# Ынтымак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 4-апрели № 6/3 Ынтымак айыл аймагына караштуу Жаны-Арык айылында №676 контурдан 20 га таза жайыт жер аянттарын, өндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн мамлекеттик менчикке каттоого макулдук берүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ынтымак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 4-апрели № 6/3 Ынтымак айыл аймагына караштуу Жаны-Арык айылында №676 контурдан 20 га таза жайыт жер аянттарын, өндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн мамлекеттик менчикке каттоого макулдук берүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6/3
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027227>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41640/edition/32282/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ынтымак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 4-апрели № 6/3 Ынтымак айыл аймагына караштуу Жаны-Арык айылында №676 контурдан 20 га таза жайыт жер аянттарын, өндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн мамлекеттик менчикке каттоого макулдук берүү жөнүндө токтому (04.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027227

---

ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ынтымак айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектеги VI –сессиясы

2025-жылдын 4-апрели № 6/3

Ынтымак айыл аймагына караштуу Жаны-Арык айылында №676 контурдан 20 га таза жайыт жер аянттарын, өндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн мамлекеттик менчикке каттоого макулдук берүү жөнүндө

Ынтымак айыл аймагынын социалдык экономикалык абалын жогорлатуу максатында социалдык жана өндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн “Айыл чарба коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн,2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” №145 мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесине жана 20 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөнү сунушун, алдын ала берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 20-январындагы №6 мыйзамынын 1-беренесинин 8,4-пунктарына таянып, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ынтымак айыл аймагына караштуу Жаны-Арык айылындагы №676 контурдан камталган жерлер (запастагы жерлер) категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына № 676 контурдан таза жайыт жалпы аянты 45 га, ээлеген аянты 20 га жер аянтына кыш завод куруу үчүн мамлекеттик менчикке каттоого макулдук берилсин.

2. Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, өндүрүштүү көтөрүү, кайра иштетүү иш каналар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Төрага

А.Дунаев
