# Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 2025-жылдын 29-январындагы № 19 "“Укук бузуулар жөнүндө иштерди караганга” комиссия курамын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 2025-жылдын 29-январындагы № 19 "“Укук бузуулар жөнүндө иштерди караганга” комиссия курамын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027478>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41800/edition/32536/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 2025-жылдын 29-январындагы № 19 "“Укук бузуулар жөнүндө иштерди караганга” комиссия курамын түзүү жөнүндө" токтому (29.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027478

---

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

ТОКТОМ 2025-жылдын 29-январы №19

“Укук бузуулар жөнүндө иштерди караганга” комиссия курамын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” жөнүндөгү Кодексине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтомуна ылайык бекитилген “Укук бузуулар боюнча ишти караган комиссиялар жөнүндө жобого” ылайык жергиликтүү кеңешинин “Социалдык маселер, маданий өнүгүү, укук жана спорт маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Молдокматованын 2025-жылдын 23-январындагы отурумунунун негизинде билдирүүлөрү угулуп жана талкууланып жергиликтʏʏ кеӊеши токтом кылат:

Оргочор айыл өкмөтү тарабынан “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караганга” комиссия курамы түзүлсүн.

Комиссиянын сандык курамы айыл өкмөт тарабынан аныкталып бекитилсин.

Токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө алуу жагы жергиликтүү кеңешинин “Социалдык маселер, маданий өнүгүү, укук жана спорт маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага А.Тыныбеков
