# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-майындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-майындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 279
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027613>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41929/edition/32665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027613.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-майындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (23.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027613

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 23-майы № 279

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Жай мезгилинде балдардын эс алуусун, ден соолугун чыңдоону жана бош убактысын уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 6, 8-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобо төмөнкүдөй мазмундагы 251-пункт менен толукталсын: "251. Жайкы мектеп каникулдары мезгилинде жалпы билим берүү уюмдарынын маданий-эс алуу жана спорттук ишин жүзөгө ашыруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын чечими боюнча жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо, ошондой эле медициналык тейлөөнү камсыз кылуу менен жалпы билим берүү уюмдарында мектептеги лагерлер уюштурулушу мүмкүн.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
