# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 216 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин күжүрмөн кызматынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 216 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин күжүрмөн кызматынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027632>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41936/edition/32683/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027632.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 216 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин күжүрмөн кызматынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому (18.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027632

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-апрели № 216

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин күжүрмөн кызматынын уставын бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин күжүрмөн кызматынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери үчүн тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык сандын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
