Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Бак айылдык кенешинин «Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында 2025-2027-жылдар үчүн салыктын өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жыл 1-апрели №30 Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында 2025-2027-жылдар үчүн салыктын өлчөмүн бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна КР Салык кодексинин 379-380-беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенине ылайык 55-глава Мүлк салыгы боюнча женилдиктер жана бошотуу, 409-беренси Имарат курулма жайга, автотранспорт каражатына мүлк салыгы салыгы боюнча женилдиктер жана 79-сатьясына ылайык 2022-жылдын 18-январындагы №2 Мыйзамынын 16-главасынын 78-беренесине ылайык Жергиликтүү кенештер бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында, малекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын кызматкери Н. Абдирашитовдун баяндамасын угуп, жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында мүлк салыгы 2025-2027-жылдар үчүн “Турак жай” үйлөргө бир чарчы метр аянтына салыктын өлчөмү 8 сом 50 тыйын болуп бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы А. Кожомбердиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагыфинансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кенештин торагасы:
А.Дилишатов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 2