Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Бак айылдык кенешинин «Кара-Бак айылынын АВМ участкасындагы №194-контурундагы 0.15 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө» токтому.
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жыл 1-апрели №32 Кара-Бак айылынын АВМ участкасындагы №194-контурундагы 0.15 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры № 665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 25.03.2025-жылдагы №01-13/620 сандуу аныктамасынын негизинде Кара-Бак айылынын АВМ участкасындагы №194-контурундагы 0.15га жер аянтынын категориясын которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Бак айылындагы АВМ участкасындагы №194-контурундагы 0.15га жер аянтына социалдык обьектилерин куруу үчүн “Айыл-чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кенештин торагасы:
А.Дилишатов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.