Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 293 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу тартибин, ошондой эле билим алуучулардын тамактануусун уюштурууга карата негизги максаттарды, милдеттерди жана талаптарды, тамак-аш азыктарын жеткирүү тартибин, тамак-аш азыктарын сактоо шарттарын жана мөөнөттөрүн аныктайт, сарамжалдуу, балансталган жана пайдалуу тамактануу принциптерине негизделген тамактануунун курактык ченемдерин, ошондой эле билим алуучулардын тамактануусун уюштурууга катышкан адамдардын жоопкерчилигин белгилейт.
2. Бул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайларынан тышкары, ведомствого караштуулугуна карабастан, бардык мамлекеттик/муниципалдык лицейлерге жайылтылат. Жеке менчик түрүндөгү лицейлер бул Жобону тамактанууну уюштурууда үлгү катары колдоно алат.
3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) билим алуучулардын тамактануусу - билим алуучулардын энергиясынын запасын толуктоо, өсүү жана физиологиялык өнүгүү процесстерин ишке ашыруу үчүн тамак-аштын жардамы менен билим алуучулардын өмүрүн жана организминин саламаттыгын сактоо;
2) билим алуучулардын ысык тамагы - тамактанууда кулинардык даярдыкка жеткирилген, порцияланган жана кооздолгон ысык биринчи жана (же) экинчи тамактын болушу;
3) меню - лицейлердин коомдук тамактануу пункттарында (ашканаларда) берилүүчү тамактардын жана суусундуктардын тизмеги;
4) ашкана - менюнун негизинде тамактануу үчүн азыктарды өндүрүүчү жана сатуучу коомдук тамактануу пункту;
5) көмөкчү чарба - билим алуучулардын тамактануу рационун кеңейтүү максатында айыл чарба продукциялары өстүрүлүүчү лицейдин аймагындагы же андан тышкары участок;
6) тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк чийки заттарынын бракераждоо журналы - тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк чийки заттарынын сапатын контролдоо журналы;
7) даяр кулинардык азыктарды бракераждоо журналы - даяр жана кулинардык азыктардын сапатын контролдоо журналы;
8) ден соолук журналы - тамак-аш блогунун кызматкерлеринин физиологиялык саламаттыгын контролдоо журналы;
9) тамак-аш продукциясы - адамдын тамак-ашына керектөөсү үчүн арналган табигый, иштетилген же кайра иштетилген түрдө жаныбарлардан, өсүмдүктөрдөн, микробиологиялык, минералдык, жасалма же биотехнологиялык жол менен алынган азыктар, анын ичинде адистештирилген тамак-аш продукциясы, идиштерге куюлган ичүүчү суу, ичүүчү минералдык суу, микроорганизмдердин уюткулары жана старттык азыктары, ачыткылар, тамак-аш кошулмалары жана ароматизаторлор, ошондой эле азык-түлүк (тамак-аш) чийки заты;
10) азык-түлүк (тамак-аш) чийки заты - жаныбарлардан, өсүмдүктөрдөн, микробиологиялык, минералдык, жасалма же биотехнологиялык жол менен алынган азыктар, ичүүчү суу, микроорганизмдердин уюткулары жана старттык азыктары, тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) үчүн пайдаланылуучу ачыткылар, тамак-аш кошулмалары жана ароматизаторлор;
11) тез бузулуучу тамак-аш продукциясы - эгерде тамак-аш продукциясынын айрым түрлөрүнө Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринде башкача белгиленбесе, жарамдуулук мөөнөтү 5 күндөн ашпаган, коопсуздукту сактоо жана анда ооруну пайда кылуучу 12 микроорганизмдин, бузуучу микроорганизмдердин жана (же) адамдын ден соолугу үчүн кооптуу деңгээлге чейин токсиндердин пайда болушун алдын алуу максатында сактоо жана жеткирүүнүн (ташуунун) атайын түзүлүүчү температуралык режимдерин талап кылган тамак-аш продукциясы;
12) тамак-аш продукциясынын жарамдуулук мөөнөтү - тамак-аш продукциясынын айрым түрлөрүнө Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринде белгиленген ага коюлуучу коопсуздук талаптарына тамак-аш продукциясы толук ылайык келүүгө, ошондой эле маркалоодо билдирилген өзүнүн керектөө касиеттерин сактоого тийиш болгон жана ал өткөндөн кийин тамак-аш продукциясы багыты боюнча пайдаланууга жараксыз болгон убакыт мезгили;
13) сактоо мөөнөтү - сактоонун белгиленген шарттары сакталган учурда товардын ченемдик документтерде көрсөтүлгөн өзүнүн бардык касиеттери сакталып турган мезгил;
14) бракераждоо комиссиясы - даярдалган тамактардын сапатына баалоо жүргүзүү үчүн атайын түзүлгөн комиссия;
15) өндүрүштүк контролдоо комиссиясы - санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чараларды камсыз кылуу жана тамактанууну уюштурууда санитардык эрежелердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн атайын түзүлгөн комиссия.
2-глава. Тамактанууну уюштуруунун максаттары жана негизги милдеттери
4. Лицейлерде тамактанууну уюштуруунун негизги максаты ден соолукту чыңдоо жана билим алуучулардын коопсуз жана балансталган тамактануусун камсыз кылуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү болуп саналат.
5. Лицейлерде билим алуучулардын тамактануусун уюштуруудагы негизги милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) билим алуучуларды тамак-аш заттарына жана энергияга болгон курактык физиологиялык муктаждыктарына, рационалдуу жана балансталган тамактануу принциптерине ылайык келген тамак-аш менен камсыз кылуу;
2) тамактануунун жана тамактарды даярдоо үчүн пайдаланылуучу тамак-аш азыктарынын кепилденген сапаты жана коопсуздугу;
3) билим алуучулар арасында тамактануу факторуна байланыштуу жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу (профилактикалоо);
4) ар түрдүү, толук кандуу жана туура тамактануу принциптерин жайылтуу;
5) жетим билим алуучуларды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды социалдык жактан колдоо;
6) санитардык ченемдердин жана эрежелердин, заманбап технологиялардын талаптарына ылайык тамак-аш блокторун модернизациялоо.
6. Тамактанууну уюштуруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) билим алуучунун энергиясын сарптоосуна шайкеш келген рациондун адекваттуу энергетикалык баалуулугу;
2) бардык алмаштырылуучу жана алмаштырылгыс тамак-аш факторлору боюнча рациондун баланстуулугу;
3) тамак-аш рационунун баланстуулугун камсыз кылуунун негизги шарты болуп саналган анын максималдуу ар түрдүүлүгү;
4) тамактануу жаатындагы талаптарга ылайык азыктардын жана тамактардын жогорку даамдык артыкчылыктарын жана баштапкы азыктык баалуулугунун сакталышын камсыз кылуучу аларды технологиялык жана кулинардык иштетүү;
5) тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде тамак-аш блогунун абалына, берилүүчү тамактануу азыктарына, аларды ташууга, сактоого, даярдоого жана тамакты таратууга карата бардык санитардык талаптарды сактоо;
6) ата мекендик тамак-аш азыктарын өндүрүүнү колдоо жана дем берүү.
7. Билим алуучулардын негизги тамак-аш заттарына жана энергияга болгон муктаждыктары жаш курагына, жынысына, физиологиялык өнүгүү деңгээлине, акыл-эс жана физиологиялык жүктөмдүн деңгээлине, жашоо мүнөзүнө, жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша болот.
8. Рациондор өзүнүн энергетикалык баалуулугуна, белоктордун, майлардын, көмүр суутегинин, витаминдердин, минералдык туздардын жана микроэлементтердин камтылышына жараша билим алуучулардын жаш курагына ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш.
3-глава. Уюштуруучулардын ыйгарым укуктары
9. Баа саясатын түзүү региондуулукту, ошондой эле 1-тиркемеге ылайык жашылчалардын жана жемиштердин сезондуулук календарын эсепке алуу мүмкүндүгү менен айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен тамак-аш азыктарынын орточо рыноктук наркынын негизинде жүзөгө ашырылат.
10. Лицейлерди уюштуруучулар төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) тамактанууну уюштуруу үчүн имараттар (жайлар), ошондой эле тиешелүү идиш-аяктар жана технологиялык жабдуулар, жууп-тазалоочу жана дезинфекциялоочу каражаттар, азыктарды сактоо үчүн жайлар менен камсыз кылуу аркылуу, ошондой эле суу менен камсыз кылууну жана саркынды сууларды чыгарууну, электр жана жылуулук менен жабдууну, жабдууларды техникалык тейлөөнү, катуу жана тамак-аш калдыктарын ташып чыгаруу боюнча билим алуучулардын тамактануусун, анын ичинде ысык тамактанууну уюштуруу үчүн шарттарды түзүү боюнча уюштуруу иш-чараларын жана тамактанууну уюштуруунун алкагында башка иш-чараларды;
2) ашкананы күндөлүк жана капиталдык оңдоону, ошондой эле санитардык күтүүнү камсыз кылуу боюнча ишти;
3) мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте тамактанууну уюштурууда тиешелүү санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын контролдоону;
4) зарыл болгон учурда лицейлерде тамактанууну уюштурууга мониторинг жүргүзүүнү.
4-глава. Лицейлердин ыйгарым укуктары
11. Лицей:
1) билим алуучулардын тамактануусун уюштурууну камсыз кылат;
2) бир календардык жылга тамак-аш азыктарын мамлекеттик сатып алууларды пландоону жүзөгө ашырат;
3) бир календардык жылга тамак-аш азыктарын сатып алууга чыгымдардын сметасын бекитет;
4) мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына муктаждыктардын негизинде үч айга тамак-аш азыктарын сатып алуу жөнүндө жарыялоолорду жайгаштырат;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык үч айда бир жолу тамак-аш азыктарын сатып алуу жол-жобосун жүргүзөт;
6) бир календардык жылга тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча комиссиянын курамын бекитет;
7) тамактанууну уюштуруу маселелери боюнча тамак-аш блогунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча чараларды көрөт;
8) чыгымдардын экономикалык классификациясына ылайык тамак-аш азыктарын сатып алуу беренеси боюнча чыгымдар сметасын түзүү жана бекитүү жана бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
12. Тамактанууну уюштурууну өркүндөтүү максатында лицей:
1) окуу ишинин (окуу курстарынын предметтик мазмунунда) жана сабактан тышкаркы иш-чаралардын алкагында билим алуучулардын тамактануу маданиятынын деңгээлин жогорулатуу боюнча туруктуу маалыматтык-агартуу иштерин уюштурат;
2) тамактануу маданиятын калыптандыруу маселелерине арналган маалыматтык стенддерди жасалгалайт жана дайыма (жарым жылда бир жолудан кем эмес) жаңылап турат;
3) ашкананын иштөө режимин жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн, тамак-аш блогунун жабдууларын эске алуу менен тамактанууну жакшыртуу маселелерин чечүүдө билим алуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) муктаждыктарын жана мүмкүндүктөрүн изилдейт;
4) ата-энелер менен системалуу ишти уюштурат, балдардын жана жаштардын ден соолугун калыптандырууда тамактануунун ролу, күн сайын балансталган тамактанууну камсыз кылуу, тамактануу маданиятын өнүктүрүү маселелерине арналган аңгемелешүүлөрдү, лекцияларды жана башка иш-чараларды өткөрөт, ата-энелерди (мыйзамдуу өкүлдөрдү) балдар менен эс алууну уюштуруу жана сергек жашоо мүнөзүн, үй шартында туура тамактанууну пропагандалоо боюнча иштөөгө тартат.
13. Лицей ачык-айкындуулукту жана коллегиалдуулукту жүзөгө ашыруу максатында бир жылга тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча комиссия түзөт. Комиссиянын курамына ооруларды профилактикалоонун жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык борборлорунун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана/же ишке тартылган эксперттер, билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) кириши мүмкүн.
14. Лицей мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат.
15. Лицейде тамактанууну уюштуруу үчүн сатып алынуучу бардык тамак-аш продукциясы Бажы бирлигинин тамак-аш азыктарынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттерине ылайык келүүгө тийиш.
16. Мамлекеттик сатып алуулардын бекитилген жылдык планында (мамлекеттик сатып алуулардын такталган жылдык планында) каралбаган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле алардын тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленүүчү тыюу салынган тамак-аш азыктарын сатып алууга жол берилбейт.
17. Тамактанууну уюштуруу, билим алуучулардын тамак-аш менен толук камсыз болушу жана тамак-аштын сапаты үчүн жоопкерчилик лицейдин директоруна жүктөлөт.
Директор билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдардын сакталышын камсыз кылат, анын ичинде:
- ашканада билим алуучулардын тамактануусун уюштурууну жүзөгө ашырат;
- керектүү эмерек топтому жана саны менен жабдылган тамак-аш алуу үчүн жай менен камсыз кылат;
- бекитилген режимге ылайык тамактанууну уюштурууну контролдоочу жооптуу адамды дайындайт;
- бракераждоо комиссиясынын жана өндүрүштүк контролдоо комиссиясынын курамын бекитет;
- санитардык-гигиеналык талаптардын ченемдерине ылайык тамактануу режими жөнүндө буйрук чыгарат;
- болжолдуу эки жумалык жана күнүмдүк менюну бекитет;
- билим алуучулардын тамактануусун уюштурууда тиешелүү санитардык-гигиеналык шарттарды түзөт.
Лицейдин директорунун буйругу менен административдик же педагогикалык кызматкерлердин ичинен учурдагы окуу жылына тамактанууну уюштурууга жооптуу адам дайындалат.
18. Тамактанууну уюштурууга жооптуу адам (мындан ары - жооптуу адам):
1) тамак-аш азыктарынын жеткирилишине контролду жүзөгө ашырат;
2) продукцияны сактоо үчүн кампа жайларына мониторинг жүргүзөт;
3) тамак-аш блогунун кызматкерлерин күн сайын кароодон өткөрөт;
4) бракераждоо комиссиясынын жана өндүрүштүк контролдоо комиссиясынын курамына кирет;
5) ашпозчу менен биргеликте болжолдуу эки жумалык меню түзөт;
6) топторго бекитилген класс жетекчилеринен/өндүрүштүк окутуунун устаттарынан кийинки окуу күнүнө карата билим алуучулардын саны боюнча өтүнмөлөрдү күн сайын кабыл алат;
7) меню-талаптарын жана күнүмдүк менюну түзүү үчүн өтүнмөнү өткөрүп берет;
8) билим алуучулардын ашканага иш жүзүндө катышуусун эсепке алууну, тамак-аш менен камсыздалышын камсыз кылат;
9) келип түшкөн тамак-аш азыктарынын ассортиментин, менюларды текшерет;
10) билим алуучулардын тамак-аш берүү графигин сактоосун, дасторкондордун алдын ала жайылуусун контролдоону жүзөгө ашырат;
11) санитардык-гигиеналык режимди сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
12) тамактануу маданиятын калыптандыруу боюнча ишти демилгелейт, иштеп чыгат жана координациялайт;
13) билим алуучулардын тамак-аштын сапатына канааттануусуна мониторинг жүргүзөт;
14) тамактанууну жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизет.
19. Тамактанууга жооптуу адам билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган уюмдарда тамактанууну уюштуруу боюнча окуудан өтүүгө тийиш.
20. Лицей ар кварталдык негизде тамактанууну уюштурууга мониторинг жүргүзөт. Мониторинг жүргүзүүдө төмөнкүдөй көрсөткүчтөр эске алынат:
1) статусун көрсөтүү менен (багуусуз калган жетим, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү) тамактануу менен камтылган билим алуучулардын саны;
2) суу ичүү режимин уюштуруу;
3) курстарда, семинарларда квалификациясын жогорулаткан ашкана кызматкерлеринин саны;
4) ашкананын тамак-аш блогунун заманбап технологиялык жабдуулар менен камсыз болушу;
5) билим алуучулардын берилүүчү тамак-аштын уюштурулушуна жана сапатына канааттануусу.
21. Тамактанууну уюштуруу маселелери (мониторингдин жыйынтыктары, аныкталган проблемалар, социологиялык сурамжылоолордун натыйжалары, тамактанууну жакшыртуу, тамактануу маданиятын калыптандыруу боюнча сунуштар ж.б.) жарым жылда бир жолудан кем эмес ата-энелер чогулушунда топтордо талкууланат жана жылына бир жолудан кем эмес педагогикалык кеңештин жана ата-энелер комитетинин катышуусу менен жалпы чогулуштун талкуусуна чыгарылат.
22. Санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышын көзөмөлдөөнү лабораториялык ыкмаларды пайдалануу менен пландуу тартипте тамактанууну коомдук саламаттык сактоо кызматтары белгиленген тартипте жүзөгө ашырат.
5-глава. Тамак-аш блогунун жайларына жана персоналына, тамак-аш азыктарын жеткирүүгө жана сактоого талаптар
23. Лицейлерде тамактанууну уюштуруу атайын бөлүнүп берилген жайларда жүзөгө ашырылат, аларды башка максаттарда пайдаланууга жол берилбейт.
24. Лицейлерде тамактанууну уюштуруу аптанын күндөрү боюнча ар түрдүү менюга ылайык тамактанууну чыгарган жана (же) саткан азык-түлүк чийки затында же жарым фабрикаттарда иштеген ашканаларда жүзөгө ашырылат.
25. Лицейлерде билим алуучулардын тамактануусу лицейдин негизги имаратында жайгашкан, имаратка улай салынган же өзүнчө турган имаратта жүзөгө ашырылат.
Азык-түлүк чийки затында жана (же) жарым фабрикаттарда иштеген лицейлердин ашканаларында коопсуз жана азыктык баалуулугун сактаган кулинардык азыктарды даярдоого жана аны сатууга мүмкүнчүлүк берүүчү жайлардын жана жабдуулардын топтому каралууга тийиш.
26. Тамак-аш даярдоо үчүн тамак-аш блогу технологиялык процессти, анын бөлүгүн же технологиялык операцияны (технологиялык жабдууну) ишке ашыруу үчүн техникалык каражаттар, муздаткыч, жуучу жабдуулар, инвентарь, идиш-аяк (зарыл болгон учурда - бир жолу колдонулуучу), тамак-аш продукциясы менен байланышта болгон, жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттардын таасирине туруктуу жана тамак-аш продукциясын сактоо жана даярдоо шарттарын камсыз кылуучу материалдардын талаптарына ылайык келген материалдардан жасалган тара менен жабдылууга тийиш.
27. Тамак-аш блогу муздак суу жана ысык суу менен жабдуунун, суу берүүнүн, жылуулук менен жабдуунун, желдетүүнүн жана жарыктандыруунун иштеп жаткан системалары менен жабдылууга тийиш, алар тамак-аш продукциясынын булгануу тобокелдигин жокко чыгаргыдай аткарылууга тийиш.
Чийки жана даяр азык-түлүктөрдү өз-өзүнчө сактоо, аларды технологиялык иштетүү жана таратуу үчүн милдеттүү түрдө өзүнчө жана атайын маркаланган жабдуулар, кесүү инвентары, ашкана идиштери пайдаланылууга тийиш. Зарыл болгон учурда тамак-аш азыктары менен байланышта болгон, ысык жана (же) муздак тамактар жана суусундуктар үчүн колдонууга уруксат берилген материалдар үчүн коопсуздук талаптарына жооп берген бир жолку ашкана приборлорун жана идиш-аяктарды колдонууга уруксат берилет. Бир жолу колдонулуучу идиш-аякты кайталап колдонууга жол берилбейт. Газдардын, ундун чаңынын, нымдуулуктун, жылуулуктун чыгуу булактары болуп саналган зоналар жана/же аларга жайгаштырылган жабдуулар өндүрүштүк жайлардын соруп алуучу желдетүү системасына кошула турган локалдуу соруп алуучу системалар менен жабдылууга тийиш. Жумушчу зонанын абасы жана микроклиматтын параметрлери гигиеналык ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
28. Продукцияны сактоо үчүн кампа жайлары абанын салыштырмалуу нымдуулугун жана температурасын өлчөө үчүн приборлор, муздаткыч жабдуулар - контролдук термометрлер менен жабдылууга тийиш. Тамактануу үчүн жооптуу адам күн сайын эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрүн алып турууга жана аларды тиешелүү журналдарга киргизүүгө милдеттүү.
Тамак-аш блогунун жайларында курт-кумурскалар жана кемирүүчүлөр болбошу керек. Курт-кумурскалар жана кемирүүчүлөр менен күрөшүү боюнча дератизациялык жана дезинсекциялык иш-чараларды жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте адистештирилген уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат. Дератизациялык жана дезинсекциялык иштерди түздөн-түз лицейдин персоналы тарабынан жүргүзүүгө жол берилбейт. Өндүрүштүк жайларда билим алуучулардын болушуна жол берилбейт. Өндүрүштүк жана кампа жайларына бөтөн адамдардын киришине тыюу салынат.
29. Билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароолордон өткөн, тиешелүү кесиптик квалификациясы бар (тиешелүү документтер менен ырасталган) атайын персонал тарабынан жүзөгө ашырылат.
30. Ар бир кызматкердин белгиленген үлгүдөгү жеке медициналык китепчеси болууга тийиш, ага медициналык текшерүүлөрдүн жана лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, жугуштуу оорулар менен ооругандыгы жөнүндө маалыматтар, гигиеналык даярдыктан өткөндүгү тууралуу белги киргизилет.
31. Лицейде дайындалган тамактануу үчүн жооптуу адам азык-түлүк продукциясын даярдоо менен алектенген кызматкерлердин жана тамак-аш продукциясы, анын ичинде азык-түлүк чийки заты менен түздөн-түз байланышта болгон кызматкерлердин колунун терисинин жана денесинин ачык жерлеринин ириңдүү ооруларынын, ошондой эле ангинанын, жогорку дем алуу жолдорунун катаралдык көрүнүштөрүнүн жок экендигине күн сайын кароо жүргүзүп турат. Кароонун жыйынтыктары "Ден соолук журналы" гигиеналык журналына киргизилет (4-тиркеменин 4-формасы). Кароо күнү журналда белгиленген кызматкерлердин тизмеси ошол күндөгү кызматкерлердин санына дал келүүгө тийиш.
Тамак-аш блогунун кызматкери суук тийүүнүн же ичеги-карын ооруларынын белгилери пайда болгондо, ириц, кесилгендер, күйүктөр болгондо, ошондой эле өз үй-бүлө мүчөлөрү жугуштуу ичеги-карын оорулары менен ооруган учурда, бул жөнүндө лицейдин администрациясына билдирүүгө милдеттүү. Кызматкер анда жогоруда көрсөтүлгөн учурлар болгондо жумуштан убактылуу четтетилет жана жумушка чыгууга айыккандан кийин гана дарыгердин тиешелүү корутундусун милдеттүү түрдө берүү менен уруксат берилет.
32. Тамак-аш азыктарын жеткирүү жана сактоо лицейдин директорунун жана тамактануу үчүн жооптуу адамдын катуу контролунда болушу керек.
Тамак-аш азыктарын ташуу алардын сакталышын камсыз кылуучу жана булгануудан сактоочу шарттарда жүргүзүлөт. Тамак-аш азыктарын жеткирүү санитардык паспорту бар адистештирилген транспортто жүзөгө ашырылат. Тамак-аш азыктарын ташуу үчүн транспорт белгиленген температурада тамак-аш азыктарынын сакталышын камсыз кылуучу муздаткыч камера менен жабдылууга тийиш. Тамак-аш азыктары изотермикалык контейнерлерде муздатылган түрдө ташылышы мүмкүн. Тамак-аш азыктарын ташуучу/коштоочу адамдар (айдоочу жана аны коштоочу адам), аларды жүктөгөн/түшүргөн адамдар атайын экипировканы колдонот: халат, бир жолку кол кап, баш кийим. Мында аларда белгиленген үлгүдөгү жеке медициналык китепче болууга тийиш, ага медициналык текшерүүлөрдүн жана лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, жугуштуу оорулар менен ооругандыгы жөнүндө маалыматтар, гигиеналык даярдыктан өткөндүгү тууралуу белги киргизилет. Ташуу үчүн тамак-аш азыктары салынуучу таңгактар/идиштер маркаланат жана катуу тартипте багытына ылайык колдонулат. Колдонулгандан кийин алар тазаланууга, гигиеналык иштетилүүгө, кампага салынууга жана таза шарттарда сакталууга тийиш. Азык-түлүк чийки затын жана тамак-аш продукциясын ташуу тиешелүү техникалык регламенттердин талаптарына ылайык жана күндүзгү убакта гана жүзөгө ашырылууга тийиш.
33. Лицейде тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк чийки затын кабыл алуу маркалоосу жана товарды коштоочу документтери, анын ичинде техникалык регламенттерде каралган шайкештикти баалоо жөнүндө маалыматтар болгон учурда жүзөгө ашырылууга тийиш. Ташуунун шарттары жана режими бузулган, ошондой эле товарды коштоочу документтер жана маркалоо жок болгон учурда тамак-аш продукциясы жана азык-түлүк (тамак-аш) чийки заты кабыл алынбайт.
Продукцияны кабыл алууда таңгактын бүтүндүгү, таңгактагы/этикеткадагы азыктын аталышы калтырылган азыктын аталышына дал келүүсү, жарактуулук мөөнөтү, саны, органолептикалык көрсөткүчтөргө ылайык сапаты жана алардын коопсуздук, сапат сертификаттары, санитардык-ветеринардык талаптарга шайкештиги сыяктуу коштоочу документтерге ылайык келүүсү текшерилет. Контролдоонун жыйынтыгы жооптуу адам тарабынан тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк чийки затынын бракераждоо журналында катталат (4-тиркеменин 1-формасы).
34. Тамак-аш азыктары алардын келип чыгышын жана сапатын ырастаган документтер менен коштолот (декларация, сертификат ж.б.).
35. Азыктарды, анын ичинде өзгөчө тез бузулуучу азыктарды сактоо жана сатуу мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык сакталууга тийиш.
6-глава. Тамактанууну уюштуруу тартиби
36. Билим алуучулардын тамактануусу иштелип чыккан тамак-аш рационунун (белгиленген убакыт аралыгында билим алуучулар үчүн арналган азыктардын түзүлгөн топтому), даярдалуучу тамактардын азыктык баалуулугуна ылайык иштелип чыккан келечектүү менюнун (1 айга) жана болжолдуу эки жумалык менюнун (10-12 күнгө), ошондой эле тамактардын рецептурасы жөнүндө маалыматтарды камтыган меню-жайгаштыруулардын негизинде жүзөгө ашырылат.
Болжолдуу эки жумалык меню (мындан ары - болжолдуу меню) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн сунушталган ченемдерин, 15 жаштан 19 жаш курагына чейинки адамдар үчүн негизги витаминдерди, минералдык заттарды керектөө ченемдерин эске алуу менен иштелип чыгат. Болжолдуу меню лицейдин ашпозчусу тарабынан лицейде тамактанууну уюштуруу үчүн жооптуу адам менен бирге ата-энелер комитетинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүлөт (3-тиркеме). Болжолдуу менюну түзүүдө бир күнгө тамактануунун наркы белгиленген суммадан жогору/төмөн болушу мүмкүн, мында бир билим алуучуга бир күнгө тамактануунун орточо наркы меню түзүлгөн мезгил үчүн белгиленген суммадан ашпоого тийиш. Иштелип чыккан болжолдуу меню лицейдин директору тарабынан бекитилет жана коомдук саламаттык сактоонун тиешелүү аймактык органына макулдашууга жиберилет. Коомдук саламаттык сактоо уюмунун өкүлү менен макулдашылган жана лицейдин директору тарабынан бекитилген болжолдуу меню лицейдин ашпозчусунун аткаруусу үчүн расмий документ болуп эсептелет. Бекитилген болжолдуу менюнун негизинде күнүмдүк меню түзүлөт, ал лицейдин директору тарабынан бекитилет. Чийки затты эсептөө жана тамактарды даярдоо билим алуучулардын бекитилген тизмесине ылайык билим алуучулардын эсептик саны боюнча жүргүзүлөт. Күнүмдүк меню тамактардын аталышын, грамм менен порциялардын көлөмүн, ошондой эле алардын эсебинен тамактарды даярдоо үчүн тамак-аш азыктары сатып алынган финансы каражаттарынын (бюджеттик же бюджеттен тышкаркы) көлөмүн жана булактарын камтууга тийиш. Мында каржылоо булактарына карабастан бюджеттен тышкаркы каражаттар өзүнчө сап менен таризделет. Күнүмдүк меню лицейдин ашканасында билим алуучулар жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) үчүн түздөн-түз жеткиликтүү болгон маалымат тактасында жайгаштырылат.
37. Тамактанууну уюштуруу окуу сабактарынын режимине ылайык узактыгы 20 мүнөттөн кем болбогон танаписте топтор боюнча жүзөгө ашырылат.
38. Тамак-аш блогунун кызматкерлери (шеф-ашпозчу/ашпозчу) даяр тамактарды төмөнкүдөй температурада берет:
1) ысык тамактар (шорпо/борщтор) - 75 ºСдан кем эмес (Цельсий градусу);
2) чай, сүт кошулган какао - 50-55 ºС;
3) экинчи тамактар, гарнирлер - 65 ºСдан кем эмес;
4) сергитүүчү суусундуктар, компот, айран, йогурт, шире - 14 ºСдан кем эмес.
Билим алуучулардын күйүп калбашы жана кайнаган нерседен күйүп калбашы үчүн сунушталган температурадан жогору болгон даяр азыктарды берүүгө уруксат берилбейт.
39. Дарылык же диеталык тамак-ашка муктаж болгон билим алуучулар үйдөн алып келген тамак-аш менен тамактанууга укуктуу. Мындай учурда лицей атайын бөлүнгөн жерде же жайда зарыл болгон шарттарды түзүүгө тийиш.
40. Даяр тамактар болгон билим алуучулардын иш жүзүндөгү санынан 5%га чейин ашып кеткен учурда тамак утилдештирилүүгө тийиш, 5%дан жогору ашып кеткен учурда - тамактануу үчүн жооптуу адамдын кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде лицейдин директору тарабынан бекитилүүчү тизмеге ылайык аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн билим алуучуларга берилет.
41. Билим алуучуларды тамак-аш даярдоо, жашылчаларды тазалоо, даяр тамак-ашты таратуу, нан кесүү, идиш жуу жана жайларды тазалоо менен байланышкан жумуштарга тартууга тыюу салынат.
Билим алуучулардын тамактануусу уюштурулган жайларга бөтөн адамдардын кирүүсүнө тыюу салынат.
42. Тамак-аш калдыктары атайын бөлүнгөн жерде капкагы бар идиштерде сакталат. Идиштер алар толгонуна жараша көлөмүнүн 2/3 бошотулат, жуучу каражаттын эритмеси менен жуулат. Тамак-аш калдыктарын тамак-аш блогунун таратуучу же өндүрүштүк жайлары аркылуу алып чыгарууга жол берилбейт.
Лицей тамак-аш калдыктарын утилдештирүү максатында жеке же юридикалык жактар менен айыл чарбасынын же мал чарбасынын муктаждыктары үчүн калдыктарды акысыз негизде ташып кетүү жөнүндө эки тараптуу келишим түзүшү мүмкүн.
7-глава. Билим алуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) укуктары жана милдеттери
43. Билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жеке өзү, лицейдин ата-энелер комитеттери жана коллегиалдуу башкаруу органдары аркылуу билим алуучулардын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу маселелери боюнча лицейдин коллегиалдуу башкаруу органдарынын ишине катышууга;
3) лицейдин ата-энелер комитетинин өкүлү катары лицейдин администрациясы менен макулдашуу боюнча тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча комиссиянын жана өндүрүштүк контролдоо комиссиясынын курамына кирүүгө;
4) лицейдин администрациясы менен макулдашуу боюнча тамактанууну уюштурууда болжолдуу менюну түзүүгө катышууга;
5) билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык билим алуучулардын тамактануусунун ар түрдүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу максатында ыктыярдуу тартипте кайрымдуулук жардам көрсөтүүгө.
44. Билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) билим алуучунун тамак-аш азыктарына болгон аллергиялык реакциялары жөнүндө класс жетекчисине/өндүрүштүк окутуунун устатына өз убагында эскертүүгө;
2) өз балдарына сергек жашоо мүнөзүн жана туура тамактануу көндүмдөрүн үйрөтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө.
8-глава. Тамактануунун коопсуздугу жана сапаты
45. Лицейде тамактанууну уюштурууда санитардык эрежелердин сакталышына жана санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралардын аткарылышына контроль төмөнкүдөй беш адамдан кем эмес курамдагы: администрациянын өкүлүнөн, тамактануу үчүн жооптуу адамдан, педагогикалык жамааттын жана ата-энелер комитетинин өкүлүнөн турган өндүрүштүк контролдоо комиссиясы (мындан ары - Комиссия) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Комиссиянын курамы ар бир окуу жылына директордун буйругу менен бекитилет. Комиссиянын функциялары жана иштөө тартиби билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
46. Комиссия билим алуучулардын тамактануусунун уюштурулушун жана сапатын өндүрүштүк контролдоо журналын жүргүзөт (4-тиркеменин 3-формасы). Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Комиссия тарабынан лицейдин директоруна тиешелүү сунуштар киргизилет.
Комиссиянын ишине тиешелүү болгон зарыл документтер (Комиссияны түзүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсү, контролдоо журналы, план-график) Комиссиянын төрагасында болот.
47. Билим алуучулардын тамактануусун уюштурууну контролдоо, тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк чийки затынын, даяр кулинардык азыктардын сапатын текшерүү, рецептураларды жана технологиялык режимдерди сактоо үч адамдан кем эмес төмөнкүдөй курамдан: тамактануу үчүн жооптуу адам, ашпозчу (ашкана башчысы) жана(же) лицейдин жамаатынын курамындагы башка адамдардан турган бракераждоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Даяр продукцияны бракераждоонун жыйынтыгы даяр жана кулинардык азыктарды бракераждоо журналында катталат (4-тиркеменин 2-формасы), ал эми тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк чийки затынын жыйынтыгы тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк чийки затын бракераждоо журналында катталат (4-тиркеменин 1-формасы). Бракераждоо журналдарындагы жазуулар бракераждоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн колдору менен ырасталууга тийиш. Тамак-ашты даярдоо технологиясы бузулганда, ошондой эле тамак даяр эмес болгон учурда, аныкталган кемчиликтер четтетилгенге чейин берүүгө жол берилбейт. Учурдагы окуу жылына карата бракераждоо комиссиясынын курамы лицейдин жетекчисинин буйругу менен бекитилет. Бракераждоо комиссиясынын функциялары жана иштөө тартиби билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
48. Тамактануу рационун (болжолдуу менюларды) гигиеналык баалоо, тамактануунун типтүү рациондорунун (болжолдуу менюлардын) санитардык эрежелерге жана тамак-аш азыктарынын орточо суткалык топтомун эске алуу менен (2-тиркеме) балдардын жана жаштардын тамак-аш заттарына жана энергияга болгон физиологиялык муктаждыктарынын курактык ченемдерине ылайык келиши, тамактанууну уюштурууну пландык контролдоо, келип түшкөн чийки заттын жана лицейлерде сатылуучу даяр продукциянын сапатын контролдоо коомдук саламаттык сактоонун аймактык органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
9-глава. Каржылоо булактары жана тартиби
49. Республиканын лицейлеринин билим алуучуларынын тамактануусун каржылоо төмөнкүдөй каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт:
1) республикалык бюджеттин каражаттары;
2) жергиликтүү бюджеттин каражаттары;
3) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салынган каражаттары;
4) ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) каражаттары;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
50. Лицейдин билим алуучуларынын тамактануусу каникулдук, жекшемби жана майрам күндөрүн кошпогондо, бир күнгө бир окуучуга 60 сом эсебинде жүзөгө ашырылат.
Жетим балдардын, ата-энесинин камкордугусуз калган, кароосуз жана көзөмөлчүсүз калган балдардын ичинен 18 жашка чейинки билим алуучулар, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар каникулдук, жекшемби жана майрам күндөрүн кошкондо, окутуунун бүткүл мезгилине бир күнгө бир окуучуга 160 сом эсебинде тамак-аш менен камсыз кылынат. Ооруп калган мезгилде жана каникул күндөрүндө, эгерде билим алуучулар уюштурулган эс алуу жерлерине барбаса, ошондой эле тамактанууну уюштуруу мүмкүн болбосо, билим алуучуларга тамактануунун бекитилген ченемине ылайык акчалай компенсация төлөп берүүгө уруксат берилет.
51. Ашканалары жок лицейлерде билим алуучуларга тамактануунун бекитилген ченемине ылайык акчалай компенсация төлөп берилет.
Акчалай компенсация билим алуучунун банктык картасына которулат.
52. Билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) билим алуучулардын тамактануусун кошо каржылоого укуктуу.
53. Билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) тарабынан тамактанууну кошо каржылоо учурунда каражаттар лицейдин атайын эсебине жиберилет.
54. Тамактанууну уюштурууда билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте окуу чарбаларынын продукциясы пайдаланылышы мүмкүн.
10-глава. Отчетторду берүү жана иш кагаздарын жүргүзүү тартиби
55. Тамак-аш азыктарын пайдалануу жөнүндө отчеттор бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча жобого ылайык белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
56. Лицейде билим алуучуларды тамактануу менен камсыз кылуу боюнча иштерди тартипке келтирүү максатында документтердин төмөнкүдөй тизмеги болууга тийиш:
1) лицейде билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу боюнча жобо;
2) билим алуучулар үчүн ашканага баруу эрежелери;
3) директордун тамактанууну уюштуруу үчүн жооптуу адамды дайындоо жөнүндө буйругу;
4) директордун тамак берүүнү уюштурууну регламенттөөчү буйругу;
5) окуу жылына карата бракераждоо комиссиясынын курамы жана иши жөнүндө буйрук;
6) өндүрүштүк контролдоо боюнча комиссиянын курамы менен иши жана тамактануунун уюштурулушун жана сапатын контролдоонун план-графиги жөнүндө буйрук;
7) билим алуучулардын тамактануу режими/графиги жөнүндө буйрук;
8) директор тарабынан бекитилген меню (күнүмдүк жана эки жумалык);
9) директор тарабынан бекитилген билим алуучулардын тизмеси;
10) даяр тамактардын рецепттери жана технологиялык карталары;
11) класс жетекчилери/өндүрүштүк окутуунун устаттары тарабынан түзүлгөн тамактанууга өтүнмөлөр;
12) билим алуучулардын иш жүзүндө катышуусун эсепке алуу журналы/табели;
13) билим алуучулардын тамактануусунун уюштурулушун жана сапатын өндүрүштүк контролдоо журналы;
14) тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк чийки затын бракераждоо журналы;
15) даяр жана кулинардык азыктарды бракераждоо журналы;
16) муздаткыч жабдууларынын температуралык режимин эсепке алуу журналы;
17) тамак-аш блогунун кызматкерлеринин ден соолук журналы;
18) тамак-аш продукциясын кириштөө документтери, келип түшкөн тамак-аш продукциясынын сапатын ырастоочу документтер (коштомо кагаздар, шайкештик сертификаттары, ветеринардык-санитардык экспертизанын документтери ж.б.);
19) тамак-аш блогунун кызматкерлеринин жеке медициналык китепчелери (профилактикалык медициналык кароодон өткөндүгү жөнүндө белгилери менен);
20) билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу маселелери боюнча актылар, маалымкаттар, материалдар;
21) сын-пикирлер жана сунуштар китеби.
Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобого
Begin_nocompare
Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобого 1-тиркеме
Жашылчалардын жана жемиштердин мезгилдүүлүк календары
№
Сезон
Жашылча
Жемиштер/кургатылган жемиштер
Мөмөлөр
Көк чөп
Кыш
1
Декабрь
Курма
2
Декабрь-февраль
Ак баштуу капуста, картошка, баш пияз, сабиз, кызылча, ашкабак
Ит мурундун ашы, кургатылган жемиштер, лимон, алма
Укроп, петрушка, көк пияз (күнөсканадан)
Жаз
3
Март
Ак баштуу капуста, картошка, баш пияз, сабиз, кызылча
Алма, ит мурундун ашы, кургатылган жемиштер
Укроп, петрушка, көк пияз (күнөсканадан)
4
Апрель-май
Чамгыр
Лимон, ит мурундун ашы, кургатылган жемиштер, алма
Укроп, петрушка, көк пияз, жусай
5
Май
Чамгыр, бадыраң
Кулпунай
Күз
6
Сентябрь
Помидор, бадыраң, картошка, кабакча, баклажан, сабиз, болгар калемпири
Жүзүм, кара өрүк, шабдаалы, алма, алмурут
Карагат, дан куурай, чие
Укроп, петрушка, көк пияз
7
Октябрь
Помидор, бадыраң, картошка, ак баштуу капуста, баклажан, кабакча, сабиз, кызылча, ашкабак, болгар калемпири
Жүзүм, шабдаалы, алма, алмурут
Укроп, петрушка, көк пияз
8
Ноябрь
Картошка, ак баштуу капуста, сабиз, кызылча, ашкабак
Ит мурундун ашы, кургатылган жемиштер, банан, алма, алмурут, курма
Укроп, петрушка, көк пияз (күнөсканадан)
Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобого 2-тиркеме
Сунушталган орточо суткалык, анын ичинде билим алуучулар үчүн тамактарды жана суусундуктарды даярдоо үчүн колдонулган тамак-аш азыктарынын топтому
№
Азыктардын аталышы
Жаш курагына жараша азыктардын саны (гр., мл.)
14-17 жаш
14-17 жаш
18-19 жаш
18-19 жаш
балдар
кыздар
балдар
кыздар
1
Кара буудай наны (кара буудай-буудай)
60
60
120
110
2
Буудай наны
145
140
125
120
3
1-сорттогу буудай уну
26
24
16
15
4
Дан акшактары, буурчактар
39
36
39
32
5
Макарон азыктары
17
16
18
16
6
Картошка
220
210
315
125
7
Жаңы жашылчалар, көк чөп
376
364
411
344
8
Жаңы жемиш (мөмөлөрү)
287
285
240
193
9
Кургак жемиштер (мөмөлөрү), анын ичинде ит мурун
20
20
20
18
10
Эт жана эт азыктары
144
128
152
154
11
Канаттуулар эти
30
28
32
28
12
Балык жана балык азыктары
30
28
30
28
13
Колбаса азыктары
15
13
20
18
14
Сүт жана сүттөн ачытылып жасалган азыктар
200
190
125
120
15
Быштак (майдын массалык үлүшү 5-9%)
40
40
22
20
16
Сыр
13
12
15
13
17
Каймак
13
12
12
10
18
Каймак майы
22
21
16
15
19
Өсүмдүк майы
15
15
22
20
20
Диеталык жумуртка
1,2
1,2
0,6
0,5
21
Шекер жана кондитердик азыктар
70
65
70
60
22
Чай
2
2
2
2
23
Кофе, какао жана кофе суусундуктары
2
2
2
2
24
Нан бышыруучу ачыткылар
2
2
2
2
25
Туз
6
6
5
5
Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобого 3-тиркеме
Кесиптик лицейлердин билим алуучуларынын тамактануусунун болжолдуу бир жумалык менюсу (бир күнгө 1 адамга 60 сом эсебинде)
№
Картанын №
Тамактын аталыштары
Белоктор гр.
Майлар гр.
Углеводдор гр.
Энергиялык баалуулугу (ккал)
Чыгышы гр.
Республикалык бюджет (сом)
Дүйшөмбү
1
Капуста жана картошка менен борщ
10
12,3
22,6
240
500
36,5
2
Повидло менен бышырылган пирожки
4,3
3,8
38,9
207
80
13,8
3
Шекер менен чай
-
-
14
57
200
3,2
4
Нан
8,4
1,4
49,7
245
150
6,95
5
Бардыгы
22,9
17,5
125,2
749
60,0
Шейшемби
1
Кайнатып бышырылган макарон менен уй этинен гуляш
17,5
16,5
13,4
272
70/150
33,06
5,64
5,8
34,75
213
6,64
2
Ак баштуу капустадан салат
1,4
3,2
6,5
60
100
5,34
3
Кургатылган жемиштерден компот
0,6
5,8
35,95
212
200
8-04
4
Нан
8,4
1,4
49,7
245
150
6,95
Бардыгы
33,54
32,7
140,3
1002
60,03
Шаршемби
Кол кесме менен шорпо
11,3
3,1
51,1
281
500
31-21
Быштак менен ватрушка
8,4
5,6
26,9
192
80
13-79
Кургатылган жемиштерден компот
0,6
5,8
35,95
212
200
8-04
Нан
8,4
1,4
49,7
245
150
6,95
Бардыгы
28,7
15,9
163,65
930
59,99
Бейшемби
1
Эзилген картошка менен балык тефтелиси
10,5
4
13,2
132
75/150
35-29
3,1
9,2
18
173
9,57
2
Сабиз салаты
1,97
5,18
9,66
91
100
5,0
3
Шекер менен чай
-
-
14
57
200
3,2
4
Нан
8,4
1,4
49,7
245
150
6,95
Бардыгы
23.97
19,78
104,56
698
60,01
Жума
1
Картошка менен буурчак шорпо
11,7
8,7
17,1
205
500
38, 07
2
Мейиз менен булочка
3,7
3
25.7
147
80
6,92
3
Кургатылган жемиштерден компот
0,6
5,8
35,95
212
200
8-04
4
Нан
8,4
1,4
49,7
245
150
6,95
24,4
18,9
128,45
809
59,98
Ишемби
1
Тоок этинен палоо
13,5
15
23,8
285
250
32,06
2
Помидордон салат
-
6
3,2
71
100
17,72
3
Шекер менен чай
-
-
14
57
200
3,2
4
Нан
8,4
1,4
49,7
245
150
6,95
Бардыгы
21,9
22,4
90,7
658
59,93
Бир жума үчүн жалпы
155,41
126,88
752,3
4846
359,94
Бир жума үчүн орточо
25,90
21,14
125,38
807,6
59,99
Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобого 4-тиркеме
Тамак-аш блогун эсепке алуу документтеринин формалары 1-форма Тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк чийки затын бракераждоо журналы
№
Азык-түлүк чийки заты жана тамак-аш азыктары келип түшкөн дата
Азык-түлүк чийки затынын жана тамак-аш азыктарынын аталышы
Келип түшкөн азык-түлүк чийки затынын жана тамак-аш азыктарынын саны (килограмм, литр, даана менен)
Кабыл алынган тамак-аш азыгынын коопсуздугун ырастоочу документтин номери
Келип түшкөн азык-түлүк чийки затын жана тамак-аш азыктарын органолептикалык баалоонун жыйынтыгы
Азык-түлүк чийки затын жана тамак-аш азыктарын сатуунун акыркы мөөнөтү
Азык-түлүк чийки затын жана тамак-аш азыктарын күндөр боюнча иш жүзүндө сатуу датасы жана сааты
Жооптуу адамдын колу
Эскертүү
1
Эскертүү. Азыктарды эсептен чыгаруу, кайра кайтаруу фактылары жана башкалар көрсөтүлөт.
2-форма Даяр жана куланардык продукцияны бракераждоо журналы
№
Тамак жасалган дата жана саат
Бракераждоону алуу убактысы
Тамактын, кулинардык азыктын аталышы
Органолептикалык баалоонун жыйынтыгы жана тамактын, кулинариялык азыктын даярдык даражасы
Тамакты, кулинариялык азыкты сатууга уруксат берүү
Бракераждоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору
Эскертүү
1
Эскертүү. Даяр продукцияны сатууга тыюу салуу фактылары көрсөтүлөт.
3-форма Өндүрүштүк контролдоо боюнча иш-чараларды эсепке алуу журналы
№
Иш-чаралардын аталышы
Мезгилдүүлүгү
Аты-жөнү
Колу
1
2
3
4
Комиссиянын мүчөсү _____________ колу Комиссиянын мүчөсү _____________ колу
4-форма Ден соолук журналы
№
Кызматкердин аты-жөнү(*)
Кызмат орду
Айы/күнү
1
2
3
4
5
6
...
30
1
Дс.(**)
Четтетил.(**)
Эж/б(**)
Да(**)
Өрт.(**)
Өрт.(**)
Дс.(**)
2
Эскертүү: (*) текшерүү күнү журналда белгиленген кызматкерлердин тизмеси ошол күнү нөөмөттөгү кызматкерлердин санына ылайык келиши керек; (**) шарттуу белгилер: Дс. - дени сак; Четтетил. - жумуштан четтетилген; Өрг. - өргүү; Да - дем алыш; Эж/б - эмгекке жарамсыздык баракчасы. End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.