Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин Ынтымак айыл аймагына караштуу Жаны-Арык айылында №1132контурдан таштуу жайыт 037га, №1133 контурдан таштуу жайыт 0.76га, №1135 контурдан таштуу жайыт 6.50га, №1138 контурдан таза жайыт 1.00га жалпы 8.69 га таза жайыт жана таштуу жайыт жер аянттарын, өндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн мамлекеттик менчикке каттоого макулдук берүү жөнүндө токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз II -сессиясы
2024-жылдын 30-ноябры № 2/4
Ынтымак айыл аймагына караштуу Жаны-Арык айылында №1132контурдан таштуу жайыт 037га, №1133 контурдан таштуу жайыт 0.76га, №1135 контурдан таштуу жайыт 6.50га, №1138 контурдан таза жайыт 1.00га жалпы 8.69 га таза жайыт жана таштуу жайыт жер аянттарын, өндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн мамлекеттик менчикке каттоого макулдук берүү жөнүндө
Ынтымак айыл аймагынын социалдык экономикалык абалын жогорлатуу максатында социалдык жана өндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн “Айыл чарба коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн, 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” №145 мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесине жана 8.69 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө сунушун, алдын ала берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 20-январындагы №6 мыйзамынын 1-беренесинин 8,4-пунктарына таянып, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ынтымак айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу Жаны-Арык айылындагы контурлардан камталган жерлер (запастагы жерлер) категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына
№ 1132 контурдан таштуу жайыт жалпы аянты 10,00 га, ээлеген аянты 0.37га № 1133контурдан таштуу жайыт жалпы аянты 1,00 га,ээлеген аянты 0.76 га № 1135 контурдан таштуу жайыт жалпы аянты 31,1 га,ээлеген аянты 6.50 га № 1138 контурдан таза жайыт жалпы аянты 30,04 га,ээлеген аянты 1.06 га
Жалпы: 8.69га жер аянтын мамлекеттик менчикке каттоого макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы Б.Асановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, өндүрүштүү көтөрүү, кайра иштетүү иш каналар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А.Дунаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.