# Кара-бак айылдык кенешинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги №34 "Кызыл-Бел айылынын №254-контурунда жайгашкан 1.0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-бак айылдык кенешинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги №34 "Кызыл-Бел айылынын №254-контурунда жайгашкан 1.0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027088>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41572/edition/32133/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-бак айылдык кенешинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги №34 "Кызыл-Бел айылынын №254-контурунда жайгашкан 1.0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому (01.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027088

---

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2025-жыл 1-апрели №34 Кызыл-Бел айылынын №254-контурунда жайгашкан 1.0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры № 665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 28.02.2025-жылдагы №01-13/439 сандуу аныктамасынын негизинде Кызыл-Бел №254-контурунда жайгашкан 1.0 га жер аянтынын категориясын которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылындагы №254-контурунда жайгашкан 1.0 га жер аянтына жашылча мөмө-жемиштерди сактоо максатында логистикалык борбор куруу үчүн “Өнөр-жайдын, транспорттун, байланыштын жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

Айылдык кенештин торагасы:

А.Дилишатов
