Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 „Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө“ Жарлыгын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 5 марта 2026 года № 150 "О внесении изменений в некоторые постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики в сфере развития регионов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-05-28.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 150 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-майы № 288
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 474, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 , 2026-жылдын 22-январындагы № 22 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетекчилигине өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилине жана жыйынтыгын чыгарууга чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин штаттык санынын чеги негизги персоналынын 548 штаттык бирдиги жана техникалык жана тейлөөчү персоналынын 107 штаттык бирдиги санында аныкталсын, анын ичинде:
1) борбордук аппараты: негизги персоналынын 221 штаттык бирдиги, техникалык жана тейлөөчү персоналынын 33 штаттык бирдиги;
2) аймактык бөлүмдөрү: негизги персоналынын 37 штаттык бирдиги, техникалык жана тейлөөчү персоналынын 10 штаттык бирдиги;
3) ведомстволук бөлүмдөрү: негизги персоналынын 279 штаттык бирдиги, техникалык жана тейлөөчү персоналынын 64 штаттык бирдиги;
4) Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча өкүлчүлүгү -негизги персоналынын 2 штаттык бирдиги;
5) соода өкүлчүлүктөрү - негизги персоналынын 9 штаттык бирдиги.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 474, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 , 2026-жылдын 22-январындагы № 22 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомунун 1-тиркемесинин 2-пунктунун колдонулушу жогоруда көрсөтүлгөн пилоттук долбоордун жыйынтыгы чыгарылганга чейин токтотулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) пилоттук долбоордун жыйынтыгын чыгаруунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
4. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-майындагы № 39 (3695) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-марты № 150 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин региондорду өнүктүрүү чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна…Постановление · 05.03.2026 · № 150
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августундагы № 474 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Президентинин…Постановление · 06.08.2025 · № 474 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
6 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.