# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 286 "Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 286 "Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 286
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2025
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027472>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41798/edition/32532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027472.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 286 "Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому (15.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027472

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 486 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 28-майы № 286

Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-майындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүгүн жүргүзсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-майындагы № 39 (3695) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
