# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-майындагы № 107 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-майындагы № 107 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5552/edition/32262/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027204.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-майындагы № 107 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (28.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027204

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 28-майы № 107 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027204/st-1)

"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 67-берененин 3-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) кардардын мураскерлерине (укук улантуучуларына) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мураскерлик укугун (укук улантууну) ырастоочу документтерди көрсөткөндө, ошондой эле нотариустарга алардын өндүрүшүндө турган каза болгон аманатчылардын аманаттары жөнүндө мураскерлик иштер боюнча - нотариустун маалымат берүү жөнүндө расмий суроо-талабынын негизинде.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027204/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-майындагы № 39 (3695) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2025-жылдын 24-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
