1-берене
Күчүндө · 28.05.2025 редакциясы
"Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 908-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 14-берененин 7-бөлүгүндөгү "13-берененин 2-бөлүгүнүн 6 жана 12-пункттары боюнча чечимдер турак эмес жайлардын бардык менчик ээлеринин макулдугу менен кабыл алынат" деген сөздөр "13-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пункту боюнча чечим жайлардын бардык менчик ээлеринин макулдугун талап кылат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Шериктиктин башкармалыгынын курамына жашы жеткен, экономикалык кылмыштар боюнча соттуулугу жок жана/же соттуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алып салынган жана/же жоюлган, аракетке жөндөмдүү адам шайланышы мүмкүн. Эгерде башкармалыктын мүчөлөрүнүн аракеттери же аракетсиздиги турак жай ээлеринин кызыкчылыктарына зыян келтирип жатса, алар чакыртып алынышы мүмкүн. Башкармалыктын мүчөлөрүн чакыртып алуу турак жайдын менчик ээлеринин шериктигинин уставында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
3) 17-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Шериктиктин башкармалыгынын төрагалыгына Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар, экономикалык кылмыштар боюнча соттуулугу жок жана/же соттуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алып салынган жана/же жоюлган, аракетке жөндөмдүү адам шайланышы мүмкүн.".
Берененин тексти 28.05.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндөЗакон · 09.07.2013 · № 122
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230027300/st-1" title="1-берене - Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>