Ак-Сай айылдык кенешинин «Ак-Сай айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү” жөнүндөгү Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-февралындагы №13 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ АК-Сай айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 2-апрели №18 “Ак-Сай айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү” жөнүндөгү Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-февралындагы №13 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө. Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №662 токтомуна ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 19-мартындагы №024/25/03-6/172 сандуу чыгыш катын талкуулап чыгып, Ак-Сайайыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
Ак-Сайайыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-февралындагы №13 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип төмөндөгүдөй баяндалсын:
- мекеме ишканалар үчүн ар бир кызматкерлерге 100сом болуп бекитилсин.
- калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды
эсептөө, тапшыруу мөөнөтү 2025-жылдын 1-майына чейин деп белгиленсин.
- калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды
төлөө мөөнөтү 2025-жылдын 1-октябрына чейин деп белгиленсин.
Ак-Сайайыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарын бюджетке чегерүүнү, жыйноо жана төлөөгө көзөмөл жүргүзүү жагы Ак-Сайайыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Астанакуловго милдеттендирилсин.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, ak-say.gov.kgвеб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрайым
Ш.Өмурова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 662 "Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдар боюнча эсептөөлөрдүн, жергиликтүү…Постановление · 31.12.2018 · № 662
- Ак-Сай айылдык кенешинин 2025-жылдын 12-февралындагы №13 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагында салыктык эмес кирешелердин өлчөмүн 2025-жылга бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.02.2025 · № 13