# Ак-Сай айылдык кенешинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги №18 "Ак-Сай айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү” жөнүндөгү Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-февралындагы №13 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Сай айылдык кенешинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги №18 "Ак-Сай айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү” жөнүндөгү Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-февралындагы №13 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027099>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41580/edition/32146/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Сай айылдык кенешинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги №18 "Ак-Сай айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү” жөнүндөгү Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-февралындагы №13 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому (02.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027099

---

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ АК-Сай айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2025-жылдын 2-апрели №18 “Ак-Сай айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү” жөнүндөгү Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-февралындагы №13 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө. Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №662 токтомуна ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 19-мартындагы №024/25/03-6/172 сандуу чыгыш катын талкуулап чыгып, Ак-Сайайыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

Ак-Сайайыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-февралындагы №13 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип төмөндөгүдөй баяндалсын:

- мекеме ишканалар үчүн ар бир кызматкерлерге 100сом болуп бекитилсин.

- калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды

эсептөө, тапшыруу мөөнөтү 2025-жылдын 1-майына чейин деп белгиленсин.

- калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды

төлөө мөөнөтү 2025-жылдын 1-октябрына чейин деп белгиленсин.

Ак-Сайайыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарын бюджетке чегерүүнү, жыйноо жана төлөөгө көзөмөл жүргүзүү жагы Ак-Сайайыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Астанакуловго милдеттендирилсин.

3. Токтом каттодон өткөрүлүп, ak-say.gov.kgвеб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрайым

Ш.Өмурова
