# Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 11-сентябрындагы № 161 "Ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 11-сентябрындагы № 161 "Ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027500>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1743/edition/32555/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027500.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 11-сентябрындагы № 161 "Ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" буйругу (11.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027500

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

2023-жылдын 11-сентябры № 161

Ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, 2023-жылдын 3-марттагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомунун 6-пунктун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө» Жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:

1. Ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2020-жылдын 10-февралындагы № 15–н «Ведомстволукнотариалдык архив жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

3.Адвокатура, нотариат жана апостилдештирүү башкармалыгы:

1) бул буйрукту ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүүнү жана расмий жарыялоону камсыз кылсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Юстиция министринин нотариат маселесин тейлеген орун басарына жүктөлсүн.

5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Министр

А.Б. Баетов
