# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230027066)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-майындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 19.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027066/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5549/edition/32117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027066/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (19.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027066/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 31-беренеде:

а) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "жана 373" деген сөздөр ", 373, 413-2 жана 413-3" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 4-бөлүктүн экинчи абзацында "жана 346" деген сөздөр ", 346, 413-2 жана 413-3" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 228-берененин биринчи абзацында "жеке жана" деген сөздөр алып салынсын;

3) 2281-беренеде:

а) аталышында "Жеке жана коммерциялык" деген сөздөр "Коммерциялык" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) биринчи абзацта "жеке жана" деген сөздөр алып салынсын;

4) 43-глава төмөнкүдөй мазмундагы 4132 - 4135-беренелер менен толукталсын:

"4132-берене. Жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө талаптарды бузуу

1. Жеке мүнөздөгү маалыматтарды чогултуунун, сактоонун, иштеп чыгуунун, коргоонун, берүүнүн жана жайылтуунун мыйзамдарда белгиленген тартибин бузуу, эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосунду камтыбаса, -

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде жасалган ошол эле аракет -

жеке жактарга 250 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 300 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестрине толук эмес же анык эмес маалыматтарды киргизүү, ага тете Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестринде жеке маалыматтарды белгиленген тартипте каттабастан чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу -

юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Кийинки берене: [4133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027066/st-4133)
