Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Өзгөн шаардык кеңешинин “Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан ичүүчү таза суу менен камсыздоо кызматынын баасынын (тарифин) прейскурантын бекитүү жөнүндө токтому
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 10-апрели № 5/11
“Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан ичүүчү таза суу менен камсыздоо кызматынын баасынын (тарифин) прейскурантын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19- июнундагы № 320 токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 4/3 буйруктун негизинде ичүүчү сууга болгон өздүк баа 1м куб үчүн 29,89 сом өлчөмүндө макулдашылгандыгын эске алып Өзгөн шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасынын ичүүчү таза сууга болгон өздүк баасы 2025-жылдын 30-апрелинен баштап 1 м3 үчүн 29,89 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Тариф саясатынын 2025-жылдын 30-апрелинен колдонуу “Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасынын директору И.Бакасовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Джалилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.