# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 293 "Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 293 "Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 293
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027410>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41765/edition/32448/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027410.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 293 "Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (30.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027410

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 30-майы № 293

Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында билим алуучулардын ар түрдүү, толук жана туура тамактануусун уюштуруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, тамактануу коопсуздугун камсыз кылуу максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги:

1) кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин тамактанууну уюштуруу маселелери боюнча квалификациясын системалуу негизде жогорулатсын;

2) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 3-июнундагы № 40 (3696) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
