат:
- ички иштер органдарына өрт же табигый кырсык болгон жерди курчоо боюнча жардам көрсөтөт;
- иш-аракеттер жүргүзүлгөн аймакта өкмөттүк органдардын, улуттук банктардын, сактык кассаларынын (банктардын) имараттарын жана башка маанилүү объекттердин тышкы кайтаруусун күчөтөт;
- адамдарды, мамлекеттик жана коомдук мүлктү куткарууга жана өрт өчүрүүгө катышат;
- ички иштер органдары менен биргеликте иш-аракеттер жүргүзүлгөн аймакта кайгуул кызматын аткарат.
Өрт же табигый кырсык учурунда улуттук жана коомдук мүлктү кайтаруу үчүн бөлүктүн (бөлүкчөнүн) командиринин буйругу менен убактылуу кароолдор дайындалат. Бул кароолдор дайындалган аскердик бөлүктүн (бөлүкчөнүн) командирине баш ийет жана ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматынын уставына ылайык кызмат өтөйт.
4-глава. Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүнүн жана бөлүкчөлөрүнүн атайын операциядагы иш-аракеттери
230. Калктуу пункттарда массалык башаламандыктарды токтотуу, аба кемесин басып алган кылмышкерлерди кармоо (жок кылуу), куралдуу жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди (куралдуу дезертирлерди) кармоо, мыйзамсыз куралдуу топторду куралсыздандыруу жана иш-аракеттерине бөгөт коюу, кайтарууга алынган объекттин аймагына (акваториясына) укукка каршы ыкма менен кирген адамдарды кармоо үчүн атайын операция жүргүзүлөт.
Атайын операция - бул ички иштер органдарынын Ички аскерлер жана башка өз ара аракеттенүүчү күчтөр менен биргеликте, чектелген убакытта, жалпы көздөм боюнча жана бирдиктүү жетекчилик астында жүзөгө ашырган, ыкчам, режимдик, аскердик жана башка иш-чаралар жана иш-аракеттердин комплекси. Атайын операция жүргүзүү чечимин улук ыкчам башчы кабыл алат.
231. Атайын операцияны улук ыкчам башчы жетектейт. Операция улуттук коопсуздук органынын жетекчилигинде жүргүзүлгөндө, операциянын жетекчиси болуп бул органдын өкүлү дайындалат. Аскердик бөлүктүн командири атайын операциянын аскерлер боюнча жетекчисинин орун басары болуп саналат.
Атайын операцияны башкаруунун негизги органы болуп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан түзүлгөн ыкчам штаб эсептелет. Аскердик бөлүктөрдүн (бөлүкчөлөрдүн, аскердик наряддардын) иш-аракеттерин түздөн-түз башкаруу үчүн аскердик ыкчам топ түзүлөт. Зарыл учурда атайын операция жүргүзүлүүчү аймакта көмөкчү башкаруу пункту түзүлөт.
232. Операцияда аскердик иш-аракеттердин негизги ыкмалары болуп бөгөт коюу, куугунтуктоо, издөө, тегеректөө, курчоого алуу, бөлүү болуп саналат. Аскердик бөлүктөр жана бөлүкчөлөр атайын операцияда кыйла маанилүү объекттердин кайтаруусун күчөтүү, иш-аракеттер аймагында кайгуул жүргүзүү жана кармалгандарды конвой менен коштоо үчүн тартылышы мүмкүн.
233. Бөгөт коюу - бөлүкчөлөрдүн (аскердик бөлүктөрдүн) кылмышкерлер жүргөн аймакты (объектти) алардын чыгып кетүүсүнө жол бербөө максатында тосуу, издөө жана кармоо боюнча иш-аракеттери. Ал үзгүлтүксүз же кылмышкерлердин болжолдуу жүрө турган багыттары боюнча коюлушу мүмкүн.
Үзгүлтүксүз бөгөт коюуда аймактын (объекттин) чек арасында жайгашкан коңшу наряддардын (бөлүкчөлөр) ортосунда көз жүгүртүү жана ок ачуу байланышы болуш керек. Кылмышкерлердин санына, иш-аракеттеринин мүнөзүнө жана коркунучтуулук даражасына, бөгөт коюлган аймактын (объекттин) маанилүүлүгүнө, ал жердин өзгөчөлүктөрүнө, жыл мезгилине жана күчтөрдүн жана каражаттардын болушуна карата бөлүкчөлөргө белгиленген узундуктагы чек дайындалат: жабык аймакта бөлүмгө - 250 м чейин, взводго - 750 м чейин, ачык аймакта бөлүмгө - 500 м чейин, взводго - 1500 м чейин. Токойлуу тарапка, калктуу пункттарга, жолдорго жана текши эмес жерлерге алып баруучу багыттар кыйла тыгыз тосулат. Түнкү убакытта бөгөт коюу жыштыгы резервдин жана издөөнүн техникалык каражаттарын орнотуунун эсебинен күчөтүлөт. Кылмышкерлердин болжолдуу жүрүүчү багыттары боюнча (объекттер боюнча) бөгөт коюу кылмышкерлер жүргөн аймакка үзгүлтүксүз бөгөт коюу үчүн күч жана каражаттар жетишсиз болгондо же аймактын шарты боюнча үзгүлтүксүз бөгөт коюу максатка ылайыксыз болгон учурда жүргүзүлөт. Бөгөт коюу бир же бир нече чекте жүргүзүлүшү мүмкүн.
234. Куугунтуктоо - аскердик наряддардын качкан кылмышкерлерди кармоо максатында чегинүүсүз иш-аракети.
Куугунтуктоо төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
- түздөн-түз, качкан кылмышкерлер аскердик нарядга көрүнүп турган учурда;
- издер боюнча;
- кылмышкерлердин болжолдуу качуу багыттары боюнча.
Куугунтуктоо куугунтукталгандарды кармоого (жок кылууга) чейин улантылууга тийиш жана ал улук башчынын буйругу боюнча гана токтотулушу мүмкүн.
235. Издөө - аскердик наряддардын (бөлүкчөлөрдүн) кылмышкерлерди болжолдуу жүрө турган жерлеринен табуу жана кармоо боюнча иш-аракеттери.
Издөө үзгүлтүксүз же тандалма болушу мүмкүн. Үзгүлтүксүз издөөдө бүткүл белгиленген аймак кароого алынат. Тандалма издөөдө айрым участоктор, объекттер каралат. Жүргүзүү ыкмасы боюнча издөө бир тараптуу, эки тараптуу, багыттары (участоктор), объекттер боюнча жана айкалыштырылган болуп бөлүнөт. Бир тараптуу издөө аскердик наряддардын (бөлүкчөлөрдүн) аларга бекитилген тилкелердин чегинде бир багытта жүрүүсү аркылуу жүргүзүлөт. Эки тараптуу издөө аскердик наряддардын (бөлүкчөлөрдүн) аларга бекитилген тилкелердин чегинде карама-каршы кыймылы аркылуу жүргүзүлөт. Багыттары (участоктор) боюнча издөө аскердик наряддар тарабынан кылмышкерлер болжолдуу жүрүшү мүмкүн болгон багыттарда (жерлерде) жүргүзүлөт. Объекттер боюнча издөө калктуу пункттарда айрым курулуштарды жана чарбаларды кароо үчүн колдонулат. Айкалыштырылган издөө - жогоруда белгиленген бир нече издөө ыкмасын камтыйт. Бөлүкчөгө (издөө тобуна) издөө үчүн белгиленген тилкелердин туурасы жана издөө ылдамдыгы аймактын шартына, жыл мезгилине жана кылмышкерлердин жашынып калуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аныкталат. Жабык, орточо оор жерлерде (токойдо) чынжыр менен (катарга туруп) издөө жүргүзүүдө аскер кызматчыларынын ортосундагы аралык 10 м ашпоого тийиш. Мында издөөнүн орточо ылдамдыгы саатына 1-1,5 км түзүшү мүмкүн. Ачык жерде издөө ылдамдыгы жана тилкенин туурасы жогорулайт. Издөө жүргүзүп жаткан аскердик наряддарга (бөлүкчөгө) чектер белгиленет: баштапкы, теңдөөчү, кезигишүүчү (эки тараптуу издөөдө) жана акыркы.
236. Тегеректөө - издөө наряддарынын (бөлүкчөлөрдүн) табылган кылмышкерлерди кармоо (жок кылуу) максатында аларды тосуу боюнча иш-аракеттери.
Курчоого алуу - бөлүкчөлөрдүн (аскердик бөлүктөрдүн) калктуу пунктта коомдук коопсуздукту топтошуп бузууда, өрт, жарылуу, авария, табигый кырсык учурунда жана карантиндик иш-чараларды камсыз кылууда районго (объектке) кирүүгө (чыгууга) тыюу салуу максатында бул районду (объектти) тосуу боюнча иш-аракеттери. Бөлүү - уюштуруучуларын кармоо жана тартипти калыбына келтирүү максатында башаламандыктын топтошкон катышуучуларын өзүнчө топторго бөлүү боюнча бөлүкчөлөрдүн иш-аракеттери.
237. Атайын операциянын жетекчисинин аскерлер боюнча орун басары операцияларды ушул Уставга ылайык уюштурат. Операциянын жетекчисинин көздөмүнүн негизинде ал аскердик бөлүктөрдүн (бөлүкчөлөрдүн) милдеттерди аткаруусу боюнча чечим кабыл алат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- иш-аракеттердин көздөмү (аймагы, милдеттери жана аларды аткаруунун ырааттуулугу, иш-аракеттердин ыкмалары, тартылуучу күчтөр жана каражаттар, күжүрмөн тартипти түзүү, негизги күчтү жайгаштыруу жери, операцияга даяр болуу убактысы);
- аскердик бөлүктөрдүн (бөлүкчөлөрдүн) милдеттери, курал-жаракты, күжүрмөн техниканы, инженердик-техникалык каражаттарды, кызматтык иттерди жана транспортту колдонуу тартиби;
- күчтөрдү жана каражаттарды даярдоо, коомдук-укуктук иштер жана операцияда иш-аракеттерди ар тараптуу камсыз кылуу боюнча милдеттер;
- бөлүкчөлөрдүн (аскердик наряддардын) ортосунда коңшу бөлүкчөлөр, ички иштер (улуттук коопсуздук) органдары жана операцияга катышуучу башка күчтөр менен өз ара аракеттенүү тартиби; өз ара аракеттенүү жана өз ара таануу белгилери;
- башкарууну уюштуруу.
Атайын операциянын жетекчисинин аскерлер боюнча орун басары чечимин операциянын жетекчисине жана Ички аскерлердин улук башчысына билдирет. Чечим буйрук менен жана графикалык түрдө картада (схемада) кыскача түшүндүрмө жазуу менен таризделет.
238. Күжүрмөн буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- биринчи пунктта - кырдаалды баалоонун кыскача корутундусу (кылмышкерлер, башаламандыкка катышкандар жүргөн аймак, жайгашкан жери, иш-аракеттеринин мүнөзү);
- экинчи пунктта - аскерлердин операциядагы күжүрмөн милдеттери;
- үчүнчү пунктта - өз ара аракеттенүүчү органдардын милдеттери; улук ыкчам башчы жүргүзүүчү иш-чаралар;
- төртүнчү пунктта - аскердик күчтөрдүн операциядагы иш-аракеттеринин көздөмү;
- бешинчи пунктта - "буйрук кылам" деген сөздөн кийин өзүнчө пунктчалар менен ар бир аскердик бөлүккө (бөлүкчөлөргө, өз алдынча аракеттенүүчү аскердик нарядга) күжүрмөн милдеттер коюлат;
- алтынчы пунктта - курал-жаракты, күжүрмөн техниканы, инженердик-техникалык, атайын каражаттарды жана өздүк курамдын жеке коргонуу каражаттарын, кызматтык иттерди колдонуу тартиби; коопсуздук чаралары;
- жетинчи пунктта - өз ара таануу белгилери;
- сегизинчи пунктта - көмөкчү башкаруу пункту жайгаштырылуучу жер жана убактысы, билдирүүлөрдү жасоо мөөнөтү, орун басарлардын орду.
Айрым учурларда буйруктун ордуна күжүрмөн тескемелер берилиши мүмкүн, аларда адатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- кырдаалды баалоонун кыскача корутундусу;
- бөлүкчөлөрдүн (аскердик бөлүктүн) күжүрмөн милдеттери;
- коңшу күчтөрдүн милдеттери жана алар менен өз ара аракеттенүү тартиби;
- даяр болуу убактысы;
- иш-аракеттерди баштоо убактысы;
- курал-жаракты, күжүрмөн техниканы, инженердик-техникалык каражаттарды жана атайын каражаттарды колдонуу тартиби;
- өз ара аракеттенүү жана өз ара таануу белгилери.
Зарыл учурда күжүрмөн тескемеде башка маалыматтар дагы көрсөтүлүшү мүмкүн.
239. Өз ара аракеттенүүнү уюштурууда атайын операциянын жетекчисинин Ички аскерлер боюнча орун басары төмөнкүлөрдү макулдашууга тийиш:
- күчтөрдү жана каражаттарды топтоо тартибин жана мөөнөтүн, бөлүкчөлөрдүн (аскердик наряддардын) баштапкы аймактарга (белгиленген чектерге) чыгуусун, жайгашуусун жана иш-аракеттерин;
- бөлүкчөлөрдүн (аскердик наряддардын) жана операцияга тартылуучу башка күчтөрдүн иш-аракеттерин;
- операция аймагында жергиликтүү бийлик органдарынан жана калктан маалымат алуу тартибин;
- аскердик бөлүктөрдүн, бөлүкчөлөрдүн жана өз алдынча аракеттенүүчү наряддардын штаб менен жана өз ара байланышуу тартибин;
- өз ара аракеттенүүнүн, өз ара таануунун жана кабарлоонун бирдиктүү системасын.
240. Аскердик бөлүктөрдүн (бөлүкчөлөрдүн, аскердик наряддардын) атайын операциядагы иш-аракеттерин камсыз кылуу күжүрмөн (чалгындоо, кайтаруу, жашыруу), техникалык жана ооруктук камсыздоону камтыйт.
241. Күчтөрдү жана каражаттарды атайын операцияга даярдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- өздүк курамды тандоо, жайгаштыруу;
- өздүк курамга боло турган операциядагы иш-аракеттер жана коопсуздук чараларын сактоо боюнча нускама берүү;
- өздүк курам менен коомдук-укуктук иштерди жүргүзүү;
- милдеттердин мүнөзүн, жыл мезгилин, аба ырайын жана операция аймагынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен курал-жаракты, күжүрмөн техниканы, атайын каражаттарды, жабдууларды, кийим-кечелерди, жеке коргонуу каражаттарын, азык-түлүктөрдү, транспорт каражаттарын, байланыш каражаттарын, кызматтык иттерди даярдоо;
- нускама сабактарын жана машыгууларды өткөрүү (убакыт болгон учурда).
242. Атайын операция аймагында бөлүккө (бөлүкчөгө) жүрүш (марш) милдеттерин коюуда буйрукта (тескемеде) төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жүрүштүн максаты;
- жүрүүнүн каттамдары;
- жүрүш катарындагы орундар;
- чогулуучу аймак (пункт) жана ал жерге келүү убактысы;
- кылмышкерлер менен жолугууда иш-аракеттер тартиби;
- баштапкы пункттан жана жөнгө салуу пункттарынан өтүү убактысы.
243. Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрү ички иштер органдарына куралдуу жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди (куралчан дезертирлерди) издөөдө көмөк көрсөтүүгө аймагында аскердик бөлүк жайгашкан Кыргыз Республикасынын облусунун ички иштер органынын жетекчисинин сунуштамасы боюнча аскердик бөлүктүн командиринин чечими менен тартылат.
Тартылуучу күчтөрдүн жана каражаттардын курамы, тартуу тартиби Ички аскерлерди, аскердик бөлүктөрдү өзгөчө кырдаалдарда колдонуу пландарында белгиленет.
244. Кыргыз Республикасынын аймагында издөө жүргүзүүдө ички иштер органдарынын, Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүнүн күчтөрүн жана каражаттарын комплекстүү колдонуу тиешелүү ички иштер органынын жетекчисине жана ал жетектеген ыкчам штабга жүктөлөт.
245. Издөөнүн жүрүшүндө аскердик иш-аракеттердин төмөнкүдөй ыкмалары колдонулат: куугунтуктоо; издөө; кылмышкерлердин болжолдуу жүргөн каттамдарына издөө тозотторун жана бөгөттөрдү орнотуу; изделүүчү адамдардын болжолдуу багыттарына издөө топторун жөнөтүү; кылмышкерлердин белгилүү жерде пайда болушу жөнүндө ишенимдүү маалымат болгон учурда аларды кароо үчүн буктурмаларды коюу.
Издөө жүргүзүүдө Ички аскерлердин өздүк курамы куугунтуктоо топторуна, издөө тозотторуна, тинтүү, издөө топторуна, бөгөттөргө жана буктурмаларга дайындалышы мүмкүн. Өздүк курам көрсөтүлгөн аскердик наряддарда күжүрмөн кезметти (кызматты) эреже катары ички иштер органдарынын кызматкерлери менен бирге аткарат. Издөө наряддарынын түрлөрү, саны, курамы, куралдануусу, алардын иш-аракеттеринин орду, ыкмалары жана убактысы өзгөчө кырдаалдарда колдонуу планы менен аныкталат жана ыкчам штабдын жетекчиси тарабынан аскердик бөлүктүн командири менен биргеликте милдеттерди аткарууга түздөн-түз даярдыктын жүрүшүндө изделүүчүлөрдүн санына, алардын коомго коркунуч келтирүүсүнө жана башка шарттарга жараша аныкталат.
246. Куралдуу жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди (куралчан дезертирлерди) алардын болжолдуу жүргөн жерлеринде издөө боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн ички иштер органдарынан, Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүнөн жайгашкан аймагынын чегинде ички иштер органдарынын кызматкерлеринен жана Ички аскерлердин аскер кызматчыларынан турган биргелешкен издөө топтору жиберилиши мүмкүн. Зарыл учурда көрсөтүлгөн аймактардын чегинен тышкары Ички аскерлердин аскер кызматчылары издөө топторунун курамында Ички аскерлердин кол башчысынын (штабдын башчысынын) уруксаты менен жөнөтүлөт.
Биргелешкен издөө топторуна жетекчиликке ички иштер органдарынын кызматкерлери дайындалат.
247. Аскердик бөлүктүн командири куралдуу жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди (куралдуу дезертирлерди) издөөгө катышуу үчүн күчтөрдү жана каражаттарды бөлүү милдетин (белгиленген сигналды) алгандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:
- издөөнү уюштурган ыкчам штабдын жетекчиси менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууга;
- кырдаалды эске алуу менен издөөгө катышуу үчүн аскердик бөлүктөрдүн күчтөрүн жана каражаттарын бөлүү чечимин тактоого (жаңысын кабыл алууга), алардын чогулуусун жана түздөн-түз даярдыгын уюштурууга;
- ыкчам штабдын курамына штабдын офицеринин башчылыгында аскердик бөлүктөн ыкчам топту жөнөтүүгө. Издөөгө катышуучу бөлүкчөлөрдүн иш-аракеттерин жетектөө үчүн ыкчам штабдын курамына бөлүнгөн аскердик бөлүктүн офицери ыкчам штабдын жетекчисинин аскерлер боюнча орун басары болуп дайындалат;
- такталган (жаңы) чечимге ылайык изделүүчү адамдардын кыймылынын болжолдуу багыттарына издөө наряддарын жиберүүгө;
- кырдаал жана издөө боюнча аткарылып жаткан милдеттер жөнүндө өз ара аракеттенүүчү органдарга жана Ички аскерлердин чектеш жайгашкан бөлүкчөлөрүнө маалымдоого;
- издөөдөгүлөр, алардын байланыштары жана издөө үчүн мааниге ээ башка маалыматтарды тынымсыз алууга жана алар боюнча тез арада тиешелүү чечимдерди кабыл алууга;
- аскердик бөлүктөрдөн бөлүнгөн издөө наряддарынын күжүрмөн кезметти (кызматты) өтөөсүнө көзөмөлдү уюштурууга;
- кырдаалдын өзгөрүшү жана кабыл алынган чечим жөнүндө жогору турган командирге жана тиешелүү улук ыкчам башчыга белгиленген мөөнөттөрдө, ал эми зарыл учурда тез арада билдирме берүүгө;
- жумуш картасын жана аскерлердин аракеттенүү журналын жүргүзүүнү уюштурууга.
248. Жумуш убактысынан тышкары учурда аскердик бөлүктүн командири келгенге чейин издөө боюнча алгачкы иш-аракеттерди Ички аскерлердин кол башчылыгы боюнча ыкчам кезметчи уюштурат.
249. Издөөдөгү кылмышкерлердин жүргөн жери аныкталганда ыкчам штабдын жетекчисинин чечими менен атайын операция жүргүзүлүшү мүмкүн.
Атайын операциядагы Ички аскерлердин иш-аракеттери ушул Уставдын ушул бөлүгүнүн жоболоруна ылайык уюштурулат.
250. Атайын операция бөгөт коюлган (бөгөтсүз) аймакта (калктуу пунктта) издөө, кылмышкерлерди курчоо жана зыянсыздандыруу (кармоо) ыкмасы менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Бөгөт коюлган аймакта издөө атайын операцияны жүргүзүү жана куралдуу жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер (куралдуу дезертирлер) жүргөн аймакка алардын бөгөт коюлган аймактан чыгуу ыктымалын жокко чыгаруучу толук бөгөткө алуу үчүн күчтөр жана каражаттардын жетиштүү саны болгондо колдонулат. Бул ыкма негизги болуп эсептелет. Бөгөт коюлбаган аймакта издөө төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт: аймакты толук бөгөткө алуу үчүн күчтөр жана каражаттар жетишсиз болгондо; эгерде куралдуу жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин (куралдуу дезертирлердин) айрым болжолдуу качуу багыттары табигый тоскоолдуктар менен бекем тосулган болсо. Мындай учурларда куралдуу жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин (куралдуу дезертирлердин) болжолдуу качуусунун айрым, кыйла ыктымалдуу багыттары бөгөт менен тосулат. Атайын операция бөгөт коюлбаган аймакта издөө ыкмасы менен жүргүзүлгөндө кыйла күчтүү резерв түзүлөт. Ал кыймылдын бир нече болжолдуу багыттарына бөлүнүп жайгаштырылат. Курчоого алуу ыкмасы куралдуу жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин (куралдуу дезертирлердин) жүргөн жери жөнүндө ишенимдүү маалыматтар болгон учурда колдонулат.
251. Атайын операцияда күчтөрдү жана каражаттарды топторго бөлүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бөгөт коюлган аймакта издөө ыкмасы менен - бөгөт коюу, издөө, резерв топтору;
- бөгөтү алынган аймакта издөө ыкмасы менен - издөө топтору, бөгөттөр (буктурмалар, күзөтүү, байкоо жүргүзүү тозоттору), резервдер;
- курчоо ыкмасы менен - курчоо, кармоо, калкалоо, атайын каражаттарды колдонуу топтору, резерв.
252. Бөгөт коюу чектери байкоо жүргүзүүгө жана ок атууга жакшы шарттарды, бөгөттөрдүн ыңгайлуу жайгашуусун, алардын флангдарда аракеттенген издөө топтору менен өз ара тыгыз иш алып баруусун жана өздүк курамды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылууга тийиш. Аны дарыялардын, суулардын жээгине, жолдорго, токойлордун четине, тоо кыркаларынын жанына коюу керек.
Бөгөттөлгөн аймактын ичинде (чоң аймактарда жана олуттуу күчтөр тартылганда) секторлор (участоктор) тосулушу мүмкүн. Бул учурда издөө секторлор (участоктор) боюнча уюштурулат жана жүргүзүлөт.
253. Белгиленген чектерге жеткенде бөгөт коюу тобунун командири бөлүкчөлөрдүн командирлерине милдеттерин жана коңшулар менен өз ара аракеттенүү тартибин тактайт, жашынуу тартибин жана зарыл учурда байкоочу техникалык каражаттарды орнотуучу жерлерди аныктайт.
254. Бөгөттөрдүн башчылары байкоо жүргүзүү тозотторун коёт жана күзөтүүчүлөрдү жөнөтөт, ок атуу жана байкоо жүргүзүү системасын уюштурат, коңшу аскердик наряддар менен байланыш түзөт, алар менен кесилиштерди (флангдарды) камсыз кылуу тартибин макулдашат жана бөгөт коюу чектеринин схемаларын түзүшөт.
Байкоо жүргүзүү тозотторундагы аскер кызматчылары жашыруун жайгашат, жөнөкөй бекинүүчү жай жасашат жана көрүү жана ок атуу секторлорун тазалашат. Күзөтүүчүлөр белгиленген каттамдар боюнча жүрүү менен жанаша жайгашкан аймакка байкоо жүргүзүшөт. Ачык жерлерде күзөтүүчүлөр күжүрмөн техникалар жана транспорттук каражаттар менен жүрүшү мүмкүн. Атайын операция жүргүзүлгөн аймакта табылган адамдарды (жергиликтүү тургундарды) биздин аскерлердин иш-аракеттери жөнүндө маалыматтардын чыгып кетүүсүнүн алдын алуу максатында белгиленген тапшырма толук аяктаганга чейин кармоо зарыл.
255. Издөө тобу бөгөт коюу четтеринин бөгөттөрүн ээлөө менен бир учурда баштапкы чекке чыгат. Издөө тобунун командири издөө тобуна дайындалган бөлүкчөлөрдүн командирлерине милдеттерин жана коңшулар менен өз ара аракеттенүү тартибин тактайт. Бөлүкчөлөрдүн командирлери өздүк курамды аймакка багыттайт жана милдеттерин тактайт.
Издөө топтору издөө ыкмасына жараша күжүрмөн тартипте болушат (үзгүлтүксүз издөөдө - күзөтүүчүлөр чынжыры алдыда жана флангда, тандалма издөөдө - күзөтүүчүлөр колоннасы алдыда жана флангда же бөлүү тилкесинде).
256. Резерв ага көрсөтүлгөн аймакта, эреже катары көмөкчү башкаруу пунктуна же иш-аракеттердин болжолдуу багытына жакын, күтүлбөгөн милдеттерди аткарууга даяр жайгашат. Резервдин командири түздөн-түз, зарыл учурда күзөтүп кайтарууну уюштурат.
257. Эгерде куралдуу жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди (куралдуу дезертирлерди) издөө күндүзгү убакта аяктабаса, анда караңгы киргенге чейин издөө токтотулат жана түнкү иш-аракеттерге өтүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт. Издөө топтору ыңгайлуу (ээлеген) чектерде жайгашат жана бөгөттөрдө кызмат өтөөгө өтүшөт. Бөгөт коюучу топ резервдеги күчтөрдүн жана каражаттардын бөлүгүнүн эсебинен күчөтүлөт. Түн ичинде иш-аракеттерге күчтөрдү жана каражаттарды даярдоо жөнүндө көрсөтмөлөр караңгы киргенге чейин берилиш керек.
Бөгөт коюлган аймактан куралдуу жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин (куралдуу дезертирлердин) чыгып кетишине, ошондой эле аны согуш менен жарып өтүшүнө жол бербөө үчүн бөлүкчөлөрдүн ортосунда ишенимдүү көрүү жана ок ачуу байланышы болуш керек. Түндө бөгөт коюучу бөлүкчөлөр түнкү көрүүчү приборлор, аймакты жарыктандыруучу каражаттар жана жанып туруучу октор менен камсыз болуш керек. Жакшы көрүнбөгөн тилкелерде түнкү убакта дагы табуунун сигнал берүүчү каражаттары орнотулуш керек. Резерв куралдуу жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин (куралдуу дезертирлердин) болжолдуу жарып өтүүчү багыттарында бөлүнүп жайгашат. Өздүк курамдын эс алуусу нөөмөт боюнча, түздөн-түз алар жайгашкан чектерде уюштурулат. Куралдуу жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер (куралдуу дезертирлер) бөгөт коюлган аймактан жарып (билинбей) өткөн учурда аларды жок кылуу жашынуу пункттарына же аймактарына чегинүү мезгилинде жүзөгө ашырылат. Мындай шарттарда бөлүкчөлөр курчоого алуу же аймакка бөгөт коюу менен издөө (душмандын болжолдуу чегинүү багыттарын тороо) сыяктуу ыкмаларды колдоно алат. Куралдуу жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер (куралдуу дезертирлер) зыянсыздандырылгандан кийин аймакка кылдаттуу кароо жүргүзүлөт.
258. Ички аскерлердин күчтөрү жана каражаттары калктуу пункттарда (мажбурланып көчүп келгендердин лагерлеринде, түзөтүү мекемелеринде) массалык башаламандыктарды токтотуу боюнча атайын операцияны жүргүзүүгө тартылышы мүмкүн. Массалык башаламандыктарды токтотуу боюнча атайын операциянын жетекчиси болуп тиешелүү ички иштер органынын жетекчиси саналат, ал эми түзөтүү мекемелеринде Ички аскерлердин, ички иштер органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен массалык башаламандыкты токтотууну Кыргыз Республикасынын ички иштер министри же анын орун басары жетектейт.
259. Атайын операциянын башчысынын ички аскерлер боюнча орун басары, Ички аскерлердин атайын операцияга тартылган аскердик бөлүктөрүнүн (бөлүкчөлөрдүн) командирлери операциянын жетекчиси уюштурган атайын операциянын аймагын чалгындоого (рекогносцировка) катышат. Чалгындоо (рекогносцировка) учурунда төмөнкүлөр такталат:
- атайын операциянын аймагынын курчоого алынган чектери, аскерлердин бара турган каттамдары;
- курчоого алынган чектерде контролдоо-өткөрүү пункттарын коюу жерлери;
- кайтарууга алынуучу объекттер;
- массалык башаламандыктын катышуучуларынын агымына жол бербөө үчүн тосулууга тийиш болгон багыттар;
- кайгуул жүргүзүү каттамдары (участоктор);
- таркатуучу топтун баштапкы жери, аскерлердин бара турган каттамдары;
- массалык башаламандыктын катышуучуларын таркатуу жана чыгаруу багыттары;
- атайын иш-чаралар өткөрүлгөн жерден чыгууда жарандарды текшерүү пунктунун жайгашкан ордун;
- резерв жайгашкан аймак;
- көмөкчү башкаруу пунктун жайгаштыруу аймагы жана атайын операциянын жүрүшүндө аны көчүрүү багыты;
- жана башка маселелер.
260. Атайын операцияда аскердик бөлүктөрдүн иш-аракеттеринин ыкмалары түзүлгөн кырдаалга (массалык башаламандыктын мүнөзү жана күчү, массалык башаламандыктар камтыган аймактын көлөмү ж.б.), күчтөрдүн жана каражаттардын болушуна, жыл мезгилине жана күн убактысына, аба-ырайына карата атайын операциянын жетекчиси тарабынан аныкталат.
Массалык башаламандыктын башталуу этабында Ички аскерлер аларды токтотууга тартылышы мүмкүн. Ошол эле учурда массалык башаламандыктын күчөшү мүмкүн болгон жерлерде көбөйтүлгөн аскердик наряддар тарабынан кайгуул кызматы уюштурулат жана күчөтүлөт, мыйзамсыз аракеттер багытталган же кылмыштуу кол салуунун объектине айланышы мүмкүн болгон объекттер аскердик кайтарууга алынат. Массалык башаламандыктын өрчүү мүнөзүнө жараша ошол убакта аскердик күчтөрдү жана каражаттарды күчөтүү жана топтоо жүргүзүлөт, ошондой эле алардын аракеттенүүсүнө даярдыктар көрүлөт. Массалык башаламандыктар андан ары өрчүгөн учурда атайын операцияга тартылган күчтөрдүн аракеттеринин негизги ыкмалары болуп төмөнкүлөр саналат: массалык башаламандыктын катышуучуларына бөгөт коюу, аларды таркатуу (түртүп чыгаруу), уюштуруучуларын (активдүү катышуучуларын) кармоо; коомдук тартипти бузуучулардын топторун таркатуу, мыйзамсыз иш-аракеттердин болжолдуу объекттеринин жанында тартип бузуучулардын чогулушуна тыюу салуу боюнча белгилүү каттамдарда (аймактарда) маневр жасоочу топтордун иш-аракеттери; кылмыштуу кол салуулар багытталган объекттерди кайтаруу; атайын операция жүргүзүлгөн аймакка жакын жайгашкан аймактарда кайгуул кызматын жүргүзүү. Массалык башаламандыктарды жоюу, алардын катышуучуларын таркатуу (сүрүп чыгаруу), уюштуруучуларын (активдүү катышуучуларын) кармоо массалык башаламандыктын катышуучулары бир же бир нече жерде (көчөлөрдө, аянттарда, парктарда ж.б.) элдин көп чогулуусун жараткан учурларда колдонулат. Маневр жасоочу топтордун айрым каттамдардагы (айрым аймактардагы) коомдук тартипти бузуучулардын топторун таркатуу, мыйзамсыз иш-аракеттердин болжолдуу объекттеринин жанында тартип бузуучулардын чогулушуна тыюу салуу боюнча иш-аракеттери массалык башаламандык кеңири жайылганда (бүтүндөй калктуу пунктту же анын ири бөлүгүн камтыганда), тартип бузуучулардын чакан топтору тарабынан жасалып жатканда, ошондой эле башаламандык айыл жергесинде, бири биринен алыс аралыкта жайгашкан бир нече калктуу пунктта болгон учурда жүргүзүлөт. Түзүлгөн кырдаалга жараша бир эле учурда атайын операцияны жүргүзүүнүн бир нече ыкмалары колдонулушу мүмкүн.
261. Калктуу пункттарда массалык башаламандыктарды токтотууга катышууда Ички аскерлердин күчтөрү жана каражаттары төмөнкү топторго киргизилиши мүмкүн: курчоо, кайгуул, кайтаруу, конвой менен коштоо, таркатуу (сүрүп чыгаруу), бөгөт коюу, атайын каражаттарды колдонуу, тоскоолдуктарды алуу, миналарды тазалоо, маневр жасоочу жана резервге.
Тоскоолдуктарды алуу тобунун, миналарды тазалоо тобунун иш-аракеттерин, атайын каражаттарды колдонууну камсыз кылуу үчүн калкалоо топтору дайындалышы мүмкүн. Ички иштер органдарынын курамынан төмөнкүдөй топтор түзүлөт: кармоо, ыкчам маалымат берүү, жол кыймылын уюштуруу, өрт өчүрүү, мыйзамсыз аракеттерди документтештирүү, ыкчам-тергөө, уюштуруу-аналитикалык жана атайын иш-чаралар өткөрүлгөн зонадан чыгууда жарандарды текшерүү пункту. Массалык башаламандыктар куралдуу зомбулук менен коштолгон учурда Ички аскерлердин атайын багыттагы бөлүкчөсүнөн кармоо тобу (бөлүмдөн взводго чейинки сандагы) бөлүнөт, ал кармоо (басып алуу) жана калкалоо кичи топторунан турушу мүмкүн.
262. Курчоо тобу массалык башаламандык болгон жерлерди өзүнчө бөлүү үчүн арналат. Аскердик чынжырчалардан, КӨП жана резервдерден турат.
Кайгуул тобу кайгуул кызматын өтөө менен атайын операция жүргүзүү районуна жанаша жерлерде коомдук коопсуздукту сактоо жана камсыз кылуу үчүн арналат. Ал жөө кайгуулдан жана автомобилдердеги кайгуулдан, тартипти сактоо тозотторунан жана резервден турат. Кайтаруу тобу кылмыштуу кол салууга дуушар болушу мүмкүн болгон объекттерди кайтаруу (күзөттү күчөтүү), ошондой эле атайын иш-чараларды жүргүзүү зонасынан чыгууда жарандарды текшерүү пункттарын кайтаруу үчүн арналат. Ал кароолдордон турат. Конвой менен коштоо тобу кармалган адамдарды атайын иш-чараларды жүргүзүү зонасынан чыгууда жарандарды текшерүү пунктуна чейин коштоо (конвой менен коштоо) үчүн арналган. Ал атайын автомобилдердин экипаждарынан жана кароолдордон турат. Таркатуу (сүрүп чыгаруу) тобу массалык башаламандыктардын катышуучуларын бир же бир нече багыттардан кичине бөлүктөргө бөлүү жана (же) ээлеген аймактан сүрүп чыгаруу үчүн арналган. Ал топ адамды бөлүүдө - алдынкы бурчу "шынаа" сымал тизилген аскер кызматчыларынын колоннасынан; массалык башаламандыктардын катышуучуларын сүрүп чыгарууда - чынжырчадан турат. Бөгөт коюучу топ аймактын айрым чектерин, массалык башаламандыктардын уюштуруучуларын (активдүү катышуучуларын) тосууга арналган. Ал аскердик чынжырчалардан турат. Атайын каражаттарды колдонуу тобу массалык башаламандыктардын активдүү катышуучуларына каршы атайын каражаттарды колдонуу үчүн арналган. Ал атайын каражаттарды колдонуучу эсептерден (экипаждардан) турат. Тоскоолдуктарды алуу тобу тоскоолдуктардан өтүүгө жолдорду ачуу үчүн арналган. Инженердик (атайын) техникалардын экипаждарынан турат. Миналарды зыянсыздандыруу тобу жардыруучу түзүлүштөрдү жана жарылуусу ыктымал буюмдарды издөө жана зыянсыздандыруу үчүн арналган. Ал чалгындоо жана миналарды зыянсыздандыруу эсептеринен турат. Маневр тобу атайын операция жүргүзүү районуна жакын жерлерде коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, топтолгон адамдар тарабынан коомдук тартипти бузууга, тартип бузуучулардын массалык башаламандыктардын катышуучуларына кошулуу аракетине бөгөт коюу үчүн арналган. Штаттык аскер техникасы менен иштеген бөлүкчөлөрдөн турат. Резерв күтүүсүздөн пайда болгон милдеттерди аткаруу, кырдаал татаалдашкан учурда күч жана каражат түзүмдөрүнүн элементтерин бекемдөө үчүн арналган. Аскер бөлүгүнүн командиринин чечими боюнча резерв штаттык курал жана атайын каражаттар менен куралданышы мүмкүн.
263. Атайын операцияга катышуу боюнча милдеттерди коюуда аскерлерге төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- күч жана каражат түзүмдөрүнүн бардык элементтерине - топтун командири, курамы, милдеттери, күчөтүлүүсү, негизги күчтөрдү колдонуу багыты, милдетти аткаруу тартиби, жеке сооттолгон коргонуу каражаттарын, активдүү коргонуу каражаттарын, курал-жарактарды жана аскердик техниканы колдонуу тартиби, мындан тышкары курчоо тобуна - курчоо чектери жана аны ээлөө убактысы;
- күзөт тобуна - объекттер жана аларды кайтаруу ыкмалары, объектти күзөткө алуунун мөөнөттөрү;
- таркатуу (сүрүп чыгаруу) тобуна - топтун тизилүүсү, баштапкы абалы жана аны ээлөө убактысы, жакынкы жана андан аркы милдеттер жана аларды аткаруу убактысы, таркатуу (сүрүп чыгаруу) багыты;
- бөгөт коюучу топко - тосуу чектери жана аны элөө убактысы.
264. Аскерлерди топтоо жана алардын баштапкы жайларына баруусу эң кыска каттамдар менен кыска мөөнөттө жана жашыруун түрдө жүргүзүлөт.
Таркатуу тобунун баштапкы абалы массалык башаламандыктардын катышуучуларынан өздүк курамдын коопсуздугун, тизилүүнү жана аракетке даярдануусу жашыруун түрдө өтүүсүн камсыз кылуучу аралыкта тандалышы керек. Курчоо жана кайгуул топтору баштапкы абалды ээлебестен өздөрүнө бекитилген кызмат өтөө чектерге (маршруттарга, жерлерге, райондорго, участокторго) чыгат. Эгерде курчоо тобу же анын бир бөлүгү белгиленген чектерге чыга албай калса, анда атайын операциянын жетекчисинин чечими менен ага жаңы чектер белгиленет. Өздүк курам чыгып түшкөндөн кийин транспорт каражаттары массалык башаламандыктардын катышуучуларын таркатууда алардын болжолдуу багыттарынан алыс, бир же бир нече жерлерге топтолот. Транспорт каражаттарын кайтаруу үчүн кароолдор же аскердик наряддар дайындалат.
265. Массалык башаламандыктардын катышуучуларын таркатуу (сүрүп чыгаруу) боюнча аракеттер башталганга чейин атайын операциянын жетекчиси алардын аракеттеринин мыйзамсыздыгы жөнүндө эскертет, башаламандыктарды токтотууну талап кылат, жарандарга массалык башаламандык болгон райондон чыгып кетүүчү багыттарын көрсөтөт жана массалык башаламандыктар улантыла турган болсо, аларга бөгөт коюу үчүн күч аракеттери (атайын машиналар, физикалык күч, атайын каражаттар, курал-жарактар) колдонула тургандыгы жөнүндө жарыялайт.
Мында массалык башаламандыкка катышуучуларына атайын операциянын жетекчисинин талаптарын аткаруу үчүн убакыт берилет.
266. Атайын операция атайын операциянын жетекчисинин командасы (сигналы) боюнча массалык башаламандыктардын катышуучулары тарапка таркатуу (сүрүп чыгаруу) тобунун (топторунун) баштапкы жайгашкан абалынан чыгуусу менен башталат.
Таркатуу (сүрүп чыгаруу) тобу (топтору) атайын операциянын жетекчисинин чечими боюнча сооттолгон техника, суу аткычтар жана башка атайын машиналар менен аракеттенген бөлүкчөлөр менен күчөтүлүшү мүмкүн. Эгерде массалык башаламандыктардын катышуучулары таркатуу (сүрүп чыгаруу) тобунун бараткан жолдоруна тоскоолдук берүүчү тосмолорду орнотушса же автомобилдер (башка техникалар) менен жолду тосууга аракет кылса, тоскоолдуктарды алуу топтору аларга көрсөтүлгөн багыттар боюнча өтүүгө жолдорду ачат. Тоскоолдуктарды алуу топторунун аракеттери атайын дайындалган бөлүкчөлөр менен камсыздалат. Атайын операциянын жетекчисинин чечими боюнча массалык башаламандыктардын катышуучуларын алар орноткон тосмолордон бөлүп салуу үчүн атайын каражаттар колдонулушу мүмкүн. Таркатуу (сүрүп чыгаруу) тобу (топтору) бир же бир нече багыттан тез арада массалык башаламандыктардын катышуучуларын бөлүп өтүп, өтүүгө жолдорду ачат. Активдүү каршылык көрсөтүшсө, атайын операциянын жетекчисинин чечими менен аларды бөлүп жаруу боюнча атайын каражаттар колдонулат. Массалык башаламандыктардын катышуучуларын бөлүп жаруу иштери аяктагандан кийин таркатуу (сүрүп чыгаруу) топторунун бөлүкчөлөрү аларга көрсөтүлгөн багыттар боюнча аларды көрсөтүлгөн райондун сыртына сүрүп чыгарат. Массалык башаламандыктардын катышуучулары үн берүүчү түзүлүштөрдүн (катуу сүйлөөчү түзүлүштөр) жардамы менен атайын операция жүргүзүлүп жаткан райондон чыгып кетүү багыттары тууралуу үзгүлтүксүз маалымдап турат. Кармоо топтору таркатуу (сүрүп чыгаруу) топторунун бөлүкчөлөрү өз ара аракеттенип, башаламандыктардын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын кармап, аларды конвой менен коштоо тобуна өткөрүп берет. Башаламандыктардын катышуучуларынын кыймылынын багыттарында аларды сүрүп чыгаруу боюнча аракеттенген курчоо топторунун бөлүкчөлөрү башаламандыктардын катышуучуларынын жакындап келиши менен чогулуп, коопсуз жерге жылып жөнөйт. Атайын операция жүрүп жаткан райондон жалгыз чыгып бара жаткан катышуучуларды курчоо топтору эреже катары тоскоолдуксуз өткөрөт. Зарыл болгон учурларда алардын кээ бирөөлөрү ички иштер органдарынын кызматкерлеринин көрсөтмөсү боюнча кармоого алынып, конвой менен коштоо тобуна өткөрүлүп берилет.
267. Тартип бузуучулар атайын операция жүрүп жаткан аймактан сүрүп чыгарылгандан кийин сүрүп чыгуу тобунун бөлүкчөлөрүнүн бөлүгү атайын операциянын жетекчисинин чечими боюнча массалык башаламандыктардын катышуучуларынын ири топторун коштоо жана аларды андан ары таркатуу үчүн маневрдук топторго дайындалышы мүмкүн.
268. Эгерде массалык башаламандыктын катышуучуларын бир убакта таркатуу үчүн күчтөр жана каражаттар жетишсиз болсо, ал ырааты менен, бөлүп-бөлүп жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында массалык башаламандыктын катышуучуларынын чакан топтору ырааты менен топ адамдан бөлүп алынып, сүрүп чыгарылат жана таркатылат.
269. Эгерде кырдаал массалык башаламандыктын катышуучуларын адегенде таркатпастан сүрүп чыгарууга мүмкүндүк берсе, анда топ адамды таркатуу жүргүзүлбөшү мүмкүн. Таркатуу (сүрүп чыгаруу) тобу бир катар (эки катар) аскердик чынжырчада же "үч бурчтукта" аракеттенүү менен белгиленген ылдамдыкта кыймыл жасап, катышуучуларды атайын операция жүргүзүлгөн райондун чегинен сырткары сүрүп чыгарат, андан кийин өзүнүн курамынан бөлүкчөлөрдүн аракеттери менен аларды багыттары боюнча таркатат.
270. Эгерде таркатуунун (сүрүп чыгаруунун) жүрүшүндө аскерлердин андан аркы аракеттери массалык башаламандыктын катышуучулары жана башка жарандар үчүн оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн болсо, атайын операциянын жетекчисинин чечими менен бөлүкчөлөрдүн андан ары жүрүүсү токтотулат, зарыл болгон учурда алар артка кайтарылат.
Ички аскерлер боюнча атайын операциянын жетекчисинин орун басары түзүлгөн кырдаал жөнүндө атайын операциянын жетекчисине баяндама жасайт, аны менен бирге мүмкүн болуучу оор кесепеттерди болтурбоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрөт, аскерлердин операциядагы аракеттерин тактайт жана команда (сигнал) боюнча аскерлердин аракеттерин кайра улантат.
271. Топ адамды таркатуу аяктагандан кийин Ички аскерлердин күчтөрүнүн жана каражаттарынын бир бөлүгү атайын операция жүргүзүлгөн жерге чектеш райондордо коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарат, күчтөрдүн бир бөлүгү ыкчам штабдын жетекчисинин резервине чыгарылат. Милдеттерди аткарууну аяктоо жөнүндө тескемени (буйрукту) улук ыкчам башчы берет.
272. Аба кемесин басып алууга жана айдап качууга бөгөт коюу боюнча операция аба ишканасынын, ички иштер органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын Куралдуу Күчтөрдүн, чек ара жана Ички аскерлердин бөлүкчөлөрүнүн, аскердик бөлүктөрүнүн күчтөрү жана каражаттары менен бекитилген планга ылайык жүргүзүлөт, анда төмөнкүлөр аныкталат:
- операциянын негизги милдеттери;
- ыкчам штабдын милдеттери;
- өз ара аракеттенүүчү ведомстволор тарабынан бөлүнүүчү күчтөр жана каражаттар жана аларды күжүрмөн тартиптин элементтери боюнча бөлүштүрүү;
- өздүк курамдын саны, аталышы, жана техникалык жабдылышы жана күжүрмөн тартиптин элементтериндеги милдеттери;
- ыкчам штабды жайгаштыруучу жана өздүк курамды чогултуучу жерлер;
- операцияны жүргүзүүнүн жалпы тартиби;
- операциянын катышуучуларынын кабарлоо схемасы.
273. Операция төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- кылмышкерлер учууга даяр болгон аба кемесине кирип келгенде жана күч колдонуу менен экипаждан аларды чет өлкөгө жеткирүүнү талап кылганда;
- экипаж борттогу кылмышкерлердин талабы боюнча аба кемесин май куюу же техниканы жана экипажды андан ары чет өлкөгө учууга даярдоо үчүн аэропортко конгондо;
- экипаж аба кемесин чет өлкөлүк аэропортко конду деп имитациялоо менен, Кыргыз Республикасынын аймагына конгондо;
- аба кемеси кылмышкерлердин куралды, жардыргыч түзүлүштөрдү жана зомбулук жасоонун башка каражаттарын колдонуунун кесепетинен аэродромго же авиакомпаниянын жоопкерчилигиндеги райондо конууга мажбур же авария болгондо;
- аба кемеси жарылуу коркунучуна байланыштуу авариялык конууга мажбур болгондо.
274. Операцияга жетекчилик кылуу, күчтөрдү жана каражаттарды жогорку күжүрмөн даярдыкта кармоо үчүн ыкчам штабдар түзүлөт. Операцияга жетекчилик кылуу ыкчам штабдын жетекчиси тарабынан башка ведомстволордун өкүлдөрү менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө жүргүзүлөт.
Ички аскерлердин аскер бөлүктөрүнүн командири (штабдын башчысы) ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары болуп дайындалат (ички аскерлердин өздүк курамы тартылганда).
275. Операция жүргүзүү үчүн бөгөт коюу (биринчи жана негизги), курчоо, колго түшүрүү, жардыруу коркунучун жоюу боюнча, калкалоо, снайперлер, кылмыш аракеттерин белгилөө, фильтрация, резерв топтору түзүлөт.
Операцияга катышууга аэропорттун авариялык-куткаруучу командасы тартылат. Негизги бөгөт коюу тобунун, калкалоо, курчоо жана снайпер топторунун курамына Ички аскерлердин өздүк курамы киргизилет. Калган топтор операцияга катышуучу башка органдардын күчтөрүнүн жана каражаттарынын эсебинен түзүлөт. Колго түшүрүү тобу Кыргыз Республикасынын бир министрлигинин же күч түзүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын бөлүкчөсүнөн түзүлөт.
276. Негизги бөгөт коюу тобу төмөнкү милдеттери аткарат:
- кылмышкерлердин качып кетүүсүнө жол бербөө максатында операция жүргүзүлүп жаткан районду бөгөттөйт;
- басып алынган аба кемесин башкарууга жана анын учуп кетишине, эгерде ага операциянын жетекчисинин уруксаты жок болсо жол бербейт;
- операциялар жүргүзүлүп жаткан зонага кылмышкерлердин мүмкүн болгон шериктерин жана бөтөн адамдардын кирүүсүн болтурбайт.
Бөгөт коюу мүмкүн болушунча жашыруун жүргүзүлөт. Өздүк курам коопсуз аралыкта, кылмышкерлер көрүнө турган жана качып кетүүсүндө ок атууга мүмкүн болгон жерлерде жайгаштырылат. Кырдаалга жараша тозоттор басып алынган кемеден 500-1000 метр аралыкта жайгаштырылат.
277. Курчоо топтору бөтөн адамдардын киришине тыюу салуу максатында операция жүргүзүлүп жаткан районду обочолоо боюнча милдеттерди аткарат, курчоого алынган зонага кирүүгө же андан чыгууга аракет кылган бардык адамдарды фильтрациялык пунктка жөнөтөт, кылмышкерлер бөгөт коюлган тозоттор аркылуу өтүп кеткен учурда аларды кармайт, зарыл болгон учурда аларга карата ок атат, жолдорду тосуу жана көзөмөлдөө-өткөрмө пункттарын уюштуруу жолу менен операция жүргүзүлүп жаткан районго бөтөн транспорттордун өтүүсүн токтотот.
278. Калкалоо тобу аба кемесин басып алган кылмышкерлердин көңүлүн колго түшүрүү тобунун аракеттеринен алаксытат, анын аракеттерине ок атуулар, түтүндөр, атайын каражаттар менен колдоо көрсөтөт. Калкалоо тобу колго түшүрүү тобунун аркасынан аларга жардам көрсөтүүгө даярдыкта бронетранспортерлор менен жүрөт.
Снайперлердин тобу зарыл болгон учурда операциянын жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча кылмышкерлерди жок кылуу боюнча милдеттерди аткарат.
279. Өздүк курамды айгай боюнча чогултуу операциянын жетекчисинин командасы боюнча аба кемесин басып алуу тууралуу билдирүүнү алгандан тартып жүргүзүлөт. Операция жүргүзүлүп жаткан районго келген күчтөр тапшырмаларын тактагандан кийин операциянын планында каралган позицияларды (чектерди) ээлейт.
Аба кемесин басып алууга жана айдап качууга бөгөт коюу боюнча атайын операцияда өздүк курамдын аракеттери бардык учурда кокустан, ылдам, күчтүү жана чечкиндүү болушу, жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын мүчөлөрүнүн коопсуздугу камсыздашы керек жана кылмышкерлерди алаксытуучу (жалган) маневрларды жана аларга психологиялык жактан таасир этүүчү ыкмаларды кеңири колдонуу менен айырмаланууга тийиш.
280. Мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөр куралсыздандыруу (ишине бөгөт коюу) Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин чечимине ылайык мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөр курамын, абалын, жайгашкан жерин жана аракеттеринин мүнөзүн эске алуу менен жүргүзүлөт.
Мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөр алар ээлеп турган районду (калктуу конушту) коргоого даярдап жаткан учурларда, атайын операция жүргүзүлүүчү районду алдын ала даярдоо жүргүзүлүшү мүмкүн, ал бөгөт коюлуучу чектерди, баштапкы райондору (чектерди) фортификациялык жабдууну, жүрүү маршруттарын даярдоону, артиллериянын ок атуучу позицияларын, жөө аскерлердин согуштук машиналарын (бронетранспортерлорду) даярдоону, тик учактар үчүн конуучу аянтчаларды даярдоону камтыйт. Мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн кошумча күчтөрү келүүсү мүмкүн болгон жолдордо каттамдарына инженердик тосмолор орнотулушу мүмкүн.
281. Мыйзамсыз куралдуу түзүмдү куралсыздандыруу (ишине бөгөт коюу) боюнча атайын операцияда күчтөрдү жана каражаттарды топтоштуруу издөө (чабуул жасоочу отряд, топ), бөгөт коюу (ички, тышкы), артиллериялык, авиациялык, тосмолорду орнотуу жана миналарды зыянсыздандыруу, атайын каражаттарды колдонуу топторун жана резервди камтыйт.
282. Мыйзамсыз куралдуу топторду куралсыздандыруу (ишке бөгөт коюу) боюнча атайын операция, эреже катары, төмөнкүлөрдү камтыйт:
- атайын операция жүргүзүлүп жаткан районго ротанын (взводдун) таяныч пункттары менен тышкы жана ички чектеринен бөгөттөө, жарандардын атайын операция жүргүзүлүп жаткан райондон чыгып кетүүсүнө далистерди жана контролдук-өткөрмө пункттарын түзүү;
- чабуул коюучу отряддардын (топтордун) баштапкы чектерге жайгашуусу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн жетекчилиги менен курал-жарактарды жана аскердик техниканы тапшыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, коргонуучу курулмаларды жок кылуу, калктуу жайларды текшерүү, ошондой эле калкты анын чегинен чыгаруу;
- мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөр тарабынан куралсыздануу жана куралды тапшыруу боюнча талаптар аткарылганда курал-жарактарды жана аскердик техниканы алуу жана чогултуу боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлөт, ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кылмыш жасоого шектелген адамдарды кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүсү камсыздалат;
- эгерде мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөр операциянын жетекчисинин куралсыздануу жана куралды тапшыруу жөнүндө талабын аткаруудан баш тартканда - мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөр ээлеп турган позицияларга (объекттерге) ок атуу менен сокку урулат жана алардын аракеттерине бөгөт коюлат (куралсыздандырылат).
283. Жерлердин участокторуна (чектерине) жайгашкан мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөргө бөгөттөө эки чекте - ички жана тышкы чектерде жүргүзүлүшү мүмкүн. Сырткы бөгөттөлгөн чектерде аракеттенип жаткан аскердик бөлүктөрдүн (бөлүкчөлөрдүн) негизги милдети - бөгөттөлгөн мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөргө сырттан кошумча күчтөрдүн киришине жол бербөө, алардын бөгөттөлгөн ички чектерде аракеттенип жаткан аскер бөлүктөрүнө (бөлүкчөлөрүнүн) арт жактан сокку уруусуна жол бербөө.
Атайын операция жүргүзүлүп жаткан районду обочолонтуу боюнча башка кошумча чаралар жүргүзүлөт: үстөмдүк кылуучу бийиктикти басып алуу жана ээлөө, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн кошумча күчтөрүнүн агылып келүүсүнүн болжолдуу багыттарында бөлүкчөлөрдү коргонууга атайылап өткөрүү, аскерлердин аракеттерин көрсөтүү.
284. Ири мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөргө бөгөттөлгөн чекке жакындаганда аны көргөн бөлүкчөлөр дароо белгиленген сигналды беришет жана өздөрү ээлеген позицияларды туруктуу кармап, бөгөттөлгөн чектен өтүүгө жол бербей турушат. Бөгөттөөчү топтун командири мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөр жарып өтүшү мүмкүн болгон багытта аракеттенген бөлүкчөлөрдү күчтөндүрүү үчүн резервди жана башка багыттардан бөлүкчөлөрдү жөнөтөт.
285. Мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөр (анын бир бөлүгү) бөгөттөлгөн чекти жарып өткөндө, бөлүкчөлөр ал участокто мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн кыймылынын багытын белгиленген сигнал менен белгилерди коюшат жана жарып өткөн бөлүктүн артынан калбастан куугунтукташат. Бөгөттөөчү топтун командири бөгөттөлгөн чектерди калыбына келтирүү жана жарып өткөн мыйзамсыз куралдуу түзүлүштү (анын бир бөлүгүн) куугунтуктап келе жаткан бөлүкчөлөргө жардам көрсөтүү үчүн өзүнүн резервин жиберет. Мында, эгерде кылмышкерлердин кыймылы белгилүү болсо, резервдин күчүнүн бир бөлүгү тик учак (башка транспорт каражаттары) менен ошол багытка жүрүүгө болот.
286. Бөгөттөлбөгөн райондо аракеттенүүдө чабуул коюучу аскердик бөлүктөрдүн (бөлүкчөлөрдүн) капталдарын жана арт жактарын калкалоо боюнча чаралар көрүлөт.
287. Мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөр куралсыздануу жана куралды тапшыруу боюнча талаптарды аткаруудан баш тартканда, аларды ок атуу менен жок кылуу макулдашылган бир убакта жана ирети менен авиациянын, артиллериянын жана башка ок атуучу каражаттар менен ок атуу аркылуу жүргүзүлөт.
Мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү ок атуу менен жок кылуу төмөнкү мезгил мезгилдер боюнча пландалат жана аткарылат:
- аскерлердин куралдуу кагылышуу болгон районго баруусун ок атуулар менен камсыздоо;
- душмандар ээлеп турган райондорго бөгөттөөдө жана текшерип чыгууда бөгөттөөгө ок атуулар менен даярдык көрүү жана аскерлерди ок атуулар менен колдоо;
- душмандар базалык райондорду басып алууда чабуулга ок атуулар менен даярдык көрүү жана чабуул коюучу аскерлерди ок менен колдоо;
- куугунтуктоодо жана рейддик-издөө жана буктурма иштерин жүргүзүүдөгү аскерлерди ок атуулар менен колдоо;
- күзөтүп кайтаруу жана контролдук-өткөрмө пункттарынын курамында аракеттенген бөлүктөрдү ок атуулар менен колдоо.
288. Мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү куралсыздандыруу (ишине бөгөт коюу) боюнча атайын операциянын жүрүшүндө ок атуу менен жок кылуу милдетин аткаруу үчүн штаттык жана көмөктөшүүгө берилген артиллерия, күжүрмөн тик учактар жана башка ок атуучу каражаттар тартылат.
Объекттерди ок атуу менен жок кылуу жергиликтүү калкка зыян келтирбегендей жүргүзүлөт. Ок атуу менен жок кылуу мезгилинде чабуул коюучу аскердик бөлүктөр (бөлүкчөлөр) атайын операциянын жетекчисинин чечими менен токтотулат же коопсуз аралыктарга чыгарылышы мүмкүн. Мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн аракеттерине бөгөт коюу, эреже катары, чабуул коюучу отряддар (топтор) тарабынан жүзөгө ашырылат.
289. Мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү куралсыздандыруу (ишине бөгөт коюу) боюнча атайын операциянын жүрүшүндө анын жетекчисинин чечими менен атайын иш-чаралар жүргүзүлүп жаткан зонадан чыгууда жарандарды текшерип өткөрүүчү пункт жайгаштырылышы мүмкүн. Атайын операцияга катышкан (катышуучу) аскердик бөлүктөн (бөлүкчөдөн) кармалгандарды кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү үчүн кароолдордон турган конвой менен коштоп жүрүүчү топ түзүлөт.
290. Калктуу конушта атайын операцияны жүргүзүүдө байкоо жүргүзүү жана ок атуу үчүн чектелген мүмкүнчүлүктөр, көрүнбөгөн жерлердин көптүгү жана издөө жүргүзүүнүн татаалдыгы, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн жашынуусу жана маневр жасоосу, буктурмаларды уюштуруусу үчүн жакшы шарттар таасир этет.
Калктуу конушта издөө иштери ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жана аймактар, участоктор, объекттер, багыттар жана секторлор боюнча жүргүзүлөт. Чакан калктуу конуштар алдын ала бөгөттөлөт. Ири калктуу конуштардын айрым кварталдары (участоктору) бөгөттөлөт. Жергиликтүү тургундарды өткөрүү үчүн атайын операциянын жетекчисинин чечими боюнча далистер түзүлөт, анда контролдук-өткөрмө пункттарында алардын мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөргө катыштыгы бар же жоктугу текшерилет. Бөлүнгөн күчтөргө жана каражаттарга жараша калктуу конуштун аянты участоктор (объекттер) боюнча ирети менен же бир убакта текшерилет. Калктуу конуштарда аракеттенүүчү издөө топторунун күжүрмөн тартиби текшерип кароо жана калкалоо топторунан турат. Калкалоо тобу алдын ала объектти (участокту) бөгөттөйт жана жарандардын чыгуусуна (кирүүсүнө) тыюу салат. Текшерип кароо ички иштер органдарынын кызматкерлери (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү) менен бирге объектти кылдаттык менен карап чыгат. Эгерде издөө иштери участоктор (объекттер) боюнча ирети менен жүргүзүлсө, анда текшерилип бүткөн аймакка мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн жарып өтүүсүнө жол бербөө чаралары көрүлөт. Эгерде мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн катышуучулары имараттын (курулманын) ичинде байкалса, имарат курчоого алынат. Мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн катышуучуларын кармоонун (жок кылуунун) алдында имараттагы (курулмадагы) жана ага коңшулаш имараттардагы (курулмалардагы) адамдар коопсуз жайга чыгарылат. Зарыл учурларда өрт өчүрүүчү каражаттар даярдалат жана өрт чыгып кетүүсүнө жол бербөө чаралары көрүлөт.
291. Тоолордо атайын операцияны өткөрүүгө төмөнкүлөр таасир этет: рельефтин текши эместиги жана өтүүгө татаал тоскоолдуктардын болуусу, жолдордун аздыгы жана алар аркылуу жол жүрүү кыйынчылыктары, жер көчкү жана таштардын кулашы, көрүнбөгөн аймактардын жана жашыруун жерлердин көптүгү, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн буктурмаларды түзүү мүмкүнчүлүгү, күнүмдүк температуранын кескин өзгөрүшү жана абанын суюктугу, радиостанциялардын ишин татаалдаштырган тоолордун чагылдыруучу таасири.
Жердин өзгөчөлүгүнө жана башка шарттарына жараша тоодо атайын операция жүргүзүлүп жаткан районду толук бөгөттөө адатта жүргүзүлбөйт. Мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн болжолдуу качып кетүүчү багыттары тосмо менен тосулат, үстөмдүк кылуучу бийиктиктерде байкоо жүргүзүү тозоттору жайгаштырылат. Издөө иштери жогорудан ылдыйга карай, тоолордун, өрөөндөрдүн, жолдордун жана капчыгайлардын кыркаларында жүргүзүлөт. Тик учактар бар болсо, алар көбүнчө издөө топторунун ишин камсыздоо жана резервдерди ташуу үчүн колдонулат.
292. Чоң токойлуу аянттарда атайын операция жүргүзүүгө көп саздак жерлери бар жабык жерлер, багыт алууда, байкоо жүргүзүүдө, жайгашкан жерин билүүдө, күчтөр жана каражаттар менен маневр жасоодо, ошондой эле өз ара аракеттенүүнү башкарууда жана сактоодо кыйынчылыктардын, мыйзамсыз куралдуу топтордун жашынуусу жана калкалануусу үчүн жакшы шарттардын болушу таасир этет.
Издөө жүргүзгөн бөлүкчөлөргө издөө багыттары (азимут) дайындалат, кесилиштерди жана флангдарды камсыз кылуу чаралары көрүлөт. Четтери (теңдөөчү, жолугуучу, акыркы) токой жолдору, жолдор, суулар, дарыялардын жээктери боюнча тандалат. Издөө аралыгы жана ылдамдыгы азайтылат. Бөгөт коюу чектери токой жолдорунун тышкы чети боюнча же токойдун четинен бир нече аралыкта тандалат.
293. Кыш мезгилинде атайын операцияны жүргүзүүгө аба-ырайынын сууктугу, аймакка жетүү шарттарынын кыйындыгы; жолдордун санынын чектелиши; күндүн узундугу (созулушу) таасир этет.
Муну менен бирге мыйзамсыз куралдуу топтордун издерин жана алардын калктуу пункттардан тышкары жайгашкан жерлерин аныктоо жеңилдейт. Атайын операцияга катышкан аскердик наряддар лыжа, жылуу кийим жана бут кийимдер менен камсыздалат. Өздүк курамдын жылынуусу үчүн пункттарды түзүү каралат. Бөгөт коюу чектеринен бир нече аралыкта бир же эки контролдук лыжа менен жүрүүчү жолдор салынышы жана аларда күзөтүү кызматы уюштурулушу мүмкүн. Резервди тез жеткирүү үчүн жүрүү жөндөмдүүлүгү жогору техника пайдаланылат. Курал-жарактарды жана аскердик техникаларды төмөнкү температураларда колдонууга даярдоо чаралары көрүлөт.
294. Калктан курал-жарактарды алуу боюнча атайын операция калктуу пунктта издөө аракеттерине ылайык жүргүзүлөт. Ошол эле учурда атайын операциянын жетекчисинин чечими боюнча калктуу пункттун жашоочуларына курал-жаракты өз ыктыяры менен тапшыруучу жер жана убакыт жарыяланат жана аны тапшыруу үчүн жеткиликтүү убакыт берилет. Курал-жарактарды издөөдө мыйзамдуулукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат. Курал-жаракты мыйзамсыз сактаган адамдар, аларды ыктыярдуу тапшырууга берилген мөөнөт аяктагандан кийин кармалууга жана ички иштер органдарына өткөрүп берилүүгө тийиш.
295. Бөтөн адамдар кайтарылган суу объекттеринин аймагына (акваторияга) кирген, аймагынан (акваториядан) чыккан учурда аларды издөө, куугунтуктоо жана кармоо тез арада уюштурулат жана тыюу салынган зона бузулган участокто кароолдун күчтөрү менен жүргүзүлөт. Кароолго жардам көрсөтүү үчүн тартип бузуучулардын болжолдуу жүрүү багыттарына жана объекттин өтө маанилүү борборлорунун кире беришине ичинен жана тышынан бөгөт коюу үчүн аскердик бөлүктүн командиринин (аскердик бөлүк боюнча кезметчинин) чечими боюнча кезметчи бөлүкчө жиберилет. Калган кароолдор "Куралга" чакырылат жана аскердик бөлүктүн объекттерди кайтаруу жана коргоо пландарында ылайык аракеттенишет. Объекттин аймагына тартип бузуучулар кирген (объекттин аймагынан чыккан) учурда кароолдорду, кезметчи күчтөрдү жана каражаттарды башкаруу аскердик бөлүктөр (бөлүкчөлөр) жайгашкан жердеги командалык пункттан же милдеттерди аткаруу аймагында түзүлгөн көмөкчү башкаруу пунктунан жүзөгө ашырылат.
296. Аскердик бөлүктөргө жардам көрсөтүү максатында аскердик резервдердин маневру (маанилүү мамлекеттик объекттерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча аскердик бөлүктөр) кол башчынын чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
297. Эгерде кароолдор (кезметчи бөлүкчөлөр) тарабынан кайтаруудагы суу объектинин аймагына (акваториясына) мыйзамсыз кирген же андан чыккан адамдарды издөө натыйжа бербесе атайын операция жүргүзүлөт.
Атайын операцияны жүргүзүү жөнүндө чечимди улук ыкчам башчы кабыл алат, ал атайын операциянын жетекчиси болуп саналат. Аскердик бөлүктүн (өзүнчө жайгашкан бөлүкчөнүн) командири атайын операциянын жетекчисинин аскерлер боюнча орун басары болуп саналат. Атайын операциядагы иш-аракеттерге атайын багыттагы стратегиялык объекттерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча ыкчам багыттагы аскердик бөлүктөр (бөлүкчөлөр) тартылат.
298. Кайтарууга алынган объекттин аймагына мыйзамсыз кирген же чыккан адамдарды издөө жана кармоо боюнча атайын операция эреже катары бөгөт коюлган аймакта издөө жолу менен уюштурулат жана жүргүзүлөт.
Атайын операцияга катышуучу аскердик бөлүктүн (өзүнчө жайгашкан бөлүкчөнүн) күчтөрү жана каражаттары бөгөт коюу, издөө тобунан жана резервден турат. Күчтөр жана каражаттар жетишсиз болгон учурда атайын операция тартип бузуучуларды бөгөттөлбөгөн аймакта издөө жана алардын жүрүүсүнүн болжолдуу багыттарын бөгөттөр менен тосуу аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул учурда күчтөр жана каражаттар издөө, бөгөт (убактылуу издөө тозоттору, буктурмалар, күзөттөр) топторунан жана резервден турушу мүмкүн. Шаарларда жана ири калктуу пункттарда издөө эреже катары, издөө тозоттору жана издөө топтору аркылуу жүргүзүлөт. Тартип бузуучуларды курчоого алууда күчтөрдү жана каражаттарды бөлүштүрүү курчоого алуу, кармоо, калкалоо, атайын каражаттарды колдонуу топторунан жана резервден турат.
299. Кайтарууга алынган объекттин аймагына тартип бузуучулардын кирүүсү (объекттин аймагынан чыгуусу) кароол (бөлүкчө) жана аскердик бөлүк тарабынан байкалбаган жана токтотулбаган бардык башка учурларда аскердик бөлүктөрдүн командирлери объекттин жетекчисинин режим боюнча орун басары менен бирге кызматтык иликтөө жүргүзөт.
Кайтарууга алынган объекттин аймагына адамдардын жазалануусуз мыйзамсыз кирүүлөрүн (объекттин аймагынан чыгууларын) иликтөө боюнча корутунду Ички аскерлердин кол башчысына, ошондой эле бул объект карамагына кирген аткаруу бийлигинин органына берилет. Көзөмөлгө алынган зона аркылуу адамдардын жазалануусуз мыйзамсыз объектке киришин иликтөө боюнча корутунду Ички аскерлердин кол башчысына жана объекттин режимдик-жашыруун бөлүмүнө (коопсуздук кызматына) берилет.
300. Кайтарууга алынган объектке (атайын жүктүү унаага) кол салуу жөнүндө сигнал алуу менен, аны кайтарууга алган аскердик бөлүктө кароолдордун кол салууга сокку кайтаруусу менен бир учурда объекттин кайтаруусун күчөтүү боюнча иш-чаралар көрүлөт жана чалгындоо уюштурулат. Кол салуу болгон аймакка кезметчи бөлүкчө, зарыл учурда аскердик бөлүктүн резерви дагы жиберилет. Кол салуу аймагына бөгөт коюлат. Кол салгандарды курчоо жана кармоо (жок кылуу) боюнча чаралар көрүлөт.
Зарыл учурда аскердик бөлүктүн күчтөрү өз ара аракеттенүүчү органдар жана бөлүнгөн резерв менен биргеликте атайын операция жүргүзөт. Атайын операцияны объекттин жетекчиси же анын режим боюнча орун басары жетектейт. Кайтарууга алынган объектке (атайын жүктүү унаага) кол салууга сокку кайтарууда атайын операциядагы күжүрмөн тартип бөгөт коюу, объекттердин кайтаруусун күчөтүү, ок атуу, кармоо, атайын каражаттарды колдонуу топторунан, резервден турат.
301. Кайтарууга алынган объектке (атайын жүктүү унаага) кол салуу жөнүндө сигналды (маалыматты) алуу менен Ички аскерлердин кол башчысы, аскердик бөлүктүн (бөлүкчөнүн) командири кырдаалга жараша сокку кайтарууга жана кол салууга кабылган бөлүкчөлөргө (кароолдорго) жардам көрсөтүүгө катышууга (атайын операцияга катышууга) өздөрүнүн резервдерин же окуя болгон жерге жакын жайгашкан аскердик бөлүктөрдүн (бөлүкчөлөрдүн) резервдерин тартат, ички иштер органдарына, ал эми биргелешкен пландарда каралган учурларда улуттук коопсуздук органына жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрүнө кабар берет.
302. Ички куралдуу кагылышуу - жаңжалдашкан тараптардын саясий, экономикалык, улуттук-этникалык, диний жана башка келишпестиктерин бир мамлекеттин аймагынын чегинде куралдуу кагылышууларды жүргүзүү жолу менен куралдуу күрөшүү каражаттарынын жардамы аркылуу чечүүнүн түрү.
303. Ички куралдуу кагылышуулар уюштуруу деңгээли (уюшкан жана башаламан), күчөөсү (төмөн, орто жана жогорку), көлөмү (жергиликтүү - бир шаардын (райондун) чегинде, локалдык - бир облустун аймагында, аймактык - бир нече облустун аймактарынын чегинде) боюнча айырмаланат.
Ички куралдуу кагылышууда так аныкталган тирешүү сызыгы эреже катары (чеги) болбойт. Мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн жаңжалды чечүүгө катышкан аскерлерге каршылык кылуусу же өз ара кагылышуусу топтошкон мүнөздө болот. Ички куралдуу кагылышуулар төмөнкүлөр менен мүнөздөлөт:
- жергиликтүү калктын ага жогорку тартылышы жана аялуулугу;
- туруктуу эмес куралдуу түзүмдөрдүн колдонулушу;
- диверсиялык жана террористтик ыкмаларды кеңири колдонуу;
- аскерлер иштеп жаткан учурдагы моралдык-психологиялык кырдаалдын татаалдыгы;
- аскерлердин (күчтөрдүн) жүрүүчү каттамдарын, райондорду жана жайгашкан жерлеринин коопсуздугун камсыз кылууга олуттуу күчтөрдү жана каражаттарды мажбурлап бөлүү;
- жарандык согушка айланып кетүү коркунучу.
304. Ички куралдуу чыр-чатакта Ички аскерлерди колдонуунун максаты - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын негизинде аны кеңири масштабда жөнгө салуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
305. Ички куралдуу чыр-чатакта алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча Ички аскерлердин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү, бандиттик жана террористтик топторду жана уюмдарды куралсыздандыруу, ал эми алар куралдуу каршылык көрсөткөн учурда - аларды жок кылуу, базаларды, даярдоо борборлорун, кампаларды, коммуникацияларды жок кылуу;
- мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти калыбына келтирүү;
- коомдук коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, чыр-чатак болгон аймакта өзгөчө абал режимин сактоо;
- чыр-чатак районун локалдаштыруу жана бөгөт коюу;
- куралдуу кагылышууларга бөгөт коюу жана каршылаш тараптарды ажыратуу;
- чыр-чатак болгон райондогу калктан курал-жаракты алып коюу, чыр-чатак районуна чектеш райондордо коомдук коопсуздукту коргоону күчөтүү.
306. Мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү, бандиттик жана террористтик топторду жана уюмдарды куралсыздандыруу, ал эми алар куралдуу каршылык көрсөткөн учурда - аларды жок кылуу, базаларды, даярдоо борборлорун, кампаларды, коммуникацияларды жок кылуу ички куралдуу кагылышуу болгон аймакта конституциялык тартипти калыбына келтирүү максатында жүргүзүлөт жана ушул Уставдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
307. Мыйзамдуулукту жана укук тартибин калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык адамдын жана жарандын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында жүзөгө ашырылат жана төмөнкүлөр менен жетишилет:
- Ички аскерлердин ички иштер органдары менен биргеликте калктуу конуштардагы коомдук коопсуздукту сактоого, ошондой эле массалык иш-чараларды өткөрүүгө катышуусу;
- Ички аскерлердин ички иштер органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө катышуусу;
- террористтик актыларга бөгөт коюуга, барымтага алган адамдарды, маанилүү мамлекеттик объекттерди, атайын жүктөрдү, мамлекеттик бийлик органдарынын имараттарын зыянсыздандырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат адамдарынын жана айрым жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга атайын багыттагы аскердик бөлүктөрдүн (бөлүкчөлөрдүн) катышуусу;
- Ички аскерлердин ички иштер органдары менен биргеликте адамдарды сактоо, кароосуз калган мүлктү коргоо, өзгөчө кырдаалдарда жана башка өзгөчө кырдаалдарда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүгө катышуусу менен.
308. Ички куралдуу чыр-чатактын районунда коомдук коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, өзгөчө абал режимин сактоо жарандардын өмүрүнө жана коопсуздугуна же Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө түздөн-түз коркунуч туудурган жана өзгөчө чараларды колдонбостон жоюуга мүмкүн болбогон жагдайларды жоюудан турат.
309. Ички куралдуу чыр-чатактын районун локалдаштыруу жана бөгөт коюу - аскердик бөлүктөрдүн ички иштер органдары, аткаруу бийлигинин башка органдарынын түзүлүштөрү менен биргеликте ишке ашырылуучу жана ички куралдуу чыр-чатактын районун изоляциялоого жана куралдуу кагылышуунун күчөшүнө жол бербөөгө багытталган аракеттери.
310. Куралдуу кагылышууларга бөгөт коюу жана курал-жаракты, күжүрмөн жана атайын техниканы колдонуу менен күч колдонулган аракеттер менен коштолгон ички куралдуу чыр-чатакка катышкан карама-каршы тараптарды ажыратуу убактылуу ыкчам топтун күчтөрүнүн бир бөлүгүн каршылаш тараптардын беттешкен линиясына чыгаруу, аларды сүрүп чыгаруу жолу менен ажыратуу (куралдуу каршылык көрсөтүүдө - аларды жок кылуу боюнча атайын операцияларды жүргүзүү жолу менен), куралдуу чыр-чатак тараптарынын ортосунда коопсуздук зонасын (районду) түзүү аркылуу ишке ашырылат.
Коопсуздук зонасынын (райондун) туурасы жана тереңдиги согушуп жаткан тараптар өздөрүнүн курал-жарактарынан бири-бирине ок тийбей тургандай, убактылуу ыкчам топтун күчтөрүн капталдарынан айланып өтө албагандай, ал эми коопсуздук зонасында (районунда) иштеп жаткан убактылуу ыкчам топтун күчтөрүнүн бөлүгү коюлган милдеттерди аткаруу үчүн күжүрмөн тартиптин бардык зарыл элементтерин жайгаштыра алгыдай кылып тандалат.
311. Ички куралдуу чыр-чатак болгон райондогу жергиликтүү калктан курал-жаракты алып коюу ички куралдуу чыр-чатакка тартылууну болтурбоо жана чыр-чатак болгон райондогу кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды аткарууда калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ишке ашырылат.
Ички куралдуу чыр-чатак районуна чектеш райондордо коомдук коопсуздукту сактоону күчөтүү анда жашаган калкты карама-каршы тараптардын ортосунда карама-каршылыктардын пайда болушуна өбөлгө түзүүчү аракеттерге тартууга жол бербөө, аны кылмыштуу жана башка укукка каршы кол салуулардан ишенимдүү коргоону камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылат.
312. Өзгөчө кырдаалдардын учурунда Ички аскерлер төмөнкүлөрдү аныктайт:
- авариялары ири масштабдагы өзгөчө кырдаалдарга алып келиши мүмкүн болгон, кесепеттери болжолдонуп жаткан кыйла кооптуу объекттер жана курулмалар;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышкан аскерлердин иш-аракеттеринин кыйла натыйжалуу ыкмалары;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышкан аткаруу бийлик органдары жана алардын аймактык органдары, мекемелер жана уюмдар менен өз ара аракеттенүү белгиленет жана колдоого алынат;
- аскерлерди даярдоонун жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча аракеттердин ар кандай варианттары иштелип чыгат.
313. Ички аскерлер боюнча ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары:
- өзгөчө кырдаал болгон зонаны чалгындоону уюштурууга катышат, аны жүргүзүү үчүн зарыл болгон күч жана каражаттарды бөлөт;
- өзүнө баш ийген аскердик бөлүктөрдүн (бөлүкчөлөрдүн) командирлерин, ыкчам штабдын жетекчиси жүргүзгөн рекогносцировкага жеке өзү катышат жана катышууга тартат;
- ыкчам штабдын жетекчиси үчүн аскерлерди колдонуу жөнүндө чечим кабыл алуу боюнча сунуштарды даярдайт;
- өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча аскерлердин аракеттерин уюштурат жана милдеттерди аткаруунун жүрүшүндө аларга жетекчилик кылат.
314. Ири масштабдагы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин чечими менен Ички аскерлердин курама отряддары тартылышы мүмкүн. Алардын кызматтык-күжүрмөн иши ушул Устав менен жөнгө салынат.
Аскердик бөлүктөр (бөлүкчөлөр) курчоо, кайтаруу, кароо, коштоо, эвакуациялоо, кайгуулдоо, куткаруу иштери, резерв топторунун курамында өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга катышат.
315. Милдеттерди коюуда күчтөрдү жана каражаттарды топтоонун элементтерине төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- топтун командири, тапшырма, курам, негизги күч-аракеттерди топтоону күчөтүү, багыттоо, тапшырманы аткаруу тартиби, жеке бронекоргоочу каражаттарды, активдүү коргонуу каражаттарын, КЖАЖ колдонуу тартиби.
Мындан тышкары төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- курчоо тобуна - курчоонун чектери жана аны ээлөө убактысы, ажыратуу линиялары;
- кайтаруу тобуна - объекттер жана аларды кайтаруу ыкмасы, объекттерди кайтарууга кабыл алуу мөөнөттөрү;
- текшерүү тобуна - текшерүү пункттарын жайгаштыруу жерлери;
- коштоп жүрүү тобуна (ташууларды) - бөлүнгөн кароолдордун саны жана курамы, маршруттары боюнча колонналардын тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылуу боюнча иш-чаралар;
- эвакуациялоо тобуна - эвакуациялоо пункттары жана эвакуациялоо маршруттары;
- кайгуул тобуна - кайгуул кызматынын милдеттеринин көлөмү, анын карамагына өздүк курам бөлүнгөн ички иштер органдары.
Күжүрмөн тартиптин башка элементтерине милдеттер кырдаалга жараша аныкталат.
316. Ядролук жана химиялык коркунучтуу объекттердеги аварияларда коомдук коопсуздукту камсыз кылууга катышкан аскердик бөлүктөргө (бөлүкчөлөргө) радиациялык (химиялык) чалгындоо жүргүзүү тартиби жана анын маалыматтары жөнүндө баяндама, өздүк курамдын нурлануусун контролдоо тартиби, нурлануунун жол берилген дозалары жана күжүрмөн кызмат өтөө жерлеринин уулануу деңгээли, санитардык жана атайын тазалоо тартиби кошумча көрсөтүлөт.
317. Өздүк курамды ядролук жана химиялык коркунучтуу объекттерде авариялар болгон шарттарда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарууга түздөн-түз даярдоонун жүрүшүндө кадимки иш-чаралардан тышкары теринин жана дем алуу органдарынын жеке коргоону каражаттарын текшерүү жана ыңгайлаштыруу (тандоо), өздүк курамды антидоттор, радиацияга каршы жана башка коргоочу препараттар, дозиметриялык контролдоо приборлору менен камсыз кылуу, авария болгон райондогу радиациялык (химиялык) кырдаалды изилдөө жана өздүк курамга жеке коргонуу каражаттарын, коргоочу препараттарды колдонууну, санитардык жана атайын тазалоону үйрөтүү, ошондой эле ууланган жерлерде жүрүм-турум эрежелерин үйрөнүү боюнча сабактарды жана нускамаларды өткөрүү, авариянын түрүнө жараша өздүк курамды радиациялык (химиялык) чалгындоону жана башка иш-чараларды жүргүзүү боюнча окутуу жүргүзүлөт.
318. Ядролук жана химиялык коркунучтуу объекттерде авариялар болгон шарттарда коомдук коопсуздукту камсыз кылууга аскерлердин катышуусунда төмөнкүлөр кошумча жүргүзүлөт:
- аскердик бөлүктөр (бөлүкчөлөр) жайгашкан пункттарды (жайгашкан райондорду), кароолдордун жана аскердик наряддардын күжүрмөн кызмат өтөө жерлерин радиациялык (химиялык) чалгындоо;
- кароолдордун жана аскердик наряддардын күжүрмөн кызмат өтөө жерлерин коргоочу курулмалар жана жамааттык коргонуучу каражаттар менен жабдуу;
- күжүрмөн кызмат өтөө жерлерин зыянсыздандыруу (зарыл болгон учурда), күжүрмөн кызмат өтөө жерлерин радиациялык (химиялык) чалгындоо приборлору менен жабдуу;
- жеке коргонуу, атайын тазалоочу каражаттардын жана алмаштыруучу кийимдердин запастарын түзүү;
- тамакты даярдоо жана тамактануу үчүн жерлерди (ууланган жерлердеги иш-аракеттерде), ууланган техниканы, кийимдерди жана жабдууларды сактоочу жерлерди даярдоо.
Кароолдорду, аскердик наряддарды жайгаштыруу үчүн райондорду тандоодо аларды токойго жайгаштыруудан алыс болуу зарыл.
319. Аскердик бөлүктөрдүн (бөлүкчөлөрдүн) милдеттерди аткарууга даярдыгын текшерүүдө төмөнкүлөр кошумча контролдонот:
- ядролук жана химиялык коркунучтуу объекттерде авария болгон учурда - өздүк курамдын антидоттор, радиацияга каршы препараттар, жеке коргонуу жана ууланууну контролдоо каражаттары менен камсыздалышы, өздүк курамдын аларды колдонуу билгичтиги;
- өрт жана табигый кырсыктар болгон учурда - өздүк курамдын врачка чейинки (биринчи медициналык) жардам көрсөтүү каражаттары менен камсыздалышы, өздүк курамдын коопсуздук эрежелерин билүүсү, өз алдынча жана өз ара жардам көрсөтүү тартиби.
320. Аскердик наряддардын жана кароолдордун күжүрмөн кызматын текшерүүдө учурдагы милдеттерди аткаруудан тышкары төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
- өздүк курамдын нурлануусун жана күжүрмөн кызмат өтөө жерлеринин уулануу даражасын контролдоо;
- коргоочу курулмаларды, жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарын, атайын жана санитардык тазалоо каражаттарын туура колдонууну текшерүү.
321. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча милдеттерди аткаруу узак мөөнөткө созулган учурда аскердик бөлүктөр (бөлүкчөлөр) алмаштырылат.
Радиоактивдүү (химиялык) ууланган шарттарда милдеттерин аткарган алмаштырылуучу аскердик бөлүктөрдүн (бөлүкчөлөрдүн) өздүк курамы нөөмөттөн кийин санитардык тазалоодон өтөт, ал эми курал-жарактар, аскердик техника жана башка мүлк зыянсыздандырылат (дегазация жана дезактивация жүргүзүлөт). Туруктуу жайгашкан пункттарга келгенде нурлануунун олуттуу дозасын алган (химиялык ууланууга дуушар болгон) өздүк курамга медициналык байкоо жүргүзүлөт. Алмашуучу аскердик бөлүктөр (бөлүкчөлөр) жайгашуу пункттарын (жайгашкан райондорду) жана күжүрмөн кызмат өтөө жерлерин атайын тазалоодон кийин ээлейт. Өрттүн, табигый кырсыктардын, авариялардын жана кыйроолордун (ядролук жана химиялык коркунучтуу объекттердеги аварияларга жана кырсыктарга байланышпаган) шарттарында кызматтык-күжүрмөн милдеттерди аткарган аскердик бөлүктөр (бөлүкчөлөр) кадимки тартипте алмашат.
322. Авариялардын, кыйроолордун, өрттүн жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрү (бөлүкчөлөрү) тартылган учурда күчтөрдүн жана каражаттардын топторун күчтөндүрүү ырааттуу түрдө жүргүзүлөт.
Биринчи кезекте өзгөчө кырдаал зонасына мамлекеттик маанилүү объекттерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча аскердик бөлүктөрдүн кезметчи бөлүкчөлөрү, андан кийин ыкчам багыттагы аскердик бөлүктөрдүн бөлүкчөлөрү жиберилет. Алар даяр болгондон кийин башка бөлүкчөлөр менен күчөтүлөт (күжүрмөн кызматтын көлөмүн кыскартуунун, айрым милдеттерди аткарууну токтотуунун эсебинен), алар негизинен авариялык-куткаруу жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн жерлерде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жарандарды эвакуациялоо, ошондой эле кароосуз калган мүлктү кайтаруу үчүн колдонулат.
323. Шашылыш учурларда (өзгөчө кырдаал зонасында куткаруучу бөлүкчөлөр жок болгондо) Ички аскерлердин өздүк курамынан эвакуациялоо жана куткаруу иштеринин топтору түзүлүшү мүмкүн.
Эвакуациялоо тобу эвакуациялоо маршруттарында, топтоо пункттарында жана өзгөчө кырдаал зонасынан жарандарды уюштурулган эвакуациялоодо ички иштер органдарына жардам көрсөтүү пункттарында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн арналган. Куткаруу иштеринин тобу авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн арналган. Анын курамына биринчи кезекте инженердик жана медициналык бөлүкчөлөр, ошондой эле башка бөлүкчөлөрдүн өздүк курамы кирет. Топ инженердик техника жана транспорт каражаттары менен камсыз кылынат.
324. Радиоактивдүү, химиялык жана биологиялык ууланган жерлерге байланышкан радиациялык, химиялык жана биологиялык кооптуу объекттердеги авариялардын кесепеттерин жоюуда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттерди аткарууда өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын чечими менен бир нече ууланган зоналар аныкталышы жана ал алардын ар биринде жүрүү режими белгилениши мүмкүн.
325. Аскердик бөлүктөрдөгү (мекемелердеги) радиациялык, химиялык жана биологиялык кырдаалды өз убагында баалоо максатында эсептик-аналитикалык станциялардын (топтордун) иши уюштурулат.
Күжүрмөн кызмат өтөгөн бардык бөлүкчөлөрдүн курамында радиациялык, химиялык жана биологиялык байкоо (кароо) тозоттору ачылат. Аскердик наряддарга (кароолдорго) химик чалгынчылар дайындалат.
326. Авария жөнүндө маалыматты алгандан кийин төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлөт:
- аскердик бөлүктүн өздүк курамына билдирүү;
- бөлүкчөлөрдүн жана башкаруучу пункттарынын өздүк курамын коргоо;
- объекттерди кайтарууну күчөтүү;
- өзгөчө кырдаал зонасына бөгөт коюу;
- объекттин өтө маанилүү борборлорун, атайын продукцияны жана материалдарды эвакуациялоо жерлерин кайтаруу;
Документтин уландысы
Тексттин башы көрсөтүлдү: документтин 66%.
Браузерде документтин толук тексти автоматтык түрдө жүктөлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндөЗакон · 03.06.2019 · № 70
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 242
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 216 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин күжүрмөн кызматынын уставын…Постановление · 18.04.2025 · № 216
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон