# Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-апрели № 5/11 “Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан ичүүчү таза суу менен камсыздоо кызматынын баасынын (тарифин) прейскурантын бекитүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-апрели № 5/11 “Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан ичүүчү таза суу менен камсыздоо кызматынын баасынын (тарифин) прейскурантын бекитүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5/11
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027523>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41835/edition/32577/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-апрели № 5/11 “Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан ичүүчү таза суу менен камсыздоо кызматынын баасынын (тарифин) прейскурантын бекитүү жөнүндө токтому (10.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027523

---

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы

2025-жылдын 10-апрели № 5/11

“Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан ичүүчү таза суу менен камсыздоо кызматынын баасынын (тарифин) прейскурантын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19- июнундагы № 320 токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 4/3 буйруктун негизинде ичүүчү сууга болгон өздүк баа 1м куб үчүн 29,89 сом өлчөмүндө макулдашылгандыгын эске алып Өзгөн шаардык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасынын ичүүчү таза сууга болгон өздүк баасы 2025-жылдын 30-апрелинен баштап 1 м3 үчүн 29,89 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Тариф саясатынын 2025-жылдын 30-апрелинен колдонуу “Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасынын директору И.Бакасовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Джалилов
