# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 297 "Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 297 "Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 297
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027609>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230027609/edition/32668/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027609.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 297 "Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (30.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027609

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 30-майы № 297 Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасында жалпыга жеткиликтүү жана акысыз башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнү камсыз кылуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 62-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги бул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 03-июнундагы № 40 (3696) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
