# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майы № 292 "Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участогун берүү маселеси жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майы № 292 "Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участогун берүү маселеси жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 292
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027436>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41768/edition/32483/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027436.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майы № 292 "Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участогун берүү маселеси жөнүндө" токтому (30.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027436

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 30-майы № 292

«Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участогун берүү маселеси жөнүндө 2024-жылдын 29-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» жоопкерчилиги чектелген коому түрүндөгү чет элдик ишкананын ортосундагы «Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну (мындан ары – Инвестициялык макулдашуу) ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5, 7, 8, 29-статьяларына, «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 111-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарынын Биринчи май районунун № 16 муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашкан, Бишкек санитардык полигонунун аймагына жанашкан, жалпы аянты 12,32 га, анын ичинен 10,24 га мамлекеттин менчигинде турган жана Бишкек шаарынын мэриясына акысыз мөөнөтсүз пайдаланууга берилген, 2,08 га муниципалдык менчикте турган жер участогун (мындан ары – жер участогу) «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары – Коом) ушул токтомдун 2-пунктунда аныкталган шарттарда таштандыларды утилдештирүү боюнча технологиялык комплексти (заводду) куруу үчүн тоорук өткөрбөстөн 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөт менен мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү сунушталсын. 2. Коомго жер участогун 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу төмөнкүдөй шарттарда берилет деп аныкталсын:

1 ) Коом тарабынан ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалангандыгы үчүн Бишкек шаарынын бюджетине жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилген ижара төлөмүнүн баштапкы наркынын өлчөмүндөгү төлөмдү жыл сайын төлөө;

2) ушул пунктта аныкталган мөөнөт аяктаганда Коом тарабынан Бишкек шаарынын бюджетине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган өлчөмдө жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалангандыгы үчүн төлөмдү төлөө;

3) Коом тарабынан жер участогунун аймагында жогоруда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык таштандыларды утилдештирүү боюнча технологиялык комплексти (заводду) жеке же тартылган каражаттарды пайдалануу менен куруу;

4) жер салыгын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөө.

3. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

- Коом менен ушул токтомдун 2-пунктунда жана жогоруда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууда аныкталган шарттарга ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун акы төлөө аркылуу берүү келишимин түзүү;

- Коомго ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна зарыл болгон документтерди берүү;

- Коомго «Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү» инвестициялык долбоорун ишке ашырууда белгиленген тартипте ар тараптуу көмөк көрсөтүү;

- бул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрүү.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
