# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 285
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027390>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230027390/edition/32433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027390.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (28.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027390

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 28-майы № 285 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 1-тиркемесинде:

- Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиялоого тийиш болгон саламаттык сактоонун мамлекеттик эмес (жеке) секторунда медициналык иштин уруксат берилген түрлөрүнүн тизмесинде:

28-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "28) онкология;"; төмөнкүдөй мазмундагы 281-пунктча менен толукталсын: "281) паллиативдик жардам;"; төмөнкүдөй мазмундагы 37-пунктча менен толукталсын: "37) медициналык реабилитациялоо жана абилитациялоо.";

- Саламаттык сактоонун мамлекеттик эмес (жеке) секторунда медициналык иштин тыюу салынган түрлөрүнүн тизмесинде:

3, 6-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-майындагы № 39 (3695) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
