# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 257-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы №107-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 257-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы №107-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 257-р
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027406>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19522/edition/32445/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027406.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 257-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы №107-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси (08.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027406

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 8-апрели № 257-т

Жер кадастры, жер мамилелери, кадастрдык картография, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен болгон бүтүмдөрдү каттоо, жер рыногун жана кыймылсыз мүлктү талдоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 107-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункттун 2-пунктчасындагы жана 3-пункттагы ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган тескеме менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасында:

34-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) жогоруда аталган тескеменин 2, 3 жана 4-тиркемелери ушул тескеменин 1, 2 жана 3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Begin\_nocompare

1-тиркеме

"2-тиркеме

2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасынын ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

№

Милдеттер

Чаралар/Иш-аракеттер

Ишке ашыруу мөөнөттөрү

Күтүлүүчү натыйжалар (продукт)

Жооптуу аткаруучулар

1

Кыртыштын күрдүүлүгүн коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу

Жерлерге агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жер участокторун агрохимиялык паспорттоштуруу боюнча жобону жана методиканы иштеп чыгуу

2025-жылдын III кварталы

Жерлерге агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жер участокторун агрохимиялык паспорттоштуруу боюнча жобо жана методика иштелип чыкты жана бекитилди

Жер агенттиги

Кыргыз Республикасынын мелиорацияланган (сугат) жерлеринде туздуулукту изилдөөнү жүргүзүү боюнча жобону жана методиканы иштеп чыгуу

2025-жылдын III кварталы

Кыргыз Республикасынын мелиорацияланган (сугат) жерлеринде туздуулукту изилдөөнү жүргүзүү боюнча жобо жана методика иштелип чыкты жана бекитилди

Жер агенттиги

"Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кыртыштын шорлонуусун изилдөө программасын иштеп чыгуу

2025-жылдын III кварталы

Кыртыштын шорлонуусун изилдөө программасы иштелип чыкты жана бекитилди

Жер агенттиги

2

Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу боюнча системаны институттук жайгаштырууну өнүктүрүү

Бардык деңгээлде кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу, акырындык менен көбөйүп жаткан коркунуч катары жердин шор басышына жана шорлонуусуна каршы аракеттенүү багыттары жана коркунучу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу (окуу сабактары, семинарлар, буклеттер ж.б.)

2024-2028-жылдар

Жер пайдалануучулар үчүн туруктуу негизде кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу, акырындык менен көбөйүп жаткан коркунуч катары жердин шор басышына жана шорлонуусуна каршы аракеттенүү багыттары жана коркунучу жөнүндө окуу сабактары, семинарлар өткөрүлүүдө

Жер агенттиги, САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО

Кыртыш жана агрохимиялык кызмат үчүн адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн алдыңкы агрохимиялык станцияларында жана лабораторияларында стажировкадан өтүү жана тажрыйба алмашуу

2024-2028-жылдар

Агрохимиялык станциялардын жана лабораториялардын адистери квалификацияны жогорулатуу курстарынан өттү, кыртышты изилдөөнүн заманбап методдорун өздөштүрдү

Жер агенттиги, САЧКӨМ

"Кыргызмамжердолбоорлоо" МИнин алдында Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаңы кыртыштык-агрохимиялык лабораторияларды ачуу жана айыл чарба багытындагы жерлерге андан ары туруктуу мониторинг жүргүзүү жана маалыматтар банкын түзүү үчүн "Кыргызмамжердолбоорлоо" МИнин алдында Жалал-Абад жана Талас облустарында иштеп жаткан кыртыштык-агрохимиялык лабораторияларды күчтөндүрүү. Лабораторияларды заманбап приборлор жана жабдуулар менен жабдуу

2024-2028-жылдар

Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында кыртыштык-агрохимиялык лабораториялар ачылды, заманбап приборлор жана жабдуулар менен жабдылды. Жалал-Абад жана Талас облустарындагы кыртыштык лабораториялар заманбап приборлор жана жабдуулар менен толуктап жабдылды. Кыртыштык-агрохимиялык лабораториялар айдоо жерлерине мониторинг жүргүзүүнүн жана жер пайдалануучуларга агрохимиялык кызматтарды көрсөтүүнүн алкагында республикада кыртыштын күрдүүлүгүнүн маалыматтар банкын түзүү боюнча туруктуу иш жүргүзүүдө

Жер агенттиги, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО

Окутуу семинарлары, тренингдер аркылуу инновациялык технологияларды колдонуу маселелери боюнча жер пайдалануучулардын дыйканчылык маданиятын, билим деңгээлин жана маалымдуулугун жогорулатуу

2024-2028-жылдар

Жер пайдалануучулар үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн инновациялык технологияларын үйрөнүү жана колдонуу боюнча окуу жана практикалык сабактар, семинарлар, тренингдер туруктуу негизде өткөрүлүүдө. Натыйжа - жер пайдалануучулардын дыйканчылык маданиятын жогорулатуу

Жер агенттиги, САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО

3

Жер фондун кадастрдык баалоо жана жер семирткичтерди негиздүү колдонуу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди кыртыштык жана агрохимиялык изилдөөлөр

Айдоо жерлерине кыртыштагы азыктандыруучу заттардын камтылышы боюнча агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү

2024-2028-жылдар

Чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчигинин түрүнө карабастан жер участокторуна агрохимиялык изилдөөлөр туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Агрохимиялык талдоолордун натыйжасы боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнөн сапаттуу жана белгиленген түшүмдү алуу максатында органикалык жана минералдык жер семирткичтерди негиздүү колдонуу боюнча сунуштамалар иштелип чыгууда

Жер агенттиги, САЧКӨМ

Айыл чарба багытындагы жерлердин санариптик картасын жана кыртыштын күрдүүлүгүнүн маалыматтар банкын түзүү

2024-2028-жылдар

Агрохимиялык изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча (9-пункт) кыртыштын азыктандыруучу элементтер менен камсыздалгандыгы боюнча агрохимиялык картограммалар түзүлөт. Санариптик агрохимиялык картограммалар жалпы жеткиликтүүлүк үчүн Кыргыз Республикасынын геомаалыматтык жана климаттык маалыматтар порталына жайгаштырылат. Кыртыштын күрдүүлүгүнүн маалыматтар банкы түзүлөт (тиешелүү маалымат менен дайыма толукталат). Кыртыштын күрдүүлүгүнүн маалыматтарына ылайык аналитикалык мекемелер республиканын азык-түлүк коопсуздугун жана башка максаттарды аткаруу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн болжолдойт

Жер агенттиги

4

Жагымдуу экологиялык чөйрөнү сактоо

Айыл аймактары, райондор боюнча талааны коргоочу токой тилкелерин калыбына келтирүү жана отургузуу боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу

2024-2028-жылдар

Жагымдуу экологиялык чөйрөнү сактоо максатында айыл аймактары жана райондор боюнча талааны коргоочу токой тилкелерин калыбына келтирүү жана жаңыларын отургузуу боюнча долбоордук-сметалык документтер иштелип чыкты. Талааны коргоочу токой тилкелери айыл чарба жерлерин биологиялык зыянкечтерден, ашыкча күн радиациясынан, топуракты шамал жана суу эрозиясынан коргоо үчүн түзүлөт, күз-кыш мезгилинде кыртышта нымдуулуктун топтолушун жакшыртууга шарт түзөт, анткени карды кармоо функциясын аткарат

Жер агенттиги, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО

5

Туздуу жана шорлуу жерлерди мелиорациялоо

Туздуу жана шорлуу кыртыштын туздуулугун изилдөөнү жүргүзүү

2024-2028-жылдар

Туздуу жана шорлуу кыртыштын туздуулугун изилдөө (аныктоо) боюнча иштер жүргүзүлдү, туздуу жана шорлуу кыртыштын тибин, даражасын жана химиялашуусун көрсөтүү менен санариптик картограммалар түзүлдү. Санариптик картограмма жалпы жеткиликтүүлүк үчүн Кыргыз Республикасынын геомаалыматтык жана климаттык маалыматтар порталына жайгаштырылды. Картограммалардын маалыматтарына ылайык туздуу, шорлуу жерлерди мелиарациялоо жана кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгат

Жер агенттиги

Кыскартуулардын тизмеси

Жер агенттиги

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик

САЧКӨМ

\-

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

КРП ЫУӨ

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

ЖМА

\-

жергиликтүү мамлекеттик администрация

ЖӨБО

\-

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары".

2-тиркеме

"3-тиркеме

2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасынын бюджети (миң сом)

№

Милдеттер

Чаралар

Жооптуу аткаруучулар

Ишке ашыруу мөөнөтү

Өлчөө бирдиги

Каржылоо муктаждыгы

Мүмкүнчүлүктөр

Финансылык айырма

Республикалык бюджет

МИП жана гранттар

Башка

Бардыгы

Республикалык бюджет

МИП жана гранттар

Башка

Бардыгы

Республикалык бюджет

МИП жана гранттар

Башка

Бардыгы

1

Кыртыштын күрдүүлүгүн коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу

Жерлерге агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жер участокторун агрохимиялык паспорттоштуруу боюнча жобону жана методиканы иштеп чыгуу

Жер агенттиги

2025-жыл

миң сом

Тиешелүү жылдарга каралган бюджеттин эсебинен

Тиешелүү жылдарга каралган бюджеттин эсебинен

Кыргыз Республикасынын мелиорацияланган (сугат) жерлеринде туздуулукту изилдөөнү жүргүзүү боюнча жобону жана методиканы иштеп чыгуу

Жер агенттиги

2025-жыл

миң сом

Тиешелүү жылдарга каралган бюджеттин эсебинен

Тиешелүү жылдарга каралган бюджеттин эсебинен

"Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кыртыштын шорлонуусун изилдөө программасын иштеп чыгуу

Жер агенттиги

2025-жыл

миң сом

Тиешелүү жылдарга каралган бюджеттин эсебинен

Тиешелүү жылдарга каралган бюджеттин эсебинен

2

Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу боюнча системаны институттук жайгаштырууну өнүктүрүү

Бардык деңгээлде кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу, акырындык менен көбөйүп жаткан коркунуч катары жердин шор басышына жана шорлонуусуна каршы аракеттенүү багыттары жана коркунучу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу (окуу сабактары, семинарлар, буклеттер ж.б.)

Жер агенттиги

2024-жыл

миң сом

Тиешелүү жылдарга каралган бюджеттин эсебинен

1000

1000

Тиешелүү жылдарга каралган бюджеттин эсебинен

1000

1000

2025-жыл

1000

1000

1000

1000

2026-жыл

2000

2000

2000

2000

2027-жыл

3000

3000

3000

3000

2028-жыл

4000

4000

4000

4000

Бардыгы

11000

11000

11000

11000

Кыртыш жана агрохимиялык кызмат үчүн адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдынкы агрохимиялык станцияларында жана лабораторияларында стажировкадан өтүү жана тажрыйба алмашуу

Жер агенттиги

2024-жыл

миң сом

540

540

540

540

2025-жыл

810

810

810

810

2026-жыл

1080

1080

1080

1080

2027-жыл

1350

1350

1350

1350

2028-жыл

1620

1620

1620

1620

Бардыгы

5400

5400

5400

5400

3

Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу боюнча системаны институттук жайгаштырууну өнүктүрүү

"Кыргызмамжердолбоорлоо" МИнин алдында Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаңы кыртыштык-агрохимиялык лабораторияларды ачуу жана айыл чарба багытындагы жерлерге андан ары туруктуу мониторинг жүргүзүү жана маалыматтар банкын түзүү үчүн Жалал-Абад жана Талас облустарында иштеп жаткандарды күчтөндүрүү Лабораторияларды заманбап приборлор жана жабдуулар менен жабдуу

Жер агенттиги

2024-жыл

миң сом

Тиешелүү жылдарга каралган бюджеттин эсебинен

8000

8000

Тиешелүү жылдарга каралган бюджеттин эсебинен

8000

8000

2025-жыл

8000

8000

8000

8000

2026-жыл

8000

8000

8000

8000

Бардыгы

24000

24000

24000

24000

Окутуу семинарлары, тренингдер аркылуу инновациялык технологияларды колдонуу маселелери боюнча жер пайдалануучулардын дыйканчылык маданиятын, билим деңгээлин жана маалымдуулугун жогорулатуу

Жер агенттиги

2024-жыл

миң сом

Тиешелүү жылдарга каралган бюджеттин эсебинен

3000

3000

Тиешелүү жылдарга каралган бюджеттин эсебинен

3000

3000

2025-жыл

5000

5000

5000

5000

2026-жыл

5000

5000

5000

5000

2027-жыл

5000

5000

5000

5000

2028-жыл

5000

5000

5000

5000

Бардыгы

23000

23000

23000

23000

Жер фондун кадастрдык баалоо жана жер семирткичтерди негиздүү колдонуу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди кыртыштык жана агрохимиялык изилдөөлөр

Айдоо жерлерине кыртыштагы азыктандыруучу заттардын камтылышы боюнча агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү

Жер агенттиги

2024-жыл

миң сом

6000

6000

6000

6000

2025-жыл

10000

10000

10000

10000

2026-жыл

14000

14000

14000

14000

2027-жыл

18000

18000

18000

18000

2028-жыл

22000

22000

22000

22000

Бардыгы

70000

70000

70000

70000

4

Жер фондун кадастрдык баалоо жана жер семирткичтерди негиздүү колдонуу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди кыртыштык жана агрохимиялык изилдөөлөр

Айыл чарба багытындагы жерлердин санариптик картасын жана кыртыштын күрдүүлүгүнүн маалыматтар банкын түзүү

Жер агенттиги

2024жыл

миң сом

3500

3500

3500

3500

2025-жыл

4500

4500

4500

4500

2026-жыл

7000

7000

7000

7000

2027-жыл

12000

12000

12000

12000

2028-жыл

15000

15000

15000

15000

Бардыгы

42000

42000

42000

42000

5

Жагымдуу экологиялык чөйрөнү сактоо

Айыл аймактары, райондор боюнча талааны коргоочу токой тилкелерин калыбына келтирүү жана отургузуу боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу

Жер агенттиги

2024-жыл

миң сом

500

500

500

500

2025-жыл

1000

1000

1000

1000

2026-жыл

1500

1500

1500

1500

2027-жыл

2000

2000

2000

2000

2028-жыл

3000

3000

3000

3000

Бардыгы

8000

8000

8000

8000

6

Туздуу жана шорлуу жерлерди мелиорациялоо

Туздуу жана шорлуу кыртыштын туздуулугун изилдөөнү жүргүзүү

Жер агенттиги

2024-жыл

миң сом

Тиешелүү жылдарга каралган бюджеттин эсебинен

200

200

Тиешелүү жылдарга каралган бюджеттин эсебинен

200

200

2025-жыл

200

200

200

200

2026-жыл

400

400

400

400

2027-жыл

400

400

400

400

2028-жыл

400

400

400

400

Бардыгы

1600

1600

1600

1600

Жалпы

миң сом

185000

185000

185000

185000

Кыскартуулардын тизмеси

Жер агенттиги

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик

ЕАЭБ

\-

Евразия экономикалык бирлиги".

3-тиркеме

"4-тиркеме

2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ

№

Милдеттер

Чаралар/Иш-аракеттер

Өлчөө бирдиги

Базалык жыл

2025-жыл

2026-жыл

2027-жыл

2028-жыл

Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр

Жооптуу аткаруучулар

1

Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу боюнча системаны институттук жайгаштырууну өнүктүрүү

Бардык деңгээлде кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу, акырындык менен көбөйүп жаткан коркунуч катары жердин шор басышына жана шорлонуусуна каршы аракеттенүү багыттары жана коркунучу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу (окуу сабактары, семинарлар, буклеттер ж.б.)

Окутуулардын саны

2024-жыл

2

2

2

2

8

Жер агенттиги, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО

Кыртыш жана агрохимиялык кызмат үчүн адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдынкы агрохимиялык станцияларында жана лабораторияларында стажировкадан өтүү жана тажрыйба алмашуу

Стажировкалардын саны

2024-жыл

1

2

3

3

9

Жер агенттиги

"Кыргызмамжердолбоорлоо" МИнин алдында Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаңы кыртыштык-агрохимиялык лабораторияларды ачуу жана айыл чарба багытындагы жерлерге андан ары туруктуу мониторинг жүргүзүү жана маалыматтар банкын түзүү үчүн Жалал-Абад жана Талас облустарында иштеп жаткандарды күчтөндүрүү. Лабораторияларды заманбап приборлор жана жабдуулар менен жабдуу

Облустардагы лабораториялардын саны боюнча

2024-жыл

2

1

3

4

10

Жер агенттиги, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО

Окутуу семинарлары, тренингдер аркылуу инновациялык технологияларды колдонуу маселелери боюнча жер пайдалануучулардын дыйканчылык маданиятын, билим деңгээлин жана маалымдуулугун жогорулатуу

Окутуулардын саны

2024-жыл

2

2

2

2

8

Жер агенттиги, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО

2

Жер фондун кадастрдык баалоо жана жер семирткичтерди негиздүү колдонуу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди кыртыштык жана агрохимиялык изилдөөлөр

Айдоо жерлерине кыртыштагы азыктандыруучу заттардын камтылышы боюнча агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү

Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн %

2024-жыл

5

10

35

50

100

Жер агенттиги

Айыл чарба багытындагы жерлердин санариптик картасын жана кыртыштын күрдүүлүгүнүн маалыматтар банкын түзүү

1ден баштап кийин улам толуктоо менен, %

2024-жыл

25

25

25

25

100

Жер агенттиги

3

Туздуу жана шорлуу жерлерди мелиорациялоо

Туздуу жана шорлуу кыртыштын туздуулугун изилдөөнү жүргүзүү

Изилдөөлөрдүн саны

2024-жыл

5

10

35

50

100

Жер агенттиги

Кыскартуулардын тизмеси

Жер агенттиги

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик

КРП ЫУӨ

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

ЖМА

\-

жергиликтүү мамлекеттик администрация

ЖӨБО

\-

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

ЕАЭБ

\-

Евразия экономикалык бирлиги".

End\_nocompare
