1-берене
Күчүнө кире элек · 19.05.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-беренеде:
а) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "жана 373" деген сөздөр ", 373, 413-2 жана 413-3" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктүн экинчи абзацында "жана 346" деген сөздөр ", 346, 413-2 жана 413-3" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 228-берененин биринчи абзацында "жеке жана" деген сөздөр алып салынсын;
3) 2281-беренеде:
а) аталышында "Жеке жана коммерциялык" деген сөздөр "Коммерциялык" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) биринчи абзацта "жеке жана" деген сөздөр алып салынсын;
4) 43-глава төмөнкүдөй мазмундагы 4132 - 4135-беренелер менен толукталсын:
"4132-берене. Жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө талаптарды бузуу
1. Жеке мүнөздөгү маалыматтарды чогултуунун, сактоонун, иштеп чыгуунун, коргоонун, берүүнүн жана жайылтуунун мыйзамдарда белгиленген тартибин бузуу, эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосунду камтыбаса, -
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде жасалган ошол эле аракет -
жеке жактарга 250 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 300 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестрине толук эмес же анык эмес маалыматтарды киргизүү, ага тете Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестринде жеке маалыматтарды белгиленген тартипте каттабастан чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу -
юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Берененин тексти 19.05.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230027066/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>